Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Атбашылыктар жолду кантип тосуп, кантип ачышты?


6-июль күнү Ат-Башы районунун Кызыл-Туу, Кара-Булуң, Казыбек айылдарынын 100гө жакын тургундары Бишкек-Торугарт эл аралык унаа жолун жабышты. Жол Кызыл-Туу айылынын тушунан 4 саатка жакын тосулду. Атбашылыктар Ак-Сай, Арпа жайлоолорунун бир тарабы 49 жылга Кытайга ижарага берилип жатыптыр деген сөзгө бийликтен жооп алууну көздөштү.

Мындай маалыматтын чыгышына Кыргыз-Кытай чек арасындагы Торугарт бажы көзөмөл өткөөл жайы Кыргызстандын аймагына ичке карай 50 чакырымга жылдырыла баштаганы себеп болгон. Бажы посту берки ичкеридеги Коргон-Таш аймагына көчүрүлүп, ал жерге кытайлык курулушчулар Кыргыз бажы постун бекер куруп бере баштаганы жергиликтүү элди чочулаткан.

Атактуу Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнүн бир өңүрү Кытайга кетип жатыптыр деген каңшаар сөз ала жаздан тартып эле угула баштаган. Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев 8-июнда Ат-Башыга иш сапары менен келгенде ага Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын тургуну Жолдубай Көчөров суроо берген эле:

- Элде кеп-сөз болуп атат - Торугат бажысы Коргон-Ташка келет экен, Арпа жайлоосу арендага Кытай мамлекетине берилет экен деген. Мына ушуну биздин эл, азыр жаштарыбыздын баары жылдан жылга кичине малы көбөйүп мурункуга караганда казыр Арпага, Аксайга, ички кыштоолорду кыштоого калтырып көчүп барып жайлап келип атат. Ушуну эске алып туруп (жерди) бердирбей эле койсоңуз.

Бул суроого Курманбек Бакиев мындай жооп кайтарган: “Губернатор айтты, жолдо келатып - Арпа боюнча Кытайга ушундай ижарага берүү боюнча. Тобоо кылдым, ким чыгарып ийди мындай ушакты? Ушак - бул”.

Ошол эле жыйын учурда атбашылыктардын абдан көйгөйлүү маселеси катары жол жагдайы да президентке кулак кагыш кылынган болчу.

- Биздин ушул Торугарт, Ат-Башы, Нарын жолдору Кытайдан келип аткан 80 тоннага чейинки оор жүк тарткан машиналар өтүп отуруп, талкаланып бүттү. Мына бүгүн айтып атасыз, биз абдан сүйүнүп атабыз, Кара-Суу айылынын көпүрөсүнөн тартып жол оңдоло баштайт деп, бул абдан жакшы нерсе, сизге чоң рахмат айтабыз. Андан сырткары айылдардагы жолдор тээтиги союз учурунда салынган, ошол боюнча эч каралбай калды, мына ошону да көңүлүңүзгө алып койсоңуз жакшы болоор эле.

Береги соболду Курманбек Бакиев чечилет деп убада кылган болчу: “Жанакы жол боюнча эч күмөн санабагыла, сөз президент айткандан кийин ал жол сөзсүз бүтө турган жол”.

Ошентип Президенттин июнь айындагы иш сапарынан бир ай аралык өтпөй Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын тушунан Бишкек-Торугарт эл аралык унаа жолун жергиликтүү калк тосууга чыгышты.

- “Канча машина кирип атат, биздин жол эмнеге оңдолбойт, жолду айтсаң, канча КАМАЗдан акча түшүп атат, мобу жол бирок оңолбойт”.

- “Шайлабайбыз! Турабыз! Турабыз! Күнү-тунү турабыз!”

-“ Биз Бакиевди алып түшмөйүнчө турабыз,аны шайлабайбыз, мындай калпычы ажонун бизге кереги жок. Биз жөө жүрүш менен Бишкекке барабыз.”

Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну ардагер Керез Айдаралиева Президентке ишеним артпай калган себебин өзү басып жүргөн жерлерге кадам шилтей албай калганы менен түшүндүрдү:

- Биз Коргон-Ташка айылчылап эле, кымыз ичкени барчубуз. Ошол жердеги коктуга спецназ киргизбей, кыр-кырдан койду ашырбай, ошол жердеги элди корголотуп атат. Мурда ээн басып, көбүргөн терип алчу элек, ошол жерге бара албай койдум. Мен, менин теңтушум - келин, экөөбүз келип эл-журтка айттык, тынчсызданып эле атабыз. Мисалы үчүн, жаңы постун куруп берүүгө Кытайдан башка Кыргызстанда да эл бар аны куруп бергенге. Бул бизди алдап атат, ажо ушинтип алдап аткандан кийин биз эмне үчүн тынчып, үйүбүзгө кирип жатып калышыбыз керек. Биздин келечегебиз эмне? Үзөңгү-Куушту Акаев сатса, Каркыраны Бакиев сатса, Ак-Сай, Арпаны дагы минтип ижарага берип коюп, анан танып атса, анан кантип тим жатууга болот? Кандай президенттер жер сатып алат? Кандай президент жер сатат? Мына биз ушул ураанды коюп, чыгып атабыз.

Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары Тимур Козубеков жол тоскондорго мындайча кайрылып жатты:

-32 миллион доллар каралды, Ат-Башынын жанында көпүрө бар эмеспи Кызыл-Көпүрөдөн башталып 40 чакырым чек араны көздөй жол оңдоло баштайт. Тендерден утуп алган эл аралык болобу, биздин мамлекеттик болобу - ишкана келип баштайт. Андан сырткары мамлекеттин экономикасы оңолгон сайын жолду карап атат. Азыр президент айтты 8 эсе көбөйдү жолго болгон чыгым, деп. Эми кудай буюрса, бизге да келди, биз дагы оңолобуз.

Өзүн Манас, Ат-Башынын Кызыл-Туу айылынын тургунумун деп тааныштырган жигит акимдин орун басарына мындай суроо берип калды:

-Тимур аке, айыл өкмөтү барыптыр да, барганда өзүн өткөзбөй коютур өзүбүздүн жерибизге анан биз өзүбүз өтөбүзбү ошол Коргон-Таштан ары. Өткөзбөй коюп анан мына ушундай чогулуш болуп атат, мына ошол болгон үчүн ушул жерде келип атабыз. Атым Манас Кызыл-Тууданмын.

- Эми эл журт силер кичинекей топ чогулуп алып туруп мамлекеттер аралык мамиленин бузулушуна силер түрткү болуп атасыңар. Ошон үчүн сабырдуулук керек, чыдамкайлык керек, анан кичине күтүш керек, - деди аким.

-Чыдадык да.

-Чыдайбыз, дагы чыдайбыз.

-Чыдабайбыз, эми чыдабай калдык, шайлоо өтпөйт, шайлоону бузабыз.

Ат-Башы районунун Дыйкан айылынан келген Замир Айдаралиев шарты катаал аймактагы жөлөк пулдун кыскарып калганына нааразылык билдирди:

- Мен Дыйкандан келдим, эмне үчүн жерди берет, жерди мына бая күнү каңшаар укканбыз, ал каңшаары чын чыкты - чынбы, инилерим. Эмне үчүн берет? Мынакей балдарыбызга, кийинки балдарга калчу жерибиз, ата-бабабыздан калган жер, Манастан калган жер. Бул Торугарт-Бишкек жолун эмне оңдобойт бийлик?Ошко каражатты бүт берип атат Бакиев. Бакиев кетсин! Мен беш баланын атасымын, беш балама жөлөк пул (пособие) албай калдым. Мына 55ке чыктым, салык болсо өлгүдөй көбөйдү. Айла кетти, биртике малды сатып атып бүттүк.

Ат-Башы районунун прокурору Максатбек Осмоналиев жол тосууну мыйзамсыз кадам катары баалап, элди тынчытууга далалат жасап атты:

- Мындай кылалычы, тегеректеп мушташкан кишидей болбойлучу. Мындай ар бир кыймыл аракетти мыйзам менен жургүзүш керек да. Жолду тосуп алганыбыз мыйзамсыз, биз жолду тоспошубуз керек. Биз он чакты, жыйырма чакты киши чыгып алып эле минте бергенге болбойт, бул деген мамлекеттер аралык жол. Мамлекеттер аралык жолду тосконго укугубуз жок, ошон үчүн эл тынч турушубуз керек. Мен ошону эле айтып атам, мыйзамды сакташыбыз керек.

Прокурордун мындай пикирине жергиликтүү бийликтин атынан сүйлөп аткан райондук акимдин орун басары Тимур Козубеков алардын колунда Кытайга жер берүү тууралуу маалыматтар жоктугун айтып, кошумчалады:

- Биздин Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына мындай жер сураган билдирүү түшкөн эмес, кат түшкөн эмес. Биздин бул боюча толук маалыматыбыз жок, бирок эл арасында ушундай сөз жүрүп жатат “Арпаны Ак-Сайдын тиешелүү жерин Кытайга арендага берип жиберди 49 жылга” деген. Бирок андай документти көргөн да эмеспиз, кол койгон да эмеспиз.

Аким орун басары Казыбек айылынын бир тургуну кытайлыктар тарабынан сабалыптыр деген маалыматтан да кабары жоктугун кошумчалады:

- Бул боюнча ички иштер бөлүмүнө дагы, прокуратурага дагы арыз келип түшкөн жок, эгерде арыз келип түшсө, бул боюнча органдар териштиришет, тактап беришет.

Минтип аким орун басары Тимур Козубеков баштаган айрым кызматкерлер жол тоскондор менен пикир алышып аткан маалда вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган бийлик адамдары Торугарт жана Коргон-Таш бажы бекеттери менен таанышып, ал жерде жыйын өткөрүп жаткан. Ал жыйынга бийлик өкүлдөрүнө атайын суроо бериш үчүн 60 чакырым аралыкка карабай Ат-Башы районунун Казыбек, Кызыл-Туу, Кара-Суу, Кара-Булуң сыяктуу бир катар айылдарынын 300дөн ашуун тургундары барышкан болчу.

Ал жерге облус губернатору Ө. Субаналиев, мурдагы губернатор А. Салымбеков, район акими К.Мааткабылов да барышкан. Эл бийлик өкүлдөрүнө курч суроолорду берип, бир карыш да жер Кытайга кетпестигин айтышкан. Ошондон кийин Коргон-Ташка курула турган бажы бекети кайра токтотула турган болуп, мурдагы шарты жакшы Торугартта калмак болду. Ал жактагы жыйындын ушундай чечимин аким телефон аркылуу Кызыл-Туу айылынын тушунда жол тосуп тургандарга угузду. Ошондон кийин аким орун басары жол тоскондорго кайрылды:

- Эми элге эмне деп айталы? Коргон-Ташта толтура эл бар дейт. Эми жер сатуу жөнүндө маселе жок, бажы посту жөнүндө гана бар турбайбы? Уктуңуздар, эми бул жерде убара болбойлу да, үй-үйгө тарайлы, барып уктайлы, эртең менен келели кайра.

- Болуптур анда ошондой кылалы анда, элди чурулдатпай. Ачалы жолду, аким ошенткенден кийин ачалы, уктук сөзүн. Бирок эмчек эмизүү болбосун. Дале сүйлөшөбүз, дале чыгабыз.

Мына ушундан соң жол ачылып, жанатан жол боюнда тизилип калган Кытайдын оор жүк ташуучу автоунаалары биринин артынан бири чубап өтө баштады.

Бирок эл арасынан жолду ачканга каршы болгондор, атүгүл жерди ижарага берүү чын болсо жолду бузуп, казып салууга чейин барарын айткандар болду.

- Абдылдаев Марлис, Кызыл-Туу айылынанмын, жолду ачканга каршымын. Бизге кереги жок да мындайдын, өзүбүздүн жайлообузда жайлашыбыз керек.

- Токтокадыров Султангазы, жерди чындыгында сатып ийсе кайра чыгабыз, тособуз керек болсо.

Жол тоскон аял-эркектер жыйын бүткөн соң жөө-жалаңдап айылдарын көздөй бет алышты. Район аймагында автобус каттабай калган. Эң жакын айыл Кызыл-Тууга чейин 3 чакырымдай бар.

Атбашылыктар кантип жол тосту?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00

XS
SM
MD
LG