Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 02:02

Маданият

Билимге үндөгөн тасма чыкты

7-сентябрда Бишкектеги тарых музейинде “Сүйүү жөнүндөгү оюн чындыгы” аттуу тасманын бет ачар аземи өттү. Тасмада 7-8-класстын окуучулары тартылып, “Отелло”, “Ромео жана Жулетта” сыяктуу дүйнөлүк адабияттагы каармандардын ролун ойношкон. Тасмадагы негизги идея өспүрүмдөргө таалим-тарбия берүү жана билим аркылуу гана бардык нерсеге жетүүгө болот деген ойду чагылдыруу болгон.

Дастан Мадалбеков.
x
Дастан Мадалбеков.
Текст көлөмү - +
“Сүйүү жөнүндөгү оюн чындыгы” деп аталган тасмада баш каармандын ролун ойногон, жергиликтүү мектептердин биринде 8-класста окуган Дастан Мадалбеков кайда жүрсө жолу болбогон баланын образын жараткан. Тасманын башында терс каармандын ролун ойноп жатканы менен, бала кездеги таттуу кыялдарды, балалыктын эң бир унутулгус учурларын мыкты аткарып, кинонун сонунда оң кейиптеги каарманга айланат.

- Бул менин биринчи тасмам. Кичинекей кезимен бери эле театрга аралашып, спектаклдерде ойноп жүргөм. Жеки Чандын кинолорун көп көрөм. Ага окшогон мыкты актер болсом деген тилегим бар. Көп актерлерду көрүп алып “мен кинолордо качан ойнойт болдум экен” деп кызыга берчүм. Кыялым орундалды окшойт. Минтип киного да тартылып калдым. Тасмада тартылып жаткан кезде мен үчүн баары жеңил эле болду. Бирок камеранын сүрү баары бир таасир этет экен. Бул ролду аткаруу үчүн жүздөгөн балдардын ичинен суурулуп чыккам.

Тасма баштан аяк Дастан жана анын сүйүп жүргөн кызы Берметтин айланасында тартылып, мектеп турмушун сүрөттөйт. Мындан сырткары негизги каармандардын бири Берметтин кыялы аркылуу дүйнөлүк жана кыргыз адабиятындагы белгилүү чыгармалардан үзүндү көрсөтүлөт. Тасмадагы башкы ролду ойногондордун бири Бермет - абдан кыялкеч жана жакшы окуган кыздын ролун жараткан.

- Өзүмдүн атым Бермет. Кинодогу атым да Бермет. Өзгөрткөн эмесмин. Келечекте ырчы, актриса болом деп жүрчүм. Буйруса мыкты актриса болгонго аракет кылам. Кино мага абдан жагат. Мен аны сүйөм.

Тасманын автору Диана Токтосунованын айтымында, тасмадагы негизги идея бул балдарды билим алууга үндөө жана билим аркылуу гана бардык нерсеге жетүүгө болот деген чакырык таштоо.

- Тасманын идеясы бир жарым жыл мурун келген. Балдарды билим алууга үндөө, китепти сүйүүгө чакыруу болуп саналат. Мисалы, азыр балдарды көп байкадым. Өспүрүмдөр китепке кызыкпай калгандай. Бүт эле интернет, компьютер оюндары менен алек болуп калышты. Анан биз ойлоно баштадык, кандай тасма тартсак, балдардын китепке болгон кызыгуусу кайра ойгонот деп. Бул тасмада “Ромео жана Жулетта”, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл алма” сыяктуу чыгармалардагы кейиптер бар.

Кинону койгон режиссер Медин Учукеевдин айтымында, тасманы тартууда кыйынчылыктар болбой койгон жок. Аны толук тартууга тогуз ай убакыт сарпталып, кино тармагында бир топ тажрыйбасы бар инсандардын тийгизген таасири чоң болгон.

- Бизде мындай сценарийлер жок болгондугуна байланыштуу Олжобай Токтосуновду, Татьяна Николаевнаны, дагы көптөгөн тасма жаратууда бир топ тажрыйбасы бар киночеберлерин чакырдык. Алар да өз ойлорун айтышып, бир топ салым кошушту. Ошондон кийин биргелешип сценарийин жазып чыктык.

“Сүйүү жөнүндөгү оюн чындыгы” аттуу тасма эми өлкөнүн бардык облустарында көрсөтүлөт. Учурда тасма кыргыз тилине которулуп жатат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Raida каяктан: Germanija
15.09.2010 12:45
Salam Azattyk ! Kyrgyzstanym onugup osush kaalaim ,mekenimdi kelchegi jash muundar ! Dastan Madalbekovdu ajbai jakshy korom ,kelechek aldyda Dastan apandyn syimygy bol ,elindi syimygy bol !Chyn jurogumdon iegilik ,baktyluu balalyk kaalaim !

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
11.09.2010 21:34
emnege tuz kyrgyz ilinde jazilbayt senariy.
kotorup kıynalmak emessiner.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)