Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:32

Эл үнү

Кан тапшырууну каалагандар көбөйүүдө

Бишкек шаарындагы Республикалык кан борборуна түңкү тополоңдо жабыр тарткандарга кан берүүнү каалаган тургундар байма-бай келип жатышат. Аталган борбор 7-апрелде түнү бою иштеп, учурда да тынымсыз кан алынууда. Натыйжада 8-апрелде түшкү саат бирге чейин аталган борборго 280ден ашык адам келип кан тапшырды. Мындан сырткары мектеп окуучуларынан тартып кары-картаңдарга чейинки 200дөн ашык адам имарат сыртында өз кезектерин күтүп жатышат.

Кан тапшыруу үчүн кезекте тургандар.
x
Кан тапшыруу үчүн кезекте тургандар.
Текст көлөмү - +

Республикалык кан борборуна таң эртеден бери кан тапшырууну каалаган адамдардын кезеги үзүлгөн жок. Кан берүү үчүн Бишкек шаарынын ар кыл бурчтарынан, ал түгүл шаардын чет жакасындагы айылдардан да каалоочулар келишти.

Түшкө жуук элдин саны өсө баштады. Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде окуган Айбек да таң менен борборго келип кан тапшырган. Ал учурдагы абалды көрүп туруп көңүлкош кала албаганын билдирди:

-Мен өзүм кечээ күнү барган жокмун. Канча адам өлүп, канча адам жарадар болгонун телевизордон гана көрүп жаттым. Биз эл үчүн деп жаткандан кийин кан тапшырууга акылуубуз да. Азыр элдер көп болуп жатат. Кан алгандар жетишпей жатышат.

Кан тапшырууга келгендер чындыгында эле көп болуп, топтолгон элдер он-ондон имарат ичине киргизилип жатты. Элдер кан борборунун эшигинин алдында кеминде эле төрт катарда тизилип турду.

Кан тапшыруу үчүн кезегин күтүп турган студент Анара Урпачиева кан берүүнү каалагандардын саны эртеден бери көбөйгөндүгүн айтты:

- Мен эртең мененки ондон бери бул жакта турам. Ушул жерде 200 киши турат. Кирип чыккандар кетип жатышат. Кайра ошо кеткендердин орду толукталып, кайра кайра көп эле кишилер келип жатат.


Кан тапшырууга мектеп окуучулары да келген. Борбор калаадагы мектептердин биринде окуган Күмүшай Курманбекова кан тапшырууда жаштар активдүүлүк көрсөтүп жатат дейт:

- Көбүнчө жаштар келип жатышат. Көбү сүйлөшүп, топтолуп келишүүдө. Биз, мектептегилер кечээ күнү эле телефондон келебиз деп сүйлөшкөнбүз. Келип жатышат...

Борборго кан тапшыруу үчүн жамаат болуп келгендер да бар. Мисалы, Бишкек шаарынын №89 мектебинин директору Жайнагүл Сапалова кан тапшыруу үчүн ыктыярдуу мектеп мугалимдери менен кошо келген:

- Бардык жамаат менен, мугалимдердин демилгеси менен кан тапшыралы деп келгенбиз. Бул жерде уюштуруу иштери жакшы болбой жатабы, кезекте тургандар аябай көп. Эртең менен келгенбиз, ошондон бери кан тапшыра албай турабыз.

Мындан сырткары түнкү тополоңдо жабыр тарткандар үчүн кан тапшырууга шаар четиндеги айылдардан да ыктыярлар келишүүдө. Алардын бири - 60 жаштагы Сайра Медербекова Лебединовка айылынан келген:

- Кирип кезек талашып, атайын жетип кирген кезде 60 жаштан кийинкилердин каны алынбайт экен. Эми эл журтка тынччылык берсин, мындан ары деги жамандык көрбөсүн эли-журтубуз.

 

Кан борборуна кирүү үчүн күтүп турган 200дөй кишиден сырткары, имарат ичинде да кеминде эле жүздөй киши кезек күтүп жатышат. Кан тапшыруу иштерин уюштуруп жүргөн Республикалык кан борборунун кан даярдоо бөлүмүнүн башчысы Лязат Сабирова “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Эртең мененки саат сегизден бери болжол менен 150 киши кан тапшырды. Кечээ түнү болсо 130дай адам кан беришкен. Мен, билбейм, болжолу бүгүн түнү менен да иштейбиз.

Ал эми кан борборунун догдуру Тазагүл Мединова кызматкерлер жетишпей жаткандыктан башка ооруканалардан да медициналык кызматкерлер келип жаткандыгын айтып, элдин кан тапшырууга болгон аракетине ыраазычылыгын билдирди:

- Элдерге рахмат айтса болот. Ушундай кыйынчылык мезгилде элдер жардамын көргөзүп жатышат.

Бишкекте күндүн жарымына чейин Республикалык кан борборунан башка Улуттук госпиталда жана Кардиология борборунда да кан тапшырылып жатты.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Мухаметалим Турсунбаев каяктан: Кан Борборунун жетекчиси
08.05.2010 07:54
Урматтуу Мекендештер!
7 апрельдеги кан тогулуудон жаракат алгандардын омурун сактап калган донорлорго трен ыраазычылык билдирем! Мындан ары эч качан кан жерге тогулбосун!

кимден: kg кыз
16.04.2010 14:34
Бул дагы да болсо кыргыз элинин ынтымактуу экендигин билдирет. Мен дагы бул жерге барып кайткам. Сыймык Бейшекеевге терен ыраазычылык билбирем. Сыймык ошол жерге барып, кан борборунун кызматкерлерин жетишпегендигине байланыштуу, кызматкерлерин уйлорунон алып келишти. Озу да кан тапшырууга кезегин кутуп турганда биз уйго кеттик.

кимден: Kyrgyz kizi
09.04.2010 04:24
baardik kan tapshirip jatkan mekendeshterime abdan raazimin al emi jarakat algandarga Allah jardam bersin tezreek jakshi bolup elge kizmatta bolup jyrysho bersinder...
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2313 - жалпы саны)

Жылдыз: Шаамерчем агайдын сунушу өтө кызык экен. Ал латиницанын "latviesu" делчү вариантын колдонуп жазса ... Толук

Сөз таануу