Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:36

Маданият

Ала-Тоодон Алтайга зыярат

8-августта курамында Кыргызстандын кырк уруусунун өкүлдөрү бар, коомдук жана маданий ишмерлери кирген зыяратчылар тобу Бишкектен Алтайга жөнөп кетти. Алар Алтайга жетип, Манастын туулган жерине сыйынып, ал жактан кайра Ала-Тоого ат жүрүш менен кайтып келишмекчи.

Алтайга бараткан зыяратчылар
Текст көлөмү - +
“Алтай – Ала-Тоо: Манастын жолу менен” аттуу жүрүштүн максаты - кырк уруу кыргыз элин бириктирүү, ынтымагын чыңдоо экени айтылууда.

8-августта “Алтай – Ала-Тоо: Манастын жолу менен” аттуу жүрүшкө чыккандарды узатуу салтанатында Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев сөз сүйлөп, президент Роза Отунбаеванын атынан ак жол каалады.

Жетиген уруусунун өкүлү, жүрүштүн катышуучусу Аттокур Дербишалиевдин айтымында кырк жигит атайын медициналык текшерүүлөрдөн жана ар кандай сыноолордон өтүп тандалып алынды.

Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну, жүрүштүн катышуучусу Бейшенбек Токтобаевдин маалыматы боюнча Алтайдан Манас бабанын туулган жеринен Кыргызстанга топурак-ташын кырк ат менен алып келишмекчи.

Тандалган кырк жигиттин катарында Алтай жергесине бараткан моңолдор уруусунун өкүлү Намазбек Бирназаров өзү саяпкер жана уста экенин, бардык кыйынчылыктарга чыдаарын “Азаттыкка” билдирди.

Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев да жүрүштүн катышуучуларына ак жол каалап, алдыда аларды чоң сыноолор күтүп турганын, уруу-урууларга бөлүнбөй ынтымакта болуунун зарылдыгын белгиледи.

“Алтай – Ала-Тоо: Манастын жолу менен” аттуу жүрүштүн максаты - кырк уруу кыргыз элин бириктирүү, ынтымагын чыңдоо экени айтылууда.

Алтайдан Ала-Тоону көздөй ат жүрүшкө кырк уруудан бирден өкүл иргелип тандалып алынып, Алтайга автоунаалар менен жөнөтүлдү. Алар эки жарым күндө Орусиянын Тоолуу Алтай аймагына барышмакчы.

Алтайга бараткан зыяратчыларды узатууга кыргыз жерине сырттан келген буддист монахтар да катышты
Аларды алтайлык Акай Кине баштаган өкүлдөр тосуп алмышат. Акай Кине кыргыздар үчүн кырк жылкы даярдап, камылга көрүүдө.

Кыргызстандан барган кырк жигит жана аларды коштогон тарыхчы, илимпоз, маданий ишмерлер Алтайдан Кыргызстанды көздөй аттар менен жүрүшкө чыгышмакчы.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Ногойбек
11.08.2010 18:39
Кыргыздарда кыргыз душман болуп чыкан жаман "Өзөктөн чыкан,өрт жаман" болуп молдолор Тенирлуу Манас атабыздын арбагын сыйлабай басмырлагандары кудайга жакпаган иш! Мен эсимде бир молдо кудай деген куранда жазуу жок демек Алла деп айтыш керек дегени эсимде.Чын эле арабтардан жана башка ислам олколорундо кудай десен тушунбой жаман корот экен. Кудай бизге кыргыздарга тиешелуу экен,кыргыз тилибиз,салтыбыз,ак калпагыбыз,Манас атабыз.Кыргыздарга ыйык болгон арбактарды басынтпагылачы суранам!

кимден: жаны лидер каяктан: Ош
11.08.2010 11:27
Айнанайын Кыргыз Калкым! Баарыбыз эле билебиз го, бизди Аллах жаратканын! Аллах элдин ниетине, аракетине жараша кырдаалды берет да! Озунор ар бийликтин алдоосуна алданып кала бересинер дагы туштон кийин окунуп каласынар дайым! Эми акыркы мезгилдеги тополондорду колунан келген башчыларды койсонор басабы же Акай Нике менен Мелис олуя ( бул экоо бизге окшогон эле адамдар!!!) басабы?!!!!!!!! Мистикалык нерселерге ишенбей козду чоон ачып реалдуу карагылачы!!!!!!!!!!!!

кимден: Шыгай
11.08.2010 10:15
Урматтуу Усон, сенин жазгандарыңды окуп, көзүмдөн жаш чубуруп, чындыкты билген кыргыз бар экенине бир чети кубанып, бир чети кайгырып, рахматымды айтып жазып жатам. Бир окуя эсиме түшүп жатат.

Бокмурун Каркырага Көкөтайдын ашына батыш менен чыгыштан элдин баарын чакырып, Манасты чакырбай коет. Ошондо, тойдо Нескара чыр чыгарып, Бокмурундун айласын кетиргенде, айласыз Манаска чабарман жиберет. Манас келип, Нескара менен көпкө айтышып олтурбай, камчы менен как башына чаап, ордуна коет.

Ошонун сыңарындай, азыркы кыргыздар Манас атабыздыздын уруусу ногойду тааныбайт, сыйга да чакырбайт. Ногойдун көпчүлүгү татарга, түрккө, кавказга сиңип, кыргызда азыр жокко эсе.

Кыргызым аман болсо экен.

кимден: Исламбек каяктан: Лондон
10.08.2010 22:21
Туугандар ойлонуп жазгылачы, чала молдо дин бузбай эле элди бузуп калганбы? Ыйык Куран китеп сыяктуу эле Манас атабыздын баяны дагы аян берилип тушуп жатпайбы. Эмнеге эле элди экиге болосуздор айланайын туугандар. Баарын эле арбак деген созго асылып калдынар. Келгиле андан коро КЫРГЫЗЫМА ынтымак, ырыс тилейли...

кимден: Бакай
10.08.2010 20:11
Кыргызды ногой тукумунан башкармайын эч качан эл оңолбойт. Ногой тукумун бийликтер куугунтуктап, тукум курут кылып, монархиянын каяктагы демократия менен алмаштырганга жол берип жатасыңар.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.08.2010 17:43
Meerim eng ele tuura aytyptyr. Chyngyz Aytmatovdun da aytkany bar: murzogo koyulgan guldun ichinde zhatkanga kanchalyk paydasy bar? dep. Any syngarynday, ushuncha akcha karzhap uzak zholgo baryp keluu, albette, simvolikaluu. Antse da oshol akcha menen KGdyn bir zherinde eng ele zhok degende 100 zhetim balaga zhardam berilse bolmok bir zhyl uchun bolso da....

кимден: Басыз каяктан: Алматы
10.08.2010 16:04
Акжол баарынарга,кыргыздар

кимден: Усон Асан
10.08.2010 14:13
Чынын ачык болгондой айтса илгери Кыргыздар Гокотенирди,Куту,арбактарды,урп адат салтын сыйлаганда улуу эл болгон жери азыркы жапониядан баштап европага чейин болчу.Кийин исламчылар келип тенирден тескери иш болгон,ошондо тенирди эл унтканда Кыргыз кичирейип 100% жеринен элинен 4% эле калган азыркы кыргызстан.Калган кыргыздар урууларынан улутка айланып башка улутарга синип кеткен:мисалы кыргыздагы ногой уруусу кавказдагы ногайлар Москвадагы христян нугайбеклер баардыгы бир Манас атабыздын ногой уруусу .Толомуш хан эдилде(Русь) курган китай город Манас шаары орусча Манасква азыркы Москвада ! Мындай мисалдар келтире берсе абдан коп.Татар, кумык, карачай,башкир,булкар,ногай, крым татар, чуваш ,казак,туркмен,хакас,хырхыз,чулым,шорс ж.б коп турк элдеринде Манас батыр бологонун карыйалар айтып келген жана илгери кыргыз болгонун жашырбай айтышат.Бизде азыр исламчылар Манасты жомоко айлантып койгон ал ас келгенсип Манас таластыктардыкы деп болуп койгондорда ас эмес.Мына барган сайын динибизди алып, араб тилинде суйлоп, кыргыз эмес кийимдерди кийип ,кыргызча тили буруу болуп аксент менен суйлоп баратышат, минтип отурса кыргыз тили жок болуп кыргыз башка улутарга синип кетет.Андай окуйа болгон илгери кыргыздар мусулман болгон эмес,ошондо айрымдары мусулман болгондор мен озбек болдум деп жок болгон(азыркы озбек найман ,кыпчак жана коп деген кыргыздын уруулары).Корсо окунучко карай дин менен жасалма тарых менен адамдардын ан сезимин бурмалап тилин ички сырткы дуносун озгортуп башка кылса болот экенда.
Кыргыз Тенирден жаралган! Алтайдан журуш бул тушунгон кишиге абдан чон куч алып келет,бир кана кыргызстарга эле кыргыздарга эле эмес Орусиядагы Кытайдагы илгерки кыргыз элине(турк элдерине) куч алып келет деп ойлойм алардын егемендулугуно куч берет. Манас атабыздын арбагы колдосун кыргызга жакшылык берсин куч берсин!

кимден: мээрим
10.08.2010 10:18
Саламатсыздарбы урматтуу бир туугандар!
Арбак эч качан колдобойт! Колдоочу жалгыз Аллах. Арбактар балким мага Куран окуп коюшат бекен деп тируу жургон адамдарга муктаж. Ошондуктан Кудай колдосун. Манас атага болсо, куран окуп багыштап тургула. Олгондон кийин анын колунан эч нерсе келбейм. Туболук тируу туруучу, олбос, жалгыз Аллах, Аллахка сыйынгыла, арбака сыйынбай. Аллах куноонорду кечирген болсун!

кимден: Ajar каяктан: AKSh
10.08.2010 01:07
‎"Алтайдан Манас бабанын туулган жеринен Кыргызстанга топурак-ташын кырк ат менен алып келишмекчи...Аларды алтайлык Акай Кине баштаган өкүлдөр тосуп алмышат. Акай Кине кыргыздар үчүн кырк жылкы даярдап, камылга көрүүдө" 40 jylky soyup jep, Manas babanyn jerinen tash alyp keluudon bashka alduu-kuchtuu 40 jigittin kylarga ishi jokbu? кыргыз элин бириктирүү, ынтымагын чыңдоо maksatynda minday aksiyalardy uyushturbay ele, aga ketken finansyny jok degende Oshto jabyr tartkandarga turak jayga sarptashpayt bele. realduu ish-chara koruunun orduna, sayakatka chykpay
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)