Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

Базарда сапатсыз оюнчуктар жайнап кетти


Базарда жайнап сатылып жаткан кытай оюнчуктары кардарларды сапаты менен эмес, баасынын арзандыгы менен тартат. Адистердин айтымында, азыр базарлардагы сатуучулардан оюнчуктун сапатын тастыктаган сертификаттарды көрүү дээрлик мүмкүн эмес. "Кыргызстандартка" быйыл жыл башынан бери сертификат алуу үчүн бир гана дүкөн кайрылган.

Асыл эже жолдошу менен базардан тандап жүрүп, кызына ролик менен куурчак сатып алды. Балдардын буюм-тайымдарын, оюнчукту тандоо жагынан ал мыкты адис. Учурунда Казакстандын химия-технологиялык институтун бүтүргөн Асыл эже оюнчукту сыртынан карап туруп эле сапатына баа берсе болот дейт:

- Мисалы оюнчуктун сапатын жытынан, пластмассанын өңүнөн эле байкаса болот. Оюнчуктун өңү канчалык ачык болсо, ага ошончолук көп боек кошулган. А көп боек кошулган оюнчук балдардын ден соолугуна зыяндуу. Биздикилер аны билбей эле өңү абдан ачык, көзгө дароо көрүнгөн, баасы арзан нерсени алганга шашылат.

Оюнчукка негизи ачык түстөгү термопласт деген зыянсыз желимдин түрү пайдаланылат. Термопластка өң берүү үчүн боектор кошулат. Асыл эженин айтымында, учурда оюнчуктун көркүн чыгаруу үчүн биз билбеген түркүн боектун түрү пайдаланылгандыктан, оюнчуктун сапатына сыртынан карап деле баа бериш кыйын болуп калды. Ал эми сапатты тастыктаган сертификат деген нерсеге кардар да, сатуучу да анча маани бере бербейт:

- Азыр сатуучулардан сурап көргүлөчү, эч кимисинде сертификат жок. Аны көрсөт деп сураган деле киши жок. Ушунча болуп бир да кишинин сураганын көрө элекмин.

"Кыргызстандарттын" адиси Аида Абдылдабекова негизи оюнчуктар мекеменин атайы лабороториясында текшерилерин айтат. Алардын сапаты талапка жооп берсе гана ишкерге сертификат берилет. Адистин айтуусунда, азыр сатыкта оюнчуктар жыш болгону менен быйыл жыл башынан бери “Кыргызстандартка” товарынын сапатын текшертип, лицензия алган бир эле дүкөн катталган:

- Алар сөзсүз сертификат алышы керек. Бирок бизге кайрылгандар өтө аз. Чек арадан өткөндө сертификатты сөзсүз талап кылышат. Балким алар контрабандалык жолдор менен өтүп кетип жатса керек. Анан да бизден башка сертификат берген жеке органдар бар. Аларда оюнчук боюнча эксперти болсо, анда сертификат берүү укугуна ээ болушат. Балким ошолорго барып жатышаттыр. Бизге болсо жыл башынан баштап бир эле дүкөн кайрылган. Алар да сапаттуу оюнчуктар менен иштегендер болчу.

Көпчүлүк ата-энелер балдарына оюнчук алып берип, тилин тапканына ыраазы болуп, анын сапатына анчейин деле маани бере бербегендей. Монополияга каршы күрөшүү комитетинин өкүлү Айбек Мамыралиевдин айтымында, көпчүлүк алармандар аларга турмуш-тиричилик буюмдарынын начар сапатына арызданып кайрылышат. Ал эми оюнчуктун сапатына нааразы болуп, көтөрүп келип кайрылгандар болгон эмес.

Азыр Кыргызстанга оюнчуктар Кытайдан, Тайланддан, Кореядан алынып келинет. Адистердин айтымында, Корея менен Тайланддан келген оюнчуктардын сапаты Кытайдыкынан жогору. Бирок сапаттуу, балага зыянсыз оюнчуктун баасы беркилерден алда канча кымбат турат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG