Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:09

“Азаттык” TV / Азаттык+ TV

“Азаттык плюс”: Партияны кантип тандоо керек?

Кыргызстанда каттоодон өткөн партиялардын саны 105. Апрель окуяларынан кийин, өзгөчө жаңы Баш мыйзам боюнча Кыргызстан парламенттик башкарууга өтөөрү айтылган соң партиялардын саны мындан да көбөйөөрү шексиз. Парламенттик шайлоо да ушул жылдын октябрь айына белгиленгенден бери партиялардын ишмердүүлүгү атаандаша жандана баштады. Ошол себептүү, “Азаттык плюс” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы “Партияны кантип тандоо керек?” деген темага арналды.

Жаш лидерлердин Убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуусу. 2010-жылдын 27-апрели
Текст көлөмү - +
Партия деген эмне? Ал эмне максат менен түзүлөт?

Кыргызстандагы партиялардын кемчилиги эмнеде?

Эмне үчүн Кыргызстанда партиялар программасына эмес, лидерине карап бааланат?

Кандай партия жаштардын купулуна толот?

Партиялардын жаштары буга чейин кандай долбоорлорду ишке ашыра алышты, жаштарга пайдалуу эмне жумуштарды жасашты?

Жумушсуздук, билим берүү сапаты жана паракорлук сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө кайсы партияда кандай программа бар?

Жаштар партия тандоодо эмнеге көңүл буруш керек?

Ушул жана башка суроолорго “Азаттык плюс” телепрограммасы жооп издеди.














Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Austria
10.06.2010 02:45
Men partiyalardyn ataryn gana bilem, al emi alar kandai programmada,ish alyp bargandary jonundo maalymatym jok. Men oilom partiyalar oz programmalaryn taanyshdyrbait, aktivduu ishteshbeit, maalymat berishbeit. Jashdar kaidyger karashat deit,andai emes, oshol jashtardy kyzyktyryp programmalary menen, ishke ashyrsa. Pratiyanyn ishtep jatkan belgisi osholda. Ozunuzdor korgondoi, emne ish alyp bargandaryn birda kochodo jashdar bilbeit. Kaira kaira tushundurush kerek, aityp berip, kyzykdyrsa anan bilishetda. Aitkandai ele shailoo aldyndale chyga kalyshbai. Boluptur bir eki partiya bar eken,birok alardynda normalnyi programmalary jok, kuchtuuu emes.

кимден: мурдагы коммунист каяктан: Бишкек
08.06.2010 13:57
партия демекчи, жамгырдан кийинки козу карындай жамыраган, көп бирок мааниси жок, болсо да программасында катыра жазган, иш жүзүндө эч нерсеге жарамсыз болуп калчу партиялардын кереги эмнеде дегенде эртеңки кызмат, ЖКда бирөөнү отургуза калуу, ал аркылуу шарт коюп талаптарын аткартуу, байлыктарын коргоп калуу, бирөөнө да ишеним жок, кайра эле баягы, окшош нерселер, ошол эле немелер, Кыргызстанда өзүн актаган бир дагы партия жок, боло да элек, илгери СССР деген мамлекет барында коммунист деген, анан Коммунисттик партия деген болду эле, алар деле акырында адамдык көрпенделиктин кесепетинен дүйнө суктанган идеясы бар, келечеги бар өлкөнү жутуп койбоду беле.Мен силердин көрсөтүүңүздөрдү көрө албай калдым, бирок менин пикиримди дагы ошол көп партияларга билдирип койсоңуздар, партияны түзүүдөн мурун кандай адамдар менен, кимлер менен партия түзүү керектигин ойлонуу керек. Партия кайсы каражатка күн көрөт, жаштарды кайсы жол менен саясаттын шойкомдуу эмес таза жолуна алып келүү керек. Ошону ойлогон кыргыз элинин жок дегенде бир лидери бар бекен, болсо кана атаганат. Саясатчы, чоң болумуш этип иштемиш этип келгендердин ар бири ар кайсыны сүйлөп, биринен бири кыйын болуп башы айланып бүткөн элдин кыжырын келтире баштадыңар. Партия дегендин күчтүү лидери, күчтүү таза саясаты, келечек планы анан эң башкысы уурдалбаган акча каражаты болушу зарыл. Буларсыз таза шайлоо өтпөйт, таза адам шайланбайт, мээси жетишсиз, тажрыйбасы нөл, бирок кооз сүйлөгөндү билген, эч качан элди койдум, өлкөнү айтпайын бир адам үчүн баш оорутпаган жел өпкөлөр, акчасы барлар кайра баягы ырларын баштайт. Талуу жериң кайсы кыргыз дегенде, чөөдөй, түлкүдөй жойлогон эч качан тойдум дебеген, байлык үчүн көзү каткан чыккынчы жигит сөрөйлөрүдүн көп экендигинде болуп турат. Жол көрсөткөн, кеменгер даанышман бир адамың жоктугу, кыргыз боолуп жашоо канчалык бакыт экенин кыргыздай сезген бир адамдын бийликте жоктугу. Мына сага кыргызым сенин бүгүнкү арманың, азабың.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)