Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:20

Кыргызстан

Б.Бешимов: Жыйырма жыл адашып жүргөнүбүз жетишет

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Б.Бешимов Кыргызстанда анын өмүрүнө коркунуч туулгандыгынан улам АКШга чыгып кеткенин “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

Текст көлөмү - +
"Азаттык": Бакыт мырза, Кыргызстанды таштап, Америка Кошмо Штатына кетүүңүзгө эмне себеп болду?

Б.Бешимов: Мен бул жакка келем деп эч ойлогон эмесмин. Андай план да болгон эмес. Кыргызстанда ар кандай кысым, коркунуч болгондо да акыркы күнгө чейин чыдадым. Бирок түздөн-түз булар өлтүрөбүз, деп чечим чыгаргандан кийин гана чыгып кеткенге аргасыз болдум. Мен эки жолдун ортосунда турдум. Же калсам булар сөзсүз өмүрүмө кол салат эле. Бул бийлик менен Кыргызстанга жакшы жол ачып берсем деген максатта күрөшөм деген чечимге келдим.

Аманбек Жапаров
"Азаттык":
 Бакыт мырза, сизди Жогорку Кеңеш депутаттык ыйгарым укугуңуздан ажыраткан чечимин кандай кабыл алдыңыз?

Б.Бешимов: Жөнөкөй эле кабыл алдым. Азыркы учурда парламент элдин турмушунда кандай ролду ойнойт? Эч кандай роль ойнобойт. Учурунда депутат Кубаныч Кадыровдун кол тийбестик укугун алып койгондо эсиме келди эле. Экс-президенттердин иммунитетинен ажыраталы, аларды жоопкерчиликке чакыралы деп мен демилге көтөрбөдүм беле. Ошондо жалпысынан бүт «Ак жол» каршы чыкпады беле. Анан К.Кадыровго келгенде эле аны иммунитетинен ажыратып койду. Азыркы парламент – бул парламент эмес. Бул элдин жыйыны эмес. Бул болсо бир ууч топтун курал-жарагы болуп жатат. Ошондуктан мен буга жөнөкөй эле карадым.
Азыркы бийликтин негизги максаты – бийликте отуруу, байлыкты топтоо.


"Азаттык": Сиз алыста жүрсөңүз да Кыргызстан тууралуу маалыматты кенен эле алып жатсаңыз керек. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын саясий абалына кандай баа бересиз?

Б.Бешимов: Кыргызстанда азыр бийликтин башында бир ууч топ отурат. Алардын максаты бийлик аркылуу эптеп байып алыш керек. Анан көп мезгилге чейин ошол бийликти кармаш керек. Булардын планы жөпжөнөкөй. Ошондуктан Коомдук палата деди. Эми Курултайды чакырып жатат. Өздөрү болсо көпчүлүк колдогон парламентти түзүп алышты. Ошолору аз келгенсип, азыр да колдоого ээ болгусу келип жатат. Бул алардын бийликке бош, кыйшык отурганын көрсөтүп жатат. Өздөрүнө өздөрү ишенбейт. Өз ара ичинде болсо эч бир биримдик жок.

Алайда И.Исаковдун бошотулушун талап кылган митинг. 10-февраль, 2010-жыл.
Азыр мына Алайда болуп жаткан окуялар эмнени билдирет? Биринчиден, бул ошол бийликтин ыдырашына жана бийликтин кулашына жол ачып жатат. Учурунда 2002-жылы Аксы окуясы ошондой жолго түштү эле да. Анан Кыргызстан үч жылдан кийин бийликти алмаштырганга аргасыз болду эле. Азыр деле Алайдагы окуя ушул бийликтин жок болушуна жол ачып берет. Албетте ага убакыт керек.

Бирок азыр элдин көпчүлүгү, айрыкча түштүктө түшүнүп калды. Бул бийилик менен сүйлөшүү же бир тынч жол менен тил табуу мүмкүн эмес, ошондуктан радикалдуу күрөш жолуна өтөт. Үчүнчү жыйынтык чыгарса болот. Азыр жалпысынан саясатчылардын арасында, айрыкча түштүктөн чыккан саясатчылардын арасында ажырым пайда болду. Алардын көпчүлүгү ушул бийлик менен, Кыргызстанды басып алган үй-бүлө менен келечек жок экенин түшүндү. Ошондуктан бийликте отургандар акырындык менен бийликтен чыгып кетүүнүн жолун издеп жатышат. Бул жөнүндө мен жооптуу баса белгилеп кетким келет.

Оппозиция болсо катуу күрөшөт. Эл көтөрүлүп коррупцияга баткан бийликти алмаштырганына беш жыл өттү. Ошондон бери айтылган убадалар кандай болду? Анан кандай аткарылып жатат? Бул бийлик  мурунку үй-бүлөлүк коррупцияга батып кеткен кылмыштуу бийликтин эле уландысы.

"Азаттык": Балким Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин Кыргызстан өнүгүү жолуна түшөөр?

Б.Бешимов: Конституцияны өзгөртүү, тиги-бу дегенди унутуп эле койгулачы. Ошолор менен алек болгондун эч бир кажети жок. Булар үчүн Конституция, мыйзам жок. Ал жөнүндө сөз деле болбошу керек. Каалагандай өзгөртөт. Эмне кылабыз десе, ошондой кылат. Биринчи иретте өздөрү мыйзамды бузат. Албетте ишеним болуш керек. Оңолуу жолун издеш керек. Бирок оңолуу жолу кайсы учурунда гана болот? Эгерде ошол бийликте отурган адамдар эл жөнүндө ойлосо болот. Уурдабаса, кылмыш жасабаса, мыйзамды бузбаса, ошондо гана жаңы жолго түшөбүз.

"Азаттык": 
АКШдагы демократиялык институттар, жарандык коомдор Кыргызстан жөнүндө кандай пикирде?

Б.Бешимов: Биринчиден, 2005-жылы болгон окуядан кийин Кыргызстан жөнүндө ой абдан бийик эле. Күтүү болгон. Өтө чоң ишенич пайда болгон. Анан кийин эле оппозициябыз деп туруп, мурунку бийликти кулатып бийликке келген адамдар мурдагылардан да мыйзамды бузуп, эркиндикти эңсеген адамдарды камай баштаганда айраң-таң калышты.

Ошондуктан «Батышка же Америкага базасына байланышып алып адам укуктарына, демократияга карабай калды» деп айтаардан мурда ойлонуш керек. Кыргызстан эмне болуп калды? Азыркы бийликтегилер 2005-жылы кандай гана убадаларды берди эле. "Демократия болот, туугандарыбызды, үй-бүлөбүздү бийликке, байлыкка аралаштырбайбыз" деп айткан. Кыска мөөнөттүн ичинде теңирден тескери болбодубу.
Өздөрү болсо көпчүлүк колдогон парламентти түзүп алышты. Ошолору аз келгенсип, азыр да колдоого ээ болгусу келип жатат.


Ушундан улам АКШ албетте Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга өтө терс көз караш менен карайт. Жакында эле «Фридом Хаус» уюму Кыргызстанды эркин эмес мамлекет деген жыйынтыгын чыгарбадыбы. Ошондой эле Кыргызстанда азыркы учурда бийликтин өткөрүп жаткан өтө жырткыч саясатына басым быйылкы жылы болот. Болушу керек. Бул жакта деле түшүнүп жатат.

Жыйырма жылдан кийин да Кыргызстандын жер байлыгы, эли түзгөн байлыгы башка бир кылмышкерлер аркылуу уурдалып жатат, чет жакка кетип жатат. Бул бийлик деле кетет. Ошондо азыркы бийликти колдоп жаткан адамдар уят болот. Анткени булардын максаты Кыргызстанды көтөрүү эмес, эптеп чөнтөктөрүн толтуруп, башка жакка кетүү. Жетишет жыйырма жыл адашып жүргөнүбүз!

"Азаттык": Сиз ал жакка саясий баш паанек сурап кеттиңизби же убактылуу жашаганы кеттиңизби?

Б.Бешимов: Жеке турмушум жөнүндө эч нерсе айткым келбейт. Мен бул маселелер боюнча токтолбой эле коеюнчу. Учуру келет. Анткени учурунда, буйурса, бул режим өзгөрөт. Ошондо булар кандай ишти жасап, кимдерди өлтүрөбүз деп аракет жасаганы жөнүндө толук тергөө болот деп ишенем.

Оппозиция өкүлдөрү Аксыда уюштурган жыйын, 3-август, 2009-жыл
"Азаттык": 
Сиз океандын ары жагында саясий күрөшүңүздү уланта бересизби?

Б.Бешимов: Мен океандын кайсы жагында жүргөнүм көп деле маанилүү эмес. Негизинен менин тынчымды кетирген маселе - кыргыз эли эгемен болгонуна жыйырма жыл болсо да эмне үчүн таза бийликке ээ болбой жатат? Биз ушундай абалга келгенибиздин себеби - биздеги саясатчылар, тилекке каршы, бийлик үчүн эле күрөшөт экен. Бийликке асылгандардын көбүн демократ деп айтуу кыйын. Ошондуктан эгерде биз жакшы жолго түшөбүз десек демократияны унутпашыбыз керек. Адамдардын укуктарын жогору коюшубуз керек. Анан биздин улуттук кызыкчылык эмес, негизги багыт деп туруп ошого жол салыш керек.

Азыркы бийликтин негизги максаты – бийликте отуруу, байлыкты топтоо. Кыргызстандын элинин кызыкчылыгы башкада. Теңчилик болуш керек. Адилеттүүлүк болуш керек. Ошол жолго түшүү үчүн биз тиешелүү саясатчыларды колдойлу, туура түшүнөлү, үстүртөн карабайлы.

Жалпы бийликти түзүүчү да, Кыргызстандын өнүгүү багытын белгилөөчү да күч бир эле. Ал – эл! Канчалык эл ынтымактуу, көздөрүн ачып, алдыга чыкса Кыргызстанда өзгөрүү болот.

"Азаттык": Маегиңизге рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Султан каяктан: Ош
15.02.2010 15:00
А. Эркебаевди Алайдын эли күтпөй эле жатат, тескерисинче анын атын укканда аллергия болот. Себеби 2005 жылы шайлоодо ошол мезгилдеги аким Абдиев Султан экөө элге бийликтин колунан эмне келгенин 2 ай кыжырына тийип көргөзүшкөн, Ошол себептен И. Исаков 1 турдан өтпөй калган, М. Султанов мыйзамдарды жакшы билет экен соттошуп жүрүп утуп алган.

кимден: Гүлчөлүк
15.02.2010 12:50
Чүйлүк Нурбектин айтканына кошулам. Ар жерде отуруп алып, "эч жакка кетпей эле Кыргызстандан чыкпашыңыз керек эле" деп айта берүү оңой. Жылуу-жумшак бир кабинеттен. Ал эми бийлик деген машина менен Бешимовго окшоп жок дегенде 4-5 жылдап күрөшүп көргүлөчү. Чын эле мына бүгүн деле БЭКчилер эл деп атат, келечек деп атат, кана ушул жазып отургандардын кимиңер ачкачылык акциясына кошулуп, колдоо көрсөткөнүңөр?!!

Биз үчүн, Кыргызстан үчүн оппозиция күйүүгө милдеттүү эмес, алардын да үй-бүлө, бала-бакырасы, туугандары бар. Баарыбыз төө кушчасынан башыбызды кумга катып, "көзүм көрбөсө к...-дү бөрү жесин" деп отура берсек, бул бийлик жакында баарыбызды кошуп менчикке сатат...

кимден: Kolpoch
15.02.2010 11:45
Эң туура ойлор айтылыптыр. Бирок, билгенибизден, билбегенибиз көп. Бакыт мырзанын да билгени, корккону бар да. Элден колдоо болбосо, жалгыз жоокер жоо боло албайт. Элдик лидер болуш үчүн эл арасында же эл башында жүрүүнүн кажети жок. Алыста туруп алып чалмакейди бир паста чалса да болот. Балким ушундай ойлору бар. Муну Бакыт мырза өзү анан жакындары билсе керек. Антиш үчүн мыкты стратег болуу керек.
Кыргыздын кызыкчылыгын алдыга койгон кыз-жигиттер четтен чыгат. Болгону сааты чыга элек. Азыркы саясатчыларды күчтүү саясатчылар деп эсептейм. Анткени, эл аралык аренада тобокелге салып тигил жагы Кытай, бул жагы Россия, ана жагы Америка менен "от" оюндарын ойноп жатышат. Бул өтө опурталдуу кадамдар. Ал эми бийликке наразы саясатчылар алсыз саясатчылар. Эл менен бирге иш алып бара алышпайт. Чыныгы лидер жок! Чыныгы лидерди эл жасайт. Аралап карагылачы чыныгы кыргызга баш көз боло ала турган кайсыл жигит турат. Күмөндөр айткандай: ойлонуп көрсөңөр араңарда ким олтурат?

кимден: Абдыганы каяктан: Лейлек
14.02.2010 06:52
А.Эркебаевди бизде да күткөндөр бар.Эптеп депутат болгуча жүргөн бизде...кийин дарегин таппай калдык го.Катардагы пенде эле экен.Аман болсун.

кимден: Нурбек каяктан: Чуй
13.02.2010 16:10
Нур буга чейин канча депутат өлдү ар ким өзүнүн коопсуздугун жакындарын ойлош керек булар барына башын сайып эл десе биз эл унчукпай жатпайбызбы

кимден: Нур каяктан: Бишкек
13.02.2010 15:37
Сиз акылдуу адамсыз-бирок мени өлтүрөт дегениңиз актангандык деймин.Себеби сиз жөнөкөй адам эмессиз, депутатсыз, болгондо да фракция башчы элеңиз.Сизди өлтүрүүгө алар батынбайт эле-дүйнө жүзү карап турат.Билишиме караганда сизге бийлик бир компраматты көргөздү,сиз аны билип секин кеттиңиз.

кимден: Кыргыз
13.02.2010 05:27
Алыста жүргөндөр, силер ошол жактан уюштургула каршылык кыймылын. Сөздөн ишке өткүлөчү. Жээнбеков дегенди быякта атасы мактайт эле мактайт

кимден: Барсбек Кыргыз каяктан: Бишкек
13.02.2010 00:16
Чындыгында эл үчүн күйүш керек болсо, кара башты сайып, өлүмгө тике карап кайнап жаткан уруштан четке качпаш керек. Бакыт мырза, балким, ал жакта деле бир аракеттерди кылып жаткандыр, аны билбейм. Бирок өмүрүмө коркунуч туулуп калды деп жүргүзүп жаткан күрөшүн таштап элинен узак жакка кетип калганы бул өлүмдөн коркуп күрөштү таштап койгонго окшоп жатпайбы? Илгери, тарыхта эл баштаган элин коргогон баатырлар жоокерлердин алдында душман менен бетме бет чыгып өзү кошо кара жанын тобокелге салып койуп салгылышкан. Мындай инсандарды тарыхтан бир топ эле мисал келтирсе болот. Алар ошон үчүн ийгиликке жетишкен. Мисалы: Барсбек каган, Атилла, Чынгыз хан Байтик баатыр ж.б. . Ал эми өлүмгө келе турган болсок аны эч ким гарантиялай албайт. Океандын ары жагына кетсем эле тирик калам дегендик бул туура эмес. Ажал деген бар. Кудай ажалыңды кайсы жерде, кайсы күнгө насип кылган болсо өлүп кете бересиң. Өлүмдөн коркуп качыштын кереги жок. Бир күн болбосо бир күн баарыбыз өлөбүз. Анын үчүн убакытты текке кетирбей элиң үчүн, жериң үчүн жакшы, пайдалуу кызматтарды жасап калыш керек. Негизгиси узак жашоо эмес, татыктуу жашоо. Элиңдин пайдасы үчүн күрөшүп жатып өлгөнгө не жетсин! Мындай адамды "шейит" деп койот. Андай чыныгы шейит болуш ар кимге эле насип боло бербейт. Беш алты күндүк бул жалгандын кызыгы канчалык. Адам баласы бул дүйнөгө көп кызыкпаганда болуп жаткан ач көздүк, тойбостук, адилетсиздик, байлык бийликке манчыркап жармашып калуулук болбойт эле, дүйнө башкача өнүкмөк. Атаганат, айта берсең сөз көп. Ошондуктан Бакыт мырзага айтаарым, өлүмдөн көп коркуп кача бербеңиз. Өлүм деген сиз жүргөн Америкада да бар. Андай болсо, өз мекениңизге келип эле өзүңүздүн жериңизде эле өлбөйсүзбү, эл үчүн иштеп жатып.

кимден: Дария каяктан: KG
12.02.2010 22:38
Мен да, урматту Бакыт ага,сизге айтаар элем:биз ишеничтүү булактардан Текебаевдин дарегине да коркутуулар жолдонгонун билебиз...Сиздин Кыргызстанды таштап кеткениңизди туура эмес деп ойлойм. Азыр өлкө кыйналып турган кезде, эрдик - бул өлкөдө калып, кыйынчылыкта эл менен кошо болуп, мүмкүн болушунча элге жардам берүү. Ал эми сиз болсо оңой жолду тандап,"кырдын артын ашып" кеткен турбайсызбы.Баракелде!Сиздин өмүрүңүздү кыйышса да, өлкөсү үчүн,акыйкат үчүн шейит кетмексиз балким. Аттиң ай, МЕКЕНим үчүн жанынан да кече билген азаматтар жоктугу ай!

кимден: немис каяктан: Германия
12.02.2010 17:14
Кыргызстанда оппозиция болуп Текебаев, Бекназаров коркпостон, тайманбай эле, азыркы бийликке каршы күрөшүп атат. Аларды деле өлтүрөбүз деп коркутуп атат болуш керек. Бешимов алыста жүрүп, Кыргызстандагы болуп турган саясий акыбалды жакшы түшүнүп, билгерлик менен айтып атат, бирок ал Кыргызстанга келип, калың элдин арасына кирип, чечкиндүү иш-аракет жүргүзүүсү өтө зарыл. Ошондо, кыргыз эли жапырт ишенип, Бешимовду ээрчип, чоң ийгиликтерди жаратса болот. Ушундай элдин жанында туруп, эл менен биргелешип иш-аракет кылганда аброй топтойт, барктуу да, сыйлуу да болот. Алыста туруп алып, баары эле көйгөйлүү сындарды айта алат, бирок андан элдик лидер болуу үчүн эч майнап чыкпайт.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине