Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

КДКнын түзүлгөнүнө 20 жыл: аны эстегендер барбы?


Тарыхчылар кыргыздар эркиндикти сүйгөн эл экенин мындан 20 жыл мурун дагы ачык көрсөткөнүн белгилешүүдө.
Тарыхчылар кыргыздар эркиндикти сүйгөн эл экенин мындан 20 жыл мурун дагы ачык көрсөткөнүн белгилешүүдө.

25-26-май күндөрү КДК - Кыргызстан демократиялык кыймылы түзүлгөнүнө 20 жыл толот. "Азаттык" өткөргөн тегерек үстөл баарлашуусунда ошол кыймылдын түзүлүш шарттары, коомдогу орду туурасында сөз болду.

Талкууга КДКнын алгачкы теңтөрагалары Казат Акматов менен Жыпар Жекшеев жана тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Молдокасымов катышты.

"Азаттык":
Казат агай, ошол кезде Кыргызстан демократиялык кыймылынын жаралыш зарылдыгы эмнеден улам болгон?

Казат Акматов:
Горбачевдун 1985-жылы баштаган кайра куруусунан кийин бардык союздук республикаларда азаттыкка чыгуу, эгемендик алуу кыймылы башталган. Балтика жээгиндеги республикалар биринчи кетти, анан Украина, Кавказ. Биз отурдук - 90-жылга чейин – беш жыл. Анан биз жөнүндө Москванын журналисттери "белгисиз республика" деп китеп жаза башташты. Анан ошол китепти окуп алып, биз намысыбызга келдик да, биринчи съездибизди өткөрдүк.

«Азаттык»: Толтура тоскоолдуктар болгондур?

Казат Акматов: Биринчи съездибизди өткөртпөй ЦКнын – Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи секретары, раматылык Апсамат Масалиев, идеология боюнча секретары Шеримкулов бизге тоскоолдук кылып, Кыргыз драма театрын бербей, эшигин жаап таштап, милиция менен курчап, КГБнын төрагасы анда Асанкулов болчу, ал бизди камайбыз деп тегеректеп-курчап, коркутуп-үркүтүп атып анан съездге уруксат беришкен. Себеби делегаттар келишти эле, ошол делегаттардын ичинде социалисттик эмгектин баатырлары бар экен, баатыр энелер бар экен. Ошолорду көргөндө ЦКнын айласы кетип, драма театрды ачып берүүгө аргасыз болду.

«Азаттык»: Жыпар мырза, айтсаңыз, КДКны уюштуруу ал кезде абдан коркунучтуу болгондур?

Жыпар Жекшеев: 7-апрель күнү Ала-Тоо аянтында болуп, менин жанымдагы балдар атылып өлүп атканын көрүп, ошондо мен биздин 90-жылдагы КДКны эстедим. Уюштурулушун. КДК деп айтканга оңой болгону менен, көп кыйынчылыктар менен уюштурулган. Ал – элдин эгемендүүлүккө болгон ушунчалык улуу ышкысынан, улуттук зор аң-сезиминен жаралган. Мен, Казак Акматов, Топчубек Тургуналиев – үчөөбүз башында туруп калдык. Негизи, мен айтам, бул элдин чыныгы жеңиши болчу. Ошондо да элдер көтөрүлүп чыккан.

«Азаттык»: Сиз айтсаңыз, эмне үчүн Казат Акматов, Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеев ошол кезде тең төрага болуп шайланды. Буга эмне негиз берди?

Жыпар Жекшеев:
Казат Акматовдун тең төрага болгону – ал интеллигенциянын өкүлү болчу, чыгармачыл адамдардын ичинен коркпой-үркпөй туруп бизге кирген, депутат. Топчубек Тургуналиев болсо чечендигинен, өжөрлүгүнөн элге жакты. Мен болсо ага чейин «Ашар» кыймылын уюштуруп, бүт кыргыз жаштарына жер алып берген элем. Ошон үчүн. Менин оюмча ушул үч гана фактор иштеди.

Казат Акматов: Менин эсимде бар, Топчубек КДКнын программасы боюнча сүйлөдү, Ж. Жекшеев Устав боюнча сүйлөдү, мен жалпы багыт боюнча доклад жасадым. Анан КДКнын программасын, Уставын кабыл алдык. Үч теңтөрага шайландык – мен, Ж. Жекшеев, Т. Тургуналиев.

«Азаттык»: Ошондо теңтөрага деген түшүнүк биринчи Кыргызстанга кирди да. Кыяс мырза, дегеле тарыхчы, илимпоз катары ошондогу КДКнын уюштурулушуна бүгүнкү күндөн туруп кандай тарыхый баа бересиз?

Кыяз Молдокасымов: Кыргызстанда ошол мезгилде улут, эл ойгоно баштаган. Биз элди ойготуш үчүн 87-жылы жаш тарыхчылар жамаатын уюштуруп, эмне себептен кыргыз улуту өзүнүн тарыхын окубай келди, эмне себептен тарыхын окутканга атайын саат бөлүнбөй келди, эмне себептен атайын китептер жок деп, улутту ойготконго батыл аракет кылып, жаш тарыхчылар жамааты төрт жылдан кийин – КДК жаңы уюшулуп атканда, улутту ойготуунун идеологиялык багытын алып жүрсөкпү деп, жаш тарыхчылар жамаатынын ошол мезгилдеги жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегин КДКда эң активдүү мүчөлөрдүн бири болгон. Ошол мезгилдеги КДК кийин эгемендүүлүккө жеткенде, айрым бийлик орундарына жеткенде улуттун түпкү кызыкчылыгын эмнегедир экинчи планга калтырып койгон сыяктуу болду. Бул да чындык.

«Азаттык»: Казат агай, КДКны уюштуруп баштаганда анын чоң тарыхый иш болору айкын көрүнүп турчу беле сиздерге азыркыдай?

Казат Акматов: Азыр ойлоп көрсөм, анда биз тарыхый баа бере алчу эмес экенбиз. Көрсө, КДК ошол кездеги күркүрөп күчүндө турган Коммунисттик партияга каршы уюшулган биринчи уюм экен. Ошол кезде күркүрөп турган Советтер Союзуна, күркүрөп турган КГБга каршы уюшулган биринчи уюм экен. Биз аны билбей эле уюштура бериптирбиз, коркконду да билбеппиз. Азыр ойлоп жүрөгүм түшөт.

«Азаттык»: Дегеле сиздердин өмүрүңүздөргө кандай коркунуч бар эле?

Казат Акматов: Биздин өмүргө коркунуч түздөн-түз бар болчу. Бизди чыйралткан – элдин ошол кездеги жогорку аң-сезими болгон. Мен бир нерсени айтып коеюн, Жыпар «Ашарды» уюштуруп жүргөндө мен ЦКда иштечүмүн, карапайым элдин турмушун билчү деле эмесмин чынында. Биз болсо жакшы жашачубуз, ЦК кызматкерлеринин өзүнчө буфети бар болчу, кийим-кече дүкөнүбүз бар болчу, айлыгыбыз чоң болчу, квартира алчубуз.

Анан бир күнү Жыпар келиптир, анан айтып берди. Ал кезде баарында орус улутундагылар иштечү, кыргыз жаштарына каттоо жасабай, аны шылтоолоп кызматка албай, талаада калышыптыр. Кыргыз жаштарынын жашаган жерлери – орустун мончосу, чочкоканасы, малсарайы экен. Ошон үчүн Жыпар жаштарды уюштуруп, жер басып алды. Жер басып алганды укканда элдин баарынын үрөйү учту, анкени эң чоң кылмыш эсептелчү ал.

«Азаттык»: Жыпар мырза, сөздү сиз улантсаңыз?

Жыпар Жекшеев: Бир жакшы иш кылалы деп - «Ашарды» уюштурдук. Ошондо Түгөлбай Сыдыкбековдон бери бизди колдоп кетишти. Кыргыз интеллигенциясы ачык колдоду бизди. Жерди алдык. Биз бирөөнүн жерин басып алган жокпуз.

«Азаттык»: Качантан башталды?

Жыпар Жекшеев: 89-жылы июнь айында баштаганбыз.

«Азаттык»: Кыяс мырза, орус улутунун кыргыздарды кемсинтип, экинчи сорттогу адам катары көрүүсү ошол кезде ачыкка чыгып калганы айтылып атпайбы. Дегеле орус улутунун көз карашы жөнүндө айтсаңыз ошол кездеги?

Кыяс Молдокасымов:
Ошол кезде кыргыздын улутчулдарын табуу үчүн атайын кампания жүргөн. Ошол мезгилдеги КГБнын жетекчиси, ЦКнын экинчи катчысы Киселевдон бери ошол кампанияга тартылышкан. С. Аттокуров агайды атайын улутчул кылып, бул кыргыздын уруусун айтып атат, кыргыздарды башка бир жолго салып атат деп, ошол мезгилде кыргыздарды биротоло басып коюуга Москванын саясатын жик билгизбей жасоого жергиликтүү орустар абдан аракет кылышкан. Мына ошондой оор шартта жалпы кыргыз эли, аксакалдар (айрым гана дүжүр аксакалдардан башкасы), интеллигенциянын бардыгы улут үчүн күйүп, чын эле эркиндикти самап калган экен. Орус улутунан саналуу гана адамдар КДКны колдоп чыгышты.

«Азаттык»: Жыпар мырза, биздин кошуналарда – Борбордук Азияда, казактарда, өзбектерде кандай эле? Ошол эле кезде Балтика боюндагы республикалардын таасири канчалык болду?

Жыпар Жекшеев: Мен 90-жылы жашыруун Латвияга учуп барып, бүт элдик фронттун лидерлери менен жолуккам. Кыргызстандан жалгыз мен баргам. Айтайын дегеним, Кыргызстандагы айырма – коркпой турган жакшы адамдар көп болду.

Масалиевдин убагында 9 ай мен суракта отургам, мени камайбыз деген. «Ашардын» балдар-кыздары Чыңгыз Айтматовго барып, биринчи жолу ошол киши жардамга чыкты. Экинчиси, Жумагул Сааданбеков, а кишинин саясий көз карашына мен көп кошула бербейм, бирок ошол убакта ал да идеолог катары жардамга чыккан. Бүт Советтер Союзунун ичинде болгон кандуу окуялардын баарын көрүп келген киши катары ошолорду кайталабоого аракет кылдык, биз өзүбүздү өзүбүз сактап калдык, биз кан төккөн жокпуз.

«Азаттык»: Кыяс мырза, ушул суроонун тегерегинде сиз да ой чаргытсаңыз?

Кыяс Молдокасымов: Казакстан менен Өзбекстан сыяктуу кошуна өлкөлөрдө негедир Кыргызстанга караганда тынчыраак болду. Ал эми Балтика боюндагы өлкөлөрдө ошол мезгилде эгемендүүлүккө жетишебиз, Конституцияны өзгөртөбүз, 39-жылкы пактыны карайбыз деген улуттук ойгонуу мурдатан болуп аткан. Биз ошолордон көбүрөөк үлгү алдык. Ошентип Борбордук Азия республикаларынын ичинде кыргызстандыктар, кыргыздар эркиндикти сүйгөн эл экенин мындан 20 жыл мурун да ачык көрсөткөн!

«Азаттык»: Казат агай, КДК ушунчалык ынтымактыкта уюшулуп, бирок иш жүрө баштагандан кийин ал жерде да айрым жаракалар кетип, бөлүнүүлөр пайда болду?

Казат Акматов: Бөлүнбөй жүрбөйт да кыргыз деген. Кыргыз эле эмес, элдин баарында ушундай. Адам болгон жердин баарында ушундай. КДК да үч жыл иштегенден кийин ортобуздан жик кетип, теңтөраганын бирөө акырын бизден жашырып туруп, элдин 100-200дөйүн бөлүп алып, өзүнчө партия кылып кетти. Андан кийин Жыпар Жекшеев Кыргызстан демократиялык партиясын уюштурду. Ошону менен 93-жылы КДКнын ишмердүүлүгү токтоду.

Менин айтайын дегеним, Кыргызстандай мамлекет жок экен дүйнө жүзүндө: үч жолу катар-катары менен демократиялык революция жасап, үч жолу мамлекеттин жетекчисин акүйдөн, ал тургай Кыргызстандан кууп чыгыптыр. Мындай мамлекет жок. Тарыхчы катары, Кыяс, сен жазып алсаң ушуну. КДКнын лидерлеринен ким азыр саясатта жүрөт? Мына, Текебаев КДКнын активдүү мүчөсү болчу. Атамбаев активдүү мүчөлөрдүн бири болчу. Тургуналиев теңтөрага, Каптагаев биринчи күндөн баштап аралашкан. Акматалиев... Мына КДКнын 10-15тей мүчөсү азыр саясий чоң аренада жүрүшөт.

«Азаттык»: Ал эми КДКнын 20 жылдыгын азыркы чалкеш заманда жашап аткан өлкөбүз, дегеле өзүңүздөр, дегеле коомчулук белгилей турганбы?

Казат Акматов: Жыпар 29-майда КДК партиясынын курултайын өткөргөн атыптыр. Ошонун өзү КДКнын майрамы катары өткөрүлөт.

Кыяс Молдокасымов: Мына ушундай тарыхый окуяны белгилөө бүгүнкү күңдөгү Убактылуу өкмөттүн да бирден бир вазийпасы, милдети болсо жакшы болот эле. Анткени Кыргызстанда демократиялык өнүгүүгө багыт алуу КДКнын түптөлүшү менен, ошонун тарыхы менен терең байланыштуу.

“Азаттыктын” тактоосу: КДКнын алгачкы съездинде теңтөрага болуп бешөө шайланган: Казат Акматов, Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеев, Кадыр Маатказиев, Төлөн Дыйканбаев. Кийинки жылдагы съездде анан үч теңтөрага калган: Казат Акматов, Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеев.

XS
SM
MD
LG