Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 08:09

Маданият

Дүйнөнү багындырууга умтулган Ариaна Касымбекова

Казакстандын Алматы шаарында өткөн “Кичинекей сулуу” аттуу сулуулардын сынагында кыргызстандык 9 жаштагы Ариaна Касымбекова баш байгеге ээ болду. Сынакты Казакстандын “Fashion House International” уюму уюштурган. Жеңүүчү деп табылган Ариана Касымбекова Европа жана АКШ өлкөлөрүндө өтө турган сулуулар сынагына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Текст көлөмү - +
Кыздуу үйдө кыл жатпайт,
Кыл жатса да тим жатпайт.
Сылык болуп кыз бала
Улууларды урматтайт.

Жалкоолукка качпаймын,
Жардам берем апама.
Тазалыкты сактаймын,
Кир жугузбай жакама.

Атакеме нур кызмын,
Башкаларга бир кызмын.
Бирок билсин бүт дүйнө,
Мен сыймыктуу кыргызмын!

Мына ушинтип өзүн тааныштырган Ариана Касымбекова 9 жашта. Казакстандын Алматы шаарында өткөн “Кичинекей сулуу” аттуу сынакта баш байгеге ээ болуп, жалпы кыргыз элин кубанычка бөлөп турган кези.

Ариананын айтымында, сынакка катышуу ал үчүн кыйынчылыктарды жаратпай койгон жок. Анткени 100дөн ашык ар улуттун өкүлдөрү катышып, ар кимиси түрдүү таланттарын тартуулашкан.

Уюштуруучулардын белгилешинче, Ариана калыстар тобун шаңдуу бийи, жүзүнөн кетпеген күлкүсү жана кийип чыккан өзгөчө кийимдери менен таң калтырган. Сынакта “Кукараччо” бийин тартуулагандыгы тууралуу Ариана буларды айтты:

- Бул абдан кызыктуу бий жана аны шаңдуу бийлеш керек. Ошол себептен сынактардын алдында жакшы бийлеп чыгуу үчүн мен көп даярданам. Бул бийди үч эле сааттын ичинде үйрөнүп алгам. Бийге абдан кызыгам. Ошол эле учурда келечекте мыкты хирург болсом деп кыялданам. Ошон үчүн сабактарды жакшы окуганга аракет кылам.

Ариананын тайэнеси Таажыкан айымдын айтымында, небереси өзү теңдүү курбуларынын арасында ар дайым алдыда жүрүүнү самайт. Ариана эч качан артта калгысы келбейт, себеби ал көздөгөн максатына жете билген кыздардан.

- Бардык жерде алдыда болуп, лидер болууну самайт. Өзү кишилерге көп жакындабайт. Бирок бир жакын болуп алса өмүр бою дос болот деп айта алам. Бир ишти баштаса так өз убагында бүтүрүүгө аракет жасайт.

Сынактын катышуучулары төрт номинация боюнча күч сынашкан. Калыстар тобу катары мода дүйнөсүндө белгилүү болгон атактуу дизайнерлер катышып, жаш үрүмдөрдүн талантына мыкты деген баа беришкен. 100дөн ашуун ар улуттун өкүлдөрү бири бий бийлеп, экинчиси комузда ойносо, айрымдары тэйк-ван-до сырларын тартуулашкан.

Ошентсе да Ариана таланты менен өз атаандаштарын артта калтыра алган. Сынакта гран-приден тышкары Европа жана АКШда өтүүчү бардык сулуулар сынагына катышууга жолдомо алды.

“Дизайн мода” агенттигинин жетекчиси жана Арианын окутуучусу Замира Ибраимованын айтымында, сынакта биринчиликти алуу оной болгон жок.

- Чынын айтыш керек. Көп кырдуу таланттуу балдар катышты. Бийден баштап, спорттун түрлөрүнө чейин ар кандай номерлерин тартуулап жатышты. Биринчи орунга ээ болгон Ариана 2011-жылдын жаз мезгилинде Кыргызстандын атынан Венгрияда өтүүчү сынакка катышууга жолдомо алды.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында борбор каалада өткөн “Кичинекей бийкеч” жана “Кичинекей мырза” аттуу сынакта Ариана биринчиликти жеңип алып, “ Кичинекей бийкеч” наамына ээ болгон. Жаш болсо Кыргызстандын атын таанытып жаткан таланттар тууралуу Кыргыз Республикасынын эл артисти Роза Аманова буларды айтты.

- Мен чындыгында күткөн эмесмин. Биринчиден, ушул өңдүү сынактардын уюштуруучуларына ыраазычылык. Андан соң ата-энелерине жана бул балдарда балалыктын руханий гүл азыгын үрүп аткан окутуучуларына ыраазымын. Сынакты көрүп отуруп канча күндөн берки эмгектери, даярдыктары байкалып турат. Арианага кааларым ак жол.

Эң алгачкы сулуулар сынагы 1888-жылы 19-сентябрда Белгиянын Спа деген шаарчасында өткөн. Ага 350 бийкеч катышып, биринчи орунду алгачкы жолу гваделупалык 18 жаштагы Берта Сюкарет жеңип алган.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кыргыз кызы каяктан: Бишкек
06.09.2010 11:45
Менин оюмча бул кыз врач, шоумен Турат касымбековдун кызы болуш керек. Турат ага дагы, к\п кырдуу талант. Мыкты дарыгер, эл алкышына татыган инсан. Андай болсо, атанын кызы деген бийик наамды алып жүрг\н Арианага баракелде!

кимден: Улан Акматалиев каяктан: Москва
05.09.2010 15:51
Азаматсын Ариана! Талантын ташкындай берсин. Кыргыздын атын алыска тааныта бер.

кимден: Рома каяктан: Карамык
04.09.2010 19:14
Ариана кыргыз кыздарынын бири. Эгер Кыргызстандан бир нече кыздар катышканда кыргыз кыздар утмак.
Кыргыз кыздары илгертен сулуу жана акылдуу болуп келген.
Ак жол сага карындашым Ариана. Ойлогон ой максатына, тилеген тилегине жет жана ата-энене чон рахмат сени остуруп тарбия бергенине.

кимден: Isken
04.09.2010 14:50
Арияна жарайсың!!!!!!!!!!
Ийгилик калаймын!!!!
Аман бол!!!!
Кыргыз деген аты бийик көтөрүп жүргүн!!!!

Терең урмат менен,

кимден: колдук кыз
04.09.2010 09:41
Ариана сага чон-чон ийгиликтерди каалайм! Жарайсын, Молодец!!!

кимден: Gulumkan каяктан: Germaniya
03.09.2010 23:03
Azamatsyn Ariyana! Talantyn orkundoi bersin! Duinonu bagyndyra kyrgyz dep jar salgyn! Kelechekte kyrgyzdyn aldynky jashtarynan boluuna tilekteshmin....

Онлайн шерине