Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 00:41

Саясат

А.Абдрасулова: Милициянын коопсуздугун камсыз кылуу керек

Өлкөдөгү соңку саясий кырдаал, милиция кызматкерлеринин бүгүнкү абалы, 7-апрелдеги окуяларды иликтөө иштери тууралуу “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова “Азаттыкка” маек курду.

x
Текст көлөмү - +
- Өзүңүз да мүчө болгон коомдук комиссия 7-апрелдеги кандуу окуяны иликтөөгө кириштиңер эле. Кандайдыр бир баштапкы жыйынтыкка келе алдыныздарбы? Ал жыйынтык канчан жарыяланат?

Азиза Абдрасулова: Азырынча биз алдыга койгон тапшырымаларыбыздын негизин бүтүрдүк. Биз, комиссиянын мүчөлөрү билип турабыз, бул жыйынтыкты көпчүлүк күтүп жатат, ошондуктан биз жакынкы күндөрү комиссиянын алдын ала бериле турган жыйынтыгы менен коомчулукту тааныштырабыз. Анан кийинки толук маалыматын балким бир аздан кийин беребиз. Себеби маалымат өтө чоң, иликтей турган маселелер өтө көп. Ошондуктан баарын дароо камтып кетүү кыйын да, жоопкерчиликтүү да болуп турат.

- Ошол баштапкы жыйынтыктарда силер бул окуянын чыгыш себебинеби, же адамдар кимдин колунан өлгөнүнө көңүл буруп жатасыздар? Эмнеге токтолосуздар?

Азиза Абдрасулова: Баштапкы жыйынтыкта комиссиянын мүчөлөрү менен кеңешме өткөрүп, биз мындай жыйынтыкка келдик: негизинен бул кырсык эмнеден келип чыкты, буга алдын ала кандай негиздер болду? Ошол кеткен бийликтен кандай кемчиликтер кетти? Ошол эле убакта оппозиция тарабынан кандай мыйзамдуу, же мыйзамсыз кадамдар болду? Дагы бир башка күчтөрдүн ролу кандай болду? Ошол эле убакта милиция кызматкерлеринин бүгүнкү күндө эл катары эле жабыркап, көпчүлүгү оор абалда калганына эмне себеп болду жана милиция кызматкерлерине кирген программалар канчалык деңгээлде жардам берди? Милиция кызматкерлери 20 жылдын ичинде дайым саясатка аралашып жүрөт, пикет-митингчилерди куугунтуктап жүрүп милиция кызматкерлеринин бүгүнкү күндө абалы кандай болуп калды?

Биз негизинен ушуга, жарандык коомдон жабыркагандар жана ошол эле убакта милиция кызматкерлеринен жабыркагандардын маалыматтарын жана интервьюларын беребиз. Биз бүгүнкү күңдө тез аранын ичинде чечилүүгө тийиш болгон сунуштарыбызды кошо айтып кетебиз. Себеби булар биздин ойлоп чыгарган сунуштар эмес. Биз жер-жерлерде эл жана жабыркагандар менен жолугушканда албетте бардык тараптар өздөрүнүн сунуштарын айтып жатат. Биз ошол сунуштарды камтып, убактылуу өкмөткө өз сунуштарыбызды да берип кетебиз.

- Аксы окуясындагы тажрыйбаны эске алганда да 7-апрель боюнча иликтөөдө комиссиянын иши узакка созулаары белгилүү. Бирок иликтөө толук кандуу болуш үчүн ошол күнү Ак үйдө снайперлер, же башка күчтөр коргогон адамдардын да көрсөтмөлөрү өтө зарылбы? Мисалы, мурдагы президент Бакиев, мурдагы премьер-министр Үсөнов, президенттин күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев өңдүүлөрдүн. Ага кантип жетишүүгө болот деп эсептейсиз?

Азиза Абдрасулова: Бардык тараптын үнүн укканга комиссия аракет кылып атат. Мүмкүн болушунча ошол окуяларга кыйыр, же түздөн-түз тиешеси барлар менен жолугушууга аракеттенүүдөбүз. Коомчулук билсе керек, Төлөйкан айым, башка комиссиянын мүчөлөрү президент К.Бакиев, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев менен жолуктук. Молдомуса Конгантиев, Данияр Үсөнов, Болот Шерниязов, Акылбек Жапаров, ошол эле Текебаев, Атамбаев менен жолугушканга аракет жасайбыз.

Биз Мурат Суталинов менен жолугушууну өтө каалар элек. Ошолордун көрсөтмөлөрү бизге абдан зарыл болот эле. Бирок, тилекке каршы, мен атап кеткен адамдардын көпчүлүгүнө бүгүн балким жолугуша да албайбыз.

Балким бул апрель айындагы кайгылуу окуяларды бизден кийин дагы бир нече комиссиялар, керек болсо эл аралык комиссиялар да иликтеши мүмкүн. Ошондуктан биздин комиссиянын жыйынтыгы бул акыркы жана туура маалымат деп айткандан мен алыс болом. Андай деп айтууга укугум да жок.

- Жалал-Абаддагы соңку окуяга кандай көз караштасыз? Мурдагы президент Бакиевдин тарапкерлерин кан төгүлүүдөн кийин кайра кайтып келалат деген ишеними барбы, же бул жөн эле кемени чайкоо аракетиби?

Азиза Абдрасулова: Жалал-Абаддагы окуялар боюнча бардыгыбызда эле маалымат бар. Чынында Жалал-Абадды бүгүнкү күндө стабилдештирүү өтө кыйын. Себеби кандай мыйзам кабыл алынган убакта, убактылуу өкмөт кандай чечим кабыл алган убакта да ошол жердеги коомдук тартипти көзөмөл кыла турган милиция кызматкерлери, бир эле Жалал-Абад эмес, дегеле Кыргызстан боюнча милиция кызматкерлерине моралдык жактан копсуздукту камсыз кылуу, ошолорго социалдык жактан кепилдик берүү, алардын макамы, бүгүн алар кимдин милициясы - ушулардын бардыгын милиция кызматкерлери түшүнүш керек. Кандайдыр бир мыйзамдын деңгээлинде буларга коргоо болуш керек.

Ошолордун бардыгы болгондо гана убактылуу өкмөттүн кабыл алган чечимдери ошол эле тартип, ошол эле мыйзамдуулук, ошондо гана ишке ашат деп ойлойбуз. Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери кечээ Акаевден токмок жедим, анан Бакиевден токмок жедим, бул убактылуу бийлик мага эмне кылып берет деп олку-солку болуп турган убак. Анан милициясы жок бизде коомдук тартип болбойт.

- Рахмат сизге.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: эл каяктан: Кыргызстан
29.04.2010 11:24
Мен сизге ырахмат айтып, сиздей адамдар коп болсо дейм!
Теледен сиз жана Чолпон Жакупова ойлорун коркпой айта алышты. СМИ кун карама болуп калыптаныптыр, азыр КТР, ЭлТР коргум келбей калды, бир жактуу беруулор! Бул элди кыжырлантат!
Азырынча Таластагы окуяларга баа беруудо сиздин пикиринизден айкын соз уга элекмин. Анан да 1917 жылы "патриот кыргыздарды" орустарды туурап басмачы дегендей (Кыргызстанды басып келген "орустар - басмачыбы же элин, жерин коргогон баатырларбы?) оз элин талап тоноп, милийцаны сабагандарды - баатыр кылуу менен осуп келе жаткан коомдо жаны муундарга "баатырлыкка - кандай идеалдарды таануулап" жатабыз?
Бандиттер -депутут, бандиттер - бийликте! Деги орустарда "Павлик Морозовду" - баатыр кылышып, кийин ойлонуп журушподубу - "атасын сатса, бул кандай нравалык закон менен акталат?!" - деп.
Бийликти алыш учун созсуз куралданган, жаштарды куулош керек беле? Андан кийин созсуз шашаылыш турдо бийлик болуу зарыл беле?
Кыргызстандын келечеги учун "АЛАРДЫН алдында тууну кармап, туну менен аларды башкаруу менен талап тонооону болтурбай койсо болот беле? Же созсуз "трофей" катары аларга талап-тоноо мумкунчулугу мурун суйлошулгон, пландаштырылган "Элдик гонорардын" бир турубу?

кимден: Элмир Ханбабаев каяктан: Ноокат
24.04.2010 18:16
Эже эми сиз да чындык издеп жургон адамсыз мага окшогон, бирок мен ойлойм кыргыз эч качан онукпойт, себеби кыргыз кочмон эл ал эч качан байлыкка бийликке умтулган эмес, азыркы кыргыздар наоборот байлыкка бийликке умтулган эл, баары умный! Мен дел машинам уйум акчам бийлигим болсо дейм, мага окшогон канчасы калп эле патриот болумуш, куйумуш болуп бийликке, байлыкка умтулушат. Ошондуктан денсоолугум аман уй булом тынч болсо болду деп отуруш керек на данный момент! Отвечаю 10-15 жылда KG эч качан озунон озу онукпойт! Онугуш учун Россия же башка мамлекеттер жардам бери ошолордун катарында болуш керек. Болбосо вечно ушинтип жашай беребиз! Ким гарантия берет ?

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)