Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:54

Кыргызстан

Башкаруу реформасынан - Баш мыйзам реформасына

15-декабрда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча президент сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан Конституциялык Сотко жөнөтүлдү.

Текст көлөмү - +
Мыйзам долбоору сотко жолдонгону тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы, депутат Зайнидин Курманов “Азаттыкка” билдирди:

- Парламент бул мыйзам долбоорун бүгүн Конституциялык Сотко жиберди. Биз долбоор менен тааныша элекпиз. Конституциялык соттон корутунду 3 ай ичинде келиши керек. Ошондон кийин парламент карамакчы.

Учурдагы Баш мыйзамдын 98-беренесине ылайык Конституциялык Сот 3 ай аралыгында бул мыйзам долбоору боюнча парламентке өз корутундусун берет. Андан соң мыйзам долбоору парламенттеги тиешелүү комитет, фракцияларда талкуудан өткөндөн кийин парламент кароосуна коюлат.

Парламентте Этика жана регламент комитетинин төрага орун басары, депутат Динара Молдошева мыйзам долбоорун кароодон өткөрүү жол-жобосу тууралуу “Азаттыкка” буларды билдирди:
Эгерде президент мыйзамды кармабаса, башкасы кармабайт да. Бул жагынан аябай эле кемчилик кетти.


- Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизиш үчүн парламенттеги 90 депутаттын 61и сөзсүз түрдө макулдугун бериши керек. Ошондой эле бул мыйзам долбоору эки окууда каралашы керек. Биринчи жана экинчи окуунун ортосунда убакыт аралыгы үч айдан кем болбошу зарыл.

Депутат Динара Молдошева
Депутат айым Динара Молдошеванын билдиришинче, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча өлкө башчысы сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда президент өзүнүн укуктарын чектеп, өкмөткө кошумча укуктарды жүктөп жатат.

Алалы, президент премьер-министрге өкмөт структурасын учурга ылайыктап, ийкемдүү кылып бекитүү укугун киргизүү сунушун берүүдө. Ошондой эле өлкө башчысы мамлекеттик катчыны дайындоо, Улуттук гвардияны бекитүү функцияларын жоюуда.

Мыйзам долбоорунда президенттик институттун, кеңешменин курамы тууралуу да сунуштар камтылат.

Ошондой эле мамлекеттик кызматтагы жетекчилер үчүн класстык чиндерди алып салып, алар үчүн башка идеологиялык стимулдарды киргизүү каралган.

Президентти тандоонун жаңы жолу

Президент тарабынан сунушталган долбоордогу олуттуу өзгөртүү президент өз милдетин аткара албай калган учурга байланыштуу болууда. Конституциянын азыркы нормасына ылайык, президент милдетин аткара албай калган чакта, анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы, ал аткара албай калса премьер-министр аткарат.

Жаңы долбоордо президенттин милдетин аткаруучуну тандоо укугу Президенттик кеңешмеге берилген.

Жогорку Кеңеште “Ак жол” фракциясынан депутат Динара Молдошева президенттин акыркы демилгеси, ириде, укук системасын баланстоого багытталган деген пикирде:
1993-жылы кабыл алынган Конституция 16 жылдын ичинде жети жолу өзгөрүүгө дуушар болду.


- Тилекке каршы, азыркы Конституциябызда, мыйзамдарыбызда келишпестиктер бар. Мыйзамдар конфликти деген бар. Кээде бир мыйзам экинчи мыйзамга дал келбей, ылайык болбой калат. Эгерде биз Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизсек, андан кийин бүт мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирсе, биздин мыйзам, укук системабыз жакшы баланска келет деп ойлойм.

Мыйзам өзгөрө берет, жашоо өтө берет

Марс Сариев
Анткен менен саясат тануучу Марс Сариев президент Бакиев башкаруудагы соңку реформаларын Конституция чегинде ишке ашырбай, эми бул саясий кадамын оңдоого аракет жасап, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип жатат деген ойдо. Талдоочунун пикиринде мыйзамдык жактан алганда мамлекеттик структурада алгач өзгөртүүлөрдү киргизип, андан соң ага ылайык Баш мыйзамды өзгөртүү – саясий ката.

- Эмне үчүн мындай ката кетти? Саясий кырдаал ушундай болуп калды. Бирок бул туура эмес. Эгерде президент мыйзамды кармабаса, башкасы кармабайт да. Бул жагынан аябай эле кемчилик кетти. Эми президент ошол катаны жоюп, оңдоп кетиши керек. Болбосо туура эмес.

Эске салсак, 1993-жылы кабыл алынган Конституция 16 жылдын ичинде жети жолу өзгөрүүгө дуушар болду. Эгер президент сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылса, өлкө Баш мыйзамы сегизинчи ирет жаңыртылмакчы.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: bekbolsun каяктан: bishkek
20.12.2009 17:52
ханстутутсяны Бакиев өзүнө тууралап жатат болбосо салаып элдин ойун карап оппозитсиянын дагы ойун бөлүшмөк.

кимден: Бердибек каяктан: Бишкек
17.12.2009 21:57
Конституциянын долбоорун жарыялабайбы ММК га.Бул жалаң эле Бакиев же Курмановдордун менчиги эмес да.Мамлекеттеги ар бир иш аракетти эл билүүгө укуктуу болушу керек.Кан соттун дараметин билесиңер да.

кимден: Жигит каяктан: Америка
16.12.2009 21:56
Эмне Кыргызстандын ханстутциясы туалеттеги кагазбы ары бери укалай бергидей?

кимден: Бексултан каяктан: Ош
16.12.2009 19:31
Туруктуу мызам кабыл алыш керек. Мыйзам деген эмне? Карандаш менен жазган жазуу беле! кайра-кайра оңдой бергидей. Эл үчүн иштеген мыйзам жазылса,элге коюп, парламенттин эмес элдин добушу менен бекитүү керек да "өзгөртүүгө тыйуу салынсын" деген статия киргизүү керек. Болбосо биз кыргыздар 18- жолу деле тартынбай өзгөртө беребиз. Мындай тагдырда кыргызым кылымдарды карыта албай калат ко чиркин. Бай болбосок да, бар болойлук, КЫРГЫЗЫМ менин.

кимден: немис каяктан: Германия
16.12.2009 19:07
Бакиев бийлигин Кыргызстанда көп жылдарга кармап, бекемдеп жана улантуу үчүн, конституцияга өзгөртүү киргизүү аракеттерин жасоодо, себеби Акаевдей болуп кубаланып кеткиси келбейт да. Акаев жана анын үй-бүлөсү Кыргызстандан уурдап чогулткандарын алып качып кетти, эч кандай жоопко тартылган жок. Эми Бакиев, анын үй-бүлөсү жана туугандары Акаевден калган катканын уурдап чогулканы менен качпай, жоопко тартылбай эле Кыргызстанда ошол арам байлыгы менен калуу үмүтүндө аракеттерди жасап атат. Ушул арам үмүтү ишке ашыш үчүн акырындап бардык бийликти өзүнүн колуна алды, эми конституцияга өзгөртүүнү оңой эле жасап койот, себеби ушуга каршы боло турган бийликтин бир дагы бутагы жок. Оппозиция чырылдап-чыйпылдап аракет жасамыш болот, андан Бакиев коркпойт, себеби оппозициянын негизги күчүн эбак эле чачыратып, сатып алган. Эгерде эл эртерээк биригип, чечкиндүү аракет жасабаса, милиарддаган карыздарды эл өз чөнтөгүнөн төлөп, ого бетер жакырчылыкка батып, Кыргызстан мамлекет катары жок болуп кетиши да мүмкүн.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)