Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:53

Эркиндик

Жыйынды атмайдан жанында өткөргүлө!

Тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзамдын биртоп беренелери Башмыйзамга кайчы келерин ырастап, айрым бейөкмөт уюмдар өткөн жылы Конституциялык сотко кайрылган. Быйыл 28-январга белгиленген соттук териштирүү кийинкиге жылдырылды.

Президенттик шайлоодон кийинки нааразылык чараларын таратуу. Бишкек, 2009-жылдын 29-июлу.
x
Президенттик шайлоодон кийинки нааразылык чараларын таратуу. Бишкек, 2009-жылдын 29-июлу.
Текст көлөмү - +

Кийин келгиле


Конституциялык соттун териштирүүсү кийинкиге жылдырылышынын себеп жөнүн “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулова момундай жагдайга байланыштуу түшүндүрдү.

- Биз өзүбүздүн өтүнүчүбүздө, Нурбек Токтакуновдун өтүнүчүндө ошол 4-5-беренени, башкача айтканда, өткөзө турган жерди, маалымдоонун мөөнөтүн берген элек. Ал эми азыр болсо мен кошумча өтүнүч киргиздим. Кошумча өтүнүчтө шилтеме болуш керек эмес, деп көрсөтүлдү. Жергиликтүү бийлик аныктайт, деген норма жок болуш керек.

Буга чейин Конституциялык сот Бишкек шаар кеңешинин тынч көчө жыйындарын белгиленген жерде өткөрүү жөнүндөгү эки токтомун жокко чыгарган. Анткен менен Башмыйзамга кайчы келчү эреже-талаптын 2008-жылы парламент тарабынан кабыл алынган тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзамга кирип кетиши эмдигиче табышмак.

Адвокат Нурбек Токтакуновдун ырасташынча, конституциялык соттун айныксыз чечими чыккандан кийин ал так аткарылышы керек болчу.

- Азыр кайра-кайра карап эле, мисалы Бишкек шаар кеңешинин токтомун Конституциялык сот жокко чыгаргандан кийин кайра эле Жогорку Кеңеш мыйзамга киргизип койду. Ошондой азыр жосундар көп болуп жатат. Конституциялык сот четке каккан норманы Жогорку Кеңеш кайра эле киргизип коет.

Бишкекте тынч жыйындар атмайданда өтөт

Тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзамдын 3 - 4 – 5- 9-беренелери Конституцияга карама-каршы келери эми соттук териштирүүдө аныкталмакчы. Маселен, мыйзамдын 3-беренесинде тынч жыйындарды кайсы жерде өткөрүүнү жергиликтүү бийлик ээлери чече тургандыгы белгиленген.

Парламент депутаты, коммунисттер фракциясынын мүчөсү Бүмайрам Мамасейитованын пикиринде, мындай норма Башмыйзамга кайчы келбейт.

- Мэрия, жергиликтүү бийлик кайсы жерди көрсөтсө ошол жерде өткөрүш керек. Анан бир күнү бир аянтта, эртеси күнү дагы бир аянтта, көчөдө өткөрө бере турган болсок көчөгө чыгып кете беребиз.

Парламенттеги “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү, депутат Динара Молдошева да тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзам Конституцияга карама-каршы келбейт деген пикирде.

- Эгерде биздин жарандар жыйын, митинг өткөрөбүз дешсе маалымат катары жергиликтүү бийликке 12 күн мурун айтышы керек. 12 күн эмнеге берилип атат? Эгерде мэрия, жергиликтүү бийлик жок, өткөрбөйсүңөр десе а бирок жарандарыбыз ага карабай өткөрө бере тургандыгын айтышса ошол жергиликтүү бийликке 12 күн ичинде жергиликтүү сотко кайрылышы керек. 12 күн ошол уруксат бербеген жергиликтүү бийликти сотко берүүгө берилип жатат.

Акыйкатчы да мыйзам даярдаган

Бейөкмөт уюмдардын маалымдашынча, 2005-жылкы бийлик алмашуусунан соң байма-бай өткөрүлүп келген тынч көчө жыйындарынын саны азайган. 2008-жылы мыйзам кабыл алынгандан кийин жыйырмадан ашуун гана жыйындар өткөн. Анын төртөөнө гана жергиликтүү бийлик тарабынан уруксат берилген.

Парламенттеги коммунисттер фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиевдин демилгеси менен иштелип чыккан тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзам адам укугу боюнча эларалык уюмдардын да сынына кабылган.

Кыргызстан өзүнө алган адам укуктарын сактоо боюнча милдеттенмелерин аткарышын эсепке алып Кыргызстан Акыйкатчысынын алдында түзүлгөн укукчулардын демилгеси менен тынч жыйындар жөнүндө жаңы мыйзам долбоору иштелип чыгып, ал Венеция комиссиясынын жактыруусуна ээ болду. Жарандык коом өкүлдөрүнүн жыйындарында талкуудан өтүүдө. Жаңы мыйзамдын парламенттен өтүшү азырынча арсар. Конституциялык сот чечими менен ушу тапта иштеп жаткан мыйзамдын топ беренеси жараксызга чыкса жаңы мыйзам долбооруна жол ачылып кетиши деле мүмкүн.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Сарымсак каяктан: Нарын
29.01.2010 09:53
Ак-жолдун депутаттары туура айтышат. Андай Президентти сындаган жыйындарды атмайданга эмес, Атбашыга өткөрүш керек. Эч кимге мешайт этпейт, Хандын жана ханзааданын да тынчын албайт. Кокус алар катураак сүйлөсө, андан ары кытай тарапка түртүп таштаганга да ылайык болот.

кимден: Pes каяктан: Almati
29.01.2010 09:53
Kyrgyzstan bolboi ele Duristan bolup baratat okwoit

кимден: ЭЭ каяктан: УУУ
29.01.2010 08:59
Эми туугандар көрүп жатасыздар бул жагы эмне болуп жатканын. Байкуш эл дагы кичине 4 жыл чыдап турса Максим братан президент болот. ошондо баары оңолот. Дежурный чалдар менен балдар азыртадан максимге ылайыктуу сөз таап тура бергиле. Башмыйзамды Ак-жолчулар уруп дагы ойнобойт. бекер нерв коротпогула акыркы күндөрү Инфаркт деген оору күчөгөн имиш.

кимден: shabdan каяктан: PRAGA
28.01.2010 20:55
konstitsiya Bakievtin Chontogundo, oshonu bilgile. Ozbek tuugandardin aniktotundai bolup jatat. Kinkong akam ozu biljduu, kimdi koiaduu, kimdi soiadu degendei.

кимден: kg каяктан: kg
28.01.2010 20:52
...мынчалык болду Жогорку Кенештин отуруму да ат майданында откорулсо жакшы болмок

кимден: Gulnura каяктан: Stanbul
28.01.2010 19:15
Kayaktagi konstitutsiyani aytip jatasizdar?Konstitutsiyanin baari biyliktin kolunda ishtelip jatsa,kunoosuz adamdardi kaalaganday kamap jatsanar kayaktagi konstitutsiya?

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)