Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Курманбек Бакиев Минскиде


Курманбек Бакиев Жалал-Абаддын Тейит айылында, 2010-жылдын 15-апрели.
Курманбек Бакиев Жалал-Абаддын Тейит айылында, 2010-жылдын 15-апрели.

Беларус президенти Александр Лукашенко бүгүн Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Минскиге 19-апрелде келгенин билдирди. Кулатылган президент Курманбек Бакиев 15-апрелде Кыргызстандан кошуна Казакстанга чыгарылып кеткен эле.

Президент Александр Лукашенконун шаршемби күнү Беларус парламентинде маалымдашынча, Кыргызстандын мурдакы президенти Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен 19-апрелден бери Минскиде жашоодо:
Александр Лукашенко

- Дүйшөмбү күнү тийиштүү кызматтарга Бакиевди Минскиге алып келүүнү уюштурууну буйрудум. Ал өзү бир нече жолу суранды. “Аэропорт жабык” деп айтышканын, “Силер аскер адамысыңар, бул (Бакиевди алып келүү) силердин ишиңер” дедим. Ошентип, Бакиев дүйшөмбү күнү Минскиде болду.

Лукашенконун сөзүнө караганда, Бакиев жана анын үй-бүлөсү шейшемби күнү медициналык текшерүүдөн өткөн жана аны менен кошо аялы, 9 жашар кызы, ошондой эле 5 жашар уулу Белоруска алып келинген.

Кечээ күнү Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин улуу өкүлү Ильяс Омаров “Азаттыктын” казак кызматына телефондон берген интервьюда Курманбек Бакиевдин өлкө түштүгүндөгү Тараз (мурдакы Жамбул) шаарынан чыгып кеткенин тастыктап, бирок кай өлкөгө кеткенин айткан эмес.

Беларус президентинин "Бакиев аялы, 9 жашар кызы жана 5 жашар уулу менен келди", - деп айтканы кыргыз коомчулугунда түкшүмөл суроолорду пайда кылууда. Анткени буга чейин кыргыз коомчулугунда Курманбек Бакиевдин мындай жаш балдары бар экени ачык айтылган эмес. Эл анын Марат жана Максим аттуу уулдары бар экенин гана билген.

Бирок ал өлкөдөн чыгарылгандан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров Курманбек Бакиев менен кошо расмий эмес үчүнчү аялы балдары менен кеткенин айткан.

7-апрелдеги ыңкылапта тактан кулатылган президент Курманбек Бакиев ошол күнү кечинде кичи мекени - Жалал-Абаддын Тейит айылына барган. Андан соң кызматтан кетпесин айтып, кичи мекенинде Убактылуу өкмөткө каршы митингдерди уюштуруп, 15-апрелдин кечинде Жалал-Абаддан атайын учак менен Казакстанга кеткен. Бул иш Казакстан, Орусия, АКШ президенттеринин жана эл аралык уюмдардын кийлигишүүсү менен жүзөгө ашканы айтылган. Курманбек Бакиев Казакстанга барган соң кызматтан кетүү боюнча арыз жазып бергени кабарланып, бирок анын андан ары кайсы жакка кеткени белгисиз болуп жаткан эле.

XS
SM
MD
LG