Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 02:00

Маданият

“Музыка менен жашайм”

Жаш музыкант Айым Руслан кызы улуттук алты аспапта ойной алат. Ал жакында бул өнөрүн эл аралык чөйрөгө көрсөтүп, Венгрияда өткөн сынакта баш байгени жеңип алды.

Текст көлөмү - +
Байыртадан бери өзгөчө тил деп эсептелип, кыргыздын руханий жан дүйнөсүн көрсөткөн ооз комузда ойногон Айым Руслан кызы 10 жашта. Ал комуз, чопо чоор, сыбызгы, ооз комуз, кыяк жана скрипка сыяктуу музыкалык аспаптарда эркин ойной алат. Ал беш жашында сыналгыдан ооз комузда ойногон музыканттарды көрүп, энесинен ушундай аспапты сатып берүүсүн өтүнгөн:

- Телевизордон ооз комузда ойногондорду көрүп, аябай кызыккам. Мен да ошентип ойногонду үйрөнсөм деп самай бердим. Анткени ооз комуз менен чопо чоордун үнү башка аспаптарга караганда башкача чыгат деп ойлойм. Мен үйгө келгенде чопо чоордо ойноп эс алам.

Кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарына болгон кызыгуусун байкаган ата-энеси Айымды музыкалык мектепке беришет. Учурда ал Бишкек шаарындагы номур төртүнчү музыкалык мектепте сабак алып, бош убактысында скрипкада ойногонду жактырат.

Апасы Махабат Саманчиеванын айтымында, Айым алты жашында бир айдын ичинде чопо чоордо ойногонду үйрөнүп, мугалимдерин таң калтырат. Көп өтпөй жаш талант комуз, ооз комуз жана сыбызгыда ойногонду үйрөнөт. Айымдын айтымында, адегенде эле колуна алган аспабы чопо чоор болгондуктан кыргыздын бардык күүлөрүн чопо чоордо ойногусу келет.

Көп кырдуу талант

Айымдын талантын байкаган мугалимдер аны өспүрүмдөр арасындагы эл аралык деңгээлдеги сынактарга катыштырып, Франция, Белорус, Арменияда өткөн фестивалдарда чопо чоор жана ооз комузда ойноп, баш байгелерди жеңип алат. Жакында эле Финляндияда өткөн жаш таланттар арасындагы сынакта кыргыз бийин бийлеп, ошол эле маалда чопо чоор жана ооз комузда ойноп, айкалыштырып, калыстар тобун таң калтырган өнөр көрсөткөн.

- Кызым чопо чоордо ойнойм дегенде кыз бала үйлөп ойной алабы деп чындыгында көп деле маани берген эмесмин. Ойлогом, скрипкада эле ойносо деп. Бирок болбой ойнойм деп, өзү аракет кылып үйрөнүп алды. Үйрөнгөнчө менден “бул эмне деген инструмент, кайдан алса болот. Мага да сатып бериңизчи” деп сурап калчу. Анан музыкалык мектептен барып сурасам, агайлары “кызыңызды биринчи ойнотуп көрөлөрү, алып кетсе сатып бериңиз. Анткени бул аспаптар кымбат турат” деп айтып калышты.

Элибизде “өнөрүң болсо өргө чап” деп бекер айтылбаса керек. Мектептеги сабагын да жакшы баага окуп, ар кыл музыкалык аспаптарда ойной алган Айым учурда кыл кыякты жана пианинодо ойногонду да үйрөнүп жатат. Чопо чоор, сыбызгы жана ооз комуздан сабак берген агайы Алмаз Тилегеновдун айтымында, чыныгы таланттуу адам гана үйрөнгөн аспаптарында обон, кайрык жарата алат. Ал эми Айымда бул өнөр бар деп ишенет:

- Мен Айымдан чоң нерсени үмүт кылам. Анткени кайсы гана аспапта ойнобосун өзү бир нерсени ойлоп таба салат. Чектелбей, эркин ойноп, жаңы нерселерди ойлоп тапканды жакшы көргөн музыкант кийин күү чыгарганга мүмкүнчүлүгү болот. Мен Айымга ишенем.

Комуз – элдеги эң көрүнүктүү жана сүйкүмдүү музыкалык аспаптардын бири экендигин айткан Айым комузда да кол ойнотуп келет. Комуздан сабак берген мугалими Кубат Богомбаевдин айтымында, кайсы гана күү болбосун Айым бир укканда эле үйрөнүп алат.

- Комуз черткенине үч жыл болуп калды. Экөөбүз комуз чертип жатып убакыттын кантип өткөнүн байкабай калабыз. Анткени Айым менен сабак өткөн өтө кызыктуу. Киши чарчабайт.

Айым Руслан кызынын аспаптарда ойногонун угуп, көрүп отуруп, жаңыдан уядан учуп, элге тааныла баштаган жаш таланттарга ар тараптан колдоо көрсөтүлсө, алардын элдик музыкага болгон кызыгуусу баштагыдан да артып, илгертен келе жаткан мурастарды дүйнөлүк деңгээлге алып чыгууга кенен жол ачылар беле деген ойго байландым.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.10.2010 18:20
Негизи башкалардан айырмаланып, озунун шыгы жондому менен музыка,спорт,искусство,билим ж.б тармактардагы таланттуу адамдарды жогору баалаймын. Ошондой кыздарыбыздын бири Айым!!! Айымдай инсандар биздин келечектеги муундарыбыздын улгусу,кумири.Онорун оркундоп, талантын ташкындап, кыргыз элимдин атагын чыгара бер! Бактылуу бол, урматтуу карындашым, Айым!

кимден: КАЛЫС каяктан: БИШКЕК
07.10.2010 17:24
омурун узун болсун ананайын

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.10.2010 14:04
Азаматсын, Айым!! Талантына шык кошулуп,оркундоп осо бер.Сенин онорунду баалаган жана сени менен сыймыктанган жердештерин, дуйно жузундо...!!!

кимден: Баткен
07.10.2010 10:57
Сага чон рахмат Айым

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)