Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:30

Саясат

Курултай урматы жана убайымы

Коомчулук арасында Урмат Барктабасов жетектеген “Мекен Туу” партиясы 5-августка белгилеген элдик курултай учурунда башаламандык болуп кетиши мүмкүн деген имиштер айтылып жатат. Ички иштер министрлиги курултай маалында тартипти сактоо үчүн даярдыктар көрүлгөнүн, кооптонууга негиз жок экенин жар салды.

Текст көлөмү - +

Серепчилер эл арасында түрдүү ушак-айыңдардын тарашын парламенттик шайлоо алдында саясий күчтөрдүн активдешип жатканы менен мүнөздөшүүдө. Шайлоо мөөнөтү расмий жарялана элек болсо да саясий партиялар өздөрүнүн үгүт иштерин жасап, элге өз программа менен сунуштарын таратып жатканы маалым.

Маселен 5-августта Урмат Барктабасов жетектеген “Мекен Туу” партиясы Бишкектеги эски аянтта Элдик курултай өткөрүп, анда азыркы абал, андан чыгуунун жолдору, Кыргызстандын келечеги кеп болору айтылууда. Алдын ала баракчалар таратылып, курултайга келүүгө чакырыктар ташталган. Бул коомчулук арасында түрдүү кооптонууларды, башаламандыктар орун алып кетиши мүмкүн деген имиштерди пайда кылды.

 

Урмат Барктабасов

Урмат Барыктабасовдун айтымында, 5-августта боло турган курултайга республиканын бардык аймактарынын 30-40 миңдей адам келери күтүлүүдө:

- Элдин тынчы кетип, түштүктө, түндүктө болгон окуяларга кыжалат болуп турат. Эл бүгүнкү күндө калыстыкка, адилеттикке муктаж. Ушул маселелер орду-орду менен турса эле кырдаалдан чыгып кетебиз. Салтка келип Элдик курултай өткөрүп, пикет кылып, элдин тынчын алып аткандарга ушул кырдаалдан кандай жол менен чыгыш керек деген маселени койсок деп турабыз.

Саясат талдоочу Кубан Абдымендин баамында, азыркы “Мекен Туу”, мурдагы “Мекеним Кыргызстан” партиясынын мурда жасаган иштери элге белгисиз болсо да мындай кооптонуулар жаралмак эмес.

2005-жылы президенттикке талапкерлигин койгон У. Барыктабасовдун жактоочулары ошол жылы 17-июнда массалык акция уюштуруп, Ак үйгө кирип барышкан. Буга байланыштуу укук коргоо органдары тарабынан Урмат Барыктабасовго кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган болчу. Ал беш жыл чет өлкөдө жүрүп, 13-июнда Дубайдан Бишкекке учак менен келген.

К.Абдымендин айтымында, ар кандай ушактарды болтурбоонун бир жолу бар:

 

Кубан Абдымен

- Ушак-айыңдар бекер жеринен чыкпайт. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей эле кеп болуп атат. Муну болтурбай коюнун бир гана жолу бар. Ар бир партия, ар бир саясий топ өздөрүнүн иш-чарасын жарялар алдында “мыйзамдын чегинде гана иш алып барабыз, андан ашып өтпөйбүз” деп расмий жарыялап койсо бул көнүмүш митингдердин бири катарында кабыл алынмак. Ал эми азыркы бийлик дагы катуу даярдангандарын маалымат каражаттары аркылуу көп айтып, элдин дүрбөшүнө түрткү болуп атат.

У.Барктабасов мындай ушак-айыңдар аларга да жетип жатканын белгилеп, ар кандай күчтөр курултайды болтурбоо аракетин көрүүдө деп эсептейт. Анын айтымында, курултайдын катышуучуларынын коопсуздугун сактоо үчүн элдик кошуундардын 15 миңге жакын адамы тартылган. Ошондой эле анын айтымында, курултай тууралуу тиешелүү органдарга маалымат берилген:

- Биз элдин таламын талашып жатабыз, так талашкан жокпуз. Элдин каалоо-тилеги бар, аны эске алыш керек да. Бизден курултайдын катышуучуларынын коопсуздугун сактоо үчүн 15 миңдей элдик кошуундун балдары, спортчулар аракет жасап жатышат. Бизде да бийлик тараптагылар, үчүнчү күчтөр курултайды болтурбоо аракетин көрүп жатат деген маалыматтар бар. Бирок биз ага жол бербейбиз деп ишенип атабыз.

Ал арада “Ата мекен” жана Социал-демократтар партиялары 5-августка карата ыктыярдуу элдик кошуундарды мобилизациялай башташты. “Ата мекен” партиясынан билдиришкендей, мындай чара 5-августта Бишкекте баш-аламандык болот, митингдер өтөт деген сыяктуу кеп-сөздөрдүн көбөйүшүнөн улам жана талап-тоноочулук орун алып кетпесин деген максатта колго алынууда.

 

Убактылуу өкмөткө каршы өткөн митинг, 16-май 2010-жыл

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Зарылбек Рысалиев У. Барктабасовдун жактоочулары уюштуруп жаткан курултайды мыйзамсыз деп эсептейт. Анын айтымында, курултайды өткөрүү боюнча маалымат алдын ала Бишкек шаардык мэриясына да, шаардык  милицияга да берилбептир:

- Бүгүн милиция жалгыз эмес. Милиция эл менен. Эмнеси болсо да ал Бишкекке келсе аны кармап, мыйзамдын алдына тартабыз деген кызматкерлер көп. Биз кайра башынан 2006-жылдай болуп шерменде болбойбуз. У.Барктабасов биринчиден, Казакстандын жараны. Казакстандын жараны келип Кыргызстанда курултай өткөргөнгө укугу барбы? Эгер ал мыйзамды түшүнгөн акылдуу болсо 12 күн мурда келип маалымат берип коюш керек эле. Митинг өткөргөнүнө деле каршы эмеспиз. Бирок тынчтыкты сактайлы деп атабыз. Биз Бишкекти жүрөгүбүз менен коргойбуз.

5-август күнү Бишкек шаарында жалпысынан 2500дөн ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн режимде иштеп, аларга катарында он миңдей адам бар элдик кошуундар көмөк көрсөтмөкчү. Элдик кошуундун беш миңге чукул өкүлү бүгүн кечинде да милиция кызматкерлери менен бирге күзөткө чыгышат.
 

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Данбагар каяктан: Москва
06.08.2010 01:55
Жүрөгүндө жалыны бар жигит экен Урмат!
Чындыгына келгенде начар адамды эл эмес, катыны тосуп албайт.
Ушунча эл артынан, ээрчип жүрсө,жөн адам эмес!Бакиев менен байланышын , Дуйшебаев айтып жатат, ал калп болсо керек, Бакиевди кулатам ! -деп жүргөн, инсан эл душманы болойт. го? Кут конду дейси.............ңр кыргыздар, силерден кут качты.

кимден: adi каяктан: Бишкек
05.08.2010 14:30
Ошо жерге барып, Курултай эле курултай деп кыйкырып тургандан сурасан , эмне келдин? Барктабасов эл учун кылган иштерин айтып берчи? же каалаганын эмне? Жур , барып Роза эженин ордуна олтуруп , чеч ички да , тышкы маселени чеч десен.... Мен барып жон гана ушинтип сурасам - Озулоу билишпейт, эмне жургонун , эмне келгенин...ооздорун ачып , манкуртардай ырсандап кулуп турушат...

кимден: adi каяктан: Бишкек
05.08.2010 14:24
Москвалык КГ! Туура айтасын , мен да тажадым1 Мейли Барктабасовго окшогондорго бийлик керек экен, ошону ээрчигендерге эмне жок ? Мына алчы деп макул Роза эже ордун берсин , эмне кылат экен, кечээ темселеп качып жургон Барктабасов? Дегеле ал ким озу? Кыргыз учун эмне кылган экен? Кечээ гана келип алып , эми торду талашабы? Койчу мен да эми Кыргызстандан кетиш керек болуп калды... Мурда кыргызмын деп мактанчу элем , эми паспортту алмаштырып бирин олуп , бирин кал деп кетиш керек болуп калды...
Оштук Гуля! Политиктер тажаттынар депсин, ой мээси жок манкурттар аларды ээрчибей койсо эмне кылат экен ошол поитиктер! Элдин озундо болуп жатпайбы? 1 сом берсе аны ээрчип,10 сом берсе муну ээрчип... Менин уйумдо оокатым бар, балдарымды багыш керек деп жатып алсынчы..ким аларды сабап алып кетет экен ? курултай - мурултай деп чыгарып алышып эле жинди боло беришет!

кимден: Азамат каяктан: Екатеринбург
05.08.2010 14:21
Ушундай корунуштор абдан тажатты да элди,апрель,июнь окуяларынан аран эс алып кичине тынч жашоого отуп, келечектен умут кылып жашай баштаганда эми кайра чыга баштады,качан токтойт,же ушинтип эле жаз келгенден кышка чейин митинг пикет болуп эле журо беребизби,башка иш кылбай.Мына Бишкекте анча мынча соода кылган элдер дукондорун жаба башташты дагы тоноп кетет деп кооптонуп,дагы эмне болуп кетет деп ичтерин ойлонуп кутуп отуруп калышты,качан токтойт,болбодубу ушинтип эле БИР билермандын артынан ээрчип чыга беребизби.Мен Урмат Барктабасовду колдойм деп да,колдобойм деп айтпайм,себеби ал кишинин кылган ишин,суйлогон созун уга элекмин.Ушинтип ызы чуу болуп тополон боло берсе мамлекетибизди болуп кетишет го бытыратып,болбодубу токтобойсунарбы.Андай болсо Жириновский айткандай Россиянын дагы бир федеральный округу болуп кошулуп жашайлычы,мамлекетти ойлогон киши жокко бизде,кимисине ишенип кимисинин колунан келээрине деле коз жетпей калды.Озу эле жакыр жашаган эл акыркы болуп откон жана болуп аткан окуялардан сон ого бетер жакырчылыктын сазына батып калгана калдык го.Соз суйлоп,митинг,пикт уюштургуча,колундан келишинче мамлекетке жардамынарды берип иштегилечи,мамлекет жок болуп кетээрине аз калды Элим.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Жалал-Абад
05.08.2010 13:57
Элдин акчасын жеп качкында журуп анан келип алып кайра элим деп айтыштан кантип уялышпайт. Мындай адамдарды таптакыр жок кылуу зарыл. Мына казактар издоо салды бул акчасы менен Кыргызстанга келди. Азыр бул жерде ушинтип бир мандат алып албаса эртен казактар кармап олтургузуп салышат. Ушуну тушунгуло кыргыздар

кимден: Асангайгы каяктан: Теңиртоо
05.08.2010 13:41
азыркы өкүмөт тазалануу сайасатын жүргүзбөй катаа кетирди. коркуп кылчактабай еле бийликди тазалап жаңы муундардын өкүлүн алып келгенде мундай болбойт болуучу. елдин жаагы жап болуп жүрүшкө чыкбайт болуучу. бул жүрүштү урмат баштагандай болгону менен амалыйатта елдин идийасынан өткөн иш болууда. елди кижирткан иш бийлике мурдакы еле чириктер келгени болду. ел азыр өздөрүн карманалбай араң еле турат. Отундун кызы Орозо саал еле дыкат кылбаса иш өтө чатагына чалып калды. бардык ишке азыркы өкүмөт күнөөлү. кырдаалды оңшойун десе ел алдына чыгып бийликти тазалоо тууралу убадасын берсин. ошондо ел тынчыйт болбосо ушундай еле боло берет. өкүмөт ал күч, бул күч деп башкалардан оошо санабасын. болгону елдин күчүнөн корксун. ел өзү ким екендигин канча жолу көрсөттүго. дагы еле елден коркуп елдин таламы менен есептешбесе зор катаалык өткөрө берген болот. бийлике айтар сөз елдин суроо талабын аткар.ошондо анан ел тынчыйт. иш алдыга жылат. андай болбойт екен аңтарыла бересиң. тамам.

кимден: Damir каяктан: Kyrgyzstan
05.08.2010 13:28
Chyndygynda mamleketbiz, tataal uchurda turat. Ekonomikalyk jana moraldyk jaktan ayabay muktaj bizdin olkobuz! bul uchurdan chyguu uchun bizge chynygy lider kerek! Bolboso olkobuz chachylyp ketuu korkunuchunda turat! menin aytaarim, Azirky olko bashchylary, Barktabasovko uruksat bersin! Turam - turguzam degen elder kop kyrgyzda, ushunday but tosmoolordun natiyjasinda ishke ashpay kelet, eger araket kygylgan adamdardy koldop, aldyga turtsok, jardam bersek, mamleketibiz tez ele onugup ketmek!

кимден: Рома каяктан: Ошингтон
05.08.2010 13:28
Курултай откоргучо шайлоого дайярданбайбы, курултайга жумшаган каражатты Ош Жалалабадка бир нерсе куруп же ондоп берсе, элдин козуно да корунуп, сооп иш да болмок.

кимден: МИР каяктан: КЫРГЫЗСТАН
05.08.2010 13:16
уб окмот озуно озу ишенбей калгандай корунот. мындай чон, тоо бар экенин алдын ала эле сезген бирок бугунку кундой элестеткен эмес. урмат барктабасовду ото бай адам дейишет,россия колдойт деп уканмын. эмнеси болсо да кыргызстан тынч болсун,чогулушту маданиятту откорушту уйронолу кыргыздар!!! курултайга эл каршы эмес. бардык партиялардын укугу бирдей чогулуш откорсо болот же ата-мекен,сдп,бек дегендерге курултай откорсо болот, а урмат,камчы, адахан,феликске окшогондорго болбой. булар эмне адам эмеспи? бул кишилердин да озуно жараша колдочулары, шайлоочулары, бар!!! бийликтегилер ыйманду болушуп паракордук азайып жакшы иштесе. кыргызстан! да алдынкы бай! олколордун катарына кошулат. куда кааласа онуголу! бай олко! бололу! оомин(((((

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
05.08.2010 12:36
ушунун баарын жасагандар Акаев, андан кийин Бакиев! Элди башкарыш керек болчу, чарбаны жана саясатты ондоп-туптоп кетишсе... мына аягын коруп отурабыз..Роза Исаковна колунан келбейт окшойт эл башкарганды. Мына Барктабасовду Ак уйго чакырып туруп аны менен ачык суйлошсо болмок. Мисалы: Урмат, сен курултайды откоз, биз сенин колдоочуларынды кайтарып берели, бирок милдетин ал, элди кайра тарат, дурботпо деп соз алса балким тынч тарайт беле. Эми мына ызы-чуу гуругуу...
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)