Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:32

Саясат

Биринчи курултай, экинчи курултай…

Март айы удаама-удаа курултайларга бай болгону калды окшойт. 23-мартка Ынтымак курултайы чакырылып, ушу тапта ага жер-жерлерден өкүлдөр шайланууда. Ага удаа оппозиция Элдик курултай чакырууда. 11-февралда Бишкек жамааттар бирикмеси өз катарынан Ынтымак курултайына 10 өкүл шайлады.

Текст көлөмү - +
Күттүргөн курултай да өтөр

“Тойдун өткөнүнөн өтөрү кызык” демекчи 23-мартка президент Ынтымак курултайын чакыруу жарлыгын чыгаргандан бери элдик кеңештин айланасындагы кеп-сөздөр саясий өң-түс алып, барып-келип эле бийлик менен оппозициянын мамиле-катышына такалууда. Антишке кийинки кездери бийлик атаандаштарына кысым күчөп, оппозициянын соттолгондон калгандарынын бир тобунун чет жерден баш калка издөөгө аргасыз болуп жатышы себеп болду окшойт.

Көпчүлүктү көп түйшөлтчү суроолор: бийлик менен оппозициянын мамилеси, жумушсуздуктун айынан чет жерге иштөөгө кеткендердин арбып баратышы, экономикалык кризис этектеп турганда тарифтердин көтөрүлүшү, бийликти туташ дегидей чырмап алган коррупция, сөз эркиндиги, адам укугунун сакталышынын жылдан-жылга начарлап баратышы, Кыргызстандын демократиядан четтеп кетиши элдик кеңеште талкууга алынабы?

Белгилүү коомдук ишмер Жамал Ташыбекова ушу тапта элдин баарын азыркы бийликке оппозиция деген пикир натуура экендигин белгиледи.

- Бирок оппозиция эмес өзүнүн көңүлүн же болбосо өзүнүн оюн айткан элдер көп да. Мүмкүн аны бийлик уга элек, бийлик түшүнө элек. Бийликке жеткире элек эл арасында ар түрдүү сөздөр бардыр. Ойлор да бардыр. Ошонун баары ушул курултайда айтылып, бийликке чейин жетер.

Кош жыйындын эгиз жаңырыгы

Бишкек шаар башчысы Нариман Түлеев курултайда кыргыз мамлекетинин учурдагы, келечегине байланышкан суроолор көтөрүлүп, ага жооп таап, элди ошондой бийик идеянын алдына бириктирүү маселе көтөрүлүшү керек деп эсептейт. Оппозиция менен бийликтин мамиле-катышына токтолгон шаар башчы өз оюн мындайча улады.

- Эми беш кол тең эмес. Беш адамды койсоң беш адамдын ою ар кандай. Ошон үчүн “айткандар айта берет, кербен жүрө берет”, дейт. Эми аны көрө жатарбыз. Орустар айткандай анын чынбы-чын эмесин турмуш көрсөтөт.

Башкалаанын жергиликтүү жамааттар биримдигинин атынан Ынтымак курултайына өкүл болуп шайланган Кыргыз медициналык академиясынын ректору Ашыралы Зурдинов курултайда ынтымак маселеси козголо тургандыгын ырастады.

- Элибизде айткандай, “бир жакадан баш, бир жеңден кол” чыгарып ар ким өзүнүн көмөчүнө күл тартпай, ошо президентибиз айткан демилгени колдоп, кыргыз журтчулугунун айланасында бирдей жашаган эл-журттар биригип, жалпы аракет кылып, “мен Кыргызстандын жаранымыны”, “мен кыргызстандыкмын”, менин “Ата Журтум – Кыргызстан” деп, ошондой сезим менен аракет кылган эң негизги нерсе.

Удаалаш өтчү кош курултайда козголчу маселелердин тамыры бир жерден чыкканы менен, алардын эки жерде эки өңүттөн талкууга алыныш ыктымалдыгы Кыргызстандагы саясий жагдайдын кандайлыгын кашкайтып көрсөтчү белгиге айланууда. “Адилет” укук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупованын пикиринде, эки жыйынга тең чоң үмүт артыштын кажети жок.

- Элдин пикирин ким угат, ким сыйлайт? Мен ошонун баарын билем. Үмүтүм да үзүлдү, ишеним да жоголду. Бирок бир эле нерсеге өкүнүп жатам. Ушул убакка чейин бир суроого мен жоопту ала элекмин.

Азырынча жоопсуз калып жаткан суроо кыргыз бийлиги өз атаандаштары менен мунасага келе алабы, өлкө, коом тагдыры калтыс абалда турганда бийлик менен байлык талашынан өйдө көтөрүлүп, жалпы улуттук кызыкчылыктын туусун көтөрө алабы такилибине барып такалууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Nur каяктан: bishkek
12.02.2010 09:56
aylanayin kirgizim ushul kurultayga degele ishenim artpagila, kurultaydi uyushturumush bolup deldektep opkosu koop jurgondorgo Alladan bolup ele juroguno iyman kirip eldi oylono bashtabasa, azir baarinin kozun may basip kurultaydi isik koldoy et,ala koldoy chik menen otkoruugo jandalbasatap jatiwat.

кимден: немис каяктан: Германия
12.02.2010 03:18
Кыргызстанда азыркы кошоматчылардын бийлигине каршы бир эле оппозиция (БЭК) күрөшүп атат, башка эч кимдин иши жок, эл эмнени күтүп атат белгисиз? Балким, элдин БЭКтин мүчөлөрүнө ишенич аз болуп атабы? же чыныгы патриот лидерди күтүп атышабы, элдин арасынан чыгып калабы деп үмүттөнүп? Ким билет? Эгерде эл чын эле ошентип чыныгы лидерди үмүттөнүп күтүп отура берсе, болбойтко, себеби азыркы коррупциялашкан бийлик, өзүнүн чөнтөгүн эле ойлошуп атып, Кыргызстанды жеп-жутуп жок кылышат ко? Максим президент болуп калса, кыргыз мамлекетин дүңү менен сатып жиберип, башка өлкөгө качып кетпейт деп ким кепил боло алат? Азыр жегич бийлик Кыргызстанды жеке менчик бизнес фирмага айлантып алышты, билгениндей элден түшкөн салыкты, кыргыз элине тиешелүү байлыгын, чет өлкөдөн келген инвестицияларды өзүнүн жеке максатына колдонуп атышат.

кимден: нактабек каяктан: нактастан
11.02.2010 23:41
Кайактагы курултайды айтасынар ? Курултайга катышчулар дужурлор. Кыргыздын башында Салий атанын балдары турганда КЫРГЫЗДАР онолбойт. Булар курутса курутат бирок жыргатпайт. Докем (Садырбаев) раматылыгы айткандай "Кайран элдин" кыргыздын, шору али алдыда окшобойбу. Озубуздо да (кыргызда) куноо бар. койго окшоп журсок, ынтымагыбыз жок. Тузукмун деген кыргыздын баары кошоматчы, коркок, майдачыл сайпана болуп бутту. Арыбызга качан келебиз ? Же качан жок болобуз деп журо беребизби? Чогу чаран баш которуп, мындай болбойт ээй эл башындагылар деп качан айтабыз?

кимден: Амантур каяктан: Бишкек
11.02.2010 23:04
Ушул Нариманга ким соз берди? Откондогу ишин унуттубу? Ушинтип бир маскасын алып, экинчисин кийип алып акылдуу болуп суйлой берет тура! Ошол ак кепкачандардын ыргыткан ташы азыркы ажого тийгенде эмне болот элен???...

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)