Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:35

Саясат

ЖККУнун Кыргызстанга оперативдүү жардамы

Кыргызстандын түштүгүндөгү чыр-чатактарды жөнгө салууга өлкөнүн күч органдарына ЖККУнун Убактылуу оперативдүү тобу жардамга келет. Аталган топ өлкөнүн түштүгүндө жайгашып, өлкөнүн күч органдары менен эриш-аркак аракеттенмекчи. Бул жөнүндө ЖККУнун Баш катчысы Николай Бордюжа бүгүн Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги президенти Р. Отунбаева менен жолугушуудан кийин билдирди.

x
Текст көлөмү - +

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева менен Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа бүгүн Бишкекте ЖККУга мүчө өлкөлөр тарабынан Кыргызстанга бериле турган кошумча жардам жөнүндө маселени талкуулашты.

Жолугушуудан кийин маалымат жыйынында Бордюжа ЖККУга мүчө өлкөлөр Кыргызстандын укук коргоо органдарына, күч органдарына өлкөнүн түштүгүндөгү чыр-чатакты жөнгө салууга жардам көрсөтүү жөнүндө сунушту колдоого алышканын билдирди.

Ошонун негизинде ЖККУнун Убактылуу оперативдүү жумушчу тобу түзүлүп, ал Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймагында жайгашып, өлкөнүн күч органдары менен эриш-аркак иштеп, кырдаалды жөнгө салуу учурунда чыккан проблемаларды чечүүгө жардам көрсөтмөкчү.

Убактылуу оперативдүү топтун курамында ЖККУга мүчө сегиз өлкөнүн өкүлдөрү кирди, алардын арасында Өзбекстандын өкүлү жок. Бул топту Владимир Бережной жетектемекчи, ал делегациянын курамында Бишкекке келип түштү.

Ошондой эле Кыргызстандын күч органдарын атайын техника, адам өлтүрбөгөн атайын каражаттар жана транспорт менен камсыз кылуу маселелеринде дагы жардам көрсөтүлмөкчү.

Ошондой эле Бордюжа ар кандай ушактарга жана чагымчылыктарга жол бербөө максатында маалымат агымдары менен дагы иштер жүргүзүлөрүн билдирди.

Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 14-июнда Москвада болгон мөөнөтсүз кезексиз жыйынында Кыргызстандын түштүгүндө болуп аткан окуялар талкууланып,  жыйынтыгында бул өлкөгө аскердик күчтөр киргизилбейт деген чечим кабыл алышкан.

Чыр-чатактарды Кыргызстан өзүнүн күч-аракети менен жөнгө салышы керек деген жыйынтыкка келишкен. Кыргызстандын Коргоо министрлигине ар түрдүү аскерий жабдууларды, аскердик техникаларды, жерде жана абада жүрө турган учактарды, алардын күйүүчү май заттарын жана башка материалдык-техникалык мүнөздөгү жардам көрсөтүү жөнүндө бүтүм чыккан.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)