Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 00:54

Эркиндик

Алайда акция, атчандар...

Алай районунун Сопу-Коргон айылында бүгүн Исмаил Исаковдун боштондугун талап кылган митинг башталды. Ага 150 чамалаш жөө адамдар жана 20дай атчандар катышууда. Алар бийликке бир талапты – Исмаил Исаковду актоону коюп атышат. Акцияга жергиликтүү милициянын чакан тобу көзөмөл жүргүзүүдө.

Алайда Исмаил Исаковдун жактоочуларынын каршылык акциясы 13-январда эле башталган.
Текст көлөмү - +
Экс-коргоо министринин бир тууганы Рапия Исакованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, митинг Сопу-Коргондогу Исаковдун атасынын үйүнүн короосунда өтүп жатат. Каршылык акциясын Исаковду коргоо комитети уюштурган.

Сопу-Коргон айлында генерал И. Исаковго боштондук талап кылган каршылык акциялары 13-январдан бери жүрүп жатат. Ачкачылык акциясында 10 киши отурат. Алардын ичинде И. Исаковдун 85 жаштагы апасы Анипа Маматисаева да бар. 

И. Исаковду коргоо комитети мындан бир жума мурда эле 3-февралдан тарта мөөнөтсүз митинг-пикет, жөө жүрүш сыяктуу нааразылык акцияларына чыгуу чечимин кабыл алып, бул тууралуу жергиликтүү бийликке маалымдама жиберген.

Жергиликтүү бийлик Исаковдун жактоочуларына нааразылык иш-чарасын өткөрүүгө уруксат берген эмес. Анын себебин Алай районунун акими Алмазбек Осмонов “Азаттыкка” мындайча түшүндүргөн:

- Комитет бизге кайрылган, “3-февралдан тартып акцияга чыгабыз” деп. Бирок ага кол койгондордун айрымдары бизге кайрылышты “биз кол койгон эмеспиз, сыртыбыздан макулдатып коюптур” деп. Ушуга байланыштуу жана аба ырайынын сууктугуна байланыштуу уруксат берген жокпуз. Анын үстүнө булар мөөнөтсүз акция деп атышат, мыйзамда андай деген жок, ар кандай акциянын башталышы, бүтүү мөөнөтү так жазылышы керек. Ошондуктан, уруксат берилген жок.

Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтбай Жээналиев бийликтин каршылыгына карабай нааразылык чаралары уюштуруларын билдирген.

Буга чейин Алай районунда И. Исаковдун жактоочулары саясий нааразылык акцияларын өткөрүүгө уруксат бербегендиги үчүн жергиликтүү бийликти сотко беришкен. 19 күндөн бери уланып келе жаткан ачкачылык акциясына карата расмий бийлик “ак” да, “көк” да дей элек.

Мурдагы коргоо министри, оппозициядагы саясатчы Исмаил Исаков 11-январда 8 жылга эркинен ажыратылып, камакка алынган. Муну саясий чечим деп эсептеген Исаковдун тарапкерлери Бишкекте жана Алайда Коргоо комитеттерин түзүп, 13-январда ачкачылык акциясын башташкан. Исаков өзү болсо Бишкек шаардык гарнизондук соттун чечимин жокко чыгарууну сурап өткөн жумада Аскер Сотуна кайрылган.

Бул аралыкта АКШда чет мамлекеттерде жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын башын бириктирген кыймыл түзүлдү. Буга чейин “Азаттыктан” кабарлагандай, кыймылдын алгачкы жыйыны ишемби күнү Вашингтон шаарында өттү. 11-январда камакка алынган генерал И. Исаковдун уулу, кыймылды уюштуруунун демилгечилеринин бири Руслан Исаков кийинки жыйын Европа мамлекеттеринин кыргызстандыктар көп жашаган аймагында болоорун “Азаттыкка” маалымдаган.


"Азаттык" тасмасында: Алайдагы каршылык акциясы

Жүктөө
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: гулкумар каяктан: Р.Ф
04.02.2010 12:38
Урматтуу президент сизге жакпай калган ишчилердин күнү темир тор артында өтүш керекпи? мамлекет үчүн күйүп иштегендерди камап алып башы иштейби иштебейби акчасы барды отургузуп алып бир күн чукурга түшүп өлөбүз.аз элибизди кризистен чыгарыш, кыргызстанды гүлдөтүш ушунчалык кыйынбы?адамдарды камай бербей иштеш керек, иштесең тиштейсиң, бирөөнүкү бирөөгө буйрумакпы баардыкты кылардан алдын кудайга жооп беришти да ойлош керек.И.Исаковдунда убалы бар!!!!!! ОЙЛОН КАМАП АТКАНДАР.......!!

кимден: asan каяктан: osh
03.02.2010 17:51
Сопу коргондуктарга рахмат биз дагы силер мененбиз кайдасынар алайдын тын чыкмайлары БЕГИШ АМАТОВ.СУЛТАНОВ КЕЛДИБЕКОВ АБДЫКАЛЫКОВ СИЛЕР ЭМНЕ ЭЛГЕ БИЙЛИК БАРГЫЛА ЭЛИНЕРДИ ТОКТОТКУЛА ДЕГЕНДЕ ЭЛЕ БАРАСЫНАРБЫ ЖЭЭ УШУНДАЙДА ЭЛГЕ ЖАРДАМ БЕРЕСИНЕРБИ УШУ КЕЛДИБЕКОВДОН БИРДЕМЕ ЧЫГАБЫ ДЕДИМ БУЛ ДЕЛЕ УНЧУКБАЙТ. СОПУ КОРГОНДУКТАР АЗАМАТСЫНАР АК ИЙИЛЕТ БИРОК СЫНБАЙТ.

кимден: Кенеш каяктан: Алай
03.02.2010 17:43
Партизандар пайда болот окшойт.Бийликтин тоотпогону кыжырды келтирет!

кимден: Жакып каяктан: Ош
03.02.2010 17:26
Жарайсындар туугандар, мен дагы колдойм сиздерди.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)