Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

ЖККУ Борбор Азияда куралдуу күчтөрүн көбөйтүшү мүмкүн

29.05.2009

Жамааттык коопсуздук келишими уюму Борбор Азия аймагында күчтүү аскердик топ уюштурууну демилгелеп жатат. Айрым аскерий эксперттер мындай демилге кагаз бетинде гана айтылып, ишке ашпайт дешүүдө.

Орусиядагы “Коммерсант” гезитинин соңку санында ЖККУнун Борбор Азияда кеңири аскердик топ уюштуруу боюнча төрт жыл илгерки демилгеси жакынкы арада жүзөгө ашат өңдүү деп айтылат. “Коммерсант” маалымдагандай ЖККУнун катчылыгы аталган демилге боюнча тийиштүү иш-кагаздарынын долбоорлорун иштеп чыгып даярдап койгон.

Эми бул документтер Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын бийликтери менен макулдашылышы керек. Борбор Азиядагы тек гана аскердик максатта түзүлгөнү жаткан мындай топ сырткы коркунучтардан коргонууга гана багытталаарын Орусиянын тышкы иштер министрилигинин өкүлү “Коммерсант” гезитине маалымдаган.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов аталган демилге аймактагы коопсуздукту бекемдөөгө чоң салымын кошот деп ишенээрин билдирди.

-Тынчтыкта жашагың келсе согушка даярдан деген сөз бар. Баткен окуяларын да эсибизден чыгарбашыбыз керек. Эгер Ооганстандан коркунуч пайда болсо, анда өзүбүз эле кооптуу абалга кептелип калышыбыз ажеп эмес. Дегинкиси кайдыгер карабашыбыз керек. Коопсуздугубузду камсыз кылыш үчүн башка мамлекеттер менен болобу, өзүбүз болобузбу колдон келген аракетибизди жамшообуз абзел. 

Орусиялык аскерий эксперт Павел Фелгенгауер көптөн бери көтөрүлүп келаткан бул демилге Борбор Азиядагы өлкөлөр тарабынан бир колдон колдоого алынбайт деген ойдо:

- Борбор Азиядагы өлкөлөр бир топко бирикмек турсун азыр алардын ортосунда карама каршылык байкалып жатат. Сырттан келген кайсыл коркунучтан коргонуу керектиги түшүнүксүз. Азыр андай деле коркунуч байкалбайт. Анын үстүнө бул өлкөлөр үчүн сырткыдан ички коркунучтар олуттуураак. Ошондуктан Борбор Азия өлкөлөрү белгисиз максатты аркалаган уюмга өз аскерий күчтөрүн жөнөткөндөн көрө, ички коопсуздугун камсыздоого далалаттанышат. Иш жүзүндө бул өлкөлөр расмий Москванын айткандарына баш ийкеп кое берет, бирок эч нерсе кылбаганга аракет кылышат.

Аскерий эксперт Павел Фелгенгауер ички коркунучтарга кыргыз-өзбек чек арасына жакын Ханабад жана Анжиян шаарларында болгон окуяны мисал катары келтириди. 26-май күнү аталган шаарларда жардыруу, атышуулар орун алган болчу. Анда набыт болгон адам саны тууралуу карама-каршы көп маалыматтар айтылып, бул окуяга Өзбекстандын исламий кыймылынын тиешеси бар деп шектелүүдө. Ал эми Ханабад маселесин Өзбекстан жабык режимде чечүүгө аракет кылып жаткандыктан бул тууралуу башка маалыматтарды берүү кыйынга турганын Кыргызстан Коргоо министри билдирген.

29-май күнү Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн түзүлүшүнүн 17 жылдыгын белгиледи. Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда буга арналган салтанаттуу иш-чарага катышкан президент Курманбек Бакиев Куралдуу күчтөрдө ийгиликтүү реформа жүрүп жатканын белгиледи.

- “Бул өзгөрүүлөрдүн ийгилигин жакында өткөн биргелешкен“Коопсуздук–2009” машыгуулары көрсөттү. Эми, буюрса, жакында Кыргызстанда азыркы коркунучтарга жана көйгөйлөргө каршы тура алгыдай чакан, ыкчам жана кесипкөй армия куралат”, - деди К.Бакиев. 

Мирослав Ниязов өлкөнүн аскердик коргонуу тармагы тууралуу "Азаттыкка" курган маегинде, коопсуздук системасында мактана турган жагдай жоктугун белгилеп, мунун себебин кеңири кулачын жайган коррупция менен негиздеди.
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)