Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 00:58

Эл үнү

“Эл өз баатырларын унутпайт”

Чоң-Таш айылындагы “Ата-Бейит” тарыхый мемиоралдык комплексинде 7-8-апрелдеги окуяларда окко учкандарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. 16 адамдын сөөгү “Ата-Бейит” көрүстөнүнө коюлду. Алардын көпчүлүгү 23-28 жаш курагындагы жаштар.

Текст көлөмү - +
7-апрелде өткөн нааразылык акцияда курман болгондордун катарында Алмаз Кудайбергенов да бар эле. Ал Өкмөт үйү тараптан атылган октон көз жумган. Иниси Бакыт Кудайбергенов бир тууган агасын жоктоп турду:

- Бүгүн акыркы сапарга байкемди узатып жатам. Таянган тоомдон ажырап томсоруп турам. Кандуу окуяда каза болгон баатырлардын туугандарына көңүл айтам. Алар өзүнүн өмүрү менен бийликти элге алып беришти. Бийлик элдин колунда болушу керек. Ак үйдүн алдында агам өлөөр алдында “Качпагыла кыргыздар! Кайткыла” деп акыркы сөзүн айтып, көзү жумулуп кетти.

Нааразылык акциясына чыгып каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыяратына 10 миңге жакын адамдар катышты. Жерге берилгени турган табыптардын үстүндө өлкө желеги жабылып, тегерегинде көзүнүн жашын төгүп ыйлаган туугандары жана кайгысын тең бөлүшкөн мекендештери турушту.

Эл алдына чыгып сөз сүйлөгөн убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү күнөөлүү адамдар жазасын алат деп билдиришти. Ал эми тууганын же мекендешин, жакын адамын жоготкондор ичи ачышып, кабыргасы кайышып, жүздөрү муңайат. Алардын катарында студент Жоомарт да бар. Ал жакын досу, 20 жаштагы Замир уулу Рустамды акыркы сапарга узатууга келген:

- Менин досум 7-апрелде каза болуп калды. Өкмөт үйү тараптан атылган ок жүрөгүнө тийип, ошол жерден каза болуп калды. Ал эч кимге жамандыгы жок, ак көңүл, патриот жигит болчу. “Кыргыз элим, кыргыз жерим” деп жүрүп көзү өтүп кетти.


Жерге берүү зыяратынын этегинде өлкө гимни ойноп, каза болгондордун элесине мылтык октору асманга атылды.

24 жаштагы Айбек Мааткеримов Кыргызстандын келечеги үчүн жанын берген жаштарга таазим эткени келген. “Алар - элдин баатырлары” дейт Айбек өз сөзүндө:

- Элибиздин ичи кайышып турган кез. Аябай оор күн башыбызга келип турат. Бул окуяны башты көтөрүү менен кабыл алалы. Аларга таазим кылып, куран окуп, жакындарына көнүл айталы. Алардын элеси кыргыз элине дем берип турат. Жаш адамдардын кырчындай өмүрү кыйылып кеткени эң өкүнүчтүү. Бул баатырлар эч качан унутулбайт.

“Ата-Бейит” тарыхый комплекси муңканган кошокко жана куран сүрөөлөрүнө жаңырып турду. Ошондой эле 9-10-апрель Кыргызстан боюнча аза күтүү күнү деп жарыяланды. Ага ылайык сыналгы каналдарда музыкалык программалар алынып, борбордук аянттагы туу түшүрүлдү.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: кылым каяктан: москва
25.04.2010 15:11
Бакиевдин бийлигин кулаткан эр азаматтардын акырети абат жайлары жаннат болсун.Кана оппазиция ушуларга окшоп жанын тосуп бергени Бакиевдин кысымына туруштук бере албай кыргызстандан кеткени канча.Бакиевдердин жана ошол убакта бийликте жургондордун,дагы 18-жыл бийликтин бутагында жургондордун бирден тамын алып окко учкан азаматтардын жакындарына бериш керек бул нерсе аз арзыбаган нерсе керек болсо байлыгынын жарымын да алып бериш керек

кимден: кылым каяктан: москва
25.04.2010 01:03
Бакиевдин бийлигин кулаткан эр азаматтардын акырети абат жайлары жаннат болсун.Ушул тогулгон кандарды бийлик акташ керек.Өкүнүчтүсу Бакиевдин бийлигине туруштук бере албай кеткендер, кайра келип бийлике олтуруп акылдуу болбой оз жолун тапса жакшы болмок.

кимден: Tamara
19.04.2010 07:09
"Артка кетпегиле, баардыгыбызды ата алышпыйт," деген сөздөрдү айтышкан жаш баатырлар, сиздердин атыңыздарды алтын менен жазганда да аздык кылат. Сиздер Кыргыз элинин чыныгы баатырларысыңар! Азыр эмне болуп жатканын билбейсиңер. Интернетти ачкан сайын, азаттыкты, ыйлагым келет. Абдан өкүнүчтүү. Жаткан жериңер жайлуу, топурагыңар торко болсун

кимден: Cholpon каяктан: Msk
16.04.2010 21:50
ото кейиштуу!!! Кыргыз элим байыртан артка кайтпаган баатыр болгон! ошону дагы бир жолу далилдеп койду Кыргызыдын азаматтары! эл журт эч качан силерди унутпайт! каза болгон эр-жигиттердин уй- булосуно конул айтам. Эми ким бийликке келсе да ойлоно турган болду!!!

кимден: rat каяктан: tushtuk koreya
16.04.2010 06:15
Markumdardyn kyrgyz elinin yi-bylolyk bashkaryyga karshy,jana jakshy tyrmysh ychyn kyroshkondygy ychyn kyrgyz eli ech ybakta ynytpayt.Jatkan jerleri jayluu bolsun!!! Azyrky biylikke sabak bolsun!!!Bakievdin yi-bylosyno kargysh tyisin,jana jan jokorloryno da kargysh.Kan ketirbeyt kynolyylordy.

кимден: Мен каяктан: Алыстан
15.04.2010 02:32
Ылайым ушул жаш кеткен азаматтардын каны Бакиевди жана анын үй-бүлөсүн уктатпасын!!!!!!!
Сөз жок!!!

кимден: Casa каяктан: GDR
14.04.2010 20:48
Sagynychtuu kyrgyz kalkym!Aman bolchu-akyl esin menen!
Aiypsyz ketken"kairan omyr,kairan el".7-aprelde Kyrgyzstany ychyn markum bolgon atuuldardyn "jatkan jeri jai"bolsun!Musulmandyk soz menen alganda myndan bashka arga-aila jok.Ata-ene,bir tuugandary "baldaryndy erdik korsotty"-dep kana bel baila,kairattan.Biz silerdin kandai kyiyn akybalda ekeninerdi toluk sezip,markumdarga taazim kylabyz.
Munun baary bizdin "kyrgyz beiliginin"bashy jok alamandygy.Koshomatchylygy,koryp tursa koz juumup turat.Oz ailasynan korkup.Bakievge jana anyn aldynda jyrgyzgon beiligin tuura koryp,prikazyn atkargan ministrge "naalat"aitabyz!Bakiev kyrgyz bolso-oz elin,oz avtoritetin kyiratpait ele!Al kyrgyz emes-kirgiz go deim.
Yilaba ata-ene!Silerdin baldar omyr bouy kyrgyzdyn taryhynda aitylyp jashait.Antkeni Bakiev ok menen eldi bagyntyp alam degen.A el aga bagynbady,korkpodu!Emi aldyda beilik chynygy akylduu bashtuu adam bashtap orunduu Kyrgyzstan bolsun!Sagynganda biz izdep barchu,Meken bolsun!
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2313 - жалпы саны)

Жылдыз: Шаамерчем агайдын сунушу өтө кызык экен. Ал латиницанын "latviesu" делчү вариантын колдонуп жазса ... Толук

Сөз таануу