Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:02

Спорт

"Ийгилик, кыргыз спортчулары!"

9-августта өлкө жетекчиси Роза Отунбаева Сингапурда өтө турган I жаштар олимпиада оюндарынын катышуучуларын кабыл алды.

Текст көлөмү - +
Сингапурда өтө турган I жаштар олимпиада оюндарынын катышуучуларын жана машыктыруучуларды, спорт жетекчилерин президент Роза Отунбаева кабыл алып, алар үчүн олимпиадалык атайын спорттук кийимдерди тапшырды.

Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун айтымында, жаш олимпиадачыларды мамлекет башчы Роза Отунбаева шыктандырып, жеңиш менен кайтып келсе баалуу сыйлыктар болоорун билдирди.

Жалпысынан Жаштар олимпиадасына катышууга 8 кыргызстандык спортчу жолдомо алды. Алар: грек-рим күрөшү боюнча балбандар Шадыбек Сулайманов жана Урматбек Аматов, боксчу Исломжан Далибаев, спорттун азыркы беш түрү боюнча Ильяз Бактыбеков, суучулдар Дмитрий Александров жана Екатерина Лысенко, дзюдочу Болотбек Токтогонов жана кайыкта сүзүү боюнча таймашка Руслан Молтаев катышат.

Жолугушууда Кыргызстандык жаш спортчуларынын атынан команданын капитаны, дзю-дочу Болотбек Токтогонов президент Роза Отунбаеванын колунан кыргыз тууну алып, өлкөнү татыктуу коргоп келүү тууралуу убада берди.

Кыргыз өкмөтү Сингапурдан Жаштар олимпиадасында алтын медаль утуп, биринчи орунду ээлеп келген спортчуга 10 миң доллар сыйлык белгиледи. Экинчи орун үчүн 8 миң доллар берилмек болсо, байгелүү үчүнчү орунга 5 миң доллар берилет.

Жолугушуу учурунда президент Роза Отунбаева жеңүүчүлөргө мындан сырткары дагы баалуу сыйлыктар берилерин убада кылды.

Кыргызстандын спорттук делегациясын өлкөнүн Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Алмаз Касенов менен Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов жетектеп барышат.

Сингапурдагы оюндарда алгач кыргызстандык грек-рим стилиндеги балбандар жана суучулдар өнөрүн көрсөтөт.

Дүйнөлүк жаштар олимпиадасынын ачылыш аземи Сингапурда 14-августта өтөт. Олимпиадалык таймашуулар 15-августта башталып, 26-августка чейин созулат.

Эки жүзгө жакын өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3,5 миңдей жаш атлетчилер катышып, мөрөй талашмакчы. Мелдештер спорттун 26 негизги олимпиадалык түрлөрү боюнча өтөт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)