Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Ысык-Көлдөн оппозицияны сүрүп чыгарып салышты


Ысык-Көлдө милиция күчтөрү оппозиция лидерлерин кармап-камап, кууп-кубалап, Түптө элдик жыйын өткөрүүгө жол бербей, облус аймагынан сүрүп чыгарышты.

Кабарчыбыздын айтымында, бир нече албууттанган аялдар жыйын болуп жаткан жерге келип, сөз талашып, кыйкырык ызы-чуу салып, чогулгандардын таркап кетишин талап кылышты. Түпкө жетип-жетпей милициянын куугунтугу менен сүрүлүп келген оппозиция лидерлери жана активисттери Балыкчыга жыйналып, ошол жерде каршылык митингин баштап жатышкан.

Ал аңгыча жаалданган чымыр денелүү элүүдөй жигиттер жиреп кирип, митингди токтотушту. Чогулгандарды дүкүлдөтүп сүйрөп, туш-тушка чакчелекей кылып сүрүп салышты. Алар чогулгандардын таркап кетишин талап кылып, опузага алып жатышты. Азимбек Бекназаровдун жолун тороп, беттешип, чагым чыгарууга аракет кылышты. Бирок митингичилер көпкө дейре тарап кетпей, ар кай жакта бөлүнүп турушту.

Бүгүн эртең менен А. Атамбаевдин Караколдогу областык штабына зөөкүр жигиттер кол салышканы жөнүндө кабар келди. Алар штабдын дарбазасын, эшигин талкалашты. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, курултайга барган адамдарды ак шапкечен дүкүлдөгөн жигиттер кармап, опуза кылып жатышты. Шаардын мэри, милиция кызматкерлери аларды тыйбай эле көрмөксөн болуп жүрүшөт.

Түптө бүгүн боло турган курултайга барган «ата мекенчилерди» партия лидерлери Өмүрбек Текебаевди, Болот Шерниязовду баш кылып, милиция кармап, күчкө салып Бишкекти көздөй кайтарды. Өмүрбек Текебаев «Азаттыкка» айткан маалыматында, аларды Ак-Суу райондук милициянын начальниги өзү коштоп, күчкө салып айдатып келатканын билдирди. Милиция начальниги «атамекенчилерди» көл зонасынан чыгарып, Бишкекти карай жөнөтүп жиберүү жөнүндө тапшырма алганын айтыптыр.

Катардагы саясатчылар гана эмес кол тийбестик укугу бар депутаттарга да эсирген ээнбаштардын колу тийди. ЖК депутаты, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыров Түп райондук милициясынын кызматкерлери уюштурган мас адамдар аны кармап алып, жулмалап, кийимдерин тытышканын “Азаттыкка” билдирип, мындай ээнбаштыкты жөн калтырбай мыйзамдуу чара көрө тургандыгын айтты.

"Кылым шамы" укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова Балыкчыда оппозициянын жыйынын шаар бийлиги кууп таратканын айыптап, адамдардын эркин жыйын өткөрүү укуктары тепселгенин билдирди. "Жарандардын эркин чогулушуна сот гана тыюу сала алат, жергиликтүү бийлик бул ирет соттун милдетин аткарды" деп билдирди ал.

ИИМдин, Ысык-Көлдөгү мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бул жакта болуп жаткан чакчелекей окуялар жөнүндө түшүндүргөн бир да маалымат берише элек.

БЭКти Ысык-Көлдөн басмырлап кууп чыгышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:55 0:00

XS
SM
MD
LG