Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:44

Саясат

Торугарт бекетин жылдыруу маселеси кайра козголууда

Былтыр жергиликтүү элдин каршылыгы менен токтогон Торугарт бекетин ичкери көздөй жылдыруу маселеси кайра козголушуна каршы болгон Нарын облусунун губернаторунун орун басары Эрлан Сапарбаев кызматтан кетүү арызын жазды.

Торугарт бекетин жылдырууга каршы Ат-Башыдагы нааразылык, 2009-жылдын 6-июлу.
Текст көлөмү - +
- Сиз президентке кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, ага үч себеп бар экенин, негизги себеп катары Торугарт чек ара бекетин 60 чакырымдай ичкери жылдыруу аракеттерине нааразы болуп атканыңызды айткан экенсиз. Буга чейин Торугарт чек ара жана бажы бекетин ичкери жылдыруу маселесине чекит коюлду, ал ошол эле жерде калат деп айтылбады беле. Азыр аны жылдыруу аракети ким тарабынан болуп жатат?

- Сиз туура айттыңыз, мен президентке өз ыктыярым менен кызматтан кетүү боюнча арыз жолдогом. Буга үч себеп бар, эң орчундуусу - Торугарт көзөмөл бекетин ичкери 60 чакырымга жылдыруу, же Коргон-Таш чек ара бөлүгүн көчүрүү болуп атат. Бул маселе 1998-99-жылдары башталып, 2008-09-жылдары чегине жеткен эле. Чек ара, бажы кызматтары өкмөттүн чечимдерин жана долбоорун даярдашып, өткөрмө бекетти 60 чакырым бери жылдыруу маселесин кайрадан көтөрүшкөн. Эл 2009-жылы көтөрүлүп, буга каршы чыгып, чыр болгондо, атайын өкмөттүк комиссия түзүлүп, жерине барып бул маселеге чекит койду деп ойлогонбуз. Бир добуштан ал комиссия Торугарт өткөрмө бекетин жылдырууга эч кажет жок деген чечим кабыл алган.

Бирок тилекке каршы бүгүнкү күнү бул маселе кайрадан көтөрүлүп жатат. Мекемелер аралык атайын комиссия түзүлгөн. Ошол комиссиянын жыйынтыктоочу спарвкасына бир пункт катары кирип, Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлигинин каражатынын эсебинен Торугартты жылдыруу маселеси айтылууда. Мен буга каршымын. Убактылуу өкмөттүн тескемесинин негизинде ошол комиссияга мен да мүчө болуп киргем. Бирок тилекке каршы беш отурум өткөрүптүр, ага чакырган жок. Жыйынтыктоочу справкасына 16-июнда кол коюлуптур, 22-июлда кечинде араң алып окусам, жанагыдай маселени кошуп ийиптир. Бул тууралуу учурда губернатор Турдубек Мамбетовго мен ооз эки айттым, андан майнап чыкпагандыктан кат жүзүндө киргизгем. Губернатор тарабынан колдоо көрүлмөк тургай, ал киши бул маселеге колдоо көрсөтүп, мага кайра аткарууга деп виза салып бергендигине мен абдан нааразы болуп, иштен кетишимди билдиргем.

- Чек ара бекетин ичкери жылдыруунун негизги максаты эмнеде, буга азыр кимдер катышууда?

- Өкмөттүн чечимин даярдап аткан министрликтердин кызыкчылыгы бар деп ойлойм. Жеке эле мамлекеттик кызматтагы эмес, мындай турган дагы бирин-экин адамдардын, кандайдыр бир топтун кызыкчылыгы болуп жатат. Торугарт бекетин жылдырууга эч зарылчылык жок. Булар токтомдун долбоорун киргизгенге бир нече себепти айтышкан. Бирок анын баарына, ар бир пунктуна корутунду даярдаганбыз. Тилекке каршы бул маселе кайра көтөрүлүп жатат. Жакында бизден расмий делегация Кашкарга жарманкеге барганда дагы кытайлыктар тарабынан “жериңерди жайыт катары колдонолу, ар бир кой үчүн айына 6 доллардан ижара акы төлөп берели” деген маселе козголуптур. Андан кымбатырак болот деген маселе жакында эле биздин делегация тарабынан көтөрүлүптүр.

- Кайсы жайлоолорго?


- Ак-Сай, Арпа. Бул маселени көтөрүп аткан министрликтердин элди туура эмес багытка коюп аткан нерсеси - чек ара калып атат деп айтып атат. Бирок бажы, чек ара, карантин жана башка кызматтар 60 чакырым жылгандан кийин ары жакта чек ара калып жатат дегени кандай? Азыр да Кытай тараптан мыйзамсыз чек арадан өтүү фактылары, мал жайган учурлар бар. Бул маселеге бүгүн акыркы чекитти койбосок болбойт.

- Сиздин кызматтан кетүү тууралуу арызыңыз канаттандырылдыбы?

- Азырынча бул боюнча маалыматым жок.

- Рахмат.

Тасмада: Торугарт бекетин жылдырууга каршы Ат-Башыдагы жол тосуу ("Азаттыктын" архивинен: 2009-жылдын 6-июлу.)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Nur каяктан: Bishkek
13.08.2010 21:25
Убактылуу Президент Роза Отунбаева откон кундорду унутуп бара жатат окшойт.
Откон кундорго баарыбыз бир кайрылып королучу:

http://www.youtube.com/watch?v=5HgndWxNQr4&feature=related
http://www.youtube.com/watch?v=E_99s5unttw&feature=related

Мурдагы Президент Бакиев так ушу жонокой калктын оюн,мудоосун эске албай,мен-менсининип,озумду-озум билем,отугумду торго илем деген саясатынын негизинде эл жини келип ордунан качып кеткенге туура келтирген.Эми чын эле 5 ай отпой жатып, Отунбаеванын озумду-озум билем болуп жатканы кандай? Суу ичкен кудукка тукурбош керек экенин булар качан тушунот.
Эн биринчи Ат-Башынын, анан райондун, областын, анан Кыргызстандын бут эли менен кенешпей туруп мындай кылганы бул акмакчылык!!!!! Отунбаева,Текебаев,90 жаштагы кемпирдин атын минген Атамбаев бул ишке эмне деп жооп беришер болду экен?
Азаттык,сиздерден сураныч, ушу маселе боюнча суроо сурап, дагы бир жолу алардын бул маселе боюнча позициясын ачыкка чыгарып койгулачы. Антпесе бери жак ызылдап жатканда,ары жакты жайлап ташташпасын.

кимден: Baktybek каяктан: Kytai
13.08.2010 12:22
Narynbek en tuura aitat,emi bul jany okmotton kop nerse kuttum ele,birok 1-aidan ashyp ashpai jerdi sata bashtasa emne degen jumush a?Biulik shirin degen chyn tura,biulike kele elekte suilogon sozdorun,biulike kelip ele unutup kalyshat eken,jok degende kudaadan korkkulachy emi.El jer,KYRGYZSTAN uchun kuigon azamattar barby?bulardan da umut kalbai kaldy,bular 3-ai ichinde mamleketti dele satyp jiberishi mumkun.

кимден: Нарынбек каяктан: Нарын
13.08.2010 11:01
Кагылайын Роза Исаковна!!!Акаев бийликте 15 жылда бузулуп, Бакиев 5 жылда, а Сиз болсо 5 айга жетпей мындай акмакчылыкты баштаганыныз ото чатак иш. Бардык чатак ушундан башталып, анан барып Бакиевге айланаарын билип туруп, анан дагы Бакиевдин жырткычтыгына каршы Нарын эли которулуп чыкканын эсинизден чыгарып, кайрадан Нарын элди тепсегиниз келгени бизге эмес билесиз Кудайга да жакпапаган иш. Демек, мындай кадам болсо УОттун кагаздан жасалган келбетин Үйлөп таштоого аз калгандыгын тушунууго болот. Роза Эже, эмнеге тушунбойсунор Сиз жана Сиздин курчагандардын коп болсо 30-40 жылдык жашынар бар, эмне байлыкты, бийликти кепининер менен кошо ала кетем деп ойлойсунарбы, бирок окунучтуу КЕПИНДИН чонтогу жок! Эже Акыйкат менен Адилеттуулукту колго алып, бир келеген өмүрдө алтын тамга менен жазылчу Кыргыздын багына бакыйган иштерди кылып кетпейсинерби, эже Силерге эмне жетпейт, омур бою жумуштасынар, телегейинер тегиз, карапайым Эл айына 1000 сом таба албай ыйлап журот, а Силер!!!!Билбейм Роза эже Нарын эли Сизди сыйлачу эле, эми мындан сон Нарын элинен жакшылык кутпой эле коюнуз, пока бардык койгойго кайталангын чекит коймоюнча! Роза Эже ойлонунуз бийлик туболуктуу эмес, тем более ӨМҮР дагы туболук эмес, Кудай алдында суракта бул дуйно эч нерсе эмес

кимден: Балта каяктан: Нарын
13.08.2010 09:24
-“ Биз Бакиевди алып түшмөйүнчө турабыз,аны шайлабайбыз, мындай калпычы ажонун бизге кереги жок. Биз жөө жүрүш менен Бишкекке барабыз.”-деп Нарын эли 2009-жылы июлда жол тосуп турушкан. Азыркы бийлик, ошондогу оппозицияда жургондор жердин баары кетип жатат, сатып жатат деп кыйкырып журбоду беле. Муну кандай тушунуш керек. Тагайбий туура айтасын.
Эрлан мырза кызматтан кетсениз да , аягына чейин турунуз, эл сизди колдойт.

кимден: Make каяктан: Turkiya
13.08.2010 03:04
Bul masele 1998-99 jyldary ele bashtalgan dep catyşpayby. Demek oshol ubakta ele Uzongu Kuush menen koşo satyp jiberuunu kozdoshup birok ishke ashyra albay kele jatyshat okshoyt. A balkim emdigiche satylyp ketken bolushu da mumkun. Anyn betin ary kylsyn. Byltyr Naryndyn Jetim toosunda Kytaylyktar kydyryp jurushot, a tugul jol salyp oor texnikalaryn alyp kelip alyshyptyr dep yzy-chuu bolup anan toktodu ele. Munun sozsuz turdo any menen baylanyshy bar. Kuday urup Torugart ele emes Aksay, Arpa, Jetim Too, Ghatyr Kol onduu keremet jayloolorubuzdan kol juup kalbagay elek. Kuday atka minerleribizge araanday achylgan alkym emes, akyl-es bersin.

кимден: Temirov каяктан: Bishkek
13.08.2010 01:19
Egerde Torugart beketi 60 km jildirilaturgan bolso ozum mitingge chygam, men oiloium maga koshulaturgan 10 mindegen adamdar bar, Azyrky okmottu tonkorup baarynan elge joop beruusun talap kylabyz.

кимден: Руд каяктан: Нарын
13.08.2010 01:04
Убактылуу өкмөт үч айда пайдаланып калалы деп жатышабы? элди алдаганга болбойт Нарындын жаңы губернатору Салымбековдун досу имиш Салымбеков убагында Үзөнгү-Куушту сатканга түздөн түз катышкан эгерде Сапарбаев айткан чын болсо чоң чырга айланат !!!
Эл мурдагы эмес жер үчүн өлүп берүүгө дайар жигиттер бар.
Роза айым Ак-Сай ,Арпа ижарага берилсе сиздин дагы өкүмөтүңүздүн дагы күнү БҮТӨТ !!!

кимден: Кыргыздар каяктан: Оштук
12.08.2010 22:52
Кечээ жакында эле Алайкууда Кытай менен чектешкен жердеги Заставаны жоюшса, бугун Торугартты берип жатса Эмне Отунбаева Кытайга жагынып жатат же Акаев менен Бакиев кесиптешинин катасын кайталагысы келип жатабы. УО эсинер барда этегинерди жапкыла!!!!!!!!!!

кимден: Нурлан каяктан: Екатеринбург
12.08.2010 22:11
Кыргызстанды биротоло сатып жибербейсинерби ар кайсыга шылтоолобой! Элдин убал сообу кимге?Мен президент болсом элдин мулкуно кол салгандарды сурабай туруп оз колум менен атат элем.

кимден: Абды каяктан: Бишкек
12.08.2010 22:10
Кыргыздын жер-cуусуна,бутундугуно кыянаттык кылган, шек келтирген (чиновниктерге) аткаминерлерге КАРГЫШ!!! Аларды тезинен жазалаш керек!!!!!
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)