Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:56

Саясат

Жаңы-эски Конституция - Ханституция эмес

2007-жылкы Конституцияга киргизилчү өзгөрүү-толуктоолор 26-апрелде жарыяланды. Жаңы долбоор жалпы элдик талкуудан өтүп, келип түшкөн сунуш-пикирлердин негизинде дагы иштелип, негизги варианты 19-майга даяр болушу керек. Конституциянын кезектеги өзгөрүүлөрүнө Венеция комиссиясынын 2006-жылкы сунуштарынын көбү киргизилгени маалымдалууда.

Текст көлөмү - +
Сүткө оозду күйгүзгөн айранды үйлөп ичет

Үч аптадан бери кыргызстандыктарды түйшөлтүп жаткан орчун маселе - өлкө мындан ары кандай жол менен өнүгөт суроосу болууда. Мына эми ага жооп кылып Убактылуу өкмөт Конституцияга киргизилчү өзгөрүү, толуктоо, алымча-кошумчаларды жарыя кылды.

Конституцияга кирчү өзгөрүү, алымча-кошумчаларды жалпы элдик талкууга чыгаруу алдында комиссия жетекчиси Өмүрбек Текебаев жаңы долбоор деле кемчиликтерден куркол эместигин айтуу менен гана чектелди.

- Биз талкууга алып чыга турган орусча варианттын текстин кечээ бүтүрдүк. Бүгүн-эртең бул кыргызчага которулат. Албетте кемчиликтер толук болушу мүмкүн. Дагы көптөгөн сунуштар болот. Өзгөчө мынабу адам укугу боюнча бөлүмдү биз өзгөрткөнүбүз жок. Ага укук коргоочулар дагы сунуш киргизебиз дейт. Принцибинде биз өркүндөтүүдөн качпайбыз.

Ө.Текебаевдин ырасташынча, жаңыланчу Конституцияда эларалык уюмдардын мурда айтылган сунуш-пикирлери эске алынган.

- Биз бул долбоордо Венециялык комиссия 2006-2007-жылкы Конституцияга берген сын, сунуштарынын 80%, атүгүл 90% эске алдык.

Антип эларалык эксперттердин пикирлерин эсепке алуу менен жазылган жаңы долбоордо деле президенттин ыйгарым укуктарынын кыйласы калтырылганы баамга урунат.

Дагыле президент, парламент, өкмөт

Жалпы эл тарабынан беш жылга гана шайланган президент парламенттик көпчүлүктү түзгөн партия өкүлүн өкмөт башчысына, ошондой эле министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындайт. Непадам парламентке келген партиялардын бир да бирөө өкмөт түзө албаса президент парламентти таратуу укугуна ээ. Чектөө жагына келсек, мамлекет башчысы Конституцияда көрсөтүлбөгөн кызматтарды түзө албайт, өкмөттүн ишине түздөн-түз кийлигишүүгө акысы жок.

Анткен менен жаңы долбоордо таптаза парламенттик республика түзүү көрсөтүлгөн эмес. Антишке кыязы өлкөдөгү саясий партиялардын чама-чаркы жетпестиги эске алынган шекилдүү. Ошон үчүн президент бийлиги биротоло чектелген эмес. Саясат таануучу Карыбек Байбосуновдун пикиринде, бул учурдагы кырдаалга ылайык келет.

- Анан орто жолдон эле шашып-бушуп парламенттик республика түзөбүз деш тарыхый адашуу болуп калмак.

Убактылуу өкмөт бийликке келгенден бери көп козголгон парламенттик республика идеясынын жыйынтыгында ошентип аралаш системага ооп кетиш себебин саясат таануучу Айдарбек Көчкүнов да өлкөдөгү саясий институттардын абалына байланыштырат.

- Биринчиден бул Кыргызстандагы партиялык системанын начар өнүгүшүнө, партиялык идеялар ортосундагы айырманын жоктугуна байланыштуу. Парламенттик республика болуунун негизин түзүп берчү ушул системанын начардыгынан парламенттик республикага өтүүгө али эртелик кылат.

А.Көчкүнов Кыргызстан үчүн толук болбосо да башкаруунун парламенттик жолуна жарым-жартылай өтүүгө 20 жылдык тажрыйбадан соң мүмкүнчүлүк болуп калды деген пикирде. Конституцияга киргизилчү өзгөрүү, толуктоолордун талкуусу кош жолдун кайсынысын тандап алууну так көрсөтүп бериши ыктымал.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.04.2010 19:01
Орток тил жок. Башкача айтканда, бул олкодо Башмыйзамды кабыл алдык. Бирок мурункудай эле ар кайсы тилдерде суйлоп жатабыз. Тил деген улуу нерсе го. Конфуцийдин айтканы эсиниздерде болсо керек. Анын созундо маселе жеке эле тилде эмес, создо жатат. Тагыраак айтканда, соз туура эмес айтылса, тил бузулат. Тил бузулса, буйрук туура эмес аткарылат. Буйрук туура эмес аткарылса, мамлекет ыдырайт. Бул Башмыйзамдан мен Кыргыз Республикасындагы жарандарын жакшы жашата турган орток тилди коро албадым. Ири алды жетекчилер эл менен орток тил табууга аракет жасашса туура болчудай экен.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.04.2010 20:21
Кыргыздын улуулугуна дагы бир жолу суктансак болот 10 000 адам өз көңүлүнө жакпаган бийликти оодарат 15 адам декреттин негизинде бүт мамлекетти башкарат. 19 адам: « анын ичинде 6сы партияга кирбеген уюмдар кимдин кызыкчылыгын коздойт ал да белгисиз, 6 сы чет элдин жарандары Мамлекеттин, Кыргыз Республикасынын конституциясын жазат». 5млн.дон ашык киши жашайт Кыргызстанда.Ошолордун болунгонуно да конул бурбады чиркин.
Макул дейли бийлик начар иштеди, качып кутулду. Эми башкасына макул болсо да 1топтун иштегенине макул болбоочулар бир топ эле чыгат го. Эч кур дегенде 7 облустан 7 аксакал чакырып койбойсунарбы.Силер бир укуктук талаада иш алып барсанар болбойбу. Ушул иштердин баарын жургузо турган шайлоо комиссиясын укуктук талаага киргизип койбойсунарбы. « Айылда кимде жакшы бука бар,кунажындын козун ачканы» деп издегендей эле болуп жатат. Силердин окмотунор легитимдуубу озу.
Коомдук талкуу да кандай механизм менен журот. Же мурдагыдай эле УТРК тааныган саясатчылар,акчасы бар бизнесмендер,УО мучолору 2ай кезеги менен,партиялар оз кызыкчылыгы учун ураа,ураа болот да анан референдумга коюлат. Ага чейин УО администартивдик ресурсту ээлеп бутот. Ар бир облуста,ар бир райондо талкуу откоргуло керек болсо,уюштургула,каражатты тапкыла сындап суроо берген менен иш алып барган кандай экенин айырмасын коргуло. «Референдум чечет баарын деп». Азыр бизге окшогон алыста жургондор маалыматты кайсы жерден алышты билбейсин. УО сайты кандай аталат Азаттык дайынын корсотуп койгулачы алыста болсок да силер аркылуу оюбузду билдирип туралы.Шайлоо референдум отсо биз да керек болобуз, андан кийин бюджет толтурганда.

кимден: немис каяктан: Германия
27.04.2010 14:36
Жаны конституцины чет олкодогу кыргыздар окушу учун, интернетке чыгарылдыбы? Эгерде чыгарылса, сайттын адресин жазып койосуздарбы? Азаттыка чыгарылган маалыматтарга караганда, жаны Конституцияда парламенттик башкаруу жонундо соз болуп атат, бирок ошол эле учурда, президенттин да бийлиги жана аткаруу бийлигине премьер дагы бар экен. Кичиненкей Кыргызстанга башкаруучулардын саны коп сыяктуу, ал эми сапаты кандай болот? Бул бийликтегилердин оз ара жоопкерчиликтери кандай болуштурулгон? Анан кийин олкодо кандайдыр бир туура эмес иштер болуп кетсе, ким куноолу деген суроо пайда болот. Ошондо президент мен эмес, парламент кунолуу десе, парламент биз эмес, премьер куноолуу, премьер мен эмес, президент куноолу деп, ит тытыш болуп калбайбы??? Бул масалени кылдаттык менен караш керек жана бийликтин жоопкерчиликтерин ото чон конул буруп, ото так болуштуруп жазуу керек деп ойлойм. Жаны парламенттеги депутаттардын санын 105, же 120 деп сунушталып атат. Менин пикиримде, 105 депутат эле жетет, себеби санынан сапаты жогору болгону абзел, ушул боло турган депутаттар элдин, мамлекеттин эсебинен каржыланат. Ошол 105 эле депутат эл-жер учун, патриоттуулук мен жакшы иштеп берсе, Кыргызстан учун чон ийгилик болот эле.

кимден: Bakyt
27.04.2010 14:23
kyrgyz eli kaysyl jol menen baratkanyn ech bilbeyt.Kaydagy adan balasy oylop tapkan zakondor menen jashaybyz dep ele,ubara bolup jyryshot.Demokratiya ,Amerikanyn jolu dep jyryshyp,erkek menen erkektin,adam menen aybandyn ortosunda yilonyy bolot dep zakon chygaryshpasa boldu!!!!Esiner bolso kyrgyz elim Aalamdy jaratkan Alla taalanyn zakonu menen jashagyla.

кимден: Shom каяктан: Talas
27.04.2010 14:22
Конституцияда жазылган озгортуулордун кээ бир пункттарына купулум толбой турат Мисалга айтсам: Президенттин кол тийбестигин алган сон Жогорку кенештин да кол тийбестигин алыш керек эгер биздин парламентте 120 депутатыбыз болсо, алардын баардыгы кол тийбес укука ээ болсо анда оздорунун билгендерин жазап коюуу коркунучу туулуп жатат.

кимден: арстан
27.04.2010 13:38
Текст адегенде кыргызча жазылышы керек болчу, анткени конст-ны венеция комиссиясы учун жазып жаткан жерибиз жок да. 2-ден, аны эл жазыш керек, элдин пикири камтылбай калган.

кимден: Патриот каяктан: Кыргызстан
27.04.2010 11:49
Эки жолку кетирген откон президенттерибиздин катасын, жана оз билгендигин жазатпаш учун, КОНСТИТУЦИЯны озгортууго тыюу салуу статьясын кароо зарыл. мисалы 100 жылдан бери 1 да жолу озгортуу кирбеген АКШ конституциясын карагыла. эмнеге биз озгортуу кирсе аны булар , тигилер кылат деп... кошуп жатабыз, значит дагы бироолордун оюу бар да келечекте башчы болуп алып, 5-жыл мооноту буткончо айран чалсам деген!

кимден: Гулзада каяктан: Бишкек
27.04.2010 11:38
Бишкектен Бердибек, эгер мумкун болсо, 0550 043437 телефонуна чалсаныз талкуулашыш керек болуп жатат

кимден: Бердибек каяктан: Бишкек
27.04.2010 10:39
Конституция проектисинде кээ бир моменттер бар экен тактап бышырылышы керек болгон. Озгочо президенттин, Жогорку Кенештин жана окмоттун мандаттарында кээ бир моменттер бар. Мисалы статья 83 жана 84тто пункттарында президент Жогорку Кенешти жана окмотту тарката ала тургандыгы боюнча жоболор бар. Ото жормолго жана интригаларга ачык моменттер булар. Статья 81де окмоттун тузулушу боюнча президент каалаган фракцияга окмотту тузуу сунушун бере алат эгер парламентте тен жарымына ээ партия болбогон учурда. Статья 67ни талкуулаш керек. Пропорциялык система деген жоромолго ачык болуп атат. Статья 60да 1- пункттун 1-подпунктун жакшылап карап чыгыш керек. Негизинен жоромолго жол бербегендей кылып жоболорду киргизишибиз керек. Болбосо президент менен окмот жана Жогорку Кенеш ортосунда чон интригаларга пайдубал жаралып калат.

кимден: Балта каяктан: КР
27.04.2010 09:16
Жаңы долбоордо эч кандай деле жаңылык жок экен, анча мынча эле өзгөрүүлөр киргизилгени болбосо. Эмне үчүн биринчи кыргыз тилинде жазылбайт? Эмне үчүн Венециялык комиссиянын сунуштары менен эсептешет? Башкы сөздө курман болгон баатырлар эскерилиптир, анан ошол баатырларды сыйлаш керек да. Алар Кыргыз элинин эркиндиги үчүн, жаркын келечеги үчүн шейит кетишпедиби. Венециялыктардын сунушу менен орусча жазылып, анан кыргызчага которулган Конституция кандай болоор экен? Кыскасы кыргыздын жыты жыттанбайт бул долбоордо.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)