Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:54

Эл үнү / Коом

Конституция, жаштар жана маанай

5-Май - Конституция күнү. 1993-жылы 5-майда жаңы Конституция кабыл алган. Андан бери Баш мыйзам 7 жолу өзгөргөн. Мына ушул тапта да Конституциянын жаңы долбоору талкууланууда. 5-Май майрам катары белгиленүүдөбү? Бул күн жана өзгөртүүлөргө дуушар болгон Конституцияга карата жаштар кандай пикирде?

x
Текст көлөмү - +
Кыргызстан эгемендүүлүк алып өз алдынча мамлекет болгондон кийин 1993-жылы 5-майда Жогорку Кеңештин 12-чакырылышында жаңы Конституция кабыл алган. Ал эми Кыргыз ССРинин 1978-жылы кабыл алынган Конституциясы өз күчүн жоготкон. Ошол күндөн тарта 5-Май майрам катары белгиленип келет.

Баш мыйзам кабыл алынган 17 жыл аралыгында 7 жолу өзгөрүүгө дуушар болду. Мурдагы президент А.Акаевдин тушунда, 2003-жылга чейин 4 жолу өзгөргөн. Үч жыл өткөндөн кийин, 2006-жылдын этегинде эки жолу өзгөрүүгө дуушар болгон. Андан соң 2007-жылы мурдагы өлкө башчы Курманбек Бакиев Баш мыйзамдын жаңы долбоорун сунуштап, ал октябрь айында бүткүл элдик референдумда кабыл алынган.

Айрымдар өлкө үчүн эң орчундуу документтин улам-улам өзгөрүшүнүн натыйжасында көптөр үчүн 5-Май майрам катары кабыл алынбай калганын айтат. Мындай пикирге жаш саясатчы Гүлниза Бейшенбаева толугу менен кошулат:

- Албетте убагында 5-Май маанилүү дата болгон. Баш мыйзамды кабыл алганда калк Кыргызстан өнүгүп-өсөт деп үмүттөнгөн. Бирок андан бери Баш мыйзам өзгөртүүгө дуушар боло берип, бул күндүн мааниси деле анчалык болбой калды. Ошон үчүн эл да майрамдагысы келбейт.

Буга чейин 5-май майрам катары белгиленип, бул күнү ар кыл иш-чаралар өткөрүлгөн. Бирок бул ирет Убактылуу өкмөт эч кандай иш-чараларды уюштурган жок. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Баекова менен Акаевдин Конституциясын кабыл алган күндү майрамдап эмне кылабыз? Бул күн эч кандай майрам эмес. Андыктан белгиленбейт.

Анткен менен Убактылуу өкмөттүн өкүлү, Конституциянын жаңы долбоорунун автору Өмүрбек Текебаев кантсе да 5-Май тарых үчүн маанилүү күн экенин, андыктан майрам катары мындан ары да кала бере турганын айткан.

“Үмүт” жаштар уюмунун лидери Тимур Саралаев да Баш мыйзам канча өзгөрбөсүн, 5-Май майрам бойдон кала бериши керек деген пикирде:

-1993-жылы алгачкы Конституцияны кабыл алганбыз. Ал-бул дегенибиз менен мындай тарыхый фактты өзгөртө албайбыз. Андыктан мындан кийин деле майрам күнү катары белгилениши зарыл деп ойлойм.

7-апрелдеги ыңкылаптан кийин Убактылуу өкмөт Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун 26-апрелде жалпы элдик талкууга койду. Эгерде 27-июнда элдик референдумда долбоор кабыл алынса, анда өлкөдө парламенттик башкаруу орнойт. Дегени менен жаштардын көбү бул долбоордо президенттин дагы бир топ укуктары сакталып калганын
айтууда.

4-майда алгачкы жолу өткөн Конституциялык кеңешменин отурумунда да ушул маселе кызуу талкууланды. Бул тууралуу кеңешме мүчөсү, “Кебел” жаштар уюмунун лидери Мирзат Ажиев буларга токтолду:

- Жаңы долбоор эки ача долбоордон тургандай сезилип атат. Парламенттик делгени менен аралаш башкаруу системасы деп да айтылууда. Кеңешме мүчөлөрү да экиге бөлүнүп, бир даары парламенттик башкаруу ылайыктуу десе, экинчилер аралаш болгону дурус деген пикирде болуп атат. Эми, бул маселе мындан кийинки кеңешме мүчөлөрүнүн отурумдарында такталат.

Мындан тышкары жаштар жаңы долбоорго жаштарга тиешелүү айрым маселелер тууралуу пунктар киргизилиши керек деген пикирди билдирүүдө. Мисалы, алардын көбү парламенттик шайлоого катышуучулардын жаш курагын 25 жаштан жыйырма бирге тушүрүү, жаштарга бийлик бутактарынан 40 пайыз орун бөлүү тууралуу сунуш жасоодо. Жаштардын мына ушундай жана башка сунуштары 14-майга чейин кабыл алынат. Андыктан кеңешме мүчөлөрүнө берүү үчүн жаштар уюмдарынын көбү өз сунуштарын даярдап аткан кези.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Asan Saipov
05.05.2010 20:16
Ai atandyn koru dunuyo, Kontitutsia dep ele zhatyp aldynarda kyjratkansyp, zhe KYRGYZcha zhazsanar eken! Ujat bul ish, oz ENE tilinde zhazalbagandan kijin MANKURTUKTAN kutula labaj zhatkandyktyn belgisi ushu .... Omurbek Chirkeshovich! Kyrgyzcha ele ozubuz ele zhazsak bolboj bele, orus tilduulor ele Konstitutsia zhaza alysha beken! Menimche bul chon zhanylyshtyk! 1-den olkodogu stabilduuluktu zhongo salyp, tartipti ondop, Bakievderdin kurjruktaryn tazalap andan kijin ELDIN aldyna OZ ENE TILIBIZDE zhazyp sunushtap, shashpaj talkuulap anan bekitse oto zhakshy bolmok! 2-ajda shasha busha orus tilinde zhazyp, anan ene tilge kotortup, sunush kylyp zhatkandygybyz OZ ATA-MEKENIBIZDI, ELIBIZDI urmattabagandyk dep bilem! MANAS bababyz, Barsbek kaganybyzdyn zhana 1937-zhyly shejit bolgon ATALARYBYZdan dale ornok alalbagan bijlik sorojlorgo tan kalam! 7-aprelde shejit bolgon bir tuugandarybyzdy da syjlabagandyk dep bilem! Eptep septep kurgan bul bijlik da ubaktyluu bolooru sheksiz! Andyktan urmattuu MEKENDESHTER oz oj-pikirleribizdi bildirip, teren karap, taldap taptaza KYRGYZCHA Konstitutsija ishtepchyguubuz kerek dep eseptejm! Azyrky bijlikte bajagy ele kachkyn, satkyn prezidentterdin ubagynda tajrandap bijlep zhurgondor dale bijlikte zhurso bul bijlijktin oz shoru! Eldin mudoosun kanaattandyra turgan mezgil keldi, emi zhanyla korbogulo!
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2313 - жалпы саны)

Жылдыз: Шаамерчем агайдын сунушу өтө кызык экен. Ал латиницанын "latviesu" делчү вариантын колдонуп жазса ... Толук

Сөз таануу