Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:16

Эл үнү

Бакиевдин үйүндө табылган жаныбарлар коргоого муктаж

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин Жалал-Абаддагы үйүнөн табылган жаныбарлар май айынын аягында Ысык-Көлгө алынып келинген. Жергиликтүү адистер Кызыл китепке кирген элик, аюу, ак куу жана башка жаныбарлар катуу жабыркаганын билдиришти.

x
Текст көлөмү - +
Курманбек Бакиевдин кичи мекени Тейит айылындагы үйүнөн табылган 2 Тянь-Шань аюу, 1 төө куш, 4 карышкыр, 11 ак кептер, 3 ак куу, бир кара куу, бүркүт, 3 павлин, 1 илбирс жана 3 элик май айынын акыркы аптасында Ысык-Көлгө жеткирилди.

Салтанат Сейитова
Жапайы жаныбарларды коргоо боюнча Каракол шаарындагы реабилитациялык борбордун жетекчиси Салтанат Сейитованын айтымында, Африка төө кушу менен илбирстин түгөйлөрү Жалал-Абадда өлүп калган. Калгандары кыйналып жашаган:

- Биз барсак тамак-ашы жок, абалы начарлап калган экен. Мисалы, аюулар болгону узуну 3, туурасы 2 метр жерде кармалган экен. Моюндарынан да байлап коюптур, алды жагы цемент экен. Негизи аюу жаныбары жерди казып, чөптүн тамыры менен азыктанган жаныбар, ошого ылайык шарт түзүлбөптүр. Сууга да түшүш керек болчу. Бул жакка келгенде экөөнү бош кое бердик эле ойноп жүрөт. Сузактан эки башка клеткада отурчу экен.


Салтанат Сейитованын айтымында, Жалал-Абадда өлгөн илбирстин түгөйүнүн учурдагы абалы оор.

- Илбирстер да күн тийбеген, ным жерде тургандыктан өлгөн илбирстин бирөөнүн өпкөсү оорулуу болуп чыкты. Эми анын жанында калган түгөйү да азыр жакшы эмес. Ичиндеги куртун түшүрүп, анан дарылайбыз. Азыр эч кимди сүйбөй жатат, караңгыда гана бери чыгып, тамак жейт.

Буга чейинки маалыматтарга караганда, Жала-Абаддан 1 төө куш, эки илбирстин өлгөнүнө байланыштуу тергөө иши башталып, “Кызыл китепке кирген жаныбарларды мыйзамсыз кармаганы” үчүн кылмыш иши козголгону айтылган эле.

Каракол шаарындагы борбордо илбирстерди чогуу тоодо жүргөндөй кармоо үчүн 5 метр бийиктиктеги атайын жай курулуп бүтпөй турат, жетекчиси коомчулуктан жардам күтүп атканын ачыктады.


Жапайы жаныбарларды коргоо боюнча бул борбор Германиянын “НАБУ” аттуу жаныбарларды сактоо биримдигине таандык. Кезинде Кыргызстан тарап бул борборду каржылай албай калганын Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча облустук жетекчинин орун басары Максат Өмүров моюнга алды.

- Каржылоо деген болуш керек эле. Чындыгында мамлекет жаныбарларды коргоо борбору эмес, зоопарктарды жакшы карай албай келатпайбызбы. Кыргызстандын өзүнүн жапайы жаныбарлары биздики да, ал немис же Кытайга эмес, бизге керек эле. Биз алар менен сыймыктансак болмок.

Караколдогу жапайы жаныбарларды коргоо борборунда Курманбек Бакиевдин бакма жаныбарларынын Кызыл китепке кирген башка да бир тобу бар, бирок алар сакайып, өз калыбына келгенде деле баары бир эркиндикте өз алдынча жанын багып кете албагандыктан саны өсүп атат. Ошондуктан ал жерде иштегендердин айтуусунда алма, картошка, жем, эт түрүндө да жардам зарыл болуп турат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Озгон - Мырзаки каяктан: Карашоро
04.07.2010 04:56

кимден: Мадан - jazgandarym saga.
Onoi jemin aldyrgan emes dep timele Bakievderdin jeti atasyn taanygandai aitasynda. Kachan ele jem berip jurdu ele anan oshol jemin aldyrbai kalgan. BUlar jemdi uuuurdagan. Madanbek tushundungbu . Andai eldi geketip jazganyngdy koisungchu. Tuura emeske tuura emes desh kerek . Senin aituung boyuncha alar kaira kelet degen maani chigip jatat. Tuura emeske tuura emes dep aitaly.

кимден: MID каяктан: Bıshkek
09.06.2010 21:30
Men MIDte ıshteımın kechee Roza Otunbaeva Ubaktyluu okmottun bashchylary menen kechke cheıın olturup Obedke da barıshpaı kattuu talkuudan kııın DEKRET chygardy Bul STRAUSTARDY Oz Olkosu AFRIKAGA EKSTRADISIYA kylynat eken. Ushıntıp kattuu talkuudan kııın STAUSTARDYN tagdyry chechıldı.

кимден: Жаныбар
09.06.2010 20:28
Кээ бир адамдар жаныбардын денгээлинен да тушуп кетет, жараткан адилеттуу, бир чымынды кыйнаганга да жол бербейт...
Бакиевдер саясаттан тышкары 2 кылмыш кылды.
1. Кызыл китепке кирген жаныбарларды колдо бакты
2. Мыйзамсыз коп аял алды...

кимден: Мадан
09.06.2010 18:09
Бекжан Бакиевдерди кармаш оюна да келбесин, УО жыландын куйругун басып алганын унутпасын да . Анткени бакиевдер оной жемин алдырган эмес. Ат дурбуйт десе эшек кошо дурбуйт деген макал кимге жана кимдерге тийешелуу экенин билип алсан жакшы болот эле иним

кимден: Борошбек
09.06.2010 18:07
Урматтуу убактылуу окмоттун мучолору, калппы чынбы(силерге эч ким деле ишенбей калды го) кызыл китепке кирген жаныбарларды бага албасанар Австриядан тоо куш алып келген Бишкекте Кунтуу деген жакта Кулболсун деген киши бар, баары тааныйт ошого алып барып бергиле, анда тоо куш море. Же аны да соттоп жибербегиле балакет басып. .. ал кыпкызыл Бакиевдерге окшош эмес

кимден: Улан
09.06.2010 18:00
Убактылуу окмот кызыл китепке кирген жаныбарларды коюп олгондор учун жооп берсинчи, бул жакта элдин кыжыры кайнап турганда, керек болсо каалаган жаныбарымды мен да УО сурабай эле багып алам, Булар ким болуп кетиптир , оздорун эптеп алсынчы биринчи жаныбарлар менен иш албай.

кимден: Bekjan каяктан: Korea
09.06.2010 16:46
Kilmish ishin kozgogondo emne, baari bir Bakievdi karmai albagandan kiyin.

кимден: TEKEBAI каяктан: Jalal-Abad
09.06.2010 15:41
Ubaktyluu okmot ushul janybarlardyn ustynon kylmysh ishin kosgogula bakievderdi uiundo jashagansynar dep, dengeeliner oshogo jetip kaldy, siler eldi jadatyp byttynor, shailoodo korobyz silerdi.!

кимден: кылым каяктан: москва
09.06.2010 14:17
Бийликтегилердин барын текшерип,алынган жаныбарларды топтоп зоо парк ачса сонун болмок .

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.06.2010 12:13
Эми ушуга да баш орутуш керекпи,арамдарын агытып ийгиле кайда барсан анда бар деп,адалдарын союп жеп алгыла,уйлорун деле орттоп салбадыкпы
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2313 - жалпы саны)

Жылдыз: Шаамерчем агайдын сунушу өтө кызык экен. Ал латиницанын "latviesu" делчү вариантын колдонуп жазса ... Толук

Сөз таануу