Сөз таануу
Эне тил шеринеси
Сөз дүйнөсү - жандүйнө
FACEBOOK
Биздин FaceBook

YouTube - биздин шеригибиз

"Азаттык" үналгысынын
YouTube тасма барагы
satellite
“Азаттыктын” 
жандоочулары 
HotBird-8,
AsiaSat3-D

Ямал-201

Эл үнү / Коом

«Азаттыкты» коргоо пикети өтөт

"Азаттыкты" колдогон акциядан, 2005-жылдын 28-февралы. ("Азаттыктын" уктуруулары 2005-жылдагы март ыңкылабынын алдында да тоскоолдуктарга кабылган эле)
Жарыяланган учуру: 13.03.2010

Социал-демократтар партиясы Бишкекте жана айрым облустарда «Азаттык» радиосунун программалары чыкпай калганына байланыштуу 15-мартта пикет өтөөрүн жарыялады.

Иш-чара саат 16.00да ЕККУнун (ОБСЕ) кеңсесинин (Токтогул-Исанов) жанында болмокчу.

«Азаттыктын» программаларын (радиоберүүлөрү жана «Ыңгайсыз сурооолор», «Азаттык+» телекөрсөтүүлөрүн) алгач УТРКдан алып салышкан. Ал эми февралда Кызыл-Кыядагы «Роял», Таластагы «Мост» радиолору «Азаттык» менен ишин токтоткон. Ал эми 10-марттан тартып Бишкектеги «Манас жаңырыгы» телекомпаниясы, «ОК» радиосу жана Нарындагы «Алмаз» радиосу бийлик тараптан кысым болуп жатканын оозеки айтышып, «Азаттыктын» берүүлөрүн уктурбай калды. Улуттук байланыш агенттиги теле жана радиокомпанияларга эч кандай кысым болбогонун айтышууда. "Азаттыкка" кысым акыркы саясий окуларга жана "MGN Group"тун мурдагы жетекчиси Е.Гуревичтин ишинен кийин катуулады.

"Азаттыкты" уга албай калышканына кабатырланган угармандар тынымсыз телефон чалышууда. Төмөндө Бишкек шаарынын айрым тургундарынын пикирлери сунушталмакчы.

Бүбүкан, 70 жаштагы пенсионер:
- Мен «Азаттык» радиосун уктурбай жаткандыгына байланыштуу “канды кудай ураарда калкы менен кас болот” деген макалды мисал кылат элем. Эми биз дүйнөдөгү, Кыргызстандагы жаңылыктарды угабызбы, же Бакиевдердин эле теледен чыкканын эле угабызбы. Эч жанылык укпай калдык. Ордуна коюп койсун, коюп койбочу болсо эл толкуйт...

Калыскан Эшалиева: - «Азаттыктан» башка эч нерсе укпайбыз. Нарындагы митингди, башка жактардын баарын «Азаттык» ачык сүйлөп атпайбы. Силерден башка акыйкат радио жок болуп атат азыр.

Калипа Жээнбаева: - Уят да, эмне кереги бар, үйдө отурган оорлуу кишилер кичине жаңылыкты укчу элек го. Анын эмнесин жашырып атат, эмнеге кысым кылат. Эл деген эл да. Элди ушинтип эле тиягынан да, биягынан да кыйнайт. «Азаттыкты» угуп отурсак, аны да жапты. Эмне кереги бар ушундай жашоонун...

Нурайым: - Эмне үчүн булар «Азаттыкка» кысым кылышат. Бул деген эркин радио станция да, бул эч кандай бийликке тиешеси жок. Чыныгы кабарды дагы укпайбызбы биз? «Азаттыктан» башка, КТР көргөзбөсө, «Ыңгайсыз суроолоруңарды” да алып салды. Бул эркин сөздү басмырлоо. Жалпы элдин кыжырын кайнатып атат.

Нурбек Касымов: - Бул жактан саат алтыны толтура балдар “Азаттыкты” күтүп отурган, угалы деп. Баары эле жини кайнап отурушат. 17синде баарыбыз чыгабыз Кудай буюрса.

Ырысмамат Каримов: - Жабылуусуна мен аябай каршымын. Мага окшогондор толтура. «Азаттыкты» дайыма күтөбүз, угабыз. Кыргызстандын телерадиолорунда эч нерсе жок, чыйкылдактан башка эч нерсе бербейт.

Кубаныч Байгазиев: - Аскар Акаев да учурунда “Азаттыкты” жапкан эле. Мен ошондо силерге чалып, Акаевдин бийлиги кулашына аз калыптыр деген оюмду айткам. Эми Бакиев дагы кысым жасап жатыптыр...

Нураян Залкарова: - Ыңкылап учурунда мен да митингде жүрүп, Бакиевдин бийликке келишине салым кошкон элем. Ошондо эл “Азаттыктын” жардамы, чындыкты чагылдыруусунун артында көтөрүлүп, анан Бакиев президент болгонун унутуп калыптыр да. Мунун түбү жакшылык менен бүтпөйт. Силерди укпай кулак мурун кескендей болуп эле отурабыз. 


P.S. «Азаттыктын» обого чыкпай калышына байланыштуу президенттин алдындагы катчылыктын жооптуу кызматкери Илим Карыпбековго кайрылганыбызда «Азаттыктын» обого чыкпай калганы тууралуу маалыматы жоктугун билдирип, расмий кайрылуу болсо маселени иликтеп чыгууну убада кылды.

Ал эми Кыргыз Республикасынын байланыш агенттигинин түндүк аймактык башкармалыгынын жооптуу кызматкери Улан Асаналиев менчик телерадиолорго «Азаттыкты» уктурбоо буйругу берилгендигин тастыктаган да, жокко чыгарган да жок.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
    Алдыга 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Баймурат каяктан: Кыргызстан.
15.03.2010 14:43
Улуттук байланыш агенттигине "Азаттыкты" эчким угузбасын көргөзбөсүн деп "чоңдор" приказ беришкен болсо алар дагы "лаппай" деп коркуп радио менен теледегилерге "берсеңер эфириңерди биртоло токтотуп салабыз" деп журналисттерди коркутушкандыр. Бирок Президент эле баарын чечип койсо болмок. Билмексен болуп отура бербей. Убагында Акаев да эч нерсени көрбөй көзү көр болуп, эч нерсени укпай, кулагы дүлөй болуп калганда эл көтөрүлгөн. Бирок Бакиевдин жана башка атка минерлердин бийликке келишине Азаттыктын тоодой салымы бар эле го. Унутуп калган окшойт. Чын-чынына келгенде атка минерлерди эл бир күндө эле итке мингизип салат. Ошондуктан эл менен касташкан болбойт. Алайдагыларды милициялар менен айдатканы элдин кыжырын ого бетер кайнатты. Эл бүт облустардан көтөрүлсө дагы революция болот.
Кыргыз РФга айтар элем , "жаман да болсо ушул бийликке чыдап отура бергидей эл маңкурт болбой калган мурдагыдай.
Сен РФда жыргаганыңдан жүрбөсөң керек, Мекениңде жакшы жумуш, жакшы маяна болгондо кыргыздар башка жерге тентип кетпейт эле. РФда иштеп жүргөн карындашым Кыргызстанга 10-15 күнгө келип чыдабай 7 күн дегенде кайра РФга кетип калды. "Свет жок, үй суук, баары кымбат, элдердин түрү, пейли бузулган,жашоого эч бир моралдык да материалдык да шарт жок болуп калыптыр, силерге ыракмат чыдап жашаганыңарга, Россияда жок дегенде свет өчпөйт, үйүбүз жылуу, ысык суубуз, иштеген ишибиз, жетишерлик маянабыз бар" деп жолго түштү. Ушубу Кыргызстандагы жыргал, өз элибиз өз жеринен
качып жүрсө.

кимден: Кыргыз
15.03.2010 12:27
Жердештер! Азыр Атамекен коркунучта.Ажого баары-бир экен.

кимден: Бермет каяктан: Санкт-петербург
14.03.2010 15:56
Урматтуу "Азаттык"радиосунун кызматкерлери силердин ишинерге бийлик тараббынан кысым болуп жатканы абдан эле окунучтуу , Радилордон уктуруулар ,теледен беруулордун кетпей жатышы ал эми бир нече сайттардын ачылбай жатышы ж,б, Ал эми айыл жерлеринде интернет жок айыл апалары аталарга абдан эле кыйын болду го,Ал эми силер эркин радио станция эмесинерби,Силерге эч кандай тоскоол болушу мумкун эмес го?Силерде алдын ала келишим тузулот го ошол келишимге таянып сотко кайрылсанар болбойбу?Ал эми Америка тарабынан эч кандай жардам чара коруулор болбой жатабы ?Же созсуз турдо элди пикетке алып чыгыш керекпи ?Бийлик мына элдин чыркырап кочодо жургону менен иши жок бир да талабын аткарбай келе жатат,Ит уро берет ,кербен журо берет болуп,

кимден: Сарымсак каяктан: Чуй
14.03.2010 15:46
Багылып жаткан 'Арыстан'ды да капастан чыгарабыз дешет,ишенимдуу циркачтар!

кимден: Жамалбек каяктан: Москва
14.03.2010 00:18
Москвалык "саясый" аналитикке. Рахматты биринчи эсепте "Азаттыкты" уюштуруп жана каржылап жаткан Америка элине жана бийлигине айтышыбыз керек. Андан соң гана "Азаттыктын" мыкты журналисттерине.

кимден: dake каяктан: bishkek
13.03.2010 23:25
salamtsizbi radio azattyk.
menin silerge bir suroom bar ele.men biraz amerikelitar menen asker bazasinda ishtrep kaldim.al jerde tehnologiyanin turu baar , siler dele osholrdoy bolup sputnikten radiolorunardi janirtsanar bolboybu.menin bilishimche siler amerikanin koldoosu mene ishteysiner da.
rahmat

кимден: nurhan каяктан: amerikadan
13.03.2010 23:17
kimbattu kalayik kalk.men alis jerde jursom da kirgiz elim uchun kuyup biship atam .soz aytkandan bashka koldon ech nerse kelbeyt eken azirincha.eldin beli bekcheyip kozu chekcheydi, biylik aga koz salgisi kelbeyt. ushul biyliktegilerdin papke kotorgon ar birinin jegen tamagi aram , ishtey albasan kete ber degen zaman keldi.otkon shayloodo koldo elem , mina emi kizikty kor.omuru bakievdi taanibagandar bakievge kol berip koigula dep jilkisina cheyin soybodubu.
bakiev akaevdin taktydan kulashinan chong sabak algan , bashkacha aytkanda oppozitsyani takir joyboso bular ushintip ele keljirey berishet dep . ozubuz kuboo bolduk ko bir dagy kamchiga sap oppozitsiyoner kalgan jok.tekebayev tigintip uyat boldu.al emi daniyardi alip keldi da ani koldonup tarifterdi kotortup aldi, mina emi jirgal jashoo bashatldi.akaev da biraz insaptuu eken , kiyazi.bakievdin balasi bul olkodo dele jashagysy kelbeyt, aytty koidu debegile bul bolo turgan ish , al emi kurmanbek aka karidi, samiy glavniy tukumu jakshi jashasa boldu.birok bir chetinen alganda bakievdin oorduna kim kele alat, kamchiga sap biroo da jok bolup atpaybi. eh kikemder biz biribizge biribiz kiyin bolbosok , biribizdi biribiz kordobosok anda anda bizdin kirgiz bolgonubu jalgan bolushkerek, biz oshogo ele jarayt okshoybuz, urmattu menin katymdi iliktoochu moderator bul pikirim elge jetpese da siz ge jetse men iraazimin .kayran el kayda baraar ekenbiz...

кимден: Толик каяктан: Бишкек
13.03.2010 20:45
Азыркы президентибиз урук тууганым бийликке келсе өлүп кетейин деп айткан. Акаевден бир эле айырмасы Таня жеңебиз үйдө отуруп эле тихо мирно иш бүткөрүп акылдуулук кылып атат.Бирок Максим өзүн Илья Муромецтей эле сезип, 5 эле млн. элди башкарган бу жөн эле да дегенсип журот.Кыскасы атасы баласынан отуп,баласы андан ашып тушуп катуу иштп атышат бир гана элим, жерим, мекеним деп эмес сол капчык,он капчык,дос капчык болупкетип атат окшойт.Анысын айтса мунусу мунусун айтса тигиниси чыгат кокуй...
Бакиев байкушка бир чети боорум ооруйт. Ушунчалык бийлик менен байлыктын кулчулугуна айланып,ага колун гана эмес бүт денесин матырып,бир гана чекеси көрүнүп калгандай туюлат.Же кара чечекей уулга тарта албай,же жатындаш укасына тарта албай ары карап ыйлап,бери карап күлүп айлам жок бирок ай лав ю деп отургансыйт.Азаттыкты тыншасан Өмүрбек Текебаев айткандай Эми акасы менен жээни атыша тургандай мезгил келатат.Же Азаттыктын радиосу жалгыз эрмегине айланып бирок уккандан ажырап калган пенсионер эне айтмакчы "Канды кудай ураарда калкы менен кас болот" деген кеп чын эле жакындап калдыбы.Элдин маанайы шымына түшүп, ээкке бир койгудай акыбалга келип калды (Ишенбесениз азыр жолуккан эле кишиден жашоо жакшырып жыргап калдык окшойт ээ деп сурап көрүңүзчү...
Кыскасы эртенки күнүбүз кооптуу болуп баратат окшойт.....

кимден: Акжол каяктан: ЖК эмес
13.03.2010 18:59
Кыргыз из РФ! Ты абсолютно не прав!!! Борьба за лучшую жизнь,за справедливость,за благополучие народа,за здоровье нации никогда ни на секунду не остановится!Это аксиома жизни!!! Живете в другой стране и рассуждаете: терпите,всё будет хорошо...Знаешь,народ КР сейчас не нуждается в твоем совете.Ты там работаешь,дальше работай...Только не лез,если ничего не знаешь,лады брат? Народ сам разберется...А ты работай,хорошо работай...пользу принеси семье!Привет от всего Кыргызстана!!!

кимден: Канатбек каяктан: ТУРКИЯ
13.03.2010 18:13
Болотту чапкан сайын чыңалат! Миңдеген кишилерге чыркыраган чындыкты жеткизип жаткан Азаттыктын коллективин жалпыкыргыз эли кош колдоп колдоо көрсөтөөрүнө ишенем! Бийликтин астынан жер көчүп атат, айла кеткендеги акылы ошол болсо не деп айтабыз!
    Алдыга 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.