Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Маданият

"Голливуд" тасмаларын өз күчү менен кыргызчалаган жигит

Жыргалбек Ажиматов өз студиясында

Жыргалбек Ажиматов өз студиясында

10.07.2009

Жыргалбек Ажиматов - кыргыз тил күйөрманы. Ал кадимки «Голливуд» тасмаларын өз күчү менен кыргызча которуп, Кыргызстанда биринчилерден болуп кыргызча-англисче фразеологизм сөздүгүн да түзгөн. Жыргалбектин өздүк компьютеринен которгон чет элдик кино тасмалары жана бөбөктөр үчүн мультфилмдери учурда Ош аймагында абдан популярдуулука ээ. «Эмне үчүн кыргыз үй-бүлөсү өз үйүндө отуруп кыргызча кино тасма көрө албайт» деп ар дайым арданып келген жигит «Азаттыка» маек курду.

Кабарчы: - Бул кинолорду которуу сиз үчүн жөн гана хоббиби же акча табуунун жолубу?
 

Ж. Ажиматов:- Акча табуунун жолу деп айталбайм. Өзүңөр билесинер, түштүк аймагында элдин басымдуусу дээрлик өзбек каналдарын көрүшөт. Мен эс тарткандан бери алардын орусча же англисче тасмаларды койгонун көрө элекмин. А бизде улуттук канал баш болуп токсон пайыз орусча кинолорду коюшат. Эмне үчүн биз чет элдик кинолорду өз тилибизде көрө албайбыз. Же которо албайбызбы? Которсок болот. Бизде болгону каалоо гана жетишпейт. Менин башкы эле максатым - профессионалдык денгээлде болбосо да, кыргыз элине сүйгөн тасмасын өз тилинде жеткирүү.

Кабарчы:Өзүнүз карапайым эле үй-бүлөнүн уулу көрүнөсүз... Бирок кино которууга керектелчү техникалык каражатты кантип сатып алдыңыз, кантип которгон фильмдеринизди жарыка чыгарып жатасыз?

Ж. Ажиматов: - Чындыгында кино которуу үчүн күчтүү техникалык каражат зарыл. Мен англис тилин үйрөнгөндөн кийин, кино которууга шымалана киришейин десем, компьютерим жок. Бардык каражаттарды сатып алыш мен үчүн абдан кыйынчылык жаратты. Айласыз бирөөлөрдөн карызга акча сурап, туугандардан алып компьютер сатып алдым.

Кабарчы: - Жыргалбек, сиз үчүн бир кино тасманы которуп чыгуу канча убакытты талап кылат?

Ж. Ажиматов: - Мисалы Жеки Чан катышкан «Час Пик» аталыштагы тасманы мен «Кычаган маал» деп атап, азыр 3-сериясын которуп жатам. Бир тасманы төрт айга жетпей котором. Убактымды толук бул ишке арнабайм, колум бошогондо гана которуу менен алек болом. Эгерде бардык шарт болуп, атайын студияда, кызматкерлер менен иштесең бир эле айда даяр кылууга толук мүмкүн. Мен азыр өзүм жалгыз иштейм, өзүм котором, окуйм, кооздойм.

Кабарчы: - Оштогу өзбек тилдүү телеканалдар бир топ жылдан бери эле кыргызча берүүлөрдүн танкыстыгына даттанып келишет. Балким, сизге алардан кандайдыр бир иштешүү сунуштар түшкөндүр?

Ж. Ажиматов: - Ооба, сунуш кылышкан. Мен аларга буга чейин которулган кинолорумду берсем, алар юридикалык жактан атайын документиң жок экен деп баш тартып коюшту.

Кабарчы: - Негизи эле сиз которгон тасмалардын автордук укук, анан юридикалык мүнөзү кандай болот?

Ж. Ажиматов: - Кыргызстанда автордук укук деген түшүнүк жок. УТРК, ЭлТРлер деле  «Голливуддан» барып уруксат сурашпайт да. Бизде андай мыйзам менен иштешүүгө али көп убакыт бар. Мен юридикалык мүнөзгө ээ болгон чакта деле, Кыргызстанда автордук укукту коргоп беришине дегеле ишенбейм.

Кабарчы: - Буга чейин сиз ондон ашуун тасма которупсуз, бөбөктөр үчүн мультфильмдерди которупсуз, ошондон бир аз каражат, киреше таба алдыңызбы?

Ж. Ажиматов: - Кайдагы киреше. Мен которгондон кийин досторума, туугандарыма берем. Анан алардан тарап отуруп кантип элге жайылып кеткенин билбей калам. Ага өкүнбөйм, тескерисинче адамдардын кыргызча тасма көрүүгө болгон муктаждыгын байкайм. Пайда таппасам мейли, бирок менин бир эле каалоом бар, кыргыздар «Голливуд» тарткан тасмаларды өз тилинде көрүшсүн. Түшүнүшсүн. Болгону ошол. 

"Голливуд" тасмаларын өз күчү менен кыргызчага которгон кыргыз тил күйөрманы Жыргалбек Ажиматовдун бул маегине улай “Азаттык плюс” Кыргызстандагы автордук укуктарды коргоо жаатында абал менен таанышуу үчүн "Кыргызпатент" агенттигинин мүдүрү Улан Мелисбекке микрофон узатты: 
 

У. Мелисбек: - Кыргыз, Кыргызстандын жараны катары, түштүк аймакта кыргыздардын саны азайып жатканын түшүнүп жаткан адам катары ар бир чет өлкөлүк фильмдин кыргызчага которулушун колдойм. Бирок бул тармактагы адис катары төмөнкү учурларды айтканга мажбурмун. Ар бир автордук укук чет өлкөлук болобу, кыргызстандык болобу сөзсүз түрдө ээсинен уруксат алынышы керек.

Мисалы Кыргызстан бир фильм тартты дейли. Аны башка өлкөдөгү жарандар биздин авторлордун уруксатын албай туруп өз каалаганын кыла берсе, биз кандай мамиле кылат элек? Албетте каршы чыкмакбыз. Эгер биз цивилизациялуу өлкө аталгыбыз келсе, анда эл аралык мыйзамдарды, эл аралык келишимдердин нормаларын сөзсүз түрдө сактаганга аракет кылышыбыз керек.

Кабарчы: - Жогоруда маекте айтылган ишмердүүлүктү мыйзамдуу нукка буруш үчүн кандай иш-аракеттер жасалышы керек?

У. Мелисбек: - Автордук укуктардын ээсине кат түрүндө кайрылсын. Кыргызстандан болом, акчабыз жок деп жагдайды түшүндүрүп, тасмаңарды кыргыз тилине которуп алалы, акысыз бергиле десе, менимче алар жок дебейт.

Кабарчы: -  Ал эми автордук укукка шек келтиргендер үчүн кандай чара көрүлөт?

У. Мелисбек: - Бизде Кыргызстанда азырынча эки миң сомго жакын административдик гана штраф салынат. Кармалган контрафакттык CDлер алынат. Анан бизде атайын бөлүмдө анын экспертизасы жасалат. Экспертизанын чечими менен каржы полициясы ошол ишти сот органына жеткирет. Сот акыркы чечимин чыгаргандан кийин алынган продукция жок кылынат.

- Маегиңзге рахмат.
Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Куттубек каяктан: Ош
19.07.2009 23:25
Ассалом алейкум Жыргалбек байке. Мен сиздин кылган эмгектериңизди окуп аябай ыраазы болдум. Биздин папке талашкан чоңдор бир аз улуттун да таламын талашып, ушул сиздин баштаган жакшы ишиңизди колдоп койсо жакшы болмок. Сизге ийгилик.

кимден: Men каяктан: bul duino
18.07.2009 13:39
Jyrgal, chamda. bul ishti myiamdashtyr, studijangdy kattat, kyrgyzga bul kerek, alat. bara-bara okmotton da kyzmattashuu sunushu bolushu mumkun. nekommercheskij kultura, bilim beruu dep kattalsang, grant ala alasyng. soros, aga khan, shvetsarijalyk madaniy kyzmattashtyk bjurosu syaktuu ujumdar koldoshu toluk mumkun. kijin chong projekt jazyp, evrosoyuzdan da aksha alyshyng mumkun, birok al uchun ishingdi elge kyzmat kylgan, jashtardy bilim beruugo shyktandyrgan, ushul syaktuu mazmunduu, oluttuu kinolor kerek bolushu mumkun. bishkek1234@yahoo.com

кимден: Акмөөр Ташполотова
16.07.2009 14:16
Азаматсыңыз Жыргал аке!

кимден: Акмөөр Ташполотова
16.07.2009 14:15
Азаматсыңыз Жыргал аке, мен мурда эле билет элем ушундай боло турганыңызды. Мага да жөнөтүп туруң анча-мынча. Мен Акмөөр МУКта сиз менен бир факультетте окуган. Менин адресим :esmus-moskov@hotmail.com

кимден: Данияр каяктан: Бишкек
14.07.2009 12:11
Жыргалбек кылган ишиң абдан маанилүү бир Кыргыз катары сага терең урматтымды билдиргим келет.

Улан Мелисбеке айтат элем: Автордун укугу дебей өзүңүз бир жардам бербейсизби. Сиз деген Америкада иштеп келгенсиз аз да болсо тааныштарыңыз бар ал жакта. Кана чындап эл үчүн бир жакшылык кылып көрсөңүз.
Сиздин жообуңузда позитивдүү, проактив нерсе жок, дагыле "жазсын, сурасын, кылсын". Кичине акылдуураак болгулачы бийликтегилер өтө катуу сураныч.

кимден: Jyrgalbek каяктан: Osh
13.07.2009 10:18
Ассалому алейкум (пикир жазган) Улуу Кыргыздын чыныгы урпактары! Сунуш-пикирлер үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем жана ар бириңиздерге ийгилик каалайм! Ушундай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жаткандыгы үчүн "Азаттыкка" чоң рахмат. Байланышып туралы, бир-бирибизден сурайлы, ой-сунуш, пикир алмаштыралы, колдоп туралы. Кааласаңар,менин э-почтам: jyrgalbek79@rambler.ru, 0996555761450.

кимден: inash каяктан: Ankara/Turkey
11.07.2009 19:03
Урматтуу Улан Мелисбек! Сиз Жыргалбек мырзаны колдоого алышыңыз керек. Керек болсо кайрылууну Голивудка өзүңүз жазыңыз! Креслодо отурганда колуңуздагы мүмкүнчүлүктөн пайдаланыңыз жана кыргыз эли жана жаштары нукура кыргызча кино көрүшүнө колдоо көрсөтүңүз. Сиз Кыргызпатенке келгендеги сүйүнгөнбүз, ошол үмүттөрүбүздү актаңыз.
Ал эми Жыргалбек мырза сизге чоң рахмат! Иштериңиге моралдык жана материалдык демөөр керек болсо биз даярбыз! Иштериңизге ийгилик каалайбыз!

кимден: Калман каяктан: Москва
11.07.2009 18:28
Жыргал! Сендей кыргыздар көп болсо кана! Мамлекет сизди колдоого алышы керек! Төбөсүнө көтөрүп алса болот. Бирок өзүңүз аракет кылыңыз, себеби Кыргызстанда чоңдор сөз жүзүндө, шайлоо алдында гана колдойт. Башка убакта биз аларга керек эмеспиз!

кимден: Кайрат каяктан: Ош
11.07.2009 09:04
Жыргал аке азамат жигит. Калп эле патриотмун деп кыйкыра бербей Жыргал мырзадай унчукпастан ишти жасоо керек.

кимден: Алмаз каяктан: Ош\ АКШ
11.07.2009 03:10
Кыргызстандын жарандарынын бүт баары ушул жигиттей болсо анда өркүндөп өсүшүбүзгө аз эле калды.Мен бул жигиттин кылганын жок дегенде моралдык түрдө колдогум келет, азаматсың Жыргалбек!
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)