Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 02:05

Эл үнү / Коом

Бишкектеги Нооруз салтанаты

Бүгүн Кыргызстандын бардык аймагында Нооруз майрамы белгиленүүдө. Нооруз салтанаты Бишкектеги эски аянтта улуттук оюндар менен коштолуп, чогулган элге концерттик оюн-зоок тартууланды. Сүмөлөк кайнатылып, жаштар үчүн кол күрөш, ордо сыяктуу улуттук оюндар уюштурулду.

Күндүн сууктугунан Бишкектеги Нооруз салтанатына быйыл жылдагыдай көп эл чогулган жок.
Текст көлөмү - +
Ала-Тоо аянтындагы Нооруз салтанаты алгач шаар бийлигинин өкүлдөрүнүн куттуктоосу менен ачылып, ак калпакчан аталар, ак элечек энелер алас айтып, бүгүнкү майрамдын маани-мааңызы тууралуу сүйлөштү. Күндүн сууктугуна байланыштуу аянтка жылдагыдай көп сандагы эл чогулган жок. Аянт четинде спорттук мелдештер өтүп, сүмөлөк кайнатылды.

Сүмөлөк кайнатууга чогулган ондогон шаардыктарга жашы 60тан өйдөлөп калган Асылбүбү эне, анын тарыхын, даярдоо ыкмасын айтып жатты:

- Сүмөлөк үчүн даярдалган арпанын жашыл чөбүнүн пайдасы жакшы. Сүмөлөктүн касиети мына ушунда. Анын тарыхына токтолсом, илгери бир кемпир балдары ач калып, айла жок ташты казанга кайнаткан экен. Таш эрип, аларга тамак болгон экен. Ошон үчүн сүмөлөктү токчулук болсун, молчулук болсун деп кайнатышат.

Асылбүбү эненин айтымында, жакшы ниет менен даярдалган сүмөлөктү сатууга мүмкүн эмес. Кимдин сүмөлөк кайнатууга шарты болуп, аны даярдаган соң кошуналарга, айылдаштарга ооз тийгизип сооп алууга болот. Бирок аянттын четиндеги жолду ката отурган ондогон аялдар чакан идиштерге атайын сүмөлөк даярдап, сатып жатышканын көрүүгө болот.

БУУ: 21-март - Эл аралык Нооруз күнү

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 21-мартты Эл аралык Нооруз күнү деп тааныган. БУУнун Башкы Ассамблеясына мындай долбоор Тажикстан, Азербайжан, Ооганстан, Казакстан, Кыргызстан, Иран, Түркмөнстан жана Түркиянын делегациялары тарабынан даярдалып сунуштулган эле. Ал эми Нооруз майрамы 2009-жылдын 30-сентябрында ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес мурастары репрезентативдүү тизмесине 79 элементтин бири катары катары кирген.

Бүгүн Нооруз майрамы Ала-Тоо аянтынан сырткары Бишкектеги бир катар жогорку окуу жайларда, кичирайондордо, ал тургай көп кабатуу үйлөрдө да белгиленип, сүмөлөк кайнатылып, түрдүүчө оюн-зооктор менен коштолууда.

Өлкө президенти Курманбек Бакиев кыргыз элин Нооруз майрамы менен Ош шаарынан куттуктады.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Томс каяктан: РФ
24.03.2010 14:41
Ассаломук алекум туугандар.Эмне башты оорутуп болбогон кептерди жаза бересиңер.Бул жерде . Ислам менен Нооруздун сай менен тоодой айырмасы барбы же жокпу емне кыласыңар Андан көрө.Куран китепти окуугула жана намазды окуугула ошондо жүрөгүбүздө ыйман болсо мындай андай отко чокко деп тарыхчы болбойбуз.Куранда бар нерсе мнен жашаш керек Алла ыраазычылыгына парызды аткаралы кыргызым

кимден: Nurlan каяктан: bishkek
23.03.2010 20:16
salam NUR TR
rahmat kantse da araketin bar akyikatty izdoogo bul en tuura
kichine meni kritikalap jazypsyn anyna kapa bolboim
islam dini adamdyn jashoosun toluk kamtygan din madaniyaty da sayasaty da bar toluk din anan ::::::::::saga bir suroo biz arabtardyn diniy emes kaisyl mayramyn mayramdap jatabyz?:::::musulman degen bash iygen degen maani Allahtyn zakonuna bash iygen degen eger ozundu musulman dep eseptesen anda islamda eki ele mayramdy mayramdaysin anan senin tushunugun boiuncha din mechitte ele degen oiun kata sen anda islamdy negizin tushuno elek okshoisun
anan da bul mayram kayaktan kelip chykkanyn jakshy bilsen kerek anan kantip biz otko syiyngandardyn mayramyn mayramdaybyz? paygambardyn hadisin aytip keteyin (kim ozun kaisyl bir koomgo okshotso alar kyiamatta osholor menen bolot) degen emne otko syiyngandar menen kiyamattta choguu bolom desen anda ozun chechim chygarasyn. azattyk.kg je choon rahmat ishterine iygilik kaalaym.

кимден: Nur каяктан: TR
23.03.2010 17:52
EY kyrgyzdin jigitteri. Nurlan Bishketen ..Sen Din menen Madaniyat Urpadati.ayrmalay albay kalgansin ko...Din bashka Urpadat bashka...İslamda 2 ele mayram bar andan bashkani mayramdoogo lboyt dep jaziptirsin Arap urpadattarin digi kop degen mayramdardi İslam dininiki dep mayramdap jurobuz.Bu Nooruzdun ech kanday İslamga tiyeshesi jok.Chala moldo din buzar bolboy bir az kitep okush kerek ..okubay ele kulaktan ugup ayta beresiner.

кимден: Nurgazy каяктан: Arabiya
23.03.2010 13:03
Urmattu mekendeshter islamda eki ele mayram bar.Kurban ayt,Orozo ayt.Paygambaribiz aytat:"kimde kim kaysi koomgo okshogusu kelse al kiyamatta oshol koom menen birge bolot" Allahim kiyamatta Otko siyinuuchular menen birge bolushtan ozu saktasin..!!

кимден: Nurlan каяктан: bishkek
23.03.2010 04:03
urmattuu Azamat turkyadan
senden suranych senin jazganyn boiuncha nooruzdu musulman mayramdasa bolot eken anda sen kayaktan dalil aldyn? keniri jazyp jiber
islamda okum chygaruu onoi emesko?anday bolso tuulgan kun jany jyl suiuu kunu 8-mart baaryna jol achylyp kalbayby? je aga da islamdan jol taap beresinbi? emne kuran okulsa ele islamiy bolup kalaby?anda 8-martta kuran okup koisok islamiy bolup kalat turbayby? joobun kutom urmattuu azattyk.kg suranam sherineni jappai turgula joobun jazgancha rahmat ishinerge iygilik

кимден: azamat каяктан: Turkey
22.03.2010 13:03
Ассалому алейкум.
Урматтуу мекендештер!
Нооруз майрамы ирандан келген. Бирок биздин эл аны сиңирип, улуттук майрам катары кабыл алышкан. Исламды кабыл алгандан кийин Нооруз майрамы ислам менен чырмалашып кеткен. Тактап айтканда Ноорузда куран окулуп, Аллахтан токчулук, молчулук тилеп...
Ушунун айтып коеюн, каада салтка айланган, исламга каршы келбеген майрамдарды майрамдоо- Исламда тыю салынган емес. Нооруз майрамы Исламга каршы келбейт. Кудайдан токчулук молчулук тилөө, куран окуу- булар кудайга жаккан иштер.

кимден: Nurgazy каяктан: Arabiya
22.03.2010 12:10
Salam tuugandar.Nooruz degen soz fers tilinen kirgen noo degen jani a ruz degen kun degen jani kun degen maanini bildiret.Bul shamanizmdin (otko siyinuuchular) jani jili bolup eseptelet,musulmandardin jani jili Paygambaribiz Muhammed S.A.V Mekkeden Medinaga kochkonunon bashtip eseptelet.Hristiyandardiki Isa paygambaribizdin tuulgan kununon 1-yanvardan bashtap erseptelet a shamanizmderdiki bolso kun menen tundun ubaktisi birdey bolgon kun 21- marttan bashtap eseptelet. Albette islam kelishine cheyin duynodo en chon kuch bul ferst imperiyasi bolgon Kyrgyzdar dagi alardin kol astinda bolgon uchun otko siyinip kelishken.Bul mayramdi musulmandardin mayrami dep atoo en chon janilishtik.Azirki uchurga cheyin Eniseydegi kyrgyzdar Shamanizm dininde jurushuot. Biz ushun en chon bakit bul islam dini jalgiz Allahka gana ibadat kiluuga undoyt. Islam kelbegende biz dele Otko,kungo,ayga,arbaktarga siyinip eki duynobuzdu kul kilip adaship jurot belek. Keebir manas atabizdin,chingiz bababizdin arbagi koldosun dep,too topurakka siyinip adaship jurgon kyrgyz tuugandarimdi akildarin jiynap Jalgiz Allahka siyinuuga chakirat elem.

кимден: Jigit каяктан: Jer
22.03.2010 10:24
Emne bolso da Bektiki tuura

кимден: улутчул каяктан: кыргызстан
22.03.2010 03:10
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Жадыраган жаз күнүндө тосуп жаткан ак тилектин, аруу ниеттин, мээримдүүлүктүн, ыйман менен ынтымактуулуктун жана боордоштуктун белгиси болгон Нооруз майрамы баарыңыздарга жакшылык алып келсин!
Элибизде жаңы жылдын алгачкы күнү катары кабылданган бул күн Улуу Күн менен Улуу Түн теңелип, табийгат ойгонуп, жашоо жаңыланып, адамзаттын жан-дүйнөсүнө өзгөчө шаң, илгери үмүт тартуулаганы менен баалуу. Ошондон улам “Жер жарылып көк чыксын, желин айрылып, сүт чыксын” дешип, ата-бабаларыбыз Ноорузду жакшы ой-максаттар, жаркын маанай, аруу сезим менен тосуп алышкан.
Бул майрамдын көөнөрбөс дагы бир касиети – ата-бабаларыбыздын улуу салтын, үрп-адатын, рухий дөөлөтүн, руханий байлыгын кылымдан-кылымга, муундан-муунга мурастап келатканында десек болот. Нооруздун келиши менен Ала-Тообуз көрктөнүп, элибиз шаңданып, салтанаттуу түрдө куттуктоо айтып, жакшылыкты тилегени – наркыбызды сактап, улутубуздун улуулугун улаганыбыздын белгиси.
Коомдун гүлдөп-өнүгүшү илимдин, техниканын, экономиканын өсүшүнө гана эмес, ошол коомдо жашаган адамдардын бири-бирине болгон мамилесине, рухий дүйнөсүнө да байланыштуу болот эмеспи. Бири-бирибизге жакшылык каалап, дилибизди тазартып, эпкиндүү эмгек, биримдик менен алга барсак ишибиз илгерилейт деп ойлойм.
Бул асыл тилек биргелешкен күч менен ишке ашуусу абзел. Билимибиз, акыл көрөңгөбүз, тарыхый мурасыбыз элибиздин дүйнө элдеринин алдыңкы сабында болуп, татыктуу жашоосунун себепчиси болуп бере ала тургандыгына ишенимим чоң.
“Жакшы тилек – жарым ырыс” демекчи, бүгүн баарыбыз биргеликте, ачык маанай менен тосуп отурган кош майрамыңыздар менен дагы бир ирет куттуктайм. Заманыбыз бейпил, тынч жана берекелүү, ар бир үйдө ырыс –береке болсун, элибизге бакыт консун деген тилегимди билдирем.
Жер-Эненин мээримин, табийгаттын кооздугун, жан-дүйнөнүн аруулугун даңазалап келген улуу Нооруз майрамы куттуу болсун!
Кыргызстаныбыздын асманы ачык болуп, гүлдөп-өнүгө берсин!


P.S. Нооруз майрамы Ирандан, тагыраак айтканда, отко табынган байыркы зороастрлардан тараган. Ноорузду Иранда Ислам дини арабдардан 8-кылымда келгенге чейин эле майрамдашкан, отко табынган зороастрлардын көбү мусулман динине өтүшкөн, калгандары куугунтукталып, дүйнөгө чачыраган. Бул аймактагы көп элдерге мусулманчылык Ирандан келгендиктен, алар Ислам дини менен кошо Ноорузду да кабыл алышкан, ушундан улам алар Ноорузду исламдык жөрөлгө деп ойлошкон.

кимден: Almaz каяктан: Bishkek
22.03.2010 02:30
Men Kyrgyzmyn, Nooryz mairamyn mairamdaim. Dininer menen bashty orytpai, besh maal namaz okyp ozynor jyro bergile. Kyrgyzdar jakshy mysylman boloryna kozym jetpeit, dinge berilip mankyrt bolyp ketet. Andan koro KYRGYZ bolomyn! Egerde dinge ishensem anda bir kaisy bir ramkalardyn ichinede ishenem. Byt nerse chegi menen.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2313 - жалпы саны)

Жылдыз: Шаамерчем агайдын сунушу өтө кызык экен. Ал латиницанын "latviesu" делчү вариантын колдонуп жазса ... Толук

Сөз таануу