Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:18

Саясат

К.Бакиев: Ош Борбор Азиядагы Меккеге айланат

Кар калың жаагандыктан, Оштун тең жарымы үч күндөн бери электр жарыксыз калды. Ушундай шартта борбордук аянтка болжолдонгон Нооруз салтанаты Ош облустук акимчилигинин жыйындар залына которулду.

x
Текст көлөмү - +
Имаратты тегерете күч органдары тосуп, текшерүү катуу болгондуктан, чакырылгандардын көпчүлүгү майрамдык иш-чарага катышкан жок. Президент Курманбек Бакиев шаар тургундарын майрамы менен куттуктап, Ошту зыяратчылардын Борбор Азиядагы Меккесине айлантаарын убада кылды.


Шаар тургундарын Нооруз майрамы менен куттуктаган Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов узаган жыл ири ийгиликтер менен коштолгондугун баса белгиледи:

- Өткөн жыл кыргызстандыктар, анын ичинде оштуктар үчүн жемиштүү болгондугун баса белгилегим келет. Кыргыз Республикасынын президенти, улуу урматтуу Курманбек Салиевичтин демилгеси жана жалпы элдин колдоосу менен жаңылануу саясатын камтыган реформалар турмушка ырааттуу түрдө ашырыла баштады.

Мелисбек Мырзакматовдон кийин кепти улаган президент Курманбек Бакиев Бириккен Улуттар уюму 21-мартты эл аралык Нооруз күнү деп жарыялагандыгын билдирип, муну мааниси терең майрамды глобалдык деңгээлде тааныгындыктын белгиси сыңары сыпаттады.

- Кутман калайык-калкым! Ноорузду элим менен бирге белгилеп жатып, бөөдө кырсыктан жана жаманчылыктан алыс бололу демекчимин. “Жакшы тилек – жарым ырыс” дейт, элибизге таандык кең пейилдикти жана айкөлдүктү сактоого, бири-бирибизге урмат-ызаат көрсөтүүгө чакырамын. “Кылымдан калган бир сабак, ырыс алды – ынтымак” деген ата-бабаларыбыздан калган эки сап накыл кепке не деген мухиттей ойлор батпаган! Баарыбыз сабыр туталы, улуттук биримдик, өлкө келечеги деген жалпы максатка, жаратман ишке бел байлайлы. Башыбыз аман, журтубуз бүтүн болсун! Бар бололу, Нооруз мааракебиз кут болсун!

Өлкө башчысы Кыргызстандын түштүк аймагын 2010-2025-жылдарда өнүктүрүү концепциясынын негизинде Ош шаары жакын арада таанылгыс болуп өзгөрөөрүн билдирди:


- Концепцияга ылайык Ош шаары Кыргызстандын түштүгүндө мамлекеттүүлүктүн түркүгү, Фергана өрөөнүндө ишкер, тарыхый жана маданий, экономикалык жана илимий борбор болууга тийиш. Биз бул долбоорго улуттук деген даража ыйгарып, ошого жараша каржылык жана инвестициялык ресурстарды караштырмакчыбыз. Андан тышкары биз Ошту региондун чордонуна айландырууну көздөп жатабыз. Мисалы, Сулайман Тоону Борбор Азияда зыяратчылардын Меккеси кылууга толук шартыбыз бар.

Курманбек Бакиев өз сөзүндө Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан эл аралык темир жолунун орчундуу түйүнү да Ош аркылуу өтөөрү ыктымалдыгын кошумчалады. Ошондой эле Оштон башталган жаңылануу саамалагы бара-бара өлкөнүн башка аймактарына сөзсүз жайылтылаарына ишендирди.

Нооруз майрамына арналган салтанат театрлаштырылган оюн-зоок менен коштолду.

Ошентсе да жергиликтүү тургундар президент Курманбек Бакиев тар чөйрөдөгү Нооруз салтанатына гана катышып, калктын калың катмарынын ал-абалын сураштырбагандыгы үчүн нааразы экендиктерин жашырышкан жок.

“Ата мекен” партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаев буларга токтолду:


- Президент Ошко атайын сапар алгандан кийин эл менен кездешип, алардын сын-пикирлерин, муң-зарын укса жарашмак. Тилекке каршы, атайын кызмат, милиция, дегеле күч органдары обладминистрацияны жана борбордук аянтты тосуп, ал жакка карапайым калк кире албай, натыйжада Курманбек Бакиев аны жерге-сууга тийгизбей мактаган чоңдорго гана жолугуп кайтты. Ош шаарын жана жалпы түштүк аймагын өнүктүрүү концепциясы негизинен туура, бирок аны жүзөгө ашыруу чаралары, кайсыл обьекти качан бүткөрүлөөрү бүдөмүк болуп жатпайбы.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кыргыз каяктан: Кыргызстан
25.03.2010 04:12
Эл баштаган адам дагы ушундай акылга сыйбас нерсени айтабы?! Кайдагы нерсени убада кылып жатат. Конкреттүү максаттарга негизделген иштер тууралуу сүйлөбөйбү? Калкка кайрылып айтаар башка сөз жокпу?! Андан көрө элдин абалын, жашоо шартын кантип жөнгө салам, кандай жол менен ойдой алам деп ойлонбойбу?! Эл дагы убаданын курулайын чынынан айырмалап калды. Элди эмне көк мээ ойлойбу?! Же кыргызда андан башка акылдуу, кылычка сап болоор, ишти жөндөп алып кетеер адам жокпу?! Бакиев бул сөздү айтуу менен жеке эле журттун ачуусун келтирбестен, Жаратуучуунун каарысын да келтирди. Сулайман тоону сыйынуучу борборго айландырам дегени - Кудай астында кечирилгис күнөөгө жол ачам дегенге тең. Демек, ким Кудайга жакпаган ишке жол ачып, шарт түзгөн болсо, анда Кудай тараптан балээни күтө берсин.
Кыргыздар болсо жакшы башчыга жаарыбай турган болду го! Баягы кербен артка кайрылган болсо, анда кербендин артынан ээрчиген аксак төө (верблюд) жол башында болуп калат деген заман келдиби, айтоор кыргыз оңтойлуу абалга кабылды. Эл башчысы илгертеден элдин гана камын жеп келген болсо, биздин эл башчыбыз элдин жанын жеп баштады. Анын таламын талашпастан, тамак-ашын талаша баштады. Канчалаган кылымды каарыткан, канчалык кыйынчылыктарды башынан кечирген, көөнөрбөс тарыхка ээ болгон кыргыз калкын, элден чыккан бир курт жок кылып тынабы?!

кимден: Eldar каяктан: Uluu Mukaddas jerden
24.03.2010 13:31
Kyn m-n Ai ALLAHdyn aiat-belgilerinen, biroonyn kelip ketyysyno bailanyshtyrboo k-k. Paigambarybyzdyn jalgyz balasy otkondo kyn tutulgan, oshondo elder paigambardyn balasy olgon sebepten kyn tutuldu degende yshintip joop beren. Al emi Bakievdin oshtu mekkege tenoosy chon katachylyk.

кимден: asel каяктан: Kyrgyzstan
24.03.2010 00:51
Xwatit obeshat ludyom,kogda on i ego cemiya uydet w otctawku mi powerim.nikakoe reakciya na procbu naroda,narod trebuet ego otctawku,a Bakiewu K ne doxodit krik,plach naroda.

кимден: Эл каяктан: Карасуу
23.03.2010 15:25
2005-жылы Кыргызстан 2-3 жылда адам тааныгыс болуп өзгөрөт кантип иштешти көрсөтөм деген эле, мына беш жылда адам тааныгыс болуп сызга отурду. Эми Ошко келип Меккеге айлантам, адам тааныгыс кылып өзгөртөм деди. Акыл эси бар адам ушуга ишенеби?

кимден: mika
23.03.2010 14:33
Биздин бийлик өзүн эле эмес мекенибиздин сыйын кетирип өздөрүнүн канчалык деңгээлде төмөн экендиктерин көргөзүп жатат..мамлекетти кантип башкарып өнүктүрүүнү билген байлыктын артынан түшпөгөн президент издейли..


кимден: Nurlan каяктан: bishkek
23.03.2010 04:14
ohooo tuuugandar jaman katuu ketipsinergo ee?
birok mekke kylam degeni tuura emes soz boldu any bashkacha ele soz menen aytsa bolmok
anan tuugandar kichine madaniyat menen jazgylachy kantse da ajo da tuura problema kop, ajogo kolunardan kelse ozuno aytkila bekerinen kunoogo batpay
eskertip ketem men biylik adamy emesmin

кимден: патриот каяктан: Аксычы
23.03.2010 02:46
"Концепцияга ылайык Ош шаары Кыргызстандын малекеттүүлүктүн түркүгү,Фергена өрөөнүндө ишкер, тарыхый жана маданий,экономикалык жана илимий долбоор болууга тийиш. Биз бул долбоорго улуттук деген даража ыйгарып, ошого жараша каржылык жана инвестициялык ресурстарды караштырмакчыбыз" Мына эл журт иттин өлүгү кай жерде көмүлгөн. "Караштырмакчыбыз" деп жатат. Али каражат жок, караштырыла да элек. Караштыр деп кимге команда берет Максимгеби. Максим угабы ? Шорубуз каткан эл экенбиз да эл башчыга жаарыбаган. Же уялбагандан өзүң уял деп бири бирибизди карап олтура беребизби ?

кимден: патриот каяктан: Аксычы
23.03.2010 02:18
Ушул президент мени оорукчан кылып коймой болду. Качан карасаң айткан сөзү менен кылган иши айкалышпай турат да турат. Керек болсо калайык калкым деп да айтканга укугу жок бул президенттин. Калайык калкын ойлогон эл башчысы мындай иш жүргүзбөйт.Бул киши элди келесоо ойлойт окшойт. Мен төмөндөгү баардык пикирлештерге кошулам жана колдойм. Бул кишини кудай таала да таанып калган окшойт. Акыркы мезгилде кылган ишинин баардыгы ашмалтайы чыгууда.(Максим,Гуревич,Россия.Казахстан,Өзбекстан,Эл,Оппозиция.) Бул деген оомоттын кеткени, дөөлөт тоголок болот дечү эле, тоголонуп баштады окшойт. Улутка күйбөгөн улуттун убалына калат.

кимден: раткум каяктан: москва
22.03.2010 19:44
Элдин назары деген ушундай болот журт башы оштуктарга жолугайын деп келсе күндүн жаап туруп алганын кара.Мындан сырткары элдин кээ бир катмарына таң каласың,себеби андан\президенттен\дагы деле үмүт кылгандай. Ушундай кырдаал күчөп,элдин чыңалуусу жетилип турганда элге тике жолугуудан качып,бир ууч адам менен жолугуп,тил эмизип келген президентибизге жол болсун...Бети чиркөө болбосо,айыбы жок болсо өзүн туура,калыс иштеп жатам десе күн жылып калганда эмес,нак чилдеде деле элге ачык жерде жолугуп,алардын ой-пикирин билип кайтса болмок.Анчалык эле аны чеп кылып тосуп кооругандай ал эмне душмандын тылына ''переговор'' өткөргөнгө барды беле.Эмне үчүн алайга барып,элге өзүнүн жасаган жүрүштөрүнүн\ход себептерин түшүндүрбөйт,алардын кайрылууларына жооп бербейт же себебин түшүндүрбөйт... Алишер кабарчыбыз эмне үчүн президенттин Ошко баргандыгы туур-у жок эле дегенде актив менен жолуккандыгы,ал жерде президентке берилген суроо,жооптор жөнүндө кеңири жазып чыкпайт? Эмне үчүн алайлыктар президенттин барарын билгенден кийин өкүлчүлүгү губернатор менен сүйлөшүп,жолугушуу өткөрбөйт?Эгерде андайга бийлик жол бербесе Алишер эмнеге элге бул тууралуу билдирбейт?

кимден: Жолдошбек каяктан: Нарын
22.03.2010 19:03
Урматту президент Ош , Сулайман тоосу , Манастын күмбөзү, Ысык-Көл ,Кошой коргон жана башка толуп аткан жерлерибиз Кыргыз үчүн эң бир кереметтүү, ыйык экенине талаш жок . Бирок Ошту Мекке айлантамын деген убадаңыз ( утопия ) .Эл башында турган хан кичине ойлонуп убада берсе болмок .
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)