Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:48

Эркиндик

"Клон комитет", жалган төрага жаңжалы

Жаңы жылдан тарта Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин айланасында көп жылдардан бери чечилбей келаткан талаш-тартыш кайрадан жанданды.

Рамазан Дырылдаев
Текст көлөмү - +
Бишкекте Жакышов Мамасадык "Азаттыкка" кайрылып аталган комитеттин мыйзамдуу төрагасы өзү экенин билдирип, Рамазан Дырылдаевди жалган төрага деп айыптады. Р. Дырылдаев өз кезегинде Жакышев баштаган комитеттин атайын кызматтар түзгөн, укук коргоочу уюмдун атына жамынган, бийликтин кол бала уюму экенин билдирди.

Адам укугун коргоо комитетинин айланасында талаш-тартыш Исмаил Исаковду сегиз жылга түрмөгө кескен сот чечими чыккандан кийин кайрадан козголду. Брюсселден укук коргоочу Рамазан Дырылдаев адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин атынан билдирүү таратып, Исмаил Исаковго чыккан сот чечимин саясий куугунтук катары айыптаган.

Ошондон кийин Бишкектен Мамасадык Жакышев “Азаттыкка” баш багып, аталган комитеттин мыйзамдуу төрагасы өзү экенин билдирип, аны тастыктаган Юстиция Министрлигинин каттоо кагазынын көчүрмөсүн алып келип көрсөттү. Р. Дырылдаевди адам укугун коргоо комитетинин төрагасы катары сүйлөөгө акысы жок деп айыптады.

- Мыйзам боюнча Кыргызстанда Юстиция министрлигинде катталган адам укугун коргоо комитетинин төрагасы мен Жакишев Мамасадыкмын. Ал укук коргоочу катары өзүнүн атынан сүйлөй берсин, бирок комитеттин төрагасы катары сүйлөгөнгө анын укугу жок.

Жакишевдин айтымында, 2003-жылы комитеттин мүчөлөрү Р. Дырылдаевдин каржылык ээнбаштык аракеттерин билип калып, конференция өткөрүп, аны төрагалык кызматтан кетирип, Тыналиевди шайлашкан. 2005-жылы Тыналиев кетип, төраганын биринчи орун басары болуп иштеп келген Б. Жакышев комитетке төрага болуп шайланган экен.

Ошол эле учурда белгилүү укук коргоочу Р. Дырылдаев адам укугун коргоо комитетинин легитимдүү төрагасы өзү экенин билдирип келатат. Ошентип иш жүзүндө бир эле учурда адам укугун коргоо боюнча комитет деген ат менен эки уюм, аларды жетектеп эки төрага иштеп жатат. Укуктук каттоо документтерине караганда, аталган комитеттин жетекчиси М. Жакишев болуп саналат.

Р. Дырылдаев өз кезегинде М. Жакишев жетектеген комитетти Акаевдин режиминин буйругу менен атайын кызматтар түзгөн, укук коргоочу уюмдун атын жамынган "клон комитет" деп билдирүү жасап келатат. Р. Дырылдаев "Азаттыкка" сүйлөгөн соңку сөзүндө М. Жакышевди "президенттин иниси Жаныш Бакиевдин жанында жүрөт, Жаныш Бакиев аны баргын төгүндөө жаса деп айдактап атат" деп сындады.

Р. Дырылдаевдин жүйөөсү боюнча Кыргызстанда мыйзам иштебейт, ошондуктан укуктук документтерге таянып аталган комитеттин жетекчиси ким экенин териштирип аныгына жетүү мүмкүн эмес. 2003-жылы Акаевдин бийлиги учурунда атайын кызматтар аны куугунтукка алып, комитеттин каттоосун бузуп, башка адамдарга мыйзамсыз каттап салган. 2005-жылы Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин адам укугун коргоо комитетинин каттоосун калыбына келтирүү жана анын куугунтукталган мүчөлөрүн актоо максатында президентке, юстиция органдарына, сотко чейин кайрылып, эч муратка жетпегенин айтат. Бул жерде Р. Дырылдаев өзү жетектеген уюмдун каттоого алынбай жатканынын чыныгы себебин - комитет президент саясатындагы демократияга каршы аракеттерди сындаган билдирүүлөр менен чыгып жаткандыгы үчүн бийликтин өчөшүп жатканы деп эсептейт.

Адам укугун коргоо комитетинин төрагалыгын талашып аткан адамдардын Кыргызстандагы азыркы бийликке, соңку саясий окуяларга карата көз караштарында, ээлеген позицияларында айырмачылык чоң экенин да айта кетүү абзел. Мисалы Р. Дырылдаев экс-коргоо министри И. Исаковго чыккан сот чечимин айыптап, президент Бакиевди өзүнүн уулун, бир туугандарын мамлекеттик жогорку кызматтарга мыйзмсыз коюп жатат деп сындаган билдирүүлөрдү таратып жатканда, М. Жакишев мурдагы коргоо министрине чыккан сот чечиминде саясаттын катышы жок, жаңылыштык кетсе соттон кетиши мүмкүн деп эсептейт экен.
 
Деги эле президенттик шайлоонун алдында жана андан кийинки болгон - Петровкадагы, Балыкчыдагы, Бишкектеги жарандык акциялар, саясий ишмерлердин, журналисттердин өлүмүнө, камалышына байланышкан окуялар боюнча М. Жакышев жетектеген комитеттин кандайдыр бир үн кошуп, реакция жасаган учуру маалымат каражаттарынын назарына илинбептир.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, М. Жакышев жетектеген комитет менен Кыргызстандагы башка жарандык уюмдар менен шериктеш болуп иш алпарышпайт. Анткени, 2002-2003-жылдары адам укуктарын коргоо жаатында активдүү иштегендиги үчүн ошол убактагы бийлик тымызын аракеттери менен Адам укугун коргоо комитетин ичинен бөлүп-жарып, атайын кызматтын адамдары аралашып, мыйзамсыз конференция уюштуруп, чет жакта жүргөндүгүнөн пайдаланып Р. Дырылдаевди төрагалык кызматтан бошотуп, ордуна М. Жакышевди төрага кылышкан.

Ошондон кийин де-юре комитеттин жетекчиси болуп Жакышев калып калды, бирок эл аралык уюмдар де-факто Дырылдаевдин комитетин таанып келатышат,”-дейт Азиза Абдрасулова. 
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Nur каяктан: Bishkek
26.01.2010 20:46
Kasym en tuura ajtypsyn.
Bizdin olkodo 2,3 gruppadagylary kopko deim.
1 gruppadagy uiumdardyn katarynda kirish uchun bizdin mentalitet azyr jetpeit.Bizde tarbiya bashynan bashka.Kichinekei kezinen kayasha ajtpagyla dep jurup,baldardy jaltak chongoitup alat turbajbyzby.Anan chechkinduu adam osup chykpajt eken da.Oshonduktat bizge dagy kop bar.

кимден: Марс каяктан: Ош
26.01.2010 16:32
Касым Дырылдаев анда Оригинал укук коргоочу ар дайым эл тарапта сүйлөгөнүн угуп жүрөбүз жанагы Жакишев өзү ким ал?

кимден: Kasym каяктан: Ala-too
25.01.2010 23:02
Менин байком боюнча - бизде укук коргочулардын 3 түрү бар:
1. Оригинал (дүйнөлүк укук коргочулардын колдоосуна ээ болгондор);
2. Нейтрал (тыйынга иштегендар);
3. Самопал (бийликтин колдосу менен түзүлгөндөр).
Эми замандаштар айткылачы, биздин "Толгон-токой" укук коргочуларды кайсы катарга кошор элеңер?

кимден: Мелис каяктан: Аксы
25.01.2010 17:45
Жакишев өзү кимдин укугун коргогон укук коргоочу? А Дырылдаев адам укугу деп Акевке дагы Бакиевке дагы айтып жатат...

кимден: Shom каяктан: Talas
24.01.2010 16:18
Дырылдаев укук коргоочу деген атка татыктуу эмес.

кимден: Ален каяктан: Ордо
24.01.2010 04:36
Демократия учун чыныгы журогу менен иштеген адамга (кечеки ж/а бугунку) бийликтин мамилеси онолбоду.
Р.Дырылдаев коп жылдардан бери ККПЧны жетектеб келе жатат, кыргызстанда коптогон дурус проектилерди иш жузуно ашырды.
Дырылдаевдин менетин чет олколук белгилуу укук коргочулар жогору баалады, ошондуктан кыргызстанга жардамын аяган жок.
Демократия бул Элдин Бийлиги деген тушунук болгондуктан - бийликтеги "Озум билемдик" менен башкарган чиновниктер Дырылдаевдин кылган ишин жакшы корбоду, коптогон тосколдуктарды кылыб келуудо.
Бийликтин эн жакшы коргон "итик" ыкмасы (акаев) бул:- ККПЧнын мучолорун (тыйынга,кызматка ...) азгырыб анан тымызын же ачык иштетуу болду.Булардын максаты "Клон комитет" же алардын "ырын ырдыган" жалган төраганы жетекчилике отургузу.
Буйруса демократияга жетишсек, КГБнын, МВДнын, Прокуратуранын, Сотун - архивтеринен булардын кылган былык иштерин жарыка чыгарабыз.
Ал эми азырынча бийликтин "шумшук" иштерин тааныб, ажыратыб билууго уйронолу - замандаштар!

кимден: Дарбан каяктан: Бишкек
23.01.2010 21:29
Биз ар дайым туура сөзүн сүйлөгөн, иш жүзүндө кыйналган адамдардын укугун коргогон Дырылдаевди тааныйбыз. Рамазан аке чет өлкөдө жүрсө да Кыргызстанда жүргөн миңдеген кошоматчы кыргыздан дурус эмгек кылууда.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)