Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:54

Дин

Д. Мурадилов: светтик, секулярдык деген сөздөн маселе чечилбейт

Конституциянын жаңы долбоору бүгүн Убактылуу өкмөткө тапшырылды. Убактылуу өкмөт чукул жабык жыйынында ошол долбоорду карап жатат. "Азаттык" Баш мыйзам долбоорунда секулярдуулук маселеси кандай чечилгенин сурап дин, укук жана саясат боюнча көз карандысыз аналитикалык изилдөө борборунун орун басары Данияр Мурадиловго кайрылды.

x
Текст көлөмү - +
- Конституциянын преамбуласында Кыргыз Республикасы эгемендүү, унитардык, демократиялык, укуктук, динден тышкаркы социалдык мамлекет деп жазылды эле. Ушул Конституциялык кеңешмеде динден тышкаркы деген сөз талаш жаратты эле. Сиз кандай дейсиз, ошондой бөлүп көрсөтүү сөзсүз керекпи?

- Менин оюмча, кыргызча вариантында динден тышкары деген сөзгө канчалаган динди тутунган адамдар, мусулмандар диний ишенимдерине, эмоцияларына терс келгендиктен каршы чыгып атса керек. Ошондуктан светтик ("секулярдык, лайык") деген сөздү орусча вариантында калтырып, кыргызча вариантында башка бир жаңы, мындайча айтканда диний эмоцияларга тийбей турган сөздү жаңы термин жаратып, киргизсе, же болбосо Атамбаевдин эле мурунку сунуштаган "лайык" деген сөзүн киргизсе болмок деп ойлойм.

Себеби светтик деген сөздү алып таштоо менен маселе чечилбейт.

Кыргызстандын светтиги аны менен өзгөрүп кетпейт, же болбосо светтик деген сөздү калтырышыбыз менен дагы Кыргызстанда дин эркиндиги кыйылып калбайт. Көп деле айырма жок.

Маселе сиз өзүңүз айтып кеткендей, кыргызчага котормосунда болуп атат. Диний ишенимдердин эмоцияларга, же укуктарына бир аз кол салгандай көрүнүп атат.

- Cиз азыр айткандай, коомчулукта да талаш-тартыш жараткандай бул маселе. Маселен, Камчыбек ажы Өмүрзаков диний илимий медициналык ислам изилдөө борборунун башкы директору калкынын 80 пайыздайын мусулмандар түзгөн өлкөдө мындай сүйлөмдү киргизүү туура эмес деп айтты эле. Азыр ошол сөздөрдү уксак.

Камчыбек ажы Өмүрзаков: Батыштын тобу ал жерде иштеп атат. Бейөкмөт уюмдарынын мүчөлөрү Гүлшайыр Абдирасулова, Токтайым Үмөталиева дегендер кирип, Батыштын саясаты менен туура эмес иш жүрүп атат. Кыргыз элине бул каршы болуп калат. Кыргызстандын 80 пайызы мусулмандар. Чыр чыгат. Конституциянын өтпөй кала тургандай жагдай түзүлүп атат азыр. Конституция өтпөй калат деген суроо туруп калып атат, мусулмандар тарабынан бойкот болот.

- Данияр мырза, ушундай ойдо жүйө барбы?

- Мен андай ойдо эмесмин. Себеби светтик деген сөздү жаңы кыргызчага которулган башка бир, динден тышкары, же динсиз эмес деген сөздөн башка бир сөздү кое турган болсо, жанында түшүндүрмө менен. Түшүндүрмө дегенде, өзүңүз билсеңиз деле керек, светтиктин моделдери бар. Мисалы, эски советтик доорундагы, азыркы Франциядагы, бул биринчи модели. Бул абсолюттук динди мамлекеттен ажыратуу, коомдон дагы, баардык жаатта ажыратуу.

Экинчи модели, диний уюмдарды мамлекеттик бийлик органдарынан ажыратуу. Үчүнчү модели, экинчи модель сыяктуу, бир гана айырмасы менен, мамлекеттик кайсы бир динди тандоо, дайындоо менен. Мисалы бул Египеттин вариантында бар.

Үчүнчү варианты Египетте, Британияда да бар. Экинчи варианты Түркияда бар. Кайсы вариантын тандасак, мисалы Кыргызстанга экинчи варианты ылайык келет деп ойлойм. Экинчи вариантын түшүндүрмөсү менен берсе светтик деген сөздүн жанында. Жанагы менин алдымда сүйлөп өткөн кишинин божомолу ишке ашпайт го дейм, буюрса.

- Кандай варианттар болуп жатат? Мисалы, сиз айтып аткан светтик деп атасыз, секулярдык деген англисчеден орусчага котормосу да. Ошол секулярдык деген сөздү алса болбойбу?

- Болот, секулярдык деп койсок деле болот. Бирок эгер секулярдык деген сөздүн биринчи жаратылыштагы маанисин ала турган болсок, анда светтиктин биринчи модели болуп калат. Ошондо кээ бирөөлөр секулярдык деген сөздүн сөздүк маанисин изилдеп келе турган болсо, анда дагы түшүнбөстүк жаңжал чыгат. Эгер светтик деген сөздү таптакыр алып таштай турган болсок, анда дагы түшүнбөстүк пайда болуп калат. Мисалы, Баш мыйзамдын 9-беренелеринде светтик жөнүндө сөз кылынып, түшүндүрмөлөр берилип атат, анан кийин кайсы светтик жөнүндө сөз болуп атат деген түшүнбөстүк пайда болот.

- Жок, менин билишимче, бир эле түшүнүгү бар да, же секулярдык мамлекет деген бул мамлекеттин конституциялык укуктук мүнөздөмөсү, мамлекет динден ажыратылган дегенди билдирет?

- Мисалы, эң аз дегенде үч модели болуп атат. Экинчи моделин тандап туруп ошонун түшүндүрмөсүн бериш керек. Светтик деген сөз, биздин Баш мыйзамда экинчи моделдин аныктамасын келтириш керек, кашаанын ичиндеби, же түшүндүрмөдөбү. Эми аны юристтер билишет да кандай кылышты.

- Камчыбек ажы Өмүрзаков алдыда укук коргоочулар жөнүндө айтып кетти эле. Азыр конституциялык кеңешменин мүчөсү Гүлшайыр Абдирасулованын оюн угуп кетсек:

Гүлшайыр Абдирасулова: Өзүңөр билесиңер, Орто Азиянын аймагында «Хизб-ут Тахрир» деген өнүгүп атат, экстремисттик-диний уюмдар уюлуп атат. Ошондуктан биз демократиялык, унитардык мамлекетпиз десек, ошол эле нормаларга жараша мамлекеттин саясатына дин аралашпайт деген норманы коюшубуз керек. Мисалы, алып койгондон эле эч ким кепилдик бералбайт, исламдык болуп калабыз деп. Бирок ар бир мамлекеттин Конституциясынын преамбуласына карайт.

- Ушул ой жөнүндө эмне дейсиз. Чын эле ар бир секулярдык мамлекеттин Конституциясында ошондой сөз турат секулярдык мамлекет деп?

- Конституциялык кеңешмени башынан аягына чейин толук карагандар байкаса керек. Мисалы, Текебаевдин, анан Мыктыбек Арстанбектин айткан сөзү бар. Текебаевдин сөзүндө, ушул күнгө чейин светтик деген сөз келди, ушул күнгө чейин диний ишенимдерге кандайдыр бир тоскоол болдубу? Тескерисинче, дин туткандардын саны көбөйүп атат, мындайча айтканда тоскоол болгон жок. Диндердин агымдары, секталары барган сайын көбойүп атат.

Мындайча айтканда светтик деген сөздүн Баш мыйзамда бар болушу менен динге эч кандай тоскоол болгон жок. Мыктыбек Арстанбектин сөздүндө деле байкасак, светтик деген сөздү алып коюшубуз менен, Кыргызстан халифатка айланып кетпейт. Кыскасы светтик деген сөздү алып койсок, же ордуна коюп койосок деле көп деле эч нерсе өзгөрбөйт. Бирок менин жеке менин көз карашым светтик деген сөздүн ордуна коюлганы туура жана аны менен кошо түшүндүрмөсүн, үч моделдин экинчи модели бизге ылайык келет, ошону түшүндүрмөсүн берүү менен кошо светтик деген сөздү коюш керек.

- Рахмат маегиңизге.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: омор
23.05.2010 15:38
Debi сен Кудай менен адамдын ортосунда эле дин болот деп ойлобо . Дин адамдар ортосун да тартипке салат . Мисалы Уурунун колу кесилиши, сойкуну таш менен уруп өлтүрүү ,адам өлтүргөндү өлтүрүп жазалоо ,кааласа кечирүү мына ушулар Кудайдын мыйзамданы .

кимден: султан каяктан: 1
22.05.2010 13:46
Уважаемые соотечественники,члены Конститутционного совета во первых никто из вас не имеет право говорить от имени народа как не которые это делают. Во вторых я специально пишу на русском языке.В третьих если В Конститутции убрать слово СВЕТСКОЕ ни чего страшного для всех не произойдет. Вы же прекрасно знаете что в Конститутции Российской Федерации ЭТО указанно только в 14пункте 1 статьи и дальнейшее существование стоит под вопросом
по предложению Единной Россиии президента РФ. Японии и в США вообще нету этого слова.Султан.

кимден: Debi каяктан: Bishkek
21.05.2010 11:13
Мамлекеттик мыйзам Кудайдын мыйзамдарына эч качан жардам бере албайт. Кудайдын мыйзамы муктаж эмес ага, Кудайдын мыйзамын эч ким буза албайт, оңдой да албайт. Ошол мыйзамды бузгандар жазасыз калышпайт, аткаргандар батасыз калышпайт. Бул адамдык башкаруудан тышкары нерсе. Ошондуктан ал мыйзамдарды кыйын билчүдөй болуп, адамдык мыйзамдарга кептебей эле коюш керек. Адамдык мыйзамдарга кирсе да, кирбесе да, ар бир адам Кудайдын алдында бардык иштери үчүн жооп берет. Андан эч ким кача албайт. Чын дитинен ишенген адамдын жүрөгүндө Кудайдын мыйзамдары жазылуу болот. Ошол мыйзам менен жашайт ошол адам. Ошондуктан Кудайга болгон ишеним жаатындагы эч кандай белгилөө баш мыйзамга киргизилиши кажетсиз. Кудайга ишеним бул адам менен Кудайдын ортосунда боло турган нерсе. Анан ошону мамлекеттик мыйзам менен тескеп-жаскамак белек? Мамлекеттик мыйзамдын көрсөтмөсүнө баш ийип, анан Кудайга ишенген ишеним жарактуубу өзү? Болгону, ошол адамдын өз эрки менен Кудайды таанууга болгон иш-аракеттерине тыю салынбашы керек. Ошондуктан, азыркы баш мыйзам бул жаатта эң туура деп эсептейм жана мамлекет "светтик" же динден тышкары болгону эң туура. Бул "динге каршы" дегендик эмес да, болгону динден тышкары.

кимден: патриот каяктан: кыргызстана
19.05.2010 14:37
светтик, секулярдык дейсиңер, КУДАЙдан корксоңор айланайын кыргыздар, менин билишимче ИСЛАМда жызылгандын баары адилетүү жана пайдалуу. Макул эмесмин дегендер Исламдан, курандан, шарияттан бир эле терс сөздү таап бергилечи. Ал эми хизбут-тахрир уюму - бул таза Исламды тутунбагандар. Жаңылгандарды АЛЛАХым өзү кечирсин.

кимден: Barsbek
19.05.2010 02:35
Atandyn goru kyrgyzbajlar.... kachanga cheyin ozubuzdun KYPKYRGYZCHA myizamdy tebelete beresiner! Evropanyn zhe chet elderdin bizge tuura kelbegen myizamdaryn kochuro beresiner?! Toktotush kerek bul nerseni! Din mamlekettin achyragys bolugu, dinsiz mamleket bolgon emes, dindi zhashagan el, el mamlekettin negizi! Eldin ukugun kachankyga cheyin tebelejsiner! Yiman bolboso emne bolduk korup zhatasynar! Andan koro ozunorgo kelip eldin ukugun tebelebegendei bolgula! Akaev, Bakiev syjaktuu erten ele kysyp kalbagyla! KYRGYZ konstitutsiasyz ele demokratiany zhashap kelgen! Dinge tijishpegile, din ozu demokratiany okutat! Silerdin konstitutsianardan 100 ese zhogoru ekenin unutpagyla! Andan koro adam akyly menen zhasalyp zhatkan konstitutsianardy KURANdan toluktap, koshumchalap alsanar armanda kalbajsynar!

кимден: Аман каяктан: Бишкек
19.05.2010 01:14
Данияр мырза, билишимче өзүңүз чет элдик диний окуу жайдан эле билим алгансыз. Анан минтип кыргызстандын табиятына туура келбеген терминдерди "коюш керек" - деп, өзүңзчө эле мыйзамды жакшы түшүнгөн киши болуп жатканыңызга түшүнбөй койдум. Же динди да, саясатты да жакшы баамдай алган адам болуп көрүнгүңүз келип жатабы? Же чыныгы мусулман экениңиз жалганбы?Антип алдастабай эле туура ойлоруңузду айтсаңыз Аллах ишиңизге ийгилик берип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө жакшы салым болот беле?!

кимден: Ali каяктан: Malazia
19.05.2010 00:51
Кыргызстанга "динсиз", "лаик", же "динден тышкары" өлкө деп аныктама берүү туура эмес. Анткени ,биринчиден биздин өлкөдө көптөгөн дин өкүлдөрү жашайт. Экинчиден Мурунку башмыйзамда ушундай жазылган үчүн кээ бир мыйзамчы сөрөйлөр дин тутунган атуулдарды жээрип келишкен анык. Алар "светский" деген терминди динсиздердин өлкөсү деп түшүнүшөт экен. Ошондуктан конституциянын орусча вариантынан да,кыргызчасынан да ушул сөздөрдү алып салуу максатка ылайык. Ал эми антип жазбай койсо ар түрдүү диндин атына жамынган кишилердин , топтордун башаламандыгы пайда болот дегендерге мен кошулбайм. Себеби дин, диний кишилер же уюмдар менен мамлекеттин ортосундагы мамиле 10-беренеде аябай так баяндалган.

кимден: Алик
18.05.2010 22:16
СВЕТТИК деп жазылууда эч нерсе болбойт деген кимселер Ушул кунго чейин СВЕТТИК создун аркасына жашынып алып, мусулмандарга ,курал, ок, граната ,автомат . нааша [карадаары ]баракчалар ,[алар озу таратуу мумкун иш баш мыйзамда] ташташып келген. Канчалаган уй -булонун тагдырын турмо аркылуу чечкен . МЕНИН айтайын дегеним ИСЛАМ менен ДЕМОКРАТИЯНЫ талкууга коюуш керек .Биз ошондо РЕВОЛЮЦИЯ кылган болобуз .ИСЛАМ --- КУДАЙ тарабынан, ДЕМОКРАТИЯ --- адамдар тарабынан тузулгон . Cиз кайсынысын кабылдайсыз ?

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)