Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Эл үнү / Коом жана турмуш

«Азаттыкты» коргоо пикети өтөт

'Азаттыкты' колдогон акциядан, 2005-жылдын 28-февралы. ('Азаттыктын' уктуруулары 2005-жылдагы март ыңкылабынын алдында да тоскоолдуктарга кабылган эле)

"Азаттыкты" колдогон акциядан, 2005-жылдын 28-февралы. ("Азаттыктын" уктуруулары 2005-жылдагы март ыңкылабынын алдында да тоскоолдуктарга кабылган эле)

12.03.2010

Социал-демократтар партиясы Бишкекте жана айрым облустарда «Азаттык» радиосунун программалары чыкпай калганына байланыштуу 15-мартта пикет өтөөрүн жарыялады.

Иш-чара саат 16.00да ЕККУнун (ОБСЕ) кеңсесинин (Токтогул-Исанов) жанында болмокчу.

«Азаттыктын» программаларын (радиоберүүлөрү жана «Ыңгайсыз сурооолор», «Азаттык+» телекөрсөтүүлөрүн) алгач УТРКдан алып салышкан. Ал эми февралда Кызыл-Кыядагы «Роял», Таластагы «Мост» радиолору «Азаттык» менен ишин токтоткон. Ал эми 10-марттан тартып Бишкектеги «Манас жаңырыгы» телекомпаниясы, «ОК» радиосу жана Нарындагы «Алмаз» радиосу бийлик тараптан кысым болуп жатканын оозеки айтышып, «Азаттыктын» берүүлөрүн уктурбай калды. Улуттук байланыш агенттиги теле жана радиокомпанияларга эч кандай кысым болбогонун айтышууда. "Азаттыкка" кысым акыркы саясий окуларга жана "MGN Group"тун мурдагы жетекчиси Е.Гуревичтин ишинен кийин катуулады.

"Азаттыкты" уга албай калышканына кабатырланган угармандар тынымсыз телефон чалышууда. Төмөндө Бишкек шаарынын айрым тургундарынын пикирлери сунушталмакчы.

Бүбүкан, 70 жаштагы пенсионер:
- Мен «Азаттык» радиосун уктурбай жаткандыгына байланыштуу “канды кудай ураарда калкы менен кас болот” деген макалды мисал кылат элем. Эми биз дүйнөдөгү, Кыргызстандагы жаңылыктарды угабызбы, же Бакиевдердин эле теледен чыкканын эле угабызбы. Эч жанылык укпай калдык. Ордуна коюп койсун, коюп койбочу болсо эл толкуйт...

Калыскан Эшалиева: - «Азаттыктан» башка эч нерсе укпайбыз. Нарындагы митингди, башка жактардын баарын «Азаттык» ачык сүйлөп атпайбы. Силерден башка акыйкат радио жок болуп атат азыр.

Калипа Жээнбаева: - Уят да, эмне кереги бар, үйдө отурган оорлуу кишилер кичине жаңылыкты укчу элек го. Анын эмнесин жашырып атат, эмнеге кысым кылат. Эл деген эл да. Элди ушинтип эле тиягынан да, биягынан да кыйнайт. «Азаттыкты» угуп отурсак, аны да жапты. Эмне кереги бар ушундай жашоонун...

Нурайым: - Эмне үчүн булар «Азаттыкка» кысым кылышат. Бул деген эркин радио станция да, бул эч кандай бийликке тиешеси жок. Чыныгы кабарды дагы укпайбызбы биз? «Азаттыктан» башка, КТР көргөзбөсө, «Ыңгайсыз суроолоруңарды” да алып салды. Бул эркин сөздү басмырлоо. Жалпы элдин кыжырын кайнатып атат.

Нурбек Касымов: - Бул жактан саат алтыны толтура балдар “Азаттыкты” күтүп отурган, угалы деп. Баары эле жини кайнап отурушат. 17синде баарыбыз чыгабыз Кудай буюрса.

Ырысмамат Каримов: - Жабылуусуна мен аябай каршымын. Мага окшогондор толтура. «Азаттыкты» дайыма күтөбүз, угабыз. Кыргызстандын телерадиолорунда эч нерсе жок, чыйкылдактан башка эч нерсе бербейт.

Кубаныч Байгазиев: - Аскар Акаев да учурунда “Азаттыкты” жапкан эле. Мен ошондо силерге чалып, Акаевдин бийлиги кулашына аз калыптыр деген оюмду айткам. Эми Бакиев дагы кысым жасап жатыптыр...

Нураян Залкарова: - Ыңкылап учурунда мен да митингде жүрүп, Бакиевдин бийликке келишине салым кошкон элем. Ошондо эл “Азаттыктын” жардамы, чындыкты чагылдыруусунун артында көтөрүлүп, анан Бакиев президент болгонун унутуп калыптыр да. Мунун түбү жакшылык менен бүтпөйт. Силерди укпай кулак мурун кескендей болуп эле отурабыз. 


P.S. «Азаттыктын» обого чыкпай калышына байланыштуу президенттин алдындагы катчылыктын жооптуу кызматкери Илим Карыпбековго кайрылганыбызда «Азаттыктын» обого чыкпай калганы тууралуу маалыматы жоктугун билдирип, расмий кайрылуу болсо маселени иликтеп чыгууну убада кылды.

Ал эми Кыргыз Республикасынын байланыш агенттигинин түндүк аймактык башкармалыгынын жооптуу кызматкери Улан Асаналиев менчик телерадиолорго «Азаттыкты» уктурбоо буйругу берилгендигин тастыктаган да, жокко чыгарган да жок.
Бул шерине жабылды
Электөө
 Мурдагы    
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Кыргыз каяктан: РФ
13.03.2010 18:07
Салам туугандар эмне эле бийликтин алмашуусун каалайсыңар кайра эле ушундай бийлик келет бирок башка бирөөнүн максатын ойлогон. Бийлик алмашса дагы Кыргызстандын өнүгүүсү убактылу токтойт себеби биринин көзүн бири тазаламай башталат.Жаман да болсо ушул бийлике чыдаш керек себеби: ошол Нарында жана башка жакта болуп жаткан окуялар кимдир бирөөнүн же кимдир бирөөлөрдүн максатын көздөгөн нерсе.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
13.03.2010 16:52
soz erkindigin kisittoo demokratiyaga ters korunus! Minday isti jasagandar kirgizstanga jana kirgiz eline keregi jok!

кимден: ААА каяктан: Борбор
13.03.2010 12:12
Тезинен Мөөнөтсүз Президенттик шайлоону өткөрүү керек.Саясий партиялар чогулуп шайлоонун күнүн белгилеш керек.Бул бийлик толук кризисте,банкрот болду.Бакиев азыр элдин проблемасын чечүүнү ойлобостон,күч органдарынын жетекчилери менен кантип элди разгон кылабыз деп план түзүшүүдө.

кимден: Bek каяктан: bishkek
13.03.2010 11:36
Мен айтаар элем, "адам өз максатына жетүү үчүн болгон күч-кубатын жумшайт. Ал эми боло турган иш өз убагы менен болот". Муну менен менин айтаарым: "Бийлик өз күчүн жумшоодо жана эркин уктурууларын тосмолоп максатка жетээрбиз" - дейт. Жок ал иш бул масалени чече койбойт, кайрадан курчутат. Элге жеткиликтүү кабар берсе жана өз элине таза кызмат кылган атуул мындай иш жасабас... Бекеринен айтылбаса керек: "Өзүнүн башындагы тоону көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт" дегендей.

кимден: Москвадан саясий аналитик каяктан: Эн Ыйык Кыргызстаныбызга
13.03.2010 11:12
"Азаттык" радиосу биздин Эн Ыйык Кыргызстаныбыз үчүн жана Эң Ыйык Кыргыз элибиз үчүн эч бир ченеми жок кызмат кылып келишет.300 млн.доллар бюджети бар мамлекетке караганда, да ушул "Азаттык" радиосу Кыргыз элине маданий, саясий, адам укуктары, экономика, дүйнөлүк жана жергиликтүү жаңылыктардын убагында жана так, туура чагылдырылышы, Кыргыз улутунун улуттук көйгөйлүү маселелеси жана башка баардык багытта элибизге ак пейилден кызмат өтөөдө.Элибиздин улут катары өнүгүшүнө да чоң салым кошууда."Азаттыкты" жана "Азаттыкта" иштеген кадыр-барктуу мекендештерибизди мамлекеттик өтө жогорку сыйлыктар менен сыйлашыбыз керек.Ал эми анын ишине бут тосуу-бийликтин элге жасаган чыккынчылыгы деп эсептейм.Аксы окуясында, Бекназаровго бийлик кол көтөргөнүн дал ушул "Азаттыктан" уккам.Азыр да ар күнү "Азаттыкты" окуп турам, бийлик генерал Исаковго да кол көтөрбөсүн деп.Бийлик маалымат жагын чектөө аркылуу мартта күтүлүп жаткан элдин толкунуна каршы күч колдонууга даярданып жатышы да мүмкүн.

кимден: Манас каяктан: Орусия
13.03.2010 02:44
Менимче, тарых кайталанайын деп турат. Туура беш жыл мурда, мартта Акаев да "Азаттыктын" үнүн элге жеткирбөөгө жан -далбастады эле.

кимден: Немис
12.03.2010 22:46
Ушул бийликтин калпты айтып, билбеппиз дегени күйдүрөт.Ай Илим,али жашсын,баары алдыда,бирок минтип сүйлөгөнүң кандай? Сен деле Бишкекте жашап, күнүгө угуп-билип турасың го. Оксана айымга айтып кой, мындай блокадасын башка жерде кылсын!!! Өткөн Акаевдин тарыхы сабак болбойбу?
 Мурдагы    
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)