Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 01:00

Саясат

А. Кудайбердиев: Кыргыз армиясынын чама-чаркы июнь окуяларында көрүндү

Кыргызстандын коргоо министри генерал-майор Абибилла Кудайбердиев армиянын күжүрмөн даярдыгы жана социалдык шарттары жакшырып баратканын "Азаттыктагы" маегинде баса белгиледи. Ошол эле мезгилде ал аскерлер арасында зордук-зомбулук көрүнүштөрү дале орун алып жатканын танбайт.

Текст көлөмү - +
 - Абибилла мырза азыркы учурда Кыргызстандагы Куралдуу күчтөрдүн абалы жалпысынан кандай?

- Июнь айында болгон окуялар армиянын кандай экендигин көрсөтпөдүбү. 1999-жылдан азыркы убакка чейин биздин армияны эки эсе кыскартышкан. Мурдагы президент Аскар Акаевдин сөзү бар болчу: “Биздин Кыргызстанда тынчтык болот, биз экинчи Швейцария болобуз, эч кандай душман келбейт. Бизге армиянын кереги жок” деп, ошонун негизинде эки эсе кыскартылган болчу.

Азыркы армиянын болгон саны менен анын даярдыгы жакшы деп айтсам болот. Коргоо күчтөрүнүн негизги тапшырмасы кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүн, бүтүндүгүн, кыргыз элин тышкы душмандан коргоо болуп саналат. Башка эл аралык келишимдердин негизинде милдеттерди аткарып жатат.

- Аскер адамдарынын социалдык абалы тууралуу сурагым келип турат.

- Чынын айтканда Кыргызстандын армиясында маселелер көп. Мына офицерлерибиздин, аскер адамдарыбыздын айлык маянасы аз. Көп офицерлерибиздин жашай турган үйлөрү жок. Аскердик пункттарда азыркы мезгилдин талабына ылайык келген обьектилерди куруу керек. Буларды чечүү үчүн көп иш-чаралар жасалып жатат.

Үй менен камсыз кылуу боюнча биз пландарды түздүк. Өткөн жумада Коргоо министрлигинин өзүнүн акчасы менен 50 квартиралык үй курууну баштадык. Кудай буйурса ал үйдү жылдын аягына чейин бүтүрөбүз деген пландарыбыз бар. Үйдү бүтүрүп алсак 50 аскер адамы үй менен камсыз болуп, бактылуу жашап, өздөрүнүн кызматтарын так аткарганга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Мындан сырткары эмдиги жылга пландаштырып жатабыз. Башка мамлекеттерден жардам беребиз деген келишимдер бар. Ошолордун баарын аскер шаарчасын куруп, үй менен камсыздандыруу боюнча иштетели деген планыбыз бар. Эки-үч жылдын ичинде бул нерсе ишке ашат деген ойдомун.

- Жоокерлердин арасында мыйзамсыз көрүнүштөр, чоңу кичинесине кордук, зордук-зомбулук көрсөткөн учурлар көп айтылып келет. Мындайча айтканда “дедовщина” маселеси көп жылдан бери ойлондурган бир маселе эмеспи. Азыр ушул абал кандай?

- Өзүңүздөр билесиздер, бул Совет армиясынан бери келе жаткан жаман иш. Андан кийин Кыргызстандын армиясы эгемендүү болгондон бери ошол боюнча эле келе жатат. Бирок биз чараларды көрүп жатабыз. Аскердик кызмат эки жыл болгондо ушундай жаман иштер көп болгон. Эми азыркы кезде мына Кыргызстандын армиясында азыр кызмат кылуу бир эле жыл. Ошол бир жылда ошондой болбосун деп, бир аскер бөлүгүндө майда чакырылса, алар гана кызмат өтөйт. Эки жолу чакыруу болот. Күздө болот, анан жазда болот. Күздөгү чакырууда жалаң гана күздөгүлөр болсун деп чараларды көрүп жатабыз. Кудай буйруса жыйынтык бар.

- Минтип сурап жатканымдын себеби, буга чейин жоокерлер арасында ар кандай жагымсыз окуялар болуп келген. Жакында Баткенде чек арада бир жоокер каза болбодубу?

- Тилекке каршы, мындай окуялар болуп жатат. Эми бул Баткенде болгон окуя чек ара кызматында болду. Бул кызмат азыр коопсуздук кызматына карайт. Биз Коргоо министрлигинде ушундай нерсе болбошу үчүн чараларды көрүп жатабыз. Келишимдик кызматка өтүп жатабыз. Азыр айтсам болот, 70 пайызы бизде келишимдик негизде. 30 пайызы чакырылып жаткан аскерлер. Келишимдик кызмат деген аскердик кызматты өтөп келгендерди биз кайра жумушка алабыз. Акча маяна төлөйбүз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Олжобай
20.09.2010 15:26
Бул жерде аяабай жакшы пикирлер айтылыптыр. Кыргыз армиясы алдыңкы жетишкендиктерге жеткенине күбөө болуп жатабыз.Биздин министирлик жигиттерди аскерге чакырууда чечкиндүү чараларды корүүсү керек!СССР дин мезгилинде кээ бир маалыматтарга караганда кыргызстандан 35 мин жигит аскерге тартылчуу экен ал эми азыр кыргызстанда баары болуп 15 миндин тегерегинде жоокерлер кызмат кылышат экен!Ал мезгилде баары аскерге барчуу мыйзам ошондой эле,мен ойлойм азыр да ошондош мыйзамды кабыл алуу керек. Мыйзам болбосо же алсыз болсо анын башы тигинин буту ооруйт деп эле акча менен калып калышат экен!Биздин башка өлкөлөрдөн эмне кемчилдигибиз бар?!Ушул нерсеге коңул бурулса жакшы болмок.Рахмат.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
20.09.2010 14:17
Армияда жасалып жаткан реформалар мактоого татыйт, эгер мындан он жыл мурдагы армия менен азыркы армияны салыштырса айырма абдан чон, азыр жоокерлерибиздин курсагы ток, кийими бутун. Мен ойлойм, коргоо министри кол алдындагыларга озунун уй булосундогудой аталык камкордук менен мамиле кылса, анда ишибиз мындан да алдыга жылат деп. Бар болгула, Мекен сакчылары!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
20.09.2010 14:13
Чындыгын айтканда, 2005-жылдан баштап кыргыз армиясынын абалы онугуу, алдыга карай онолуу жолуна тушту десек жанылышпайбыз. Ал эми кыргызстандын армиясы мындан да кучтуу болуш учун мамлекет тарабынан жакшы колдоо керек.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
20.09.2010 11:24
Менин ойум Аскердик кызматта чону кичинесине басым откосу болуш керек себеби ечкимге бору орубайт сохушта ойлонбой ок атат

кимден: Турдукожоев Сексенбай каяктан: Бишкек
20.09.2010 11:00
Кыргызстан армиясы реформага муктаж.Он эки миң сом алып армиядан калып калуу деген мыйзам Конституцияга туура келбейт.Чыныгы жоокерлер чыныгы армияда кызмат кылышы керек.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)