Кесип тандоо: акча жеңеби, же каалообу?
Кыргызстан боюнча бул жылы 75 миңден ашуун окуучу орто мектепти аяктап жатат. Эми дал ошол миңдеген мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн алдында кесип тандоо маселеси турат.
Жарыяланган учуру: 24.05.2010
Адатта алдыңкы жылдары кайсы кесипке талап жогору болоорун, кайсы окуу жайда татыктуу билим берээрин айылдагы, ал эмес шаардагы бүтүрүүчүлөр деле биле беришпейт. Психологдордун айтымында, бүтүрүүчүлөр кесип тандоодо классташтарынын, ата-энесинин айтканына карап, ошого жараша чечим чыгарышат.
“Азаттык+” сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы кесип тандоо маселесине арналды.