Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Эл үнү

Көк-Жаңгак: Х.Шаруев өмүр бою эркинен ажыратылды

02.03.2010
Ырысбай Абдыраимов

1-мартта Сузак райондук соту кичинекей кызды зордуктаган Хамза Шаруевге карата чечимин чыгарды. Хамза Шаруев Кылмыш кодексинин 129-беренесинин 4-бөлүмү боюнча айыптуу деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Соттун жүрүшүндө ал күнөөсүн мойундаган жок.

1-мартта Сузак райондук сотунун алдына чогулган Көк-Жаңгак шаарынын тургундары ачык сот өткөрүүнү, 20-январда сегиз жаштагы кызды зордуктаган деп айыпталган шаар тургуну Хамза Шаруевге эң жогорку жаза берүүнү талап кылып турушту.

Күбөлөрдүн бири Шаарбү Акматова ошол күнкү окуя алиге дейре көз алдынан кетпей турганын жана чиедей кыздын ошондогу абалын сөз менен айтууга мүмкүн эместигин белгилеп, Хамза Шаруев буга чейин жасаган кылмышы үчүн жеңил жаза алганына нааразы болду.

Райондук соттун төрагасы Жаныбек Бекназаров эл алдына чыгып, аларды кызуу кандуулукка алдырбай, сабырдуу болууга, сот адилетүүлүгүн орнотуу үчүн мыйзамды сыйлоого чакырды.

Көк-Жаңгак шаарынын башчысы Зикирбай Хайтахунов калаада учурда абал тынч экендигин билдирди. Шаарда катталган күрт улутундагы 39 үй-бүлөнүн (200гө жакын күрттүн) көпчүлүгү малы менен үйлөрүн сатып, жүк ташуучу контейнерлерге заказ берип коюшкан. Алардын турак-жайларын жергиликтүү тургундар сатып алышууда.

Зордукталган кыздын чоң апасы Мавлия Кулбашеванын айтымында, жабырлануучу тараптын Көк-Жаңгактан күрттөрдү кетирүү талабы орундалбай, 2-февралда болгон жыйындан да жыйынтык чыккан жок. Анын айтымында, талап аткарылбай, сот катуу жаза бербесе, кыздын туугандары күрттөрдөн өз алдынча өч алышы мүмкүн.

Кызууланган эненин талабы менен биз оюн сураган күрт улутундагы киши макул болгон жок. Аты-жөнүн атагысы келбеген бул адам күрттөр бул аймакка 1937-жылы көчүп келишкендигин, Көк-Жаңгактагы кыргыздар менен мамыр-жумур аралаш жашап жүргөндүгүн, өзүнүн көптөгөн көзү өткөн туугандары ушу калаанын мүрзөсүндө жаткандыгын белгилеп, буларды айтты:

- Хамза Шаруев өз кылмышына жараша мыйзамда каралгандай жазасын тартыш керек. Кечээ эле Көк-Жаңгактан 21 адам башы оогон жакка көчүп кетти. Баланын кылмышы үчүн атасы, атасыныкы үчүн уулу жооп бербейт.

Соттун жүрүшүндө Хамза Шаруев окуя болгон күнү, 20-январда ичимдик ичип, кара куурай чеккенден кийин 8 жаштагы кызды жолуктуруп, аны коркутуп, көпүрө алдына сүйрөп түшүп, арам оюн ишке ашырганы белгиленди.

Хамза Шаруев 2007-жылы аялды зордуктаганы үчүн Сузак райондук соту тарабынан 6 жылга эркинен ажыратылган. Адвокаттын аппеляциялык арызынан кийин Жалал-Абад облустук соту анын жазасын эки жылга жеңилдетип, абакта тартип бузбаганы үчүн Шаруев мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: 1234 каяктан: Нарын
05.03.2010 15:16
Ал эми өмүр өткөнчө отурабы же бир нече жылдан кийин бошонуп кетеби? Кыргызстандын түрмөлөрүнө, андагы иштеп жаткан "офицер" сөөрөйлөргө ишенич жоголгон!

кимден: Nurlan каяктан: Germany
02.03.2010 20:10
Менимче соттун максаты жаза берүү эле емес, калгандарга сабак боло тургандай да жаза бериши керек--туура чечим..

кимден: К каяктан: Бишкек
02.03.2010 18:14
Сот соттобой элдик сотко койдум деш керек эле.Эл жакшы өкүм чыгарып аткармак! Ээх,кыргызым эзилдиң го өз жериңде!


кимден: Barsbek каяктан: Barsbek
02.03.2010 17:24
Tuura chechim boluptur! Baldardyn omuruno kol salgandardy oyoogo ech sebep jok. kim bolbosun, kaysy gana uluttun okulu bolbosun!
Janagy 20 jylga kesilgendi da tuboluk kessse bolmok eken. Pedafilderge jol jok kyrgyzstanda!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Austria
02.03.2010 15:00
Allah jazasyn bersin, Inshallah!!!

кимден: Элеттик каяктан: KG
02.03.2010 14:28
Сот туура чечим кылыптыр.., бирок ал бала мындай кылмышка экинчи ирээт барып жаткандыгына байланыштуу, элдин колунан жаза алганда болмок...

кимден: chingiz
02.03.2010 13:49
Iras boluptur! Adam olturgon jana kiz zorduktagandar ucun olum jazasi bar bolso jakshi bolmok

кимден: janet каяктан: Bihskek
02.03.2010 13:04
Өз жерибизде өзгөлөргө кор болуп жатабыз, чет жерде жүргөндөрдүн басынганын айтпай эле коелу. Жанагы зөөкүрдү түрмөгө түбөлүккө салганы эң туура болуптур...
     
Текст көлөмү - +

Эл үнү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

“Көп түкүрсө көл болот”, “талаштан тактык жаралат”... Кыргыздын учкул сөздөрү, макал-ылакаптары, түпкү сөздөрү (руна сымал жазмаларды, Махмуд Кашгарини, жомок-дастандарды, Юдахин сөз корун, классик акын-жазуучулардын эмгектерин караңыз), өздөштүрүлгөн сөздөрү (Карасай-сөздүктү караңыз), диалект катары “жерилген” сөздөрү (Мукамбай-сөздүктү караңыз) жана азыркы кылымдын босогосунан аттагандан берки жаңы сөздөрү (алар үчүн заманбап сөздүк да жокко эсе) чогулуп, жалпы тил казынанын ажырагыс бөлүгү катары эне тилибиздин ажарын ачып турат.  Келиңиздер, эне тилибиздин жана кыргыз сөз таануу илиминин көйгөйлөрүн чогуу талкуулайлы.  Бул шеринебиз ар бир ыктыярдуу катышуучунун эч бир жерде милдеттүү болбой турган сунуштарына жана пикирлерине орун бермекчи.  Балким, алардын алгылыктуусун жаңы муун өзү ылгап алаар.

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)