Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:03

К.Бакиевдин үйүн байырлагандар


К.Бакиевдин талоонго учураган үйү. 8-апрель, 2010-жыл.
К.Бакиевдин талоонго учураган үйү. 8-апрель, 2010-жыл.

7-апрелдеги окуядан кийин өрттөлүп, тонолуп кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевге тиешелүү үйдү азыр 20дан ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адам байырлады.

Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү үйгө апрель айында мүмкүнчүлүгү чектелген 44 адам келген. Учурда алардын 24ү калган. Арасында үй-бүлөлүүлөрү, бойдоктору да бар. Тургундардын башкы максаты, тамды ондоп-түзөп, майыптарга реабилитациялык борбор ачуу болуп саналат.

“Жаш майыптар” коомунун мүчөсү Данияр Келдиев экс-президенттин үйүн оңдоп-түзөө иштери менен алек болуп, кыш киргенге чейин турак жайдын чатырын жаап, эшик-терезесин бүтөп алуу аракетин көрүп жатышканын билдирди.

- Бул жерде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин балдары Марат менен Максим жашаган. Ошолордун унаалары ушул жерде турчу. Кышка чейин оңдоп алалы деп даярдык көрүп жатабыз. Биз убактылуу пайдаланалы дедик.

Учурда тамдын чатырынан суу тамып, эшик терезе деген жокко эсе. Ал жердегилердин айтымында, таштандыларды тазалоого эле 4 ай убакыт кеткен.

Апрель ыңкылабында өрттөнгөн үйдү өчүрүп жатканда биринчи кабаты менен жер төлөөсүн суу каптап калган. Аны тазалоого Бишкек суу-канал ишканасы менен “Тазалык” фирмасы көмөк көрсөткөн. Талоончулар Бакиевге тиешелүү бул үйдөгү болгон оокат-буюмдарын, жада калса электр зымынан бери көтөрүп кетишкен экен.

Мурдагы президенттин Тейит айылындагы үйү. 15-май, 2010-жыл
“Жаш майыптар” коомунун мүчөсү Талантбек Керибаев үйдү талап-тоноочулардан кантип сактап калышканын айтты.

- Бул жерден жада калса короодогу өсүмдүктөрдү да казып кетип жатышыптыр. Биз 8-апрелде келгенде өрт жаңыдан өчүп, эл тоноп аткан. Ал түгүл кирпичтерди бирден-экиден ташып атышкан. "Эмнеге алып жатасыңар?" деп сурасак, "Бакиевдин үйүнөн эстеликке алып жатабыз”,-дешти. Анан биз кароолчуларды коюп, талап-тоногондордон сактап калалык дедик.

Талантбек Керибаев белгилегендей апрель ыңкылабынан кийин бул үйдүн коммуналдык төлөмдөрүн төлөтүп алуу үчүн тиешелүү мекеме-ишканалардан квитанциялар келе баштаган.

- Башында эле бул жерде электр эсептегичтери жок экен. Бардыгы бекер болуптур. Анан апрель тополоңунан кийин сууга 37 миң сом, светке, газга 60 миң, 70 миң сом төлөгүлө деген эсептер келе баштады. Биз майып болсок кантип төлөмөк элек. Убагында Бакиевге төлө деп айта алышпай, эми бизге келип төлөгүлө деп жатышат.

“Жаш майыптар” коомунун мүчөлөрү таң эртеден бирөө жумушка кетсе, башкасы иш издеп, калгандары оңдоп-түзөө иштери менен алек болот. Алар Бакиевдердин унаалары турчу эски гаражга тандыр жасап нан жаап, соода кылышат экен. Нанды дүкөндөргө таратыш үчүн, майыптардын арабасынан, электр кубаты менен жүргөн унаа жасап алышыптыр.

“Жаш майыптар” коомунун мүчөлөрү 7-апрелде өрттөлүп, тонолгон Бакиевдердин Жибек жолу көчөсүндөгү үйүн жаңы бийлик мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга берип, мыйзамдаштырып, чечим чыгарып берсе деп үмүт артып турушат.

18 жылдан бери майыптыктын запкысын жон териси менен сезген Максат аттуу жигит бул жерде санаалаштарын тапканын, Бакиевдин үйүн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын борборуна айландырса көптөгөн адамдар моралдык жактан колдоо таап, жашоого көз карашы өзгөрөрүн билдирди.

-Мен ушул жерге майыптардын борбору уюштурулуп жатыптыр дегенди угуп алып келип аябай таң калдым. 18 жылдан бери мен 5-6 майып менен чогулуп баарлашып, пикир алышкан эмесмин. Алардын ой-пикирин угуп, өзүңдүн ичиңдеги сырларыңан бери айтып, бугуң чыгып, жашоого башкача карап калат экенсиң. Мен майып болгондо жарым жыл аябай кыйналдым. Өлөйүн деп ойлогом. Анан жашоого кандайдыр бир кызыгуу пайда болду. Кыргызстанда биз билбеген канчалаган майыптар жүрөт. Буту жок, колу жок. Баспагандары канча. Өзүн чүнчүтүп, аракка берилип, өзүн адамдык касиеттен чийип салгандары канча. Көзү көрүп, жүрөгү соккону менен жашоого эч кандай кызыкпай калгандары бар. Ал эми ушундай жерди жакшылап уюштуруп койсо майыптарга абдан эле жакшы болгону турат. Бири-бирине жөлөк болуп өздөрү эле жанын багып кетчүүдөй.

Бакиевдин Бишкектеги үйүндө байырлашкан “Жаш майыптар” коомунун мүчөлөрү дубалга:

“Биз бул жерге келген жокпуз бийлик сурап,
Биз бул жерге келген жокпуз акча сурап.
Биз кыргызбыз, момун майып болсок да,
Чечилсин деп ушул жерди биздин коомго,
Кайрылабыз мамлекет башчысына”,-деген ыр саптарын жазып, илип коюшуптур.

XS
SM
MD
LG