Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Адам укуктары

Аксыда мөөнөтсүз каршылык акциялары башталат

Аксыдагы элдик жыйын, 17-март 2009-жыл

Аксыдагы элдик жыйын, 17-март 2009-жыл

09.03.2010
Ырысбай Абдыраимов

БЭКтин Аксы районундагы бөлүмү 17-мартта мөөнөтсүз митинг, пикеттерди өткөрүүгө даярданууда. Мындан сегиз жыл мурдагы каргашалуу окуяда жакындарын жоготкондор бейкүнөө кан төгүүнүн айыпкерлери мыйзам жоопкерчилигине тартылбай калганына нааразы болуп келатышат.

Аксы окуясынын сегиз жылдыгына байланыштуу аталган райондо аза күтүү иш- чаралары уюштурулат. Кара-Жыгач айылы менен 2002-жылы 17-мартта милициянын аткан огунан каза болгондордун эстелигинин жанында жана район борбору Кербен шаарында мөөнөтсүз нааразылык акциялары башталат. Ошол митинг- пикеттерди өткөрүүгө уруксат сураган кайрылуусун БЭКтин Аксыдагы бөлүмү жергиликтүү бийликтерге тапшырган. Бөлүмдүн мүчөсү Кубанычбек Маматкеримовдун билдиришинче, караламан калк учурдагы саясатка нааразы.

Райондун жетекчилиги бөлүмдүн митинг, пикеттерди өткөрүү жөнүндөгү билдирүүгө мөөр жана нааразылык иш чарасына жооптуу адамдын колу коюлган эмес деген негизде жооп бере элек. Аким Талант Орозов Аксыда бийликке нааразы болгондор жок жана каргашалуу окуяга айыптуу саналган кызмат адамдары учурунда мыйзам чегинде жоопко тартылган деп эсептейт.

Мындан сегиз жыл мурда райондун борборуна бараткан жолдо эл менен өкмөттүк күчтөр кагылыша кетип, анын айынан алты адам каза болгон. Боспиек деген боз талаанын жанында окко учкандардын биринин аялы Бүбайша Аксы окуясы толук изилденбей, айыпкерлер жаза тартпаганына нааразы. Анын айтымында, жабырлануучулар “кызмат абалынан пайдаланган, элдин жолун тоскон” деген айып менен жергиликтүү бийликтеги жана прокуратура, ички иштер кызматкерлеринин соттолуп, анан кийин акталып чыкканына макул эмес.

"Бийлик Аксы окуясында жабыр тарткандардын талабын канааттандырган жок, айыпкерлерди Кудайдын жазасына койдук", - деп билдирген “Азаттыкка” Бүбайша. 

Октон каза болгондорго “Эрдик” медалын тапшырып, ысымдарын көчө коомдук жайларга ыйгаргандан кийин эл менен чогуу Аксы окуясын эскергенден бийликтин бедели кемип калбайт, - деген оюн билдирди Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Кадыркул Өмүрбеков.

Аксы окуясы жарандарды эл-жерин коргоого, эрдик жасоого үндөөр маселе. Райондун тургуну Сагындын оюнда алты адам каза таап, ондогон адамдар октон жараат алган окуяны унутуу мүмкүн эмес.
Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Тоолук каяктан: Чоңалай
17.03.2010 17:49
Алай жана Чоңалай эли силер менен! Алга!

кимден: Surab каяктан: USA
12.03.2010 14:56
Бакиев бийлике келгенден кийин элдин алдында берген убадасын сөздөрүнүн биринин да башын баштай алган жок. Ошону көрүп калың бетин кызартса болот эле КТРден бирок андай болбой реально Нарында Аксыда жана башка жерлердеги митингдерге КТР туура маалымат саясий баа бербей элдин кыжырландырып атат, биринчи ушу каналдан баштай керек митингди антпесе КЫРГЫЗ ЭЛИНИН БИР КАНЧАСЫ КТР БЕРГЕН МААЛЫМАТ ТУУРА ДЕП БАКИЕВДЕН ДАГЫ ЭЛЕ ҮМҮТҮН ҮЗБӨЙ ОТУРАТ. ТУУРАБЫ КАЛКЫМ

кимден: Тилек каяктан: москва
10.03.2010 19:52
Жарайсыңар менин кичи мекеним мен дагы кудакааласа барып кошулам

кимден: Кутман каяктан: Ош
10.03.2010 19:39
Аксылыктар чыкканда башкача болчу эле, чын эле Кукем ЭЭрден кыйшайып калды окшойт

кимден: Марс каяктан: Талас
10.03.2010 19:20
Аксылык туугандар мен менин үй-бүлөм сиздер менен

кимден: Дүйшөн каяктан: Аксылык
10.03.2010 18:34
Менин жердештерим ойгонду эми...

кимден: артур каяктан: Чуй
10.03.2010 14:16
Биз Чүйлүктөр силер менен . Азаматсыңар

кимден: Ozgonduk каяктан: Kyrgyz
10.03.2010 11:27
Дагы Кыргыздын кыжырына тийип жатышат окшойт. Кыргыздарым туугандарым !!! Кыргыз деген эл жинине тийген мамлекетти жок кылып кырып жүргөн. Менин силерге советим жакшылыкча эле айтып кетейин. Көп кыжырына тийбегиле. Сураныч буну силерге боорум ооруп айтып жатам. Чынында... Дагы бир каны кайнаса анда иштин өлгөнү. Себеби биз бул нерсени жашап көргөндөрдөнбүз өзгөндүктөр.

кимден: өзгөн каяктан: өзгөн
10.03.2010 11:22
кимден: Кавказ каяктан: Талас

Толугу менен кошуламын. Таластык Кыргыз тууганым !!!
Биз Манас тын анык туяктарыбыз. Алга

кимден: Кавказ каяктан: Талас
10.03.2010 08:31
Кыргыз калкым азыркыдай абалда турганда, Таластыктар четтеп турбайт! Биз азыркы "эл башынын" жүргүзүп жаткан саясатына каршыбыз!!! Биздин бийликтегилер элди ойлобой калды! Кыргызга күйгөн эч ким жок! Кыргызстанды - "кайнаса кыргызга каны кошулбаган", жеке өз максатын ойлогон жана көздөгөн "кыргыз эместер" башкарып жатат, булар биз үчүн күйбөйт!!! Айланайындар абалды көрүп муунум бошоп, ыйлагым келип турат! Келгиле! Биригип өзгөрүү дасайбыз!!!
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)