Шаршемби, Февраль 08, 2012 Бишкек убакыты: 23:58

Кыргызстан

Чек ара коопсуздугу колго алынабы?

Учурда чек араларды комплекстүү башкаруу стратегиясы жазылууда. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлү, Европа комиссиясынын чек ара копсуздугу боюнча БОМКА программасынын Кыргызстандагы жетекчиси Руслан Байыштегин “Азаттыкка” маек курду.

Текст көлөмү - +
- Учурда жазылып жаткан чек араларды комплекстүү башкаруу стратегиясынын маани-маңызы эмнеде?

- Өкмөттүн буйругу менен Улуттук координациялык борбор түзүлүп, ага ар бир министрликтин өкүлдөрү кирген. Алар учурда стратегияны жазып бүткөнү калды. Бул үчүн эксперттер чет өлкөлөргө чыгышып, Европа мамлекеттериндеги бул жааттагы иштер менен таанышып келишти. Стратегия министрликтерде талкуулагандан кийин өкмөттүн колдоосун табышы керек.

Стратегия болсо чек арага тиешелүү көптөгөн маселелерди камтыйт. Биринчиден, коопсуздукту жакшыртуу, жалпы эле чек араларды башкарууда реформа жүргүзүү. Мына ушулардын негизинде келечектеги иш план жазылат. Анда алдыдагы 10-15 жылда тиешелүү органдардын аткаруучу иштери камтылат. Айтор баары келип эле чек араларды башкарууну жакшыртуу максатын көздөйт.

- Сиздин оюңузча коңшу мамлекеттер менен жерлерди тактоо жараяны канча убакытка созулушу мүмкүн?

- Биринчиден биздин чек ара кошуна өлкөлөр менен толук делимитация, демаркация боло элек. Ошондуктан чек араларда ар кыл окуялар болуп кетип атпайбы. Эми бул чек ара маселеси өтө татаал маселе. Канча жылдан бери сантиметрден акырын жылышып атат, андыктан жерлерди тактоо качан аяктаарын айтуу кыйын...

- Европа коммиссиясынын БОМКА программасы Кыргызстанда кандай иштерди аткарат?

- Бомка Европанын чек араларды башкаруу тажрыйбасын Борбор Азия мамлекеттерине жайылтууну көздөйт. Күч менен эмес, ар кыл тренингдердин жардамы аркылуу. Мисалы биз бул жактагы чек арачыларды чет өлкөлөргө тажрыйба топтоо үчүн жиберип турабыз. Ал эми чек аралардын коопсуздугун чыңдоо боюнча биздин программа бир топ иштерди аткарууда. Мисалга айтсак, чек арадан өткөрүү бекеттерине жумушту оңойлотконго ар кандай жабдууларды беребиз. Биздин программа аркылуу "Ак жол" көзөмөлдөө бекети курулду. Кара-Суу, Баткен, Лейлектеги чек арачыларга автоунаа бергенбиз.

- Рахмат маегиңизге!

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: ....Кыскын Элдик Коомунан каяктан: Москва
02.02.2010 22:22
Мен эми эчнерсе деп айта албайм. ААА заманда Көлдөгү Өзгөн кууш деген жайлообузду кытайга берип жиберген. Эми атка минерлерге ынсап берсин!!!!!!!!!

кимден: 2NDRA каяктан: MOSCOW
01.02.2010 04:09
Билбейм бул журуш менен барып АК УЙ озу эле калат ко!!! Бийлик башындагылар бир чара коруш керек да,элге $ коп берсе албетте сатат башка элдин жаранына. Билбейм жылдан жылга жаны закон, эч бир кучуно кирбеген! Элди ойлогон башкаруучу келеби деги!

Онлайн шерине