Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 00:44

Кыргызстан

Кыргызстанга тынчтык орнотуучу күчтөр кириши керекпи?

"Ар-намыс" партиясынын лидери Ф. Кулов өлкө түштүгүндөгү абалды тез арада турукташтыруу үчүн тынчтык орнотуучу күчтөр керек экендигин айтып чыкты.

Ош шаары, 14-июнь 2010-жыл
Текст көлөмү - +
Анын айтымында, ЖККУ, БУУ өңдүү уюмдардын аскер күчтөрүнүн жардамы менен гана өлкөдө тез арада тартипти орнотууга мүмкүн.

Бирок кээ бир саясатчы жана серепчилер түштүктө абал жакшыра баштаганын, тынчтык орнотуучу күчтөрдүн келиши менен абал ого бетер курчуп кетерин айтышып коңгуроо кагышат.

Феликс Куловдун айтымында, өлкөдөгү окуялардын мындан бир канча жыл мурун болуп өткөн Тажикстандагы окуялар менен окшоштугу бар жана абалды тез арада тынчтандырбаса башаламандык Кыргызстандын бардык аймактарына жайылышы мүмкүн:

-Тынчтык орнотуучу күчтөр керек. Бул нерседен күмөн саноонун кереги жок. Тилекке каршы, Роза Отунбаеванын кайрылуусунан кийин Убактылуу өкмөт өзүбүз эле тартип орнотобуз деп жатышат. Бирок окуяларды алдын ала билгенибиз эле жакшы болот. Бардыгы бири-бирин кырып салганга чейин стабилдүүлүк орнойт деп күтүп отурууга болбойт. Окуяларды карай турган болсок, ар күнү Убактылуу өкмөт абалдын турукташканын айтат. Бирок кайра эле ар күнү кээ бир жерде окуялар тутанып кетип жатат.

Феликс Кулов өз сөзүндө өлкөнүн учурдагы абалында элди тынчтык жана биримдикке үндөй турган саясий эмес “Тилек” аттуу коомдук кыймыл түзүлгөнүн билдирип, Кыргызстандын түштүгүндө болуп жаткан окуяларга Жаныш Бакиевдин түздөн-түз тиешеси бар экенин жана тез арада чечкиндүү кадамдар керек экендигин айтат.

Кыргызстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдүн кириши керектигин мурдакы каржы министри, “Тилек” коомдук кыймылынын мүчөсү Марат Султанов да билдирет. Анын пикири боюнча 13-июндагы Убактылуу өкмөттүн декрети менен өлкөдө жарыяланган ички мобилизация аркылуу өлкөдөгү абалды тез арада турукташтыруу мүмкүн эмес:

- Түштүктө спецназдын, башкалардын күчү жетпей жатканда резервисттердин алардай мүмкүнчүлүгү жок. Ооба, кыргыздар өзү туруп эле муну бүтүрсөк болот. Бирок канча убакыт кетет? Жарым жыл кетеби, үч ай кетеби, эки ай кетеби, бир ай кетеби? Биз өзүбүз бардыгын өз калыбына келтиргенге чейин дагы канча адам курман болот.

Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров ички мобилизациянын жардамы менен менен өлкөдөгү абалды турукташтырууга мүмкүн экендигин "Азаттыкка" билдирген эле:

- Бүгүн Кыргызстандын келечеги, тагдыры кыргыздардын, улуттун колунда болуп турат. Ошондуктан биз дүйнө жүзүнө уят болбой, өз үйүбүздө, өзүбүздүн Кыргызстанда коопсуздукту сактоого милдеттүүбүз. Чет өлкөгө анчалык деле ишенүүнүн кереги жок.

Орусиянын, же ЖККУнун аскердик күчтөрү Кыргызстанга келген күндө да, алардан майнап чыгаарынан күмөн санагандар да бар. Атүгүл орус аскерлеринин келиши менен абал ого бетер курчуй тургандыгын кээ бир серепчилер белгилешет. Саясатчы Чапрашты Базарбай билдиргендей Кыргызстандагы орус күчтөрү келе турган болсо, өлкөдөгү орус улутундагылар да жабыркап калышы мүмкүн:

- Менин оюмча, эгерде бул жерге чет элдик аскерлер келсе, мисалы, орустардын аскерлери, анда Оштогу болуп жаткан окуялар Бишкекке жетет. Анда Бишкектеги бейкүнөө орус улутундагылар жапа чегет деп ойлойм. Себеби үй-бүлөсү түштүктө, тууган-уруктары түштүктө болуп жол жабыгынан же акчалары жогунан түштүккө кете албаган миңдеген жаштар Бишкекте күйүп жүрүшөт. Чет элдик же орустардын аскерлери келип ок атса, же атпаса деле бул жакка ар кандай чагымчыл чалуулар келе баштайт. Орустар тигил же бул улутка болушуп жатат деген.

Ал эми акыйкатчы Турсунбек Акундун пикиринде тышкы күчтөрдүн Кыргызстанга келишинде муктаждык жок. Анткени түштүктө абал турукташуу жолунда:

- Бизге тышкы тышкы күчтөрдүн кереги жок. Анткени тышкы күчтөрдүн Кыргызстандын ички ишине кийлигишкенге акысы жок. Анын үстүнө бизге башка күчтөр басып кирген жок. Бизде өзүбүздүн жарандардын ортосунда чыр-чатак болуп жатат. Кыйналсак да, кысталсак да аны биз өзүбүз чечишибиз керек. Албетте армия алсыз болуп жатат. Өкмөт жакшы иштебей жатат. Кемчилик кетип жатат. Бирок жаманбы, жакшыбы биздин Убактылуу өкмөт чечип жатат. Мына бүгүндөн баштап тынчтык өкүм сүрүп жатат. Мына бүт транспорттун баары жүрүп жатат. Дүкөндөр иштей баштады. Элдер күлүп жайнап, кыргыз-өзбекти жолугуштуруп жатабыз.

Өткөөл мезгилдин президентти Роза Отунбаеванын Орусия мамлекет башчысына аскердик жардам сурап жөнөткөн катына жооп катары орус бийлиги Кыргызстандагы болуп жаткан окуялар өлкөнүн ички маселеси катары баалап, аскердик жардам берилбей тургандыгын билдирген.

Саясий серепчи Марат Казакбаевдин пикирине караганда, Кыргызстанга эч бир өлкөнүн тынчтык орноотуучу күчтөрү кирбеши керек:

-Тынчтык орнотуучу күчтөр кириши керек деп туура эмес айтып жатышат. Бүгүн деле жыйын болбодубу, Москвада. Менин оюмча Орусиянын мамилеси жана жообу туура эле. Өздөрүнүн аскерлерин эч киргизбейбиз дешет. Бирок гуманитардык, техникалык жардамды алсак болот. Бирок сырттан аскердик күчтү киргизсе болбойт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Оштук каяктан: Ош
18.06.2010 12:50
Оштогу абалды билбегенден кийин эмне кереги бар баары тынчыды, транспорт журуп, магазиндер иштеп жатат деп. Мен азыр эле Оштун көчөлөрүн кыдырып келдим. Бир да транспорт жок, анча-мынча машинелер жүрөт. Магазиндер иштебей эле жабык боюнча, ар жерлерде гум жардам алган гана адамдар, жолдор болсо дагы деле тосулган, көчө-көчө, маалалар тосук,элдер сыртка чыгыштан коркуп, өз көчөлөрүнөн чыга албай отурушат. Тынчтык орноту үчүн аскер күчү керек.Болбосо гум жардам менен Оштуктар жан бага албайт. Ансыз деле көп жерлерге жардам жетпей эл ачка отурат. 2 күндө бир жолу гум жардам берилет, анда да ар бир үйгө 1 килограмм ун, 150 грам май, 200 грам макарон. 1 буханка нан.
ушинтип кантип жан сактаса болот. Тез арада стабилдештирип,элди жумушка чыгарбаса продовольственный кризис башталат. УӨттүн бейгамдыгы таң калтырууда. Бир аз тынчыганы бул баары жайында дегендик эмес, абал кайра курчушу мүмкүн, түндүк тарапта да башталып кетсе эмне болот. Жалал-Абатта башталганда УӨттүн бейгамдыгынан ушул кандуу окуя болду.Ошондо да эч нерсе болбойт, күч жетет деп отуруп алышкан болчу. Мындай бейгам УӨ Кыргызстандын таш талканын чыгарат.

кимден: perizat каяктан: bishkek
17.06.2010 19:16
menimche tyshky kuchtor bizge azyryncha keregi jok ozubuz tynchtykka kelsek abdan jakshy bolot ele

кимден: Mura каяктан: Ist
16.06.2010 22:30
MEn ozum KGge bashka kuchtordun kirishine karshymyn. Birok eger abal tynchybai koiso any kantip toktotuu kerek degen oi paida bolup jatat. Chyndap ele ichki kuchtordun abaldy jakshyrtuuga kuchu jetebi dep oilonup jatam.. Albette abal ozu ele turuktashyp ketet dep ishene turaly

кимден: Садир каяктан: Москва
16.06.2010 14:27
Эл аралык тынчтык күчтөру сөзсүз киргизилиши керек. Өзүбүздүн күчүбүз менен тынчтыкка келишибиз кыйыныраак болуп калат. Жаңжал өтө тереңдеп кетүү коркунучу бар. Себеби деструктивдүү күчтөр менен күрөшкөнгө мамлекетте каражат да жетпейт, анын үстүнө өкмөтубүз убактылуу болуп турат. УӨ-түн чыгарган чечим, декреттери аткарылбай атат. Эң биринчи сырттан аскер киргизип, референдумду тынч өткөрүп, укуктук талаага түшүп алуу зарыл. Антпесек дагы деле ошол эле деструктивдүү күчтөр тополоң баштап жиберүу коркунучу бар. Аларды кармаган жок да азыр эч ким. ОДКБнын аскер күчү сөзсүз керек.

кимден: Бишкектен
16.06.2010 11:43
Кыргызстанга миротворецтерди киргизуунун кереги жок. Аларды киргизип алып кайра чыгара албай олтурабыз. Менин билишимче 90-жылдары келген миротворецтер деле кыйратып иш тынчтык алып келген эмес. ар бир адам, ар бир жаран олкосу учун аракет кылышы керек. Менимче мобилизация менен аскерлер чакырыоып жатат. Алардын жардамы менен Ош, Жалалабад тынчып калат.. Буйурса..

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)