Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 00:44

Кыргызстан

Чабагы кармалды, жаяны качан кармалат?

Жалал-Абад аймагындагы тополоңдорду уюштурду деген шек менен издөөдө жүргөн Санжар Бакиев кечээ Сузак районунда ички иштер кызматкерлеринин колуна түштү. Учурда ал Бишкекке алынып келинип сурак берип жатат. Санжар Бакиевдин кармалышы Кыргызстандын түштүгүндө болгон тополоңдорду уюштургандарды таап, башаламандыктарды токтотууда канчалык деңгээлде салмактуу болоору, кандай натыйжаларды берери көпчүлүктүн көңүл борборунда турган чак.

Жалал-Абаддагы башаламандык, 19-май 2010-жыл
Текст көлөмү - +
25-июнь күнү мурдакы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жусуп Бакиевдин уулу 27 жаштагы Санжар Бакиев Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык округуна караштуу Ачы жайлоосунда жашырынып жүргөн жеринен эки шериги менен кармалган. Алардын жанында Калашников автоматы жүздөн ашык огу менен, мындан сырткары газ тапанчасы табылган.

-13-майда Жалал-Абадда облустук администрация имаратын мыйзамсыз түрдө басып алуу болуп өткөн. Ошол жерде Бакиев Санжар уюштуруучулук милдеттерди аткарган. Ал жерде ок атуучу куралдар менен камсыздап, уюштуруучу болгон,-дейт ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармачылыгынын башчысы Алмазбек Эргешбаев.

Санжар Бакиев май айындагы Жалал-Абаддагы башаламандыктарга тиешеси бар деп шектелип жатат
Санжар Бакиевге Жалал-Абадда массалык тополоңго байланышкан бир катар айыптар тагылууда. Укук коргоо органдары анын май айындагы Жалал-Абадда болгон тополоңдорго тиешеси бар экендигин көрсөткөн жетиштүү далилдер да бар деп билдиришүүдө.

Кыргызстандагы 7-апрель окуяларынан баштап, май жана июнь айларында Ош, Жалал-Абад аймактарындагы болуп өткөн кандуу коогалаңдарды, массалык башаламандыктарды уюштурду деп Курманбек Бакиевдин туугандары, бир катар саясатчы, коомдук ишмерлер шектелип келет. Ал түгүл тополоңду уюштурууга тиешеси бар деп Талибан, Өзбекстандын Ислам кыймылы өңдүү бир катар террордук-экстремисттик уюмдар тарапка да таштар ыргып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев, коопсуздук кызматынын маалыматтарына таянып Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу кооганы террордук уюмдар Бакиевдин туугандары, анын ичинде Максим Бакиевдин каржылоосу менен ишке ашырганын белгилеген:

- Апрель айында Максим Бакиев Дубай шаарында эл аралык террорчулар менен жолуккан. Андан кийин Бакиевдин өкүлдөрү Афганистандагы Бадахшанда дагы террорчулар менен жолугуп Кыргызстандагы абалды бузуп-жаруу багытында келишимге келүүгө жетишкен. Алар ал үчүн 30 миллион долларга чейин каржылоого убада беришкен.

Айрым маалыматтар боюнча учурда Максим Бакиев Улуу Британияда жүрөт. Беларус президентинин колдоосуна ээ болуп Минскиде жашап жаткан Курманбек Бакиев болсо маалымат жыйындарында Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларга өзүнүн жана жакындарынын тиешеси жок экендигин белгилеп келет.

7-апрелден кийин мурдакы президенттин айрым жакындарына жарыяланган издөөнүн жыйынтыгында алгач болуп Санжар Бакиевдин кармалышы өлкөнүн түштүгүндө болгон башаламандыктаргы тиешеси бар адамдарды табууда канчалык деңгээлде салмактуу болору учурда көпчүлүктүн көңүл борборунда турат.

Марс Сариев
Саясий серепчи Марс Сариевдин пикири боюнча Санжар Бакиевдин кармалышы Кыргызстандагы абалдын жакшырышына таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок болуп өткөн тополоңдордо Бакиевдин туугандарынын тиешесин бар же жок экендигин дагы так аныктоо керек:

-Менин оюмча Санжар Бакиевди кармап, изилдеп чын эле суракка алып, ал айтып берсе баарын Кыргызстандагы тынчтыкка аябай эле жакшы таасирин тийгизет. Бирок абдан эле чоң маселе болуп жатпайбы. Канчалык Бакиевдин жана туугандарынын ролу ушул окуяларда чоң болгону. Аны тактап билиш керек. Санжар Бакиевди кармаганда ушул билинип ачылат.

Орозбек Молдалиев
Санжар Бакиевде бир катар маалыматтар бар экендигин, бул багытта жетиштүү тергөө жүргүзүлүшү керектигин саясат талдоочу Орозбек Молдалиев билдирет:

-Билгендерин айтып береби, бербейби бул өзүнчө маселе. Бирок Санжар Бакиевдин кылган кылмыштары көп болчу, кармалбай жүргөн. Мурунку окуяларда деле ушул уюштуруп жүрөт деген маалыматтар бар болчу. Ошондуктан өзүнүн жазасын алышы керек. Экинчиден, бул биринчи колго түшкөн үй-бүлөнүн мүчөсү болуп эсептелет. Анан эми бул албетте көп нерселерди билет. Акырындык менен тергөөнү жакшылап жүргүзсө көп маалыматтарды алса болот.

Саясий серепчилер акыркы айларда Кыргызстанда болуп өткөн окуяларга Санжар Бакиев берген маалыматтар ачыктык алып келип, коомчулукту күмөн суроолордон арылтышы мүмкүн экендигин белгилешет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Периште каяктан: Бишкек
30.06.2010 16:48
Ким Бакиевдер олтурду деген созду жазса, жоопко тартылат!Бул жерде алардын эч кандай куноосу жок!Болгону Максты жазалаш керек, бир карын майды, бир кумалак май чиритет деген ушул Макс. Бир Макс учун бардык Бакиевдер качып конуп журушот! Акмат Бакиев Жалал-Абадды башкарбай эле элдерине канчалаган жардам берген.Элдер унуттунарбы бат эле? Убагында Акмат аке,Акмат Салиевич деп чуркап журуп эми болсо ким жаман Акмат жаман.Ичкен суунарга тукурбогуло туугандар эсинерге келгиле!

кимден: Кино каяктан: Бишкек
30.06.2010 16:42
Привет всем! Санжар Бакиевди мен жаш кезимден эле билем. Ал аябай ак конул,ачык айрым, журогундо эч кандай жаман ою жок бала. Анын эч кандай куноосу жок! ВП ойлонгула,кудайдын каргышына калгандан корккула, силердин деле Санжардай баланар болсо керек, Санжарга кандай жамандык кылсанар, эртен озунордун баланар андан он эсе ашкан жамандык корушот. Куноосу жок баланы кыйнабагыла. Санжар Жалал-Абадда эч кандай провакация кылган эмес!Далилдер бар, ал жон гана 'kut корунбой жургон....

кимден: Акыйкат каяктан: Нарын
28.06.2010 16:54
Бакиевдер Акаевдин балакетин алсын .Ал киши маданияты жетишкен адам экен.Жон эле унчукпай калган .Бакиевчилердин бети калын тура канча адамдын канын тогушту.

кимден: Эй туугандар!!!
28.06.2010 15:16
Мен куноосу жок саясатчыларды кунологондорду коруп бир чети жинип келип бир чети кулкум келип жатат. Кеп саясатчыларда эмес. Кеп элдин ортосуна от жаккан шумпайларда... Акаев кеткенде Бакиевдей кан токтургон эмес. Акаев кеткенде Ошто, Жалал-Абадда каргашалуу оуялар болгон эмес. Бакиевдерди жактаган кимин болсо да козунду чон ачкыла. Акаев менен Бакиевдин ортосунда асман менен жердей айырма бар экенин унутпагыла. Серепчилерди куноолонун ордуна, серепчилержди сары эсеп жасаганга аргасы кылган окуялардын уюштуруучуларын куноологуло.

кимден: Нази каяктан: Бишкек
28.06.2010 15:03
кимден: Сатывалды Сайпидин уулу каяктан: Россия
Сен эмне Максим менен Жаныштын суйлошкон созун уккан эмес белен.(тел м-н). Макс айтпады беле бизге озубуздун артка жол жок болгон киши керек деп. Кыргызстанга постоянный кипиш кылып туруш керек деп. Сага Ош, Жалал-Абаддагы кипиш жетишпей жатабы. Роосияда жатып алып, ар кайсы созду сулобочу.

кимден: Нази каяктан: Бишкек
28.06.2010 14:57
Болот Жалал-Абаддан, сага толугу менен кошулам, сени колдойм. Кеп чуйлук жалалабаддыкта эмес, башты иштетиш керек биринчи, суйлоордун алдында туурабы?

кимден: Патроит каяктан: Бишкек
28.06.2010 14:50
Данияр! " Чон апандын" уйундо компьютер бар болсо, Санжардын кармалганын окуп сага жаздырып жаткан, анда Санжар абдан эле силерге жардам берген экен...... "Чон апанга " айтып кой , жонокой элдин уйунда компьютер эмес жегенге тамагы , свет, сууну тологонго акчасы жок так ошол Баиевдерге канын сордуруп олтуруп калаган ..Кыргыздар Баиевдин уй-булоосун гана багып калышкан ... эми тирилип , бала -бакырасы нан жеп калыптыр деп айтып кой!

кимден: adi каяктан: Бишкек
28.06.2010 14:44
Ой жазсанар да, ойлонуп жаззсанар. Ладенди кармагансып деп, Сага окшогон же ичип-жешкендер алардын дале таманын жалап жашырып журушсо , анан УО эмне кылат? Акаевди туугандарын кармаан эмесинер депсин , интелегент Акаев элине от аткан эмес, Айдарже бир туугандары келип келесоо " чон муштумдарга " акча толоп, же сыртан жалдап келип бандиттерди элди аттырып провокация кылган эмес, кеттик эми эл аман бол деп тынчып калган! Бакиевдин уй-булоосун жактап эмне кыласынар, айдан ачык корунуп турса!? Же силерге да анча -мынча акча тушуп калды беле? Акча го тугонот , а абийрчи? Байкуш жетим деп. 30дан ашкан кан соргучту! Силердин уй-булоодон бироо окко учкан болсо корот элем байкуш жетим дегенинерди. Кыргызым качан манкурт болбой , акчага сатылбай ар-намысты ойлор экенсинер???

кимден: Ынтымак. каяктан: Жалалабад
28.06.2010 13:55
Жаныбек деген атың жакшы экен,КАнча деген кыргыздын кырчындай жаштарынын каны төгүлдү.Элдин маңдай терин агысып тапкан мээнет акысын уурдап кеттишти бакиевчилер.Элди азапка салды.

кимден: Данияр
28.06.2010 03:30
Чон энемдин атынан жазыб жатамын, Урматтуу кыргыз туугандар, мен 80 жаштагы энемин, менин 8 бала чакам жана 18 неверем бар. Мен Жалалабаттын Базар-Коргон районунда жашаймын, Санжарбекти озумдун неверемдей катары коромун, жана ушул жаш баланы, сыйлаймын, дардандайлыгын,жонокойлугун, жана оор басырыктуулугун. Озум ооруп турам анын устунон, Санжарбекти, телевизордон коруп, угуп ичим аябай ачышты, ден соолугума байланыштуу мен неберем аркылуу, жазып жатамын, Санжарбек депутат кезинде коп жардамды берди,жана озуно жараша да салымы да бар жашына карабай. Мен бир убакта Санжарбектин жанына барып, жардам суранганмын, менин неверемди эч себепсиз, бейтааныш балдар келип, сабап кетишкен, жана машинесин алып кетишкен, карыздын эсебинен. Биз милицияга кайрылсак, азырак акча бермейинче эч ким артынан барбайт, машинебизде бензин да жок деп коюшкан, ошондо Санжарбек айтты эне сиз коб кабатыр болбонуз озунузду жакшы караныз деди. Эне сиз уйго кетебериниз, мен колуман келишинче жардам берем деп соз берди, Кудайдын буйругу менен 3 кундон кийин белгисиз балдар келип неверемдин машинесин таштап кечирим сурап кетишкен, Менини угушум боюнча данияр невереми карызы бар экен ал жигиттерге, Данияр 4/5 айдан кийин карызынан кутулган. Менин кошоматчылык кылганым жок, болгондой айта кете турган соз Санжарбек Бакиевдинчон жардамы бар, жамандыктан менин баламы сактап калгандыгы, Мен кайрылып кетет элем бул жигит журогу таза, ыйманы бар жигит жана, атасыз калган бала. Азыркы милициянын башчысына кайрылат элем, жамандыка салбагыла, Кудайдан корккула, козунор туз болсун, жаш жигиттин шагын сыдырбагыла, анын эч кандай куноосу жок, деп Карамат Мундуз эне. неберем Данияр Кушбаков аркылуу жаздым.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)