Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

“Азаттык” - сыналгыда (TV) / Азаттык+ сыналгы шоу (TV)

“Азаттык+”: Мекенди коргоо деген кесип бар

24.02.2010

Ар бир мамлекеттин мамлекеттүүлүгүн аныктаган белгилеринин бири - куралдуу күчтөр жана анда кызмат өтөгөн жоокерлердин күжүрмөн даярдыгынын деңгээли. 1999-2000-жылдагы Баткен окуясынан кийин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн деңгээли, жоокерлердин даярдыгы төмөн деген көз караш өзгөрө элек.

Милдеттүү түрдө кызмат кылган жоокерлерге караганда акча төлөп коюп, кызмат өтөгөндөр көбөйдү. Мындай кадам Куралдуу күчтөрдүн жалпы деңгээлине терс таасирин тийгизбейби? Мындан бир нече жыл мурун Орусия Кыргызстандагы аскерий жайларды колдонгону үчүн офицерлерди даярдап бере турган макулдашуу түзүлгөн эле. Анын негизинде канча офицер даярдалды жана азыр канчасы окуп жатат? Кыргыз армиясынын сапаттык деңгээли, жоокерлердин билим, патриоттук-саясий жактан даярдыгына кандай баа берсе болот? Азыркы кыргыз жоокеринин кандай кыйын учур болбосун күжүрмөн даярдыкта болуп, кызмат өтөөсүнө жакшы шарттар жетиштүүбү?

Мына ушул жана башка суроолор “Азаттык+” жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында талкууланды.

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.



Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.


Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Кызматын отогон жигит каяктан: Москва
21.03.2010 05:11
Эми не дейбиз Кыргызстандын армиясын. Ким айтмакчы армиясын багалбаган мамлекет, башка мамлекеттин армиясын багат.
Куралжарак, тех.жетиштүү деп атат генерал. Оба жетиштүү бирок эскилиги жетип калган. Мен мисалы служба өтөгөм, в/ч айтпайм бизде болгону паркта 12 БТР бар эле анын ичинен болгону 2 от алган 1 жүргөн ордунан. калган 10 БТР металлом, саны бар сапаты жок. БТР ди часть боюнча болгону бир адам гана оңдоп айдаган элестеткиле подполковник өзү. Ст.офицер айдап жүрөт.
Зенитканы болсо устав боюнча 30 сек. боевой положение келтириш керек эле. аны биздин зенитный рота 1 саата араң боевой положениеге келтирген анда да подполковниктин жардамы менен. Зенитный установканы алар өмүрүндө биринчи жолу көрүшү. Анда да комиссия келип калып көрүшкөн.
Элим жеримди коргого ар дайым даярбыз деп атабыз. Бирок жерибизди сатып атпайбызбы акырындан. Чек арабыз дагы деле толук билбейбиз Узбекистан менен Тажикистан жакта.
Биздин пограничниктерибиздин акыбалын көрүп атабыз. Кудай жалгасын аларды көргөн ата-энелери эмне деп ойлоп калышты экен.
Кафедра боюнча туура кылат давно жабыш керек эле. Ар бир эркек служба өтөөгө парз мамлекетибизде. Азыркы кафедраны бүткөн лейтенант, службаны өтөп келген рядовой жокерге да татыктуу эмес.
Эми эмне 12 000 сом берип 1 ай служба кылып военный билетти алып кете береби??? 1 айда ким эмнени үйрөнөт, болгону портянка орогонду үйрөнөт. Куралжарак, техниканы, разведка, связь, военнотех. подготовка дегенди 1 айда эч качан үйрөнбөйт. 12 000 сомду берип рядовой болобу же дагы деле офицерби????
Өтө көп жазып койдум окшойт. Жыйынтык сөзүм КЫРГЫЗСТАНЫМ КАНДАЙ БОЛСО АРМИЯБЫЗ ДАЛ ОШОНДОЙ ТУУГАНДАР,

кимден: Kyrgyz каяктан: Kyrgyzstan
18.03.2010 00:58
Бул программада эмне үчүн бир кана Скорпион аскердик бөлүгүнүн аскерлери көрсөтүлгөн Кыргызстандын баардык аскердик бөлүтөрүнөн видео тасмаларды көрсөтсө туура болмок. Студиядагы аскерге, генерал, полковник, жана башка офицерлердин жанында суроо сураган туура эмес бул жерде аскер жаман же туура эмес деп айта албайт. Генералдын айтуусу боюнча Кыргызстандын куралдуу күчү техникалык жактан жетиштүү дегени калп. Аскерлердин тамактануусу начар. Аскерлердин өздөрү тамак жасап жатат ушулбу жетишкени. Азыркы мезгилде куралдуу күчтөрдү техникалык жактан абдан күчтөндүрүш керек. Кырызстанда канча аскердик вертолет, самолет бар? ПВО кандай абалда? аскердик курал-жарак жабдуулары кандай абалда? байланыш системасы кандай абалда? Азыркы учурда көпчүлүк жерге камера орнотуп байкоо жүргүзүп бир нерсе болсо вертолет менен эле ошол жерге аскерди таштап коюш керек. Күндө ары - бери чурката бербей. Мына ушул суроолор берилсе жакшы болмок. Аскерлердин патриоттук сезимин бекемдеш үчүн саясий окуу жүргүзүлүш керек (полит занятие).

кимден: Isa каяктан: Bishkek
25.02.2010 00:59
Men da olkomdu korgoogo da9rmyn.
Kandai bolso da mekenibiz tynch bolsun!!!

кимден: Sarbagysh каяктан: Bishkek
25.02.2010 00:54
ЖОЖдордогу аскер каф. жабуу бул туура эле чечим, бирок баягы эле "бирок" дегендер көп. Алгылыктуу анализ жасалган эмес, булар айтып жатпайбы мынча офицердин кереги жок деп, офицердик наамды алыш үчүн армияга кызмат кыл десе эмнеге болбосун, анткени аскер кафедрасы өкмөттөн каржыланбайт, ЖОЖдо окуп жаткан улан кыздарыбыз кийин органдарга иштейбиз дегендер бар, аларга да бир алтернативдүү мүмкүнчүлүк түзүү керек, техн.унив. артиллерия, өзгөчө байланыш (спецсвязь) деген кесиптик аскердиктерди окутчу эле, алар эмне болушат, эч бир сөз жок, бардыгы баягы эле кыргызча болуп калган. Каф. акча таап жатат, аны биз алабыз да акча табабыз дегендей эле болуп калган, качан бир профессионалдуу иштегенди үйрөнөбүз, белгисиз. Армиянын деңгээли болсо көргөндөй эле, жоокерлерибиз нан бышырат, огородко иштейт, генералдардын үйлөрүн салышат, анан кантип армияга жаштар кызыгат. Илгеркидей күчтүү пропаганда болуш керек, азыркыча айтканда реклама. Ан үчүн биринчи башчыларыбыз үлгү болуш керек, мен бир үлгү болчу башчы көрбөй турам, балким бардыр Исаковго окшогондор. Менин оюмча жалан гана профессионалдуу чек арачыларды даярдашыбыз керек да, чек араларга кыдырата армия базаларын куруу керек, чек арадан башка биздин согуша турган деле душманыбыз жок, органдарга (сот, прокуратура, таможня, налог, полиция, милиция ж.б. эркек-кызына карабай) ишке кабыл алуу үчүн милдеттуу түрдө 2 жылдык чек ара армиясында кызмат кылыш керек деген талап закон аркылуу киргизилсе, армиядагы коррупцияны бир аз ооздуктап, профессоналдуулугун бир аз жогорулатса, бул өзү эле реклама болмок да армияга жаштар умтулуп, конкурс да болмок деп ойлойм. Бекер идея биздин "Ак Жолчуларга" (алар эптеп эле закондун санын көбөйтүп жатышбайбы, ага караганда бул эл оозуна алына турган мыйзам болмок) жана армиянын офицерлерине, бир аз эл үчүн да иштеп койсоңор, бай болгурлар! Силер баштап койгулачы үлгү болуп, башкалар да оңолуп кетээр, силерди көрүп (жаман үмүт да).

кимден: Кыргыз каяктан: мигрант
24.02.2010 21:33
"Азаттык" радиосунун мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, мыйзам бузган Бакиев менен анын кошоматчы жан-жөкөрлөрүнөн башка бүт Кыргызстандыктарды генерал Исмаил Исаковду майрамы менен куттуктап кетмекчимин. Ал эми Бакиевге айтарым, кадыр-барк топтош үчүн коп аракет кылдыңыз эле. Исаковду камаганыңызда сиздин калк арасында кадырыңыз катуу түштү. Кыргыздын кыраанын каматышка кантип уруксат бердиң экен?
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)