Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:03

Саясат

А. Атамбаев: Эл бийликти колуна алыш керек

Бириккен Элдик кыймылдын төрагасы Алмазбек Атамбаев 17-мартта Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда эл аралык шылуундар башкарып жатат жана мамлекеттин байлыгын арзан сатып, электр акысын көбөйтүп, элди тоноп атат деп бийликти күнөөлөдү.

Текст көлөмү - +
 - Урматтуу агайын-туугандар, биринчиден, Бакир Имаров айткандай, Баткенден бери миң километр ашып келгениңерге чоң рахмат. Биз канча жолу катачылык кетирип, ишеничиңерди актабасак дагы келгениңиздерге чоң рахмат. Бизге деле кыйын болуп атат, бирок бизге демди силер берип атасыңар. Ошон үчүн бизди атып атабы, камап атабы биз сынбайбыз.

Балыкчыда билесиңер, айтып кетпедиби, керек болсо депутаттарды сабаган деп. Ошондо Кубан Кадыровду тизеге тур деп сабаган. Кубан тизеге турбай койгон, ошон үчүн сабаган. Комитетте жер-жерлерде курултайларды өткөрүп туруп элден сурайлы, мындай болуп атат, макулсуңарбы, же бийликти эл алыш керек беле.

Эгерде эл тымпыйып жатып берсе, макулбуз, тебелей берсин десе, анда макул болот. Эгерде, эл жок, Нарынга, Жалал-Абатка окшоп чыкса, жок бийликти биз кайрадан алабыз дегенге элдин конституциялык укугу бар. Кайсы жол бар деп атпайбы, мына азыр кыйкырып атат, азыр эле барабыз Акүйдү алабыз деп. Ачык айтайын шайлоо күнү деле кээ бирлер балдарды түрткөн шайлоону эмне кыласыңар, кеткиле деп, аягы кандай бүттү. 18 бала түрмөгө тыгылды, сабалды.

Ошон үчүн ушундай провокацияларга кетпейли. Бүгун кудай буюрса колдоп берсеңер, ошондо баарыбызды бириктире турган, башкара турган бир уюмду шайлайбыз, төрагасын коебуз баары сыйлай турган, урматтай турган кишини. Дагы бир нерсени эскертип коеюн, мына 2005-жылга бир жумадан кийин беш жыл болот.

2005-жылы өзүбүз эле жүргөнбүз, бирок эстесеңер, андан 2-3 ай мурун Жалал-Абат эли айткан жок бизге мындай бийликтин Акаевдин кереги жок деп. Анан кийин Ош, анан кийин Кочкор, анан кийин Нарын айткан, эң аягында Бишкек ойгонгон. Бишкек башында ойгонот деп ойлобогула. Эгерде бул жактан бирөө сүйрөп барып, Акүйдү алып коебуз дегендерди эрчигендер 18 баладай болот. Алар ээрчитип барып качып кетти, ошол эле СНБнын балдары экен.

Биз жүрдүк сотторго тебеленди болуп Азимбек менен. Ошондуктан бул жолу бардыгын план менен жасайбыз, бирок мындан ары курултайларда буюрса чечимди бүгүн алабыз. Мындан башка чечим жок. Эл бийликти колуна алыш керек. Конституция боюнча эл бийликтин жалгыз булагы.

Кыргызстанды көрүп атасыңар кимдер башкарып атат, международный аферисттер башкарып атат. Жакында мен Орусия, Түркияга барып келдим. «Ван электрик» деген сетти сатыптыр. «Ван электриги» «Балыкчы электрикке» тең. 100 млн. долларга сатылды. «Улудак электрик» 940 млн. долларга сатылды, бир миллиардга. Бишкектен төрт эсе кичинекей. Бизде 3 млн. долларга сатып туруп, анан ремонтко акча жок деп атат. Элди тоноп атат.

Мүмкүн пенсионерлер ишенип атат. Азыр бийлик айтып атпайбы, электр кубатынын өздүк наркы жогору деп. Мисалы, Казакстанда 2 сом, а бизде болгону 70 тыйын деп. Казакстанда электр кубатын газ менен көмүр иштеп чыгат. Россияда дагы 99 пайыз ушундай. А бизде 90 пайыз кудай берген суунун эсебинен иштелип чыгат. Бизде анын өздүк наркы 8 тыйын. 

Мына базарда 8 сомдук нерсени 16 сомго сатат, 80 сомго сатпайт. Бизде 8 сомдук электр энергияны 80 тыйынга сатып ыраазы болбой, бир жарым сомдон сатып атат. Мунун баары элди тоноп аткандар. Жанагы Гуревич-муревичтер баары келип туруп элибизди, жерибизди тоноп атат. Элибиз карап турбай буюрса чыгабыз. Анткени бийлик элдики болуш керек.

Дагы бир нерсе айтайын, бул бийлик азыр ойлоп атат, биз коркутсак, сабасак сынып берет деп. Андай болбойт. Сабасын, атсын, камасын, биз аягына чейин барабыз. Бул биздин жерибиз. Бул Гуревичтердин, же Максим-саксимдердин жери эмес, бул биздин жер.

Бирок бир нерсе суранат элем сиздерден, биз дагы балалык кылып шайлоого барабыз деп элдин шагын сындырып алдык. Анткени көрүнгөндөргө ишендик. Азыр мен айтаар элем, мына баарыбыз тең бүгүн шайлаган уюштуруучу органга баш ийип туруп, көп нерсени мүмкүн ал орган айта албайт, ошол иш менен кетели.

Бул ишти кудай буюрса бүтүрөлү. Колдон келсе Азимбек айткандай бүтөбү, кийинчерээк бүтөбү, бирок эл чечсин Конституциянын негизинде. Жашасын элибиз, Кыргызстаныбыз, биз жеңебиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Турат каяктан: Балыкчы
19.03.2010 00:26
Элдик курултай абдан жакшы өттү,Атамбаев биздин депутат Кубан Кадыров жөнүндө туура айтып жатат,ал чындыгында президентик шайлоодо эч коркпостон Бакиевтердин үй-бүлөлүк бийлигине элдин колдосунда каршы болуп чыкты.Кыргызстанда акыркы эки жылда үй-бүлөлүк бийлике эч ким каршы чыкбай турганда Кадыров баштаган жигиттер чыгып искра кылып бердик.Элдик курултай кабыл алган чечимди Балыкчылыктар толук колдойбуз.

кимден: burul каяктан: бишкек
18.03.2010 12:34
Баарын туура айтыптыр!

кимден: Адилет каяктан: Бишкек
18.03.2010 00:38
Отунбаеваны шайлайлы, таза аял, акылдуу, тажрыйбалуу.
Болбосо эркектерден эч нерсе чыкпайт

кимден: Политтехнолог каяктан: Ала-Тоо
17.03.2010 20:50
Алмаз Атамбаевдин "Эл бийликти колуна алыш керек" деген сөзү замандын талабы. Эң туура айтыптыр.Элдик бийлик - бул мыйзамдын үстөмдүгү деген сөз. Элдик бийлик - бул Кыргыздын келечегин камсыз кылчу бийлик.

кимден: кыргыз каяктан: ЭЛ-ЖУРТ
17.03.2010 20:27
Алмаз Атамбаев да жаны-каны эл-жэр үчүн күйгөн жигит тура, кетирген каталарын мойунга да алып Азимбек Бекназаров сыяктуу мыктыларыбыз элди чыныгы патриоттор башкарсын!Билимибиз ,байлыгыбыз,электр тогубуз эң алдын эл үчүн, Кыргызстандын гүлдөп өсүшү үчүн колдонолу, Ийлеп -ийлеп итке салып бербейли!Таз байматтар эл башкарып элди тоногонго акысыжок, кокусунан тарых тайып келип калганды акыл ,элдик курултайдын чечимине ылайык кайтаралы!Кыргыз эл-журтум иттей ала-кула болбой көк жалдай бир түскө биригели!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.03.2010 20:13
Атамбаев мырза дагы эле оппозициянын лидери болгусу келет окшойт. Бир жолу кылып да көрдү, жыйынтыгы белгилүү. Бекназаровдун ген.прокурор кезинде кылган иштерин эл билет. Кезекти Дүйшөн Чотоновго бергиле. Таза адам.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)