Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:49

Саясат

Кеңешбек Дүйшөбаев: Элди биримдикке чакыралы

Кыргызстанда үчүн уруучулук саясаты канчалык зарыл? Бул тууралуу “Акыйкат” партиясынын лидери Кеңешбек Дүйшөбаев “Азаттык” менен пикир бөлүштү.

Текст көлөмү - +
- “Акыйкат” партиясы 23-мартка белгиленип жаткан Ынтымак курултайына кандай жолдор менен катышууну көздөп жатат?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Биз бүгүнкү күндө ал курултайга катышабызбы, же катышпайбызбы – муну чече элекпиз. Бирок биз партиянын атынан эмес, бүгүнкү күндө иштеп аткан “Кыргыз эл биримдиги” деген уюмдун атынан катышууну чечкенбиз. Бул уюм “Кыргыздын кырк уруусу, үч канаты, жалпы кыргыз эл биримдиги” деген уюмдун атынан иш-аракеттерди алып барууда.

Жакында эле ошол уюмдун атынан кыргыздын аттуу-баштуу аксакалдары, көрүнүктүү инсандары менен Өкмөт үйүндө өткөрүлгөн атайын чогулушка катышып, өзүбүздүн ой-пикирлерибизди, сунуштарыбызды айттык. Ошол жерде өзүбүздүн катышуу форматыбызды, курултай иш маселелери кандай тартипте, кандай чечимдер каралыш керек, ошол боюнча пикирлерибизди билдирдик.

- Сиз айткан “Кыргыз эл биримдиги” деген оң, сол, ичкилик деп топторду түзүп, ошол аркылуу бийлик өкүлдөрү сиздер менен жолукту. Бул бийлик сиздердин уруучулук саясатты колдогону деп түшүнсөк болобу?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Бир жагынан колдоду десек да жаңылышпайбыз го деп ойлойбуз. Анткени бүгүнкү күндө жалпы элдин оюнда да, көрүнүктүү саясатчыларыбыздын да, коомдук ишмерлердин арасында да эгерде биз саясатыбызды туура жүргүзүп, мамлекетибиз, элибиз өнүгүп-өссүн дей турган болсок, биз ата-бабабыздын калтырып кеткен мурасына, маданиятына, акылдарына, нарктуулугуна-барктуулугуна өзгөчө көңүл бурушубуз керек деп атабыз.

Эгерде биз ошого көңүл бура турган болсок, анда биз сөзсүз кыргыздын иштери, мазмуну, формасы болгон 40 урууга, 3 канатка жана жалпы билимдик болгон нерсеге барабыз. Ошондуктан баарына айкалыша турган болсок, биз бийликти да туура түшүнүп, бийлик элдин да мүдөөсүн туура түшүнүп, ошондо гана бир түшүнүккө келип, иш туура багытка барат деген ойдобуз.

- Уруулук деңгээлдеги бөлүнүү, аны саясатка алмаштыруу канчалык келечектүү? Бул такыр эле артка кетүү эмеспи?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Жок, артка кетүү эмес, тескерисинче, алдыга жылуу деп эсептейбиз. Анткени биз биринчи кезекте өзүбүздүн иш-максатыбызга саясатты койгон жокпуз, бүгүнкү күндө эл кыйналып-кысталып атканда, биринчи кезекте элди биримдикке, ынтымакка чакыралы, саясатта, экономикада, башка жакта болобу акыйкаттуулук, адилеттүүлүк, тең салмактуулуктун принциптеринде бийлигибиз да, элибиз да, ошонун ичинде оппозиция да, башка күчтөр да аракет кылса ошондо биз алдыга жылабыз деген ойдобуз.

- Кеңешбек мырза, сиз айтып атасыз бийликте да акыйкаттык деп. “Бул солдон болуш, бул оңдон, бул ичкиликтен болуш керек” деген талкуунун ортосунда бул биримдик эмес, чыныгы саясий дебаттар пайда болуп, андан кийин саясий партиялардын ортосунда боло турган дебаттарды уруулук деңгээлге чыгаруу канчалык алдыга жылуу - мен билбейм. Бирок сиз үчүн “Акыйкат” партиясынын лидери катары партиялык иштерди алдыга жылдыруубу, же азыркы деңгээлдеги иштерди алдыга жылдыруу артыкбы?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Бүгүн Кыргызстанда 100дөн ашык партиялар бар. Ал партиялардын саясий максаты, иштери бар. Андан тышкары бейөкмөт уюмдар бар. Ошолордун бардыгы саясатка аралашып, өз иштерин алып барып жатат. Биз ууручулукту, үч канат кыргыз эл биримдигине келе турган болсо биринчи кезекте саясатта болобу, кадрдык маселелерде болобу, тең салмактуулук орнойт деп ойлойбуз.

Анткени кандай гана иш болбосун биз өзүбүздүн жеке кызыкчылык болобу, же партиянын кызыкчылыгы болобу, кандайдыр бир топтун кызыкчылыгы эмес, жалпы элдин кызыкчылыгын кое турган болсок, бир канат бир маселени чечип атканда ал өзүнүн кызыкчылыгын эмес эки канаттын кызыкчылыгын, же 40 уруунун да кызыкчылыгын эсептей турганын эске алганда гана ал кааласа да, каалабаса да тең салмактуу акыйкат саясат жүргүзгөнгө мажбур болот деп ойлойбуз. Азыркы күндө кандай болуп атат, көрүп атпайбызбы.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Куйдум чок каяктан: Бишкек
17.02.2010 21:52
Аман эле болуңуз ! Кеңешбек Дүйшөбаев. Сизди ким генерал дейт. Сиз, эмне дегениңизди өзүңүз түшүндүңүзбү? Ушул жашка келип ушунча да наивный болосузбу. Ушунча эле кызмат керек болсо, башка деле жолун карап көрсөңүз болмок. Бакиевдин заманы кудум эле Акаевдикиндей, ашса ашат кем калбайт. Болбогон шылтоону айтып, каяктагы уруучулукту козгобой. Албетте кыргыз болгон соң,уруусун, ата-жотосун, каада салтын, үрп адатын билиши абзел. Антпесе кыргыз болбой калбайбы. А бирок уруучулукту саясат кылуунун кажети барбы ? "Бир жагынан колдоду десек да жаңылышпайбыз го деп ойлойбуз" дегениңиз эмне деген жооп. "Тең салмактуулук болмок" депсиз, сиз бул сөз менен эмнени айта албай кыйналып жатасыз ? Кыскасын айтканда, сизге же сиздин уруунун өкүлдөрүнө кызмат жетпей калган экен да. Сизге кызмат тийсе эле тең салмактуулук орнойбу ? Же сиз ата бабаларыбыздын калтырып кеткен нарктуулугуна, барктуулугуна ушундай жол менен көңүл бурасызбы ? Сиз деги кантип генерал болгонсуз, Намыс деген кайда ? 2005-жылы 24-мартта Акаев качып кеткенде Кеминдиктерди (26,27 марттарда болсо керек эле.) Кеминдин клубуна топтоп алып эмнелерди сүйлөдүңүз эле ? Анан кантип ушул бийлик менен иштешем деп жүрөсүз ? Же эптеп эле кызматка жетиш керекпи ? Эгер чындап эле, КЫРГЫЗГА күйсөңүз, бийлике айтчу башка көйгөй жокпу ? Итке минген кыргыздын оор турмушун неге айтпайсыз ? Текейден арзан сатылып жаткан элдин энчиси "Северэлектрону" "Кыргызтелекомду" эмнеге айтпайсыз ? Бийликтин мындай элге каршы жүргүзгөн саясатын эмнеге сындабайсыз ?Себебин билесизби ? Себеби өзүңүздөн башканы ойлой албайсыз. Ачык айта албайсыз. Коркосуз. Духуңуз жетпейт. Анан кай жактагыны айтып элдин башын оорутасыз. Уят эмеспи.

кимден: Жекшенбай каяктан: Аксы
16.02.2010 19:36
2004 - жыл. А кезде Кенешбек Дуйшобаев - бишкек шаар милисасынын башчысы. Бу киши баштаган милиса, ОМОНдор Аксыдан келген адамдарды шаардын четинен тосуп алып, аларды ит кубалаган тулкудой кылып уруп - сабап, куч менен автобустарга салып кайра уйлоруно жеткиргени эсиме келди. Кудайа тобо, ошол киши азыр ынтымак, биригуу деп элдин башын айлантып журот.

кимден: Эдил каяктан: Кыргызстан
16.02.2010 18:47
Дуйшебаевди убагында кеминдик байкеси Акаев Жанузаков, Темирбек Акматалиев жанагыл эле Чотбаев, Суталиновдордой ушул жердеш, уурулаш принцибине таянып, бийликке алып келген.

Мына эмесе Кенешбек азыр деле эч нерсени тушунбой, бийликтен тушкондон кийин деле, баягы принцип менен - мага дагы, оз уурусунун атын жабынып-сатып, жеке озуно бир майлуу суттуу оорун учун соодалашканы анык болуп калды!

Уят, Дуйшебаев!

Генералдык наамды откоруп бер дагы, ошондой эле жердештеринди жакшы корсон, алардын кызыкчылыгын жалпы элдин кызыкчылыгынан ойдо корсон, айылына барып мугалим же айыл окмоту болуп иште.

кимден: bakyt каяктан: Stockholm
16.02.2010 18:14
Уруулукка бөлүнүүдөн прогресс болоруна ишенич жок. Мамлекттик башкарууга жаңы бир нерсе киргизем деп эле анча-мынча саясатчыларыбыз жок нерсени баштап жатат. Эртең ошол бөлүнүү мамлекеттик коопсуздукка шек келтирип баштаса ошолордун бири дагы жооп бербейт. Келечектүү экенине эч кандай кепил жок.

кимден: Баки каяктан: Баткен
16.02.2010 17:45
Эл биримдикте эле жашап жатат, силерге окшогондордун барынан жогу жакшы. Кантип ушул кыргызстандын байлыгын үй-бүлө менчиктештирип атса, унчукпай калабыз, керек болсо жер-жерлерде митингдерди уюштуруп, жыйнаган байлыгын кустурганга да даярбыз, убакыт келип жетти, качанга чейин кыргызстандын элин реформалайт.

кимден: Мирлан каяктан: Чуй
16.02.2010 17:01
башка мамлекетер алдыга умтулса булар 17 18 кылымга бизди түртүп жатканын кара,эмне Кыргыздар уруу уруу болуп чабышып жатабы? кудайга шүгүр ынтымакта эле жашап жатат уруулар Ынтымак деген сөздү бул курултайга колдонбой эле койсо.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине