Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 08:08

Эл үнү / Коом

"Азаттык+": Миграция жана укук

“Азаттык+” жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы миграция агымына жана чет өлкөлөрдө иштеген кыргызстандыктардын укуктарына, абалына арналды.

Текст көлөмү - +
Орусиядагы кыргыз мигранттары саны боюнча бешинчи орунда турат. Ал эми сапаттык көрсөткүчү кандай? Кыргыз мигранттары интеллектуалдык деңгээл талап кылынган жерлерде иштей алышабы? Чет өлкөгө жаштардын кетишине бир гана жумушсуздук таасир берип жатабы же бул Кыргызстанда өз алдынча аракет көргүсү келбеген жаштар арасында модага айландыбы?

Чет жерде жүргөн мигранттар өкмөттүн кандай жардамына муктаж? Азыр Орусияда эле таштанды кыргыз балдарынын саны өсүп жатат деп жатышат. Буга эмне себеп? Мигранттардын үй-бүлөсүнүн бузулушу улуттук көйгөйгө айланып баратат. Аны токтотуу үчүн өкмөт, коомчулук тарабынан кандай аракеттер зарыл? Чет жерде жүргөн мигранттардын балдарынын окуусу, тарбиялануусу үчүн кандай шарттар зарыл жана алар кимдер аракет көрүш керек? Мына ушул жана башка суроолорго “Азаттык+” жооп издеди.







Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Мирлан каяктан: Алматы
16.04.2010 13:38
Биз кыргыздар Алматыда жаны бийликтин келишине кыйынчылыктарды тарта баштадык 3 кундон бери кун жок болуп жатат... эми эмне кылабыз билбейм...

кимден: Нурсеит каяктан: Москва
12.04.2010 17:34
Урматтуу туугандар!

Элизанын жазгандарына кошулам! Чындыгында Москвада жана башка мамлекеттерде жургон кыргыз атуулдарынын укуктарын Кыргызстандагы укуктарында да жогору койушат (оз укугун билген атуулар учун). Кыргызстанда укугунду билсен билбесен баары бир, акчан болбосо - ЭЧ КИМ Эмессин! Элиза айтмакчы оз укугунду бил Россия жардам берет. Азяр коптогон кыргыз жаштары атуулдукту озгортуп атышат. Келечекчте кыргызстанда байлар анан жетексилер калат. Оздорун оздору жетектеп отура беришсин. Кыргызстанда жакшы турмуш болбосо уй-буломду да алып кетем деген ой бар.

кимден: элиза каяктан: москва
08.04.2010 00:47
россиядагы укук коргого келсек баары оз укугун билет.бирок ботон жер ботон эл.биз бул жерде эч ким эмесбиз бизди эч ким укбайт.айла жок акчанын жаман курсактын айынан журушот баары.бизге озубуздун мамлекетте кыргызстанда корбогон жакшы жашоону эмне учун орустардан кутушубуз керек.тузуп берсин мамлекет кыргызстан шартты,онуктурсун экономиканы элди ойлосун кара бийлик.ошондо анан укук жонундо соз болот.мунун баары айла жоктун иши.чынында жаман болуп кеткен адамдар да жок эмес чет жерлерде айрыкча россияда(москвада).ал оздорунун тушунбостугу женил ойлуулугу.бирок ошону менен бирге жакшы иштерде иштеп жакшы жашап жургон адамдар да коп.ал инсандын озуно байланыштуу.ал эми укук темасына келсек оз укугунду биздин кыргызстандагы бийлик менен оз ата мекенин кыргызстанда деле коргой албайсын"оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун" деген лозунг менен жашап келебиз.бизге россиянын бийлиги эч кордук тоскоолдук корсото элек.болушу мумукун оз пайдасын ойлогон жеке ишмерлер алдашы биздин жараандарды,бирок россия бийлиги эмес.орус элинин ушунча мерт калк экенине ыраазы гана болуш керек.
эгер кыргызстанда жашоо онолбосо элдин баары бир кун кетип жок клат.россиянын гражданствосун кабыл алган жараандар кундон кунго кобойуп жатат.кыргызстанда кайсы жыргал жашоо жашаш керек.бир суткада 24 саат болсо анын 22 сааты электро энергиясы очурулсо,ошол жашообу?кыргызстанда электро энергиядан башка эмне бар дагы?болгону ошол болсо аны да эл кенири иштете албаса качат созсуз турдо калк.
барып коргуло оз укунарды билуу учун москвадагы кыргызстандын посольствосуна сен кимсин эмнеге келдин сурап койгон да адам жок.мынча рубль берсен анан дейт баары))).ошол биздин укукбу.жок ал чындык ал болуп жаткан нерсе.дагы биздин эл кучтуу чыдамкай экен баарына ар бир жараан озу аракет кылып жашап келет ушул кунго чейин.
мына мен москвада тородум.кыргызстандын паспорту менен.торот уйундо ото жакшы карашты.азыркы учурда баламды балдар клиникасында карап жатышат.баардык нерсе бекер.врачтар болгон жардамын аяшбайт.эч качан клгиндилер дебейт.бир эле арыз менен ушул жерде торогонго жана торогондон кийин баламды карашканга уруксат алдым.ал эми бизде кыргызстанда акча жок болсо сени оз туганын да карабайт кечирип койгула бирок бул чындык.
бирок баарыбыздын калообуз эле оз жерибизге барып кенири жашоо.онолсунчу ата мекенибиз кыргызстан биз да сени менен болбуз ар дайым.

кимден: mambo каяктан: moscow
07.04.2010 19:25
Ай туугандар кайдагы гана чет-мамлекетти айтасынар бай болгурлар озубуздун мекенибизде адам укуктары тебеленип тепселип жатса а бийлик башындагылар болсо оздорунун креслосунан башка эчнерсени ойлошкон жок. Ушуга чейин Москвада олтурулгон кыргыздардын саны канча укугунун корголушун соз кыласынар, адам уй-булоо бала-чакасын багыш учун жанын сайып иштеп журот, отуруп алып суйлой берсе соз коп. Бир мамлекет оз граждандарын укуктарын болок мамлекете коргой алыш учун ал мамлекеттин алдында аборойлуу жок дегенде жакшы мамиледе болуш керек, а биздин политиктер ошол эле президентибиз баш болуп тышкы саясат менен иши да жок(коншу мамлекеттер). Уят..........

кимден: кайырчы кыргыз каяктан: Санкт-Петербург
07.04.2010 15:38
биз кырыгыздар оз укугубузду ото жакшы билебиз, ар бир адам жашап жаткан жеринде кошуналарын карап туруп ошондой жашаганга аракет жасайт, тентип журуунун себеби жумушсуздук, айлык акынын аздыгы, мен мектепте иштеп журуп мин сом айлык алчумун (мындан 4 жыл илгери) а бул жакка келип 15мин рубль алып калдым, бирок туалет жууп, идиш жууп журуп, Кыргызстанда жогорку билимим мн эч нерсеге жетишпеген акчага иштеп журдум, эми дипломум уйдо жатат кесибимди ото жакшы кором, иштегим келет, бирок качан, Кыргызстан деги онолобу?.....

кимден: Темирбек каяктан: Ош обл.Карасуу р.Октябрь
03.04.2010 17:32
Миграция тууралу кеп кыла турган болсом, Россияга, Казакстанга жана башка чет жактарга жаштардын агылуусунун себеби бир эле жумушсуздук, татыбаган айлык маяна деп толук айта алам. Мындан сырткары коррупциянын күчтүүлүгү, акчаң, таанышың болбосо жумушка орношо албайсың. Анткени чет жактарга кетип жаткан жаштардын арасында жогорку билимдүү, патриоттук сезими күчтүү, жана ыймандуулар бар. Ушундай жаштарыбызды биз колдон чыгарып жатабыз.

кимден: Cholpon
01.04.2010 11:19
Salamatsyzdar!!! Migrazia jana ukuk themasy boiuncha: menin oium, ukuk sabagyn mektepterge kirgizish kerek.Mektep uchurunda ele baldarga uirotush zaryl, ukuk degen emne? Kantip,kaisyl jerde paidalanysh kerek ect. Bashka onukkon olkolordo mekdepten ele tarbiyalanyp bashdashat,oshondon ulam patriottuk sezimda paida bolot. Jana oz olkondo oshondoi ele bashka olkodo kanchalyk ukuktuk dengeelin bar- ushundai maalymttar terenirek berilish kerek.
Oz olkobuzdo adam ukuktaryn tebelep jatyshsa, kyrgyz elinde ishenim jok bolup kaldyda, echkimge ishenbei kalyshty. Biz sizderdin jardamynysdar menen korup jatatbys kancha degen adamdyn ukukdary tebelenip jatat.
Austriada pasol ishtebeit, ukdap ele jurushot. Jada kalsa kancha adam bar,kimder ,emne ish kylyshat, jardam kerekbi,okup jatasynarby, myndai jardam kylalyby,ukugunar buzulgan jokbu,- dep daje surap da koiushbait, anyn emnesi Pasol? Ozubuzdun tradizionnyi mairamdarybyzda echnerse uiushturushbait, eeeeeeeeeeeeeeeechnerse kylyshbait.Jer jerlerdegi pasoldor,uiumdar, oshol jerdegi kyrgyzdardy chogultup, seminar uiushturushup turushsa, alarga misaly maalymattardy berip, bul jerde myndai jakshy nerseleri bar eken osholordu bul jakdan tabasyzdar,korup uironup algyla degen siyakduu.Je emne obezatel'nole olup kalysh kerekbi,soogun anan KG ge jetkirip, je obezatel'no jaman bir nerse bolush kerekbi, jaman nersege jetkirbei, ish alyp baryshsa, koop kyrsykdardan,jaman nerseden sakdap kaluuga, aldyn aluuga bolotta. Tushton kiyin, bir nerse kylagany,anyn emne keregi bar??? Migrazia agymy kuchop jatkanyna, eldin ukukduk maalymatty jokduguna biyilik taraptagylar kunoolu.
Rahmat, urmatym menen Cholpon

кимден: Улан Акматалиев каяктан: Москва
31.03.2010 21:41
Кадырбек мырза айткандай акыркы 15-20 жылдагы билим берүүнүн сапаттык жыйынтыгы эми билинип жатат. Тилди го мейли зирек кыргыз жаштары тез өздөштүрөт бирок колунда өнөр билими жок жумуш таап орношуу кыйын.Ошондуктан өкмөт атайын кесиптик билим берүүчү окуу жайларын жандандырып ушул тармакка көңүл бурулса жакшы болоор эле
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2201 - жалпы саны)

Окурман: Замандаштар, "Кыңырак" деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Алдынала ыракмат! Толук

Сөз таануу