Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:25

Кыргызстан

Баткен: чек арада кырдаал тынчып калды

Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков Баткен облусуна барды. Ал Согмент жана Чарбак айылынын тургундары менен жолугушууда. И.Исаковду Баткен облусунун губернатору Султан Айжигитов жана чек ара кызматынын жетекчиси Курманакун Матенов коштоп жүрөт.

Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков.
x
Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков.
Текст көлөмү - +
Бул тууралуу облустагы кабарчыбыз Жеңиш Айдаров "Азаттыктын" түшкү обосунда суроолорго жооп берди.

- Жолугушуу туурасында эмне сөздөр айтылды?

Жеңиш Айдаров: Бир аз мурун Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү генерал И.Исаков Согмент айылынын жашоочулары менен жолукту. Ал жерде кечээ өзбек жана кыргыз тараптын жолугушуусундагы жетишилген макулдашуулар тууралуу кенен түшүнүк берип, мындан аркы кадамдар тууралуу айтты. Согмент эли менен Хушяр элинин жайыттарды жана сууну биргеликте пайдалануу тууралуу түшүнүктөр берилип, ушу тапта И.Исаков мындан бир жума мурда жабылган Чарбак айылынын четиндеги жолдо турат. Бул жерде Хушяр айылынан жүздөй адам чогулган. И.Исаков чек ара кызматкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, жол азырынча ачылган жок.

- Кечээки макулдашуунун негизинде иш-чаралар башталдыбы? Сох анклавында тосмолор тосулат деп айтылбадыбы?

Жеңиш Айдаров: Кечээки макулдашуулардын эң алгачкыларынан болуп азыр эле бизге облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Бусурманкул Турусматов маалымат берди. Ал кишинин айтымында, өзбек тарап бизге Хушяр, Сох анклавындагы аскердик оор техникаларын Кыргызстан аймагынан Өзбекстандын негизги бөлүгүнө алып кетүү жана күзөт коюу үчүн атайын МАИлердин унааларын сурап жатат.

- Кечээ элдер чогулуп жатты деген маалымат болду эле, алар тарадыбы?

Жеңиш Айдаров: Ооба, кечээ Сох анклавы менен Өзбекстандын негизги аймагын байланыштырып турган Жаш-Тилек айылындагы жол тосуп тургандар жолугушууда макулдашууларды уккандан кийин тарап кетишкен. Согмент, Чарбак айылында да чогулгандар тараган. Болгону элдик кошуундар бар, алар айылдардын коопсуздугу үчүн гана турушат. Ушу тапта Хушяр айылынан жүзгө жетпеген атуулдар жол тосулган жерде гана топтолуп турушат. Чек арачылар ошол жерди тосуп турушат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Baktybek каяктан: Kytai
03.06.2010 08:53
Ataganat ai azyrky Ubaktyluu Okmotto Ismail Isakov bolbogondo azyrky abaldagy bytyragan kyrgyz elim kandai gana kyiyn kungo tush bolmok,azamatsyz Isakov!Al emi kalgany el uchun dep eldin atyn satyp ozdorunun kamyn oilogoncho elge chygyp el menen jolugushpaiby?Ak uidon chygyshpait,ushuk urup kete turushkansyp."Azattyk" kandai kylyp biz da internet arkyluu azyrky Ubaktyluu Okmottun adamdary menen tuzmo-tuz suroo beriship suilosho alabyz?Sizderde ushundai bir sunushtar barby?Rahmat.

кимден: Мелис каяктан: Ош
02.06.2010 20:47
Исмаил Исакович! Бизди сизди Кыргызстандын президенти катары коробуз! Сизге ишенебиз жана колдойбуз! Шайлоо ат салышыныз, мисалы менин тааныштарым бут сизге ишенет жана добуш беришет. Сиз азыркы убактылуу окмоттун окулдоруно окшоп тележылдыз болбой, интригага аралшпаганыз туура. Эгреде партия тузсонуз, дароо киребиз жана жардам беребиз. Ушиетип эл аралап, эл менен болуп журо бериниз!

кимден: Руслан. каяктан: Таян айлы.
02.06.2010 20:17
Баткендеги чыр калбына келди деп жазыпсынар. Албетте жайытты сууну берсенер калбына келетта. Чек ара маселесин чечпей туруп тосулган жолду ачпай туруп узбектер бузган копуроону ондотпой туруп жайтты сууну берип маселе чечилди деп Исаков элдин алдында суйлоптур бар жогуну берсе албетте чечилетта. Айбалаев кайра Баткенге алп келбесе ушулардын баары тынчыбайт. Чордор жайтты берседа аталган айылдын эли юербейт чыр токтогон жок.

кимден: кыргыз
02.06.2010 19:41
рахмат сизге исаков

кимден: Чындык каяктан: Ош
02.06.2010 19:15
Мен Роза эжени да Исаковду да колдойм.Роза эженин буга чейин Кыргызга кылган кызматын унутпайм.

кимден: Чындык каяктан: Ош
02.06.2010 19:12
Оштон Бакытка!!! Сен "Розадан коро..." депсин.Роза эженин бешигин терметтин беле??? Эмне учун сенсирейсин??? Маданияты жок неме экенсин!!!!!!! Качан Кыргызда журт башына ушинтип айтылчу??? Сен озундун атынды туура жазышты уйрон.Анан журт башына сын айтсан жарашат.Кыргыз тилинде адамдын аты чон тамга менен жазылат.

кимден: Wolf каяктан: New Zealand
02.06.2010 18:55
Ismail Isakovich Sizge Kyrgyz elinin batasy tiisin. Sizge jana Kyrgyzdarga baardyk jakshylyktardy tileym.

кимден: Тагайбий каяктан: Сеулдан
02.06.2010 18:37
Кыргызстанда Атамекен учун куйгнон потриот киши калбай калыптыр, себеби азыркы Атка минерлер бирда катуурак позицияга туруп Кыргызстандын пайдасына бирда суроо чечилген жок. Баардыгы Роза Отумбаева баш болуп бироолордун жетелоосундо журушот, жана ушундай кырдаалда корунуктуу жумушун корсотчу маалда, булар корунуктуу иш корсото албай жатат, мындан ары деле ушундай болмок болду, себеби бугунку куну возможность коп, кийин мындай возможность келбейт, УОкмот озун корсотконго иш жузундо. Иш корсотпой иштей албаганын сезгенде Уокмот былгытма элди алдамай саясат иштерин жасай башташты, мына жаны келгенде биз таза шайлоо откозобуз 6 айдын ичинде президенттик шайлоо болот деген, анан алардын президентике отоалбасына коздору жетип, себеби дагы кайталайын деерлик иш корсото алган жок. Ошол себептен саясат оюндарын башташты 86 олгон мекендештер жонундо унутуп калышты, кун сайын унутулуп баратат, аларга берген антарын. Созумдун акырында мына Казактар чегараны ачкан себеби, менин оюм боюнча, бул да саясей чечим болду, биздин пайдабызга эмес Казактардын пайдасына. Бул кыраакы Нурсултан Назарбаев баягы 4 понсиянатты жана Каркыраа жайлосун Убактылуу Окмоту кайра тартып албасын деп чегараны жаба койгон, эчкандай куралдуу Кучтор Казак тарапка отуп кетет деген ой менен эмес. Мына бул проблема боюнча дагы биздин Окмот коркконунан, ал пансионаттарга жана жайлоого тийишпейбиз деп Кепилдик бергенден кийин кана чегара ачылган. Мына ушуну УОкмот элге ачык айтып эле ошол себептен жабылып жатат, туура чечим кабыл алганча элди чыдап тургула, провокацияга алдырбай десе, Кыргыз эли андай жумуш учун, канча болсода чыдамак Каркырааны кайра кайтарып алганга. Эгерде Каркыраана кайтарып алсак сиздерди Манас атанын арбагы колдойт, Ошондуктан УОкмоттон суранарым кичине катуурак позицияга туруп Кыргызстандын пайдасына чечим кабыл алганырды каалайм. Бироого жетелетпегилечи Кыргыз элин жана Кыргыз мамлекетин.

кимден: Pulat каяктан: ozgon
02.06.2010 17:53
Исмаил Исаковга чөн рахмат Алла Талаа бул кишини буга охшогон элим деб журтум жашагандарди Өзу сактасин жамандардан!!! Омин.
мен узи Өзбекман бизга тинчлик буса булди шунинг учун яратган Аллохдан элимизга юртимизга бу ерда яшаган Кыргыз, Узбек, Орус,Уйгур хуллас кандай эл улут яшаса хаммаларига Аллохдан тинчликни омонликни сурайман доим бир биримиз билан тинч яшайлик мени Кадрли Тугандарим. биз ыинтымакта жашасак мамлекетивизде гулдойт балдарда жакши өсот. биздерди жаман жашашивизди куткон канча мамлекеттер бар ушулорго карам болвошивиз керек ар кандай нацислерди сузине кирвагила узунгерди аклингар билан булгила дейм тинч булгила.

кимден: Субанов каяктан: Баткен, Самаркандек
02.06.2010 17:45
Жолдош Генерал! Баткенге барганыныз дурус, бирок эч качан 1 мм жерди берүүгө жол бербеңиздер. Керек болсо сууну токтотууну күчөтөбүз деп блокадага алыңыздар.
Кудай колдосун Сизди.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)