Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:31

Эл үнү

Бишкек дүйнөнүн эң кир шаарларынын тизмесинде 14-орунда

“Trend” агенттиги, “Business Week” жана NYC Partnership Consulting эл аралык уюмдары дүйнө жүзүнүн эң булганч шаарларынын тизмесин түзүп, алардын катарына Кыргызстандын борбор калаасы Бишкек киргенин билдиришти.

Февраль айында айрым окуучулар Бишкек шаарынын тазалыгы үчүн үгүт жүргүзүшкөн.
x
Февраль айында айрым окуучулар Бишкек шаарынын тазалыгы үчүн үгүт жүргүзүшкөн.
Текст көлөмү - +

Мындай тыянак абага зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгышы, таштандылардын кайра иштетилиши жана жугуштуу инфекциялардын тарашы сыяктуу бир катар көрсөткүчтөрдүн негизинде чыгарылган. Ал эми аталган тизменин башында Иран, Кения, Каир жана Египеттин шаарлары турат.

Эл аралык “Тренд” агенттиги дүйнө шаарларынын тазалыгы тууралуу жарыялаган баяндамасында Бишкек шаары 14-орунга татыган. Аталган агенттик мындай жыйынтыкты абанын булгануусу, ичкен суунун тазалыгы жана инфекциялык ооруулардын таркалышы сыяктуу көрсөткүчтөр менен негиздеген.

“Тренд” агенттиги белгилеген бирден бир көрсөткүчү - бул абанын булгануусу болгон. Шаардын жаш тургуну Токтобек Омокеевдин оюнда мындай маалымат чын болушу мүмкүн. Ага унаалардын көбөйүшү жана алардын эски болгону себеп:

- Мындай маалымат толугу менен эле объективдүү, себеби бизге келип жаткан унаалардан техникалык көзөмөлдү өткөндөрү да бар, өтпөгөнү да бар. Көп жылдардан бери колдонулуп жүргөн унаалар көп. Азыр ар бир үй-бүлөдө эле эки-үчтөн унаа бар. Экинчиден, азыр кыргыз эли көчөдө басып баратып, колундагы таштандысын ыргыта турган болсо андай урналарды таппайт. Анан ал таштандысын чөнтөгүнө салып жүрбөйт да. Албетте туш келди жерге ыргытышат. Бул да шаардын булгануусуна алып келет.

Бишкек шаарынын кир шаарлардын катарына кошулушунун дагы бир көрсөткүчү - инфекциялык ооруулардын жайылышы. Буга Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык эпидемиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Курманбек Өмүралиев каршы пипкирин “Азаттыкка” билдирди.

- Мындай көрүнүш элдин миграциясы менен байланыштуу, себеби аны аныкташ үчүн биз ооруулардын санын шаарда расмий катталган адамдардын санына бөлөбүз. Эгер расмий түрдө шаарда сегиз жүз жетимиш миң адам болсо, факт менен алганда бир жарым миллион болуп атпайбы. Ошондуктан көрсөткүчтүн жогору болгону тазалыкка эч кандай тиешеси жок. Тескерисинче, акыркы 10-15 жылдары ашказандын инфекциясын 27 пайызга төмөндөттүк. Ошол себептен бизди төмөн койгонго эч негиз жок. Суубуз болсо дегеле таптаза. Бишкектен чыккан артезиан булактары жана жердин астындагы сууларыбыз бактериологиялык жактан да, микробиологиялык жактан да биздин мамлекеттик жана эл аралык талаптарга жооп берет.

“Тазалык” муниципалдык ишкананын башчысы Замирбек Асанбаевдин айтымында, былтыр аталган ишканага “Минск” унаа куруучу заводдон жыйырма беш унаа бөлүнгөн. Жалпысынан бир жарым миң киши шаарда тазалык иштерин жүргүзүп жатат жана эки жүздөн ашык техника иштейт. "Мындай көрсөткүчтөр тазалыкты сактоого толугу менен шарт түзөт жана ишкерлер түнүкүсүн да иштеп жатканы деле чоң жетишкендик" дейт Замирбек Асанбаев.

Ал эми Бишкек шаарынын жаратылышты коргоо инспекциясынын башчысы Болот Аксамаев Бишкек шаарын көрктөндүрүү иштери ийгиликтүү жүрүп жатканын белгиледи:
- Шаарыбызды жашылдандыруу боюнча азыр көп иш-чаралар жүрүп жатат жана кырдаал жылдан жылга жакшырып баратат. Былтыр эле Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулушу тарабынан жаш теректерди отургузганга тогуз миллион сом бөлүнгөн. Быйыл ал көрсөткүч он беш миллионду түздү.

New York City Partnership Consulting өңдүү эл аралык уюмдардын Бишкек шаарын эң булганган шаарлардын тизмесине киргизиши өкүнүчтүү көрүнүш, бирок эгер ар бир атуул гигиенаны сактап, жаратылышка болгон мамилесин өзгөртсө, буга окшогон маселелер көтөрүлбөйт эле.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Ruslan каяктан: Korea
07.04.2010 16:24
Da kir bolso emne eken osho dagy janylykpy^^^
"problemany problema kyluu bul problema"
Bir biribizdi jamandabai^^^ar biribiz tazalyka umtulaly jana jardamdashaly!!!
Bir kyny en taza sharlardyn biri bul Bishkek bolot ishengile!

кимден: Асан каяктан: Москоу
05.04.2010 06:46
Чынында Бишкек кир.Мисалы Ош базары тараптагы Кулиев көчөсүн карагыла-эмне дешти да билбейсиң!!! Чиновниктер эмнеге актанат-баарын көрүп турабыз го!

кимден: Aika каяктан: Arslanbap
28.03.2010 15:46
Kyrgyzstandan kichine kanchalagan өлкөлөр kandai taza, kandai өnүgүp jatyshbaiby.Kantip ushul biyliktegiler normal'nyi ishtei alyshbait!!!Toktobek Omokeev aitkany tuura, kolunda jep baratkan nerselerin tush keldi jakka yrgytyshat, aityp oltursan tolup jatat. Kyrgyzstanda bir ishtein degen kishi jok, baary ele ozunun paidasyna chyrkashat. KP 14 chu emes 1 orunga chygat!!!

кимден: Кыргызбай каяктан: Кыгызия
28.03.2010 02:43
Ушул санэпиддин башчысы суйлобой эле койбойсунбу! Уят го каратып туруп калп айтканын. кандай иштеп атканынырды баарыбыз эле билебиз.

кимден: Кыргыз каяктан: Москва
27.03.2010 23:45
Чынында Бишкек кир. Мен кошулам. Андан дагы куйо турганыбыз бул Бишкекти, биздин козго басар чон шаарлардын бирин, Мактанып айта турган борборубузду болок элдердин каттардагы шаарлары менен салыштырганда 14-орунга туш келип отурат окшойт. Бул жагын да такташ керек экен. Таштандынын иштетилбей турганы калп эмес, зыяандуу автомашиналардын толуп кеткени чындык, 1,5 млнга жетерлик калкы бар шаарды тазалаганга 1,5 мин адам жетишпеси белгилуу. Жетшкен кундо да бул жакшы уюшулган эмес. А больницаларда технология жетишпейт, жакшы билимдуу врачтар да жетишпейт себеби айлыктын аздыгынан кетип калышкан. Коррупция. Элдин денгээли да томондогон. Себеби мектептен эле жакшы билим берилбейт.

кимден: Nurlan каяктан: bishkek
27.03.2010 19:20
degi kudayga shugur degen kun blobu shaarybyz kundon kungo tazaryp jasharyp baratkanyn kim chetke kaga alat tuura bashka shaarlarga karaganda kirdir birok azyr jakshyryp kele jatat
TAZALYK bul adamdyn ozunon ozu taza emes dele biylikke shyltap koiuu bul tuura emes

кимден: Aijamal Tasin каяктан: New York shaary
27.03.2010 17:28
Nujno bilo dat otsenku ne 14, a 4 ili eshe nije, jiteli Bishkeka sami ne zamechaut kakim vozduhom vinujdeni dishat, blagodaria tuposti zakonov, ili skoree bezzakonia pravitelei kasatelno zaboti sobstvennih grajdan. Bila v Bishkeke v 2007 godu, vinujdena bila vse vremia zakrivat nos.

кимден: ai каяктан: jer
27.03.2010 17:23
Bul Bishkek kir emes,builiktin kirligi!

кимден: bakyt каяктан: Stockholm
27.03.2010 15:51
Чындап эле өкмөт уюштурган курултайдын акчасына шаарга миңдеген көчөт ашык тигилип жашылдана түшөт эле.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.03.2010 15:37
Ынтымак курултайына корогон акчаны шаардын тазалыгына жумшаса, пайдалуу болмок.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2313 - жалпы саны)

Жылдыз: Шаамерчем агайдын сунушу өтө кызык экен. Ал латиницанын "latviesu" делчү вариантын колдонуп жазса ... Толук

Сөз таануу