Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Адам укуктары / Сөз эркиндиги

Ош: дагы бир журналистке кол салынды

02.11.2009

1-ноябрь түнү «Ош шамы» гезитинин журналисти Кубаныч Жолдошевди белгисиз бирөөлөр аёсуз сабап кетишти. Учурда ал оор абалда ооруканада жатат.

Түнкү саат экилер чамасында белгисиз бирөөлөр тарабынан катуу сабалган журналист Кубаныч Жолдошев, учурда шаардык ооруканада дарыланууда. Токмоктолгон журналист окуя тууралуу өзү “Азаттыкка” буларды айтты:

- Граждандык кийимчен үч жигит алдыман чыгып, бирөө мени көкүрөккө бир тепти. Мен жатып калдым. Анан үчөөлөп тепкилеп киришти. Бирөө бутун ээгиме коюп, кекиртегиме бутун такап тилиңди ач деп муунтту.

“Азаттык”: Сиз гезитке эмнелер тууралуу жазчу элеңиз?

- Мен ОшМУдагы студенттердин көтөрүлгөнүнө түрткү болгон ректордун чечими мыйзамсыз экенин жазгам. Ошондон кийин мага коңгуроо чалышкан жок, бирок башкы редакторубузга чалышып, ар кандай сөздөрдү айтышкан.

Дарыгерлер Жолдошев катуу токмоктон улам, баш мээси чайкалып, денесине катуу зыян келтирилгенин билдиришти. Журналисттин кабыргасы да сынган болушу мүмкүн, дейт шаардык оорукананын нейрохирургу Кылыч Мамашарипов:

- Кубаныч Жолдошевдин баш мээси чайкалган. Анан кабыргасы да сынган болушу мүмкүн. Аны жакынкы үч күндүн ичинде рентген адистери такташат.

Кубаныч Жолдошев сонку эки айдан бери жергиликтүү бийлике таандык «Ош шамы»
гезитинде иштеп келген. Жолдошев басылманын акыркы санында ОшМУдагы студенттердин көтөрүлүшүн кенен жазып, митингге чыккан студенттерге окуу жай жетекчилиги тарабынан куугунтуктар болуп жатканын айткан.

Ал эми гезиттин келерки санына «Оштогу сойку бизнеси кимдин колунда?» деген темада анонс берген. Аталган басылманын башкы редактору Тургунбай Алдакулов, журналисттин сабалышы түздөн-түз анын кесиптик ишмердигине байланыштуу экенин айтты:

- Мен Кубаныч менен сүйлөшсөм, ал кесиптик ишмердигиме байланыштуу деп айтып жатат. Окуянын жыйынтыгы да мени ошентип айтууга түртүп жатат. Анткени буга чейин бизге «эгер материал жарык көрсө, силер менен башкача сүйлөшөбүз» деген коркутуулар болгон. Гезитке сындалып чыкчулардын «ортомчулары» бизге ошентип айткан. Абайлабасаңар, өзүңөрдөн көргүлө деген эскертүүлөр болгон.

Кубаныч Жолдошев дарыланып жаткан оорукананын алдына чогулган ондогон журналисттер бул окуяга катуу тынчсыздануусун билдиришти. Орто Азиялык «Оазис» интернет журналынын Кыргызстандагы өкүлү Алмаз Исманов, 2007-жылы Алишер Саипов атылып, андан бери дагы бир канча журналисттер сабалгандан бери, түштүктө көптөгөн журналисттер саясий курч темаларды чагылдыруудан баш тартып калышканын белгилөөдө:

- Мындай көрүнүш соңку жылдары Кыргызстанда жаман тенденцияга айланып калды. Канча журналисттер уруп-сабалды, канчалары чет өлкөгө кетти. Журналисттер саясий журналистикадан кетип жатышат. Кубанычтын сабалышы журналисттерге дагы сокку болушу мүмкүн. Журналисттик иликтөөлөр, курч темаларды ММК чагылдырбай калса, анда телеканалдардан жалаң гана музыка менен кино көрүп эле отурабыз.

Исмановдун айтымында, журналист Кубаныч Жолдошевдин белгисиз бирөөлөр тарабынан аёсуз сабалышы Кыргызстандагы журналист журтчулугунун чочулоосун пайда кылып, сөз эркиндиги уламдан улам тарып баратканынын белгиси.

Кыргызстандагы медиа өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, 2005-жылкы ыңкылаптан бери 58 журналист түрдүүчө кол салууларга кабылган. Анын ичинде 6 журналист чет өлкөгө баш паанек издеп кетүүгө аргасыз болсо, эки журналист өлтүрүлгөн.
Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Санжар каяктан: Жалал-Абад
09.11.2009 16:10
Кесиптештерибиздин биринин келтек жегендиги тууралуу маалыматты сиңире албай туруп, экинчисин угуп жатабыз. Мен өзүм деле журналист болгондуктан, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө мындай мыйзамсыз аракеттер барып-барып өлкөдө сөз эркиндигинин биротоло жоголуушуна себеп болот деген ойго барып калдым... Анткени, мындай коркутуулар менин башыман деле бир-канча жолу өттү...

кимден: GYLSANA каяктан: ITALIA
09.11.2009 14:44
Urmattuu Kubanich!Men Sizdin den-soolugunuz jakshi bolup sakaip baratkaniniz jonyndo azir ele Azattik radiosunun janiliktarinan okudum. Andan beter jakshi bolup aigip ketishinizdi kaalaim!Kopchylyk ak niet el Siz menen!!!
Sizge salamibiz menen Gylsana,Paolo,Valerio,Adriana.Italianezter Sizge:"Egregio Kubanich,un abbraccio forte!"Cordiali saluti!...-dep salam jiberishti.Kotormosu:"Uvajaemij Kubanich!Mi tebia krepko obnimaem!S serdechnim privetom!...

кимден: Алмаз каяктан: Ош
05.11.2009 10:37
Бакыт деген тескери пикир жазыптыр. "Ичип алыптыр, мас экен" деп ээн жерге алып барып уруп-сабап, өлтүрүп кое берсе, анда мындай жапайы коомго журналисттик ишмердүүлүктүн эмне кереги бар? Адамга баарынан мурда тынчтык, саламаттык, коопсуздук керек. Журналисттер коомдун проблемасы деп ашык азап тарта берсе, калганыбыз тамаша кылып карап тура берсек, бул Кудайга да жакпайт! Көзүбүздү чоңураак ачалы, замандаштар!

кимден: Акбар каяктан: Польша
05.11.2009 09:30
МВД Кубанычты өзү мас болчу деп уялбай маалымат таратты. Эртең дагы бир журналистти өлтүрүп кетишсе аны да мас болчу деп уялбай айтышат булар! Ошол митингди жазса, сойкуларды жазса ошолорду прокуратура сурака алыш керек. Муну оңой эле тапса болот!

кимден: Нурбек каяктан: ОшМУ
04.11.2009 18:40
Карга карганын козун чукубайт. Милицияга ишенбей озунор да иликтоо жургузгуло, журналисттер! ГАИ кызматкерлеринде, ОшМУнун ректору Муктар Орозбековдо бир мандем бар сыяктанат. Редакторунарды телефон аркылуу коркуткан турбайбы. Ким уюштурса да эки дуйно жарыбасын. Аман бол Куке

кимден: Arman каяктан: student
03.11.2009 20:25
Men jurnalistika bolumuno kizigip 4 jil murun chet olkodo jurnalistika bolumundo okuy bashtagam , ar kanday kiyinchilikka karabay oz mekenime baruuga dayar bolchum birok minchaligina chinin aytkanda men dayar emes ekendigimdi bildim, okuunu bul jili buturup oshol ele olkodo ishtep kaldim, chindikti ortogo chigargan kalemi kurch jurnalist bolgum kelet birok ushunchalika baraarin bilgen emesmin .....

кимден: Азамат каяктан: Жалалабат
03.11.2009 18:20
Кубанычты колдоп, сөз эркиндигине шек келтирген зөөкүрлөргө чогуу согуш ачыш керек. Алар курч калемдүү журналисттерди бириндеп жок кылат. Сындын жөнөкөйү, жумшагы, аттуусу болбойт. Аны ар ким ар түрдүү кабыл алат. А биздин чоңдорубуз эч кимден сын укпай жүрүп, өзүн идеалный элестетип алат да, аны сындап койгон журналисттерди душман көрүп, артынан сая түшүп, уруп-согуп жок кылууга аракеттенет. Кантсе да ак ийилет бирок сынбайт эмеспи, замандаштар!

кимден: Дардаков Адилет каяктан: Бишкек
03.11.2009 16:40
Абдан өкүнүчтүү, эгер ушул буйрутманы ким бергенин билсем, министир болобу, башкасы болобу аны менен башкача сүйлөшмөкмүн. Акыркы убактарда журналистерди сабап кетмей жөнөкөй эле көрүнүш болуп калды. "значыт" бул нерсени бийлик колдоп жаткандыр?..

кимден: Askar каяктан: Bakytka
03.11.2009 15:37
Bakyt, sen antip ele bilikke jagaldanam -dep biroonu shybai berbe! Biroonun kyrsygyn tabalaba.

кимден: Аман Саипов каяктан: Бишкек
03.11.2009 15:20
Кубаныч Жолдошев мактагыч, шыпыргыч журналисттерге караганда чынчыл, болгонун болгондой жазган журналист экенин билчүбүз. Азыр сабалып, канталап жаткан сүрөтүн көрүп, абдан боорум ачып жатат. Бирок Кубаныч, билип койгун сендей адилет журналист ошол сени сабаткандарга жана сабагандарга караганда жогору адамсың!
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)