Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 00:43

Кыргызстан

Түштүктөн түндүккө жер которгондор

Кыргызстандын түштүгүндөгү коогалаңдан улам өлкө ичинде да жер которуулар болуп, ондогон адамдар түштүк аймагынан борбор шаарга келишкен. Алардын көпчүлүк бөлүгүн балдар жана аялдар түзөт.

Текст көлөмү - +
11-июнда башталган башаламандыктан улам Ош шаарынын тургуну Жээнбек үй-бүлөсү менен бир күн бою үйдөн чыкпай отурууга мажбур болгон. Эртеси күнү абалдын курчуп жатканын көрүп, үй-бүлөсүн коопсуз аймакка көчүрүү максатында Бишкекке сапар тартууну чечкен. Жолдун жабылганы бир катар кыйынчылыктарды туудуруп акыры борбор шаарга келген:

-Бир суткадан ашык биз блокада сыяктуу эле отурдук, өзүбүз жашаган кварталда. Анан 12си күнү эртең менен эшикке чыгып сураштырсак, ошо Алайдан келген жол толугу менен ачылды дегенинен улам жолго чыгып, жол жүрүп келдик. Бирок Оштогу абал өтө эле татаал болчу. Ошол тегеректеги үйлөр бүт өрттөнүп, өзбек тараптан, кыргыз тараптан атышуулар болуп жаткан. Биз тобокелге салдык. Бир чакырым жер кооптуу жер экен. Ошол жерден жол болуп өтүп кеттик. Ошентип үй-бүлөнү алып чыгуу үчүн Бишкекке келдим.

Оштогу окуялардан улам Бишкекке жер которгонго аргасыз болгондордун так санын аныктоого учурда мүмкүн эмес. Анткени алардын басымдуу бөлүгү көбүнчө тууган-уруктарына гана кайрылып жатышат. Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялардан улам жер которууга аргасыз болгондор менен иш алып барып жаткан “Кебел” жаштар клубунун мүчөсү Мирзат Аджиев билдиргендей жер которуп жаткандардын арасында жакындарын жоготуп, психологиялык жардамга муктаж болгондор көп:

-Мен ойлоп жатам. Үч категориядагы жер которгондор болуп жатат. Биринчиси толук үй-бүлөсүн жоготкондор же жалгыз калгандар. Андан кийинкиси болсо үй-бүлөсүндө бир мүчөсүн жоготкондор жана андан кийинкилери болсо үй-жайын жоготуп, материалдык абалын жоготуп туугандарыныкына келип жаткандар болуп жатат.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, калкты жумуш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигинин өкүлдөрү билдиргендей 15-16-июндан бери Бишкекке 200 гө жакын адам түштүктөн келген. Бирок алардын кайсы жерде жайгашып, Бишкектин кайсы аймагында жашап жатканы так белгисиз. Убактылуу жер которууга аргасыз болгондор мүмкүн болгон баардык жолдор аркылуу, алсак жүк ташып барган учактарда, автоунаалар аркылуу Бишкекке жетишкен.

Ал эми 17-июнда Оштон 64 жана Жалал-Абаддан 12 бала Бишкекке жеткирилген. Аталган министрликтин өкүлү Чолпон Калмырзаева берген маалыматка ылайык түштүктө жабыркаган тургундарга жардам берүү багытында Эмгек, калкту жумуш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигинин алдында атайын штаб түзүлгөн жана бул штаб аркылуу балдарга көмөк көрсөтүү иштери жүргүзүлүп жатат:

-Биздин эң негизги жумушубуз жалгыз ата-энесиз калган балдарды коргоо боюнча. Андай балдар азырынча жок деле болуп жатат. Көбүнчө Жалал-Абад менен Оштон келген адамдардын арасында же өзүнүн ата-энеси же жакын туугандары болуп жатат. Же жакшы тааныган кошуналарынын балдары менен келип жатышат.

Учурда Ош жана Жалал-Абаддан келген балдарга бир катар медициналык, психологиялык жардамдар көрсөтүлүп жатат. Мындан сырткары Бишкектеги кээ бир үй-бүлөлөр аларга убактылуу жардам берип үйүндө карап турууну каалагандыгын билдирип жатышат. Жер которууга аргасыз болгон балдар менен иш алып барып жаткан “Жалпы билим берүүчү мекемелердин бирикмесинин” өкүлү Гайша Ибрагимова билдиргендей Жалал-Абаддан Бишкекке келген жаш балдар алгач оор абалда болгон:

-Жалал-Абаддан келген балдар оор абалда жеткирилди. Алар терең коркуу жана депрессиялык абалда келишти. Алар бир канча күндөн бери укташкан эмес. Алардын тамак-ашы жок болчу. Бир нерсе алууга акчалары да жок экен. Ошондой эле балдар эч кандай документтери жок келишти.

Учурда убактылуу жер которууга аргасыз болгондордун жашаган жерлерин аныктап, үй-бүлөсүнөн адашып кеткендер болсо табыштыруу иштери башталуу алдында.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Энеге рахмат... каяктан: Ист
23.06.2010 22:55
Эне деп жазган адамга рахмат. Чындап эле энебиз болушунуз керек. Жазылган ойлорду окуп алып чындап ыйлап жибере жаздадым. Азыр бироо кечигип калса, Ай кыргыз десе деп согушот. ЭЭй, калкым кыргыз деген улуу эл!!! Кыргыз эч качан кечиккен эмес. Кыргыздын атын колдонуп бири-бирибизди шылдындаганды коелу. Кыргыздан башка кайсы эле 7-апрелдеги окуялардай тошун окко тосо алат. Баары коркок. Мен кыргызмын. КЫРГЫЗ болгонум учун сыймыктанам. Балким Кыргызстан эли, анын ичинде кыргыздар бул окуяларды башынан откоруш керек болчу. Балким чындап эле элде МЕКЕНге болгон суйуу жогорулайт, келечекте... МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИНЕ ИШЕНЕЕЕМ!!!!

кимден: Эне каяктан: Бишкектен
23.06.2010 12:27
XIII кылымда кыргыз элинин Нострдамусу болгон Кет Бука деген ойчулу:Кызыл тоону кыян жууп, Кырман качат сак болгун, Кыз-уланың дүйнө кууп, Кырдан качат сак болгун, Кырды-түздү жат элге, Саткан качат сак болгун, Кылгылыкты кыргызга, Кылган качат сак болгун...-деген экен.Качкандар качып, калгандары кыргыз жерин таштап, айланы кетирип турган ушул мезгил кыргыздар үчүн катуу сыноону берип турат, Чачылып кетип, чайпалып кетип, талаалап кетип, башка жер кезип, өлкөнү, кыргыздын сакталып калышын ойлой албай, ойлойлу десе башкаргандар жыргатам деп бийликке келип, анан жылас кылып тоноп кетип турганда, байлыгың да бийлигиң да эч кимге оопаа болбогон бул жалганда, санаса аз эле сандагы кыргызды сактап калуу, болгондо да бир эл болуу, башкалардын алдында кыргыз үчүн туура сөзүңдү сүйлөп, жүрөгүңдү тосуп сактап калуу улуу адамдык парз болуп турганда биригип, тарыхта кала турган күндү бүгүн жасап калуудан кечикпе кыргыз. Биз азбыз, жерибиз чыныгы бейиш,эч кимге тебелетпей, ар бир тамчы сууга, ар бир кадам жерге сыйынып жашай турган мезгил келди. Келгиле кыргызмын дегендер кайтып келгиле, келип жерди ээлеп, кыргыз бийлигин, мамлекетин чыңдап эртеңки урпактарыбыз үчүн кам көрүүгө мезгил жетти. Ааламдашуу прцессинде жок болуп кетүү коркунучу турганда кийинки урпагың кайда калат, ким болот дегенди ойло кыргыз. Ошто кыргыз көп болсо бүгүнкү кайгы болмок эмес. Башкаларга баш ийип калтырап жашамак эмес кыргыз, Бийлик бизди сенек кылып, бир курсактын гана камын көрүп, каршы турган эч ким жок төбөбүзгө чыгып кетишкен. Чыңалуу ушунчалык болгон. Эми демди суутуп, белди бууп, кайратыңа кел Манастын урпактары !. Азып-тозуп арабызда жүргөн, баш калкалап эртең сатып кетчү, качып кетчү куйтулардан сак бол кыргыз, түлкүдөй жойлоп байлык-бийлик дегенде өз баласын кошо саткандардан арылалы. Ушунун жолун табалы, тазаланалы, жаңыралы, калк болуп калыпка түшүп, эл болуп улуу көчтүн учун улап кылым карыталы Кыргызым- бизге бул милдет тагылган.

кимден: ноокуш каяктан: новосиб
21.06.2010 10:28
миграцияны, РОССИЯГА ГРАЖДАНДУУЛУКТУ алынууну токтотмойунча кыргыздар көбөйбөйт дагы оңолбойт дагы.Россияда болсун, казакстанда болсун ишке граждандуулугу жок эле иштесе болот,биздин атуулдарга иш дворник,грузчик,строитель булар убактылуу жумуштар.Бул жумуштарга демек убактылуу иштөө керек.НЕГИЗГИ жумушту өзүбүздөн кароо керек,өз үйүң өлөң төшөгүң дегендей\ОШОН үчүн элди токтотуп калуунун жолун табуу керек,эртерээк,адам ресурстары калбай калганга чейин жүрө бербей.

кимден: Mura каяктан: Ist
20.06.2010 17:30
Туура жазыпсын. Кыргызстанды таштап кете берсек, чындап эле ким калат. Ансыз деле канчалаган балдар Россияга кирип кетишкен. БАя куну Ички мобилизация башталат, аскерлер чакырылат дегенди укканда эми биздин кайсы ревервдеги аскерлер келет деп чоочулагам. Анткени элдин кобу азыр пропискасы турган жерде эмес. Кудай эми мындай окуялар кайталанбасын. Эгер кайталанып кетсе, озубуздун аскердик кучубуз жетпей калат деп кооптоном.

кимден: uul каяктан: usa
19.06.2010 03:52
kyrgystanda bir nerse bolso ishteibizbi je jon ele tishibizdin kirin sorup oltura berebizbi.men bashka jakta ishteim ,jyrgagandan ketken jokpuz.bul jaktan kop kyiynchylytar koshtop jurot.aila jok.birok akyry barabyz.

кимден: мен каяктан: оштон
18.06.2010 23:08
Туштуктук кыргыздар оз жеринерди таштап качпагыла !!!!!!!! Кайра Ошто кыргыздар кобойуш керек . Элдин баары качып кетсе башка улуттар келип ээлеп алышса оз жерибизден айрылып калабыз.Башка жакта иштеп жургон кыргыздар,Россиядагылар оз жерибизге келип иштесек болбойбу?...

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)