Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:02

Экономика

Кыргызстанда курулуштардын коопсуздук сапаты кандай?

Гаитидеги жер титирөөнүн оор кесепеттери табигый кырсык көп тооруган кыргызстандыктарды да бушайман ойго салууда.

Текст көлөмү - +

 

Кыргызстандагы белгилүү курулушчу-инженер, ишкер Асыкбек Оморов “Азаттык” менен маектешип, бул өлкөдө катуу жер титирөөгө туруштук бере албай турган курулуштар көп экенин айтты. Ал ошондой эле соңку убакта курулуштардын коопсуздугуна жана сапатына да мамлекеттик көзөмөл жетиштүү деңгээлде жүрбөй жатканын баса белгиледи.

- Сапатсыз курулуштар көптөгөн кыйроолорго, адам өлүмүнө алып келерин Гаитидеги окуялар көрсөтпөдүбү. Бул жагынан Кыргызстандагы курулуштардын сапаты жана коопсуздугу канчалык талапка жооп берет деп ойлойсуз?

- Кыргызстандагы курулуштарды эки мезгилге бөлсөк болот. СССРдин убагында салынган курулуштардын ичинде сегиз баллга эсептелип салынган имараттар аз. Көбүнчөсү элүүнчү-алтымышынчы жылдары салынган кирпич үйлөр. Көпчүлүгү сейсмикалык талаптарга жооп бербейт. Гаитидегидей жер титирөөчү болсо, алтымышынчы-жетимишинчи жылдары салынган эски үйлөр бүт эле кулайт. Керек болсо ири панелдүү 104-сериядагы үйлөрдүн дагы металл конструкцияларынын бириккен жерлери начар.
 
-Эгемен доорундагы курулуштардын сапаты жөнүндө эмне айта аласыз?

- Акыркы учурда көп кабаттуу бийик үйлөрдү куруп атабыз. Аларды колонна кылып туурасынан кеткен сейсмикалык алкактар менен курчап байланыштырып, ичин жеңил конструкциялар менен толтуруп атабыз. Ошого кошумча Мамкурулуштун талабы боюнча диафрагма деп дубалдарды коштуруп, ар бир колоннаны шахмат тартибинде кылып, жер титирегенде туруштук берсин деп котлованы казылганда эле жерпайы менен өйдө көтөрүп куруп атабыз.

Долбоорлору жакшы эле жасалып атат. Ал эми курулушка келгенде башка кеп. Курулуштун аткарылышы кандай, аны билген прорабдардын кесиптик деңгээли кандай, убагында көзөмөл болуп жатабы? Ачыгын эле айтайын, чындыгында прорабдар көбү жалкообуз, убагында жазбайбыз тийиштүү кагаздарын, ар кандай жумуш менен чуркап жүрүп, унуткарып убакыт өткөрүп иебиз.

- Ошондой шалаакылыкка жол бербеш үчүн мамлекеттик көзөмөл органдары канчалык деңгээлде жоопкерчиликтүү карап атышат?

-Жоопкерчилик азыр мурункуга караганда начар. СССРдин убагында ар бир нерсени лабораториялар көзөмөлдөп турчу. Азыр курулуштарды мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги көзөмөлдөйт. Ар бир объектиге район-район кылып инспекторлорду бекитип койгон. Бирок бир эле региондо бир нечелеген объектилер бар, күнүгө барып анын баарын текшерип турушка дээрлик мүмкүнчүлүк жок.

- Ырахмат маегиңизге.

Гаитидеги катуу зилзала

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Прораб каяктан: Бишкек
19.01.2010 10:18
Мен ачык эле айтам,биздеги курулуштардын сапаты начар.Экономдошот,курулуш материалдары уурдалат ж.б.причиналар көп.Акчага кол койдуруп салышат.Ушундай абал.Мактаган элит үйлөр да ушундай.

кимден: Рита каяктан: Москва
18.01.2010 23:01
Гаитиде болгон жер титироо чындыгында ойго салды. Кээ бир эксперттер менен аналитиктер бул кырсыкты акыр заман менен байланыштырып жазып жатышат. Дескать, это признак наступления частичного конца света. И неизвестно, какая страна на следующей очереди. Как говорится, и грех, и смех, но все равно, страшно..Кандай болгон кундо дагы, Кудай озу сактасын кыргыз эли менен жерибизди. Бирок, коопсуздугубуз тууралуу ойлогонубуз да ашыкча эмес.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)